presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мал кайгынын жарааты жеңил,
жан кайгыны ойлойлу
Түштүктөгү коогалаңдан жабыркаган адамдарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча "Сезим" кризисттик психологиялык борборунун адистери атайын программаны аткарып, Бишкекке кайтып келишти. Кесиптик чеберчиликти, өзгөчө кылдаттыкты талап кылган командировканын таасири алардын сырт келбетинен эле сезилип турду.

Бүбүсара Рыскулова,"Сезим" борборунун директору:
- Ошко мурда барганда бакубатчылык менен бейпилдиктин илеби адамды эреркетип турчу эмес беле. Бул жолу самолеттон түшсөк эле аэропортто танк туруптур. Коркпосоң да жүрөк зырп этип, көңүл бузулат экен. Шаарда баягыдай эл жок, дүкөндөр иштебейт, көчөлөр аңгырап ээн. Маа-лыматтар боюнча бүтүндөй шаар талкаланып, урандыга айланып калган го деп ойлогонбуз, кудай жалгап андай эмес экен. Анткен менен элдин кабагы бүркөө, бүткүл аймакты туман каптап тургандай көрүнөт. Адамдар сыртынан баягыдай эле көрүнгөн менен сүйлөшө келсең ар биринин ичинде коркунуч менен сар-санаа, ыза менен күйүт аралашып, буулугуп турганын байкайсың. Кээ биринин жүрөгүн жек көрүү мыжыгып турса кээ бири коркунучтан кутула албай жаткандай. Ошон үчүнбү, аба оордошуп, калаанын үстүндө кайгынын кара булуту салаңдап тургансыйт.
Көчө бойлоп бассаң бардык жерде бул же тигил партиянын үгүт жарнамалары жабалактайт.Областтык администрациянын жанында тигилген боз үйдүн тегерегинде жакындарын жоготкон адамдар айланып жүрүшөт. Жапжаш, жалгыз баласынын сүрөтүн көкүрөгүнө кыскан аялдын жанына чыдап бара албайсың. Баланын башы жок, чындап эле адамдын денеси экенине дароо ишенүү кыйын. Бечара эне "баламдын башын таап, көмүшүм керек" деп дендароо болуп басып жүрөт.
Жүрөктөрү күйүп, ызага муунган көп адамдар ичтеги бугун чыгарып, сүйлөшкөнгө зар экен. Алардын муңун угуп, өзгөчө кыйын учурда күйүткө алдырбашы үчүн дээрлик бардык психолог адистер ишке тартылышты. Кыйын кырдаалда калган адамдарга психологиялык жардам көрсөтүү ыкмаларын Алматыдан, Сербиядан, Россиядан келген адистер үйрөтүштү. Капсалаңдуу бул окуя биздин мынчалык деңгээлде психологиялык жардам көрсөтүүгө биздин даяр эмес экенибизди, өзгөчө кыргыз тилинде сүйлөгөн адистердин зарылдыгын көрсөтүп койду. Жогорку окуу жайларынын окуу программаларын кайра карап чыгып, ушул багыттагы атайын адистерди окутуунун муктаждыгы аныкталды.
Психологиялык жардамга болгон муктаждык жергиликтүү кризисттик борборлордун иш аракетин активдештирди.Оштогу "Ак жүрөк", "Мээрбан", "Аруулан" кризисттик борборлору, Жалал Абаддагы "Каниет" кризисттик борбору зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн жабыркаган адамдарга жардам берип, каармандык менен иштешти. Биз барган учурда Ошто Миграция жана эмгекке орноштуруу министри Айгүл Рыскулова, социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр Өктөмкан Абдуллаева күн тынымынан, түн уйкусунан кечип түркүн-түмөн маселелерди чечүүгө аракет кылып жатышыптыр.
Зомбулуктан жабыркагандар убактылуу баш калкалачу жайдан эки баласы менен корголоп жаткан жап жаш келинди жолуктурдук. Күйөөсүн бир ай бою издеп, акыры көмүлгөн жерден тапкан келин алигиче өзүнө келе элек экен.
Мына ушундай кайгынын көчкүсүндө камалган адамдар менен узак убакыт иштебесе алардын өмүрүнө да, коомчулукка да олуттуу коркунучтун турганы турган.
Азыркы учурда жараштыруу процесси деп бири бирине калпак, бирине допу кийгизип коюу менен маселе чечилип калды деш бери дегенде эле маселеге көз жумгандыкка тете. Айылдарда, маалаларда , мектептерде адамдардын ички агрессиясынын чогун өчүрүү зарыл. Мамлекеттик кызматтар азыр эң көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн гана үстүндө. Токтоосуз чечүүнү талап кылган, "күйүп" бараткан иштер үйүлүп калгандыктан кызмат адамдарынын өздөрүнүн чаалыккандыгы, психологиялык колдоого муктаж болуп жаткандары байкалат.
Жалпы элдин психологиялык абалын жумгактап сүрөттөй турган болсок ындыны өчкөн, бир чекитти жалдырап тиктеп, эч нерсеге ишенбей, ал-кубаты кетип калган адамдар арбыганы байкалды. Үйүндө ушундай күйүт болгон үй бүлөлөрдү топтоп, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча тынымсыз иштөө зарыл болуп жатат.
Кыйынчылыкты улутуна, жашына карабай бардык эле карапайым адамдар тартып жатышат. Жийделик деген айылга барсак ындыны өчкөн эркектер ар кай жерде топтошуп отурушат. Аялдар коркуп көпкө сүйлөй алышпай, анан барып "жарылып" кетишкенсиди. Баарынан коркунучтуусу-кек кууп, өч алуу экенин, турмуштук кыйынчылыктар, оору менен адилетсиздик адамдардын чыдамын түгөтүп, агрессиянын жаңы толкунуна угут болоорун айтып жатышты.

Наталья Павлова, психолог:
- Мурда болуп көрбөгөн зомбулуктан адамдардын үрөйү учуп, психологиялык катуу стресстин алдында калышкан экен. Мындайда адам жашоонун багытынан адашып, турмушка көзөмөлдү жоготуп коет. Ушундай абалдан кийин постравматикалык синдром кайгыны ого бетер күчөтүп, абалды оордотот. Айрым гана адамдар мынчалык масштабдуу кайгынын деңгээлинен көтөрүлүп, маселени глобалдуу өңүттө караганга жөндөмдүү, көпчүлүгү болсо өздөрүнүн керт башына тиешелүү проблемадан чыга албай өз кайгысынын жетегинде гана калышат. Түштүктөгү алааматка кирептер болгон адамдардын дээрлик бардыгы ошондой жеке кайгысына чөмүлүп, андан кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөнгө, өч алганга, доомат койгонго ык алышкандай. Жаатташкан эки тарап менен тең сүйлөшкөндө "биз согушту каалабайбыз, бизге тынчтык керек" дешет, тилекке каршы ошол тынчтыкты, бейпилдикти калыбына келтирүүгө аракеттери азырынча алсыз. Бул тарап да, тиги тарап да "мына, талкаланды, бүлүндү" деп жардам сурап отурушат, митингге чыгып кыйкырышат, сынганды бүтөгөн,үй салып, аракет кылгандар аз.
Акырындап дүкөндөр иштеп, жашоо жолго коюла баштаган менен адамдардын көкүрөгүн жек көрүү, таарыныч тиреп турганын дароо эле байкайсың.
Албетте, жакындарын жоготкон адамдардын кайгы-муңун эч нерсе менен ченөөгө болбойт, анткен менен алардын өз кайгысы менен жалгыз калышы олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.
Деги эле ушул трагедиялуу окуялар биздеги психологиялык кызматтын канчалык маанилүү экенин ачык көрсөттү. Телефондук тез байланыш, психолог адистердин ар бир адамга кылдат жардамы аздап болсо да абалды жөнгө салууга жардам берет деген ойдомун.

Кыска убакыттын ичинде "Сезим" кризисттик борборунан түштүктөгү коогалаңдан жабыркаган 25 адам калыбына келтирүү боюнча жардам алышты.

Сүйүн Курманова





Өзгөчө кыйын кырдаалда
жабыркагандарга жардам
(Психологиялык тез жардам)
Бул - өзгөчө кыйын кырдаалда жабыркаган адамга же адамдардын тобуна атайын психологиялык ыкмаларды колдонуу аркылуу терс эмоционалдык сабыркоолордун таасиринен өзгөргөн психологиялык абалын жөнгө салуу максатында түзүлгөн кыска мөөнөттүү иш-чаралардын түзүлүшү.
Кадыресе жай турмушта кездешүүчү стресс кырдаалында психолог адиске кайрылуу сунуш кылынат, бирок кыйын кысталыш кырдаал түзүлгөн жерде атайын адистин табылышы кыйын. Ошондуктан кыйынчылыкка туш болгон учурда адамдын организминде кандай өзгөрүүлөрдүн болушу жана андай реакцияга каршы күрөшүүнүн негиздери жана жабыркагандардын психосоматикалык акыбалы туурасында билип алуу зарыл. Психологиялык жактан жабыркаган адамга жаракат алаар замат шашылыш түрдө жардам көрсөтүүнүн негизин билүү стресстик кыйналуулардын, жабыркагандардын психосоматикалык бузулуулардын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Психожаракат келтирүүчү окуядан жабыркаган адамга дароо психологиялык жардам көрсөтүүнүн айрым ыкмаларын карап көрүүнү сунуш кылабыз.Төмөндө кыйын кырдаал учурунда адамдын психикасында адатта болуучу өзгөрүүлөр жана чукул кырдаалда көрсөтүлүүчү жардамдардын кеңири таркаган мисалы келтирилди.


Кризисттик кырдаал-ды баштан кечирген учурда түзүлүүчү абал жана андай учурда көрсөтүлүүчү жардам

Коркунуч белгилери:
- булчуңдардын (айрыкча бет булчуңдарынын) түйүлүшү
- жүрөктүн лакылдашы
- энтигип дем алуу
- эмне кылып жатканын өзү да байкабай калуу

Психологиялык жактан тез жардам көрсөтүүнүн тактикасы:
1. Жабыркаган адамдын колун өз билегиңизге коюп, тамырыңыздын бир калыпта кагып жатышын сезишине шарт түзүү керек. . Бул "Мен жаныңдамын, сен жалгыз эмессиң" дегенди түшүндүргөн белги.
2. Жай, терең дем алып, жабыркаган адамдын сиз менен бирдей ыргакта дем алышына жетишиңиз.
3. Жабыркаган адам сүйлөсө аны кунт коюп угуп, түшүнүп, кайгысын бөлүшүп жатканыңызды билдириңиз.
4. Жабыркаган адамдын денесинин тырышып калган жерлерин жеңил укалаңыз.

Калтырап-титирөө
белгилери:
-Бүткүл дененин же айрым жерлеринин токтобой катуу калтырашы;
-капыстан эле калтырап-титирей баштоо;
-калтыроонун бир нече саатка созулушу.

Психологиялык тез жардам көрсөтүүнүн тактикасы:
1.Калтырап-титирөөнү күчөтүп, жабыркаган адамдын ийнинен кармап, 10-15 секунда катуу силкилдетиш керек.
2. Жабыркаган адам менен токтоо сүйлөшүү зарыл.
3.Калтыраганы басылган соң жабыркаган адамды жаткырып, уктап эс алышына шарт түзгөн оң.

Калтырап- титиреп жаткан жабырлануучуга жардам көрсөтүү учурунда жол берилбейт:

- жабырлануучуну кучактап, же өз боюна тартууга ,
- жабырлануучуну жылуу нерсе менен жабууга,
- өзүңдү колго алышың керек деп жубатууга .




Геморрой: заманбап дарылоо ыкмасы

Геморрой менен жоон ичегинин жабыркашы - жагымсыз дарттардын катарына кирет. Бул оорунун азабын башынан кечиргендер эмне тууралуу сөз болуп атканын дароо билишет. Ар жолу дааратканага баруу күндөн-күнгө тозокко айланып, жагымсыз сезимдер пайда болот.


Дүйнө жүзүндө ондогон On Clinic аттуу эл аралык медициналык тармактык дарыгерлери бул дартты коопсуздануусуз, ишенимдүү дарылай аларын ар дайым далилдеп келишет. Бул тармактын проктологу билдиргендей: улуу муундун дээрлик 50 проктологиялык геморрой дарты менен оорушат. Башында оорулуулар көпчүлүк учурда аптекадан алган дары-дармектердин жардамы менен өз алдынча дарыланууга аракет кылышат. Бул аракеттер көбүнчө убактылуу гана жардам бербесе, тескерисинче, зыян келтириши да мүмкүн. Проктологиялык дарт менен ооругандар убагында дарыгердин жардамы менен дарыланбаса, оорусу өөрчүп кетиши мүмкүн. Оору жаңы башталганда эле профессионал дарыгерлерге кайрылуу зарыл.
Дүйнөнүн ар тарабында иштеп келген On Clinic медициналык тармагынын кызматкерлеринин жылдап топтогон кесиптик тажрыйбалары, оорулууларга болгон жеке мамилеси, хирургдардын өзүнүн кесибин жогорку деңгээлде билгендиги, заманбап медициналык жабдыктардын колдонулушу - геморрой менен жоон ичегиси жабыр тарткан оорулууларды операциясыз дарылоого жардам берет.
On Clinic те Израилде иштелип чыккан уникалдуу методдун жардамы менен геморрой менен жоон ичегинин жабыркашын бир канча сеанстын жардамы менен дарылап чыгышат. Ал методдор кооптонууну пайда кылбайт. Жыйынтыгы жогорку деңгээлде болот. 20 жылдан бери 10дон ашуун өлкөлөрдө иш алып барган On Clinic медициналык борборунун дарыгерлеринин жөндөмү жогорку деңгээлде. Клиникаларда заманбап аппаттардын жардамы менен профессионал проктологдор иш алып барышат. Азыркы мезгилде оорулуу ордунан турбастан, компьютер аркылуу дарылоо процессин көзөмөлдөй алат.
Эгерде сиз геморрой менен оорусаңыз, ден соолугуңуздан аянбастан клиникага дароо кайрылыңыз. Сөзсүз түрдө ректороманскопия жүргүзүү зарыл. Азыркы мезгилде оорулуулардын ичинде рак оорусуна кабылгандар өтө көп кездешүүдө. Дартты тез аныктоо менен оорулуунун ден-соолугун сактап калууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Ден соолугунан шек санаган оорулууларга кайрылабыз: кан коштолуп ооруган учурларда On Clinic медициналык борборуна дароо кайрылыңыздар. Проктологиялык байкоо жүргүзүү менен өзүңөрдүн ден-соолугуңардын коопсуз болушун камсыз кыласыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??