presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сандан-санга

Карыз
Кыргызстанда акыркы мезгилдерде карызга баткандар миңдеп саналат. Карыздан чыга албай өз жандарын кыйгандары канча, дары ичип уулангандарычы, ал эми кан тамырын кыйгандарчы. Айтор, ушул нерсе коомдун айыккыс оорусуна айланып бараткандай. Төмөндө карыз болгон адамдын өз башынан кечирген окуялары, турмуш менен болгон күрөшү сиздерге сабак болор.

(Башы өткөн санда)

Нурлан аста кебин улантты.
- Айнаш, сен деген кыйынсың да. Ушул болор-болбос нерсеге чөгүүнүн кажети жок. Өзүң билесиң, менин башымдан өткөн окуяларга караганда сеники бир жөнөкөй маселе болуп калат да.
- Эми сиз мендей болуп карызга баткан жоксуз да…
- Опе-ей, арактын аркасынан тоголонуп жүргөндө карызга кокомдон батпадымбы. Кудай сактасын дечи, андай күндөрдү экинчи башка түшкүлүк кылбасын. Адам деген эки аяктуу айбан болот да. Башыңдан бак тайганда, баары сага душман болуп чыга келет. Ошондуктан сен көрүнгөнгө таарынып олтура бербе. Өмүрүңдү жаңы барактан башта.
- Кантип баштайм, Нурлан аке? Алы-күчүм калбай калды, жолдорумдун баары караңгы… Эмне кыларымды билбейм…
- Жакшылап ойлосоң, сөзсүз бир жолу табылат. Кудай "Мен сабырдуулар менен биргемин" дейт экен. Андыктан сабырдуу болушуң керек. Эми сен мени жаман көрбө, бул эмне эле келип алып акыл үйрөтүп атат деп?
- Жок, жок… Андай ойлогон жокмун. Мындайда сөзүңдү уга турган дагы бирөө болушу зарыл тура. Балдарым болсо кичинекей, эптеп курсактары тойгонуна сүйүнүп жүрүшөт. Көкүрөгүм муңга, жүрөгүм арманга толуп турат. Ыйлай берип бүттүм окшойт…
- Ыйлаба, бул күндөрүң да өтүп кетет. Андан көрө өзүңдү колго ал.
- Аракет кылып атам. Ушунчалык деңгээлге түшөм деп эч ойлогон эмесмин. Күтүлбөстүк болду…
- Жашоо ушундай күтүлбөстүктөрү менен кызык эмеспи.
- Ээ, кызыгы курусунчу, ушунун эмнеси кызык? Бул - азап, бул тозок…
- Кой, антпе, кимдир бирөө үчүн сенин көйгөйүң оюнчук маселе, ал эми дагы башканын олуттуу көйгөйү сен үчүн жепжеңил чечилчү иштей туюлат.
- Балким… Чын эле турмуш дегениң балакет экен… Азыр сиз олтуруп туруңуз. Түш болуп калбадыбы. Бир чыныдан чай ичели. Айнаш шыпылдай дасторкон жайды. Уялбай эле сууга бышкан тоголок картөшкөнү ортого койду. Дагы жакшы бир чыны шекери бар экен. Анан балдарын чакырып, бети-колун жуудуруп, үйгө киргизди. Аркасынан шуулдап кайнаган чайнекти көтөрө келди.
- Нурлан аке, келиңиз чайга. Бизде азырынча ушундай болуп калды. Ушунун бар экенине да шүгүр деп олтурам. Чай куюп, Нурланга сунду. Нурлан чынында ыңгайсыз абалда болду, шек билдирбей:
- Башың аман болсо, баары болот. Кудайдан ден соолук менен өмүр тилей бер, - деп тоголок картөшкөнү маашырлана жеп, чайдан ууртады. Ошол саамда:
- Апа, нан жокпу? - деп балдары чурулдап жиберишти.
- Эртең акчабыз болот, көп нан сатып алабыз. Бүгүнчө чыдагыла, - деп аларды сооротуп койду. Бала эмеспи байкуштар, мотурайып картөшкөдөн жеп, тоюп алышып кайра көчөгө ойноп кетишти.
Нурлан өз ичинен аябай жаман болду. "Кап, жок дегенде миң сом чөнтөккө сала келбей" деп өкүнүп калды. Айнашка чындап боору ооруду. "Ушул кыз ушинтип калчу кыз эмес эле, буга жардам берейин" деген ойго токтоду.
- Нурлан аке, мына менин бүгүнкү турмушум. Достор менден небак кол үзүштү, ызы-чуулуу баштын кайсы бир тууганга кереги бар, бир гана энем сыздап, жүрөгү ооруп жүрөт. Же анын колунан эч нерсе келбейт. Мен жалгыз калдым, - деп буркурап ыйлап ийди.
- Кой, антпе, сен жалгыз эмессиң. Эки балаң эртең эле чоңоет. Эртең эле булар сага тирек болушат. Мен деле турам го, колдон келген жардамымды берип турам…
- Сизден эч нерсе кереги жок. Ушинтип акыбалымды сурап койгонуңузга да ырахмат.

(Уландысы бар)
Ардак Орозкан










кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??