presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сандан-санга

Ыйык тумар
(Новелла)
Кыздын тула боюндагы топурактарды тазалап, өөдө көтөрө берип тиги киши саамга кыймылсыз туруп калды.
Бир нерсе деп суроодон тартынган Айдар да анын бул кыймылына түшүнбөй, үндөбөстөн артында тура берди.
- Мындай тур, жол берчи мага, - өтө акырын сүйлөгөн жолоочу киши кызды көтөргөн тейинде бери бурулбастан акырын артка жылды. "Дагы эмне балакет болуп кетти?" деп ойлогон Айдар да үндөбөстөн мындайраак боло берди.
- Мунуңду жылан чаккан окшойт, тетигини көрдүңбү, - ал Айдарга акырын башын тигил жакка жаңсады.
- Жылан дейсизби, кайдагы жылан? - Айдар суроо берерин берип алып, тиги киши жарык кылган жерди карап алып, жүрөгү "шуу" дей түштү. Мээримдин кулаган жеринин аяк жагында жоондугу билектей болгон кара чаар жылан не өлүүсү, не тирүүсү билинбей оролушуп жатыптыр. Жанатан "Мээрим тирүү" дегенге кайраттана түшкөн Айдардын кайрадан жүрөгү лакылдап, башы чыңалып чыкты.
- Эми эмне кылабыз? -Айдар не тиги кишиге айтканы, не өзүнчө сүйлөгөнү белгисиз, айласы кете үн катты.
- Атты жетеле, каптал жолго чыгалы, бол, тезде, - башка эч сөз айтпастан кызды көтөргөн боюнча алдыны көздөй жол баштады.
Көчкөн жардын топурагына жуурулушуп, жыгылып-туруп атышып, миң машакат менен жолго чыгышты. Жолоочунун ити буларга жол көрсөткөндөй арсылдап үрүп алдыга кетип, кайра жүгүрүп келип, буларды чарк айланып жүрдү. Өлдүм-талдым менен көк шиберге чыгышып, үчөө үч жерде сулап жатып калышты. Бир чай кайнам убакыттан соң:
- Ылдый жакта малчылардын конушу бар. Ошол жакка эптеп жетели, сааттай болуп мени да жолдон калтырдыңар. Баарынан да мобул кыз аман калса болду, оозунун тегереги ак көбүк болуп баратыптыр, жыландын уусу денесине тарап баратат окшойт… - тигил киши өзүнчө кобуранып, кайрадан жолго кам көрө баштады.
Атынын басмайылын бекемдеп тартып, ээрине минди да:
- Кел эми, баатыр, мага тиги кызды абайлап өңөрт, өзүң аттын артынан калбай бас, бол, урушта туруш жок…
Канчалык жүрөкзаада болуп, сарсанаа болуп турса да жакшылыктан үмүт үзбөй, капысынан келген жолоочуга үмүт артып, башын шылкыйта артынан басты. Бейтааныш болсо да жанатан бери жардам берип, буларга каралап айланчыктап жүргөнүнө ичи жылып, аста үн катты:
- Менин атым Айдар, байке, сиздин ысмыңыз ким болот? Жакшылыгыңызды эки дүйнөдө унутпасмын…
- Ии-и, эми өзүңө келе баштадың окшойт, ыя баатырым... Менин атым Токтогул. Айылдагылар Токо дешет. Тоодо жылкы багам. Жардамчым менен улуу балам эки күндөн бери жайытта, санаам тынбай ошолорго бараткам. Кудай сактасын эми… Жана сурасам да жооп берген жоксуң, сен бияктын баласысыңбы же коноксуңбу? Эмне болуп бул балакетке кабылдыңар?
Айдар атка куйрук улаш күйүгө басып, жанатан болуп өткөн окуяларды тизмектеп айтып берди.
- Өзүм ата-энем менен Бишкекте турам. Искусство институтунда окуйм. Рахманкул деген кишинин небереси болом. Айылга жылыга келип чөп-чар, картошка отогонго чоң атама кол кабыш кылам, эки айдан бери бул жактамын. Мээрим болсо чоң атамдын кошунасы Адылбек аксакалдын кызы болот… 11-класста окуйт. Экөөбүз кичинебизден жакшы таанышпыз. Эч кандай деле ортобузда таарыныч жок эле. Мен капысынан чекилик кетирип, болор-болбос бир нерсеге таарынтып алдым. Анан ал кетип калды… Болгону ушул.
- И-ии… Рахманкул аксакалдын небереси турбайсыңбы, тиги шаардагы Табылдынын баласысың го? Жакшы, жакшы. Чоңоюп, жигит болуп кыз жандап жүрөм дечи. Бирок, балакай, абайласаңар болмок, кырсыкты кайдан деп болбойт. Кечөө күнкү жаанга бошошуп, араң турган жар башына байкабай барган экен да тиги кыз. М-мм… Түшүнүктүү. А жылан каяктан чакты аны?
- Билбейм... Мээрим катуу чаңырганда эле жар жүрүп кеткендей болду. Заматта эле жеткендей болдум. Калганын өзүңүз көрдүңүз… Токтогул байке, азыр Мээримди кимге, кайда алпарабыз, атасы укса мени тирүүлөй соет го…
Жанатан келген ачуусу тарадыбы же чындап эле уланга боору оорудубу, айтор Токтогул ушу жолу чечкиндүү жооп берди:
- Коркпо, баатыр. Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт. Андан көрө тиги Шейшенаалы абышка үйүндө болгой эле. Ошого жетсек эле, калганын кудай сактасын. Жылан чаккан, сынган сөөк, айтор, балээнин баарын айыктырган оңой көзөл эмес, ал киши. Ал эми Адылбек аксакалдын да бир айласы табылаар… Коркпо, сени жеп койбостур, акыры.

(Уландысы бар)

Сулайка Турсуналиева





  Сандан-санга

Жолдош кара
(Курч окуялуу тарыхый-көркөм баян)
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
Ушу бүгүнкү күндө анын колу астында керейлердин эки түмөнү, Төлөнгүттөрдүн эки түмөнү, татарлардын төрт түмөнү, моголдордун төрт түмөнү күн чыгардан кылыч сунуп турат. Ана, күн батар жагыбызда меркиттер эки түмөн колу менен бизге тиш кайрап турат. Улуу ханым! Сиздин кол астыңызда, мына, биз, төрт уулуңуз баштаган төрт түмөн кол менен ыктыярыңызда турабыз. Жоо-жарак жагынан, күч-кубат жагынан эч кимден кем эмеспиз. Бир эле жери, Темучиндин сансыз колу алдында биз бир ууч ганабыз. Эгер азыр жоо менен эрегише турган болсок, жерибизден гана эмес, кошундарыбыздан да айрылып калар бекенбиз деп турам. Темучин азыр не сизди, не элиңизди аябайт. Ага жер керек. Азыркы кезекте Темучин менен дал ушул абалда эрегишке барсак, билбеймин, бар будубуздан ажырап калабызбы. Ушул жагдай бир ойлонулуп көрүлсө болор беле деймин, улук ханым…
Эч кимден жеңилип көрбөгөн найман ханына урушууга барбайлы, ушунчада жерди берип, батыш тарапка ооп кетели, Темучин менен тирешүү эч бир жакшылыкка алып келбейт, бөөдө өзүбүздүн колубузду өзүбүз корго тыкпайлы, элди, малды, кошунду сактап калалы деген кеңеш өтө эле эрөөн угулду. Орто гана бойлуу, көздөрү тирмийген кара тору түстүү хан чапчып ордунан тура калып, Темучинди, Темучин менен кошуп улуу уулу Күчлүктү каргап-шилеп кирди.
- Сага жүрөктүү болсун деп, кайраттуу болсун деп, күчтүү болсун деп Күчлүк атыңды койгонмун! Эмнеге мага жүрөгү жоктун сөзүн айтасың?! Сен мени ким менен коркутмакчысың?! Темучинден корксоң, сен коркупсуң!! Бул жерде отургандардын эч кимиси корккон жок! Коркпойт!! Кечээ колумду жалаган жалганчы бетпактан дегеле коркпоймун! Э, Темучиндин сөзү сага өтүмдүү болгон болсо, ошонун катарына өт! Барбайсыңбы?! Болбосо, о жонго чыгып карап отур! Мен сенин урушка киришиңе тыюу саламын! Калгандарыбыз согушабыз! Карап отур!
Буйрук хан ачуу үстүндө Күчлүктү согуш ишине кийлигишүүдөн, согушка катышуудан четтетип салды. Албетте, хан буга бир өкүнгөн жок. Коркокту согуш ишинен четтеттим деген ишенимде калды.
Чыңгызхан тыңчылары аркылуу наймандардагы бардык кеп-сөздөн, согуштук даярдыктардын абалынан кабардар болду. Кабарчылар жиберип, меркиттерге кабар бердирип, наймандарга кол салууга даяр турууну буюрду. Татар-монголдордон тандалма алты түмөндү уруш-кыргынга белендеди. Наймандардын аз сандуу болсо да чогоол, кайраттуу, жаалдуулугун жакшы билгендиктен, куду ошол жаалдуулуктан пайдаланмак болду.
Дайын кылынган ай өттү. Наймандардын эч кимиси эч каякка көчкөн жок, көчөбүз, же көчпөйбүз деп да эч ким келбеди.
Чыңгызхан найман ханына элчилерин жиберип жатып катуу дайындады: - Менин атымдан аттан түшпөй туруп сүйлөшкүлө. Үч күнгө калбай көчүңдү артып, арабаңды айдап жок бол. Болбосо өзүңдү өлтүрүп, жериңди, малыңды, катындарыңды өзүбүздүкү кылып алабыз.
Аттан түшпөй туруп, Чыңгызхандын буйрук-талабын сөзмө-сөз жеткиргендердин шору куруду. Буйрук хан каардуу сөздөр менен келгендерди аттарынан сүйрөп түшүртүп, тилдерин кесип салдырды да, жылаңач аттарга дырдай жылаңачталган элчилерди тескери мингизип, келген жолуна салдыртып, аттарды айдап жибертти.
Ушуну күтүп турган Чыңгызхан алты түмөн колду наймандардын өлкөсүнө жапырылтып киргизди.
- Наймандар чогоол, урушчаак. Эки түмөн кол түз барып, урушту баштагыла да, көп жоготууга учурабай артка чегингиле. Жеңилген, корккон түр көрсөткүлө. Төрт түмөн кол болсо берки жактагы жайыкта ортону чоң ачып коюп күткүлө. Жоо тоскоолдуксуз араңардан өтүп кеткидей, эки тарапта экиден түмөн бугутта турганын көрбөгөндөй болсун. Жоо ичкериге кирди дегиче айлантып тоскула. Чыгарбагыла. Аябагыла. Толук кырылсын.
Бул согуш наймандар үчүн түздөн-түз өлүмгө баруу экенин түшүнгөн Күчлүк атасына сөзү өтпөгөн соң, ага да, анын колуна да колду жууп, колтугуна сүрттү. Өзү түмөнүнүн миң башыларына жашырын эскертүү берди.

(Уландысы бар)
Эрали Токтогулов






кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??