presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  таймаштөр

"Кумтөр" кен ишканасында тоо-кен куткаруучуларынын мелдеши болуп өттү
"Кумтөр" кен ишканасында жыл сайын өтүүчү тоо-кен куткаруучулар командаларынын онунчу мелдеши болуп өттү. Ага "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" ар кайсы бөлүмдөрүнүн төрт командасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министр-лигинин жана "Кыргызалтын" ААКсынын куткаруучу түзүлүштөрү катышышты.
Мелдештин үч этабынын ар бири мелдештердин 4000 метр бийиктикте жана атайын жабдууларды жана экипировканы пайдалануу менен өтүшү аркылуу татаалданылган өзүнчө конкреттүү кырдаал болуп калды. Куткаруучулар техногендик авария шарттарында куткаруу иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын - өрт өчүрүүнү, түтүн баскан имараттан жапа чеккендерди эвакуациялоону, химиялык булганган очокту жок кылууну, көп кабаттуу өнөр жай объектисинде куткаруу иштерин жүргүзүүнү аткарышты. Бул мелдештердин баары өзгөчө кырдаалдарда аракеттердин практикалык жөндөмдүүлүктөрүн аткарууга жана куткаруучулардын мыкты командасын аныктоого багытталган.
Катуу таймаштын жыйынтыгында биринчи орунду "Кумтөр" кен ишканасынын 2-командасы ээледи. Алар тапшырмаларды аткарууда эң мыкты убакытты гана эмес, ошондой эле эң сонун өз ара аракеттенүүнү көрсөтүштү. Экинчи орун - компаниянын Балыкчыдагы өткөөл базасынын куткаруучуларында, үчүнчү орун - Бишкек офисинин командасында. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командалар баалуу байгелер, ал эми бардык катышуучулар - белектер жана сертификаттар менен сыйланышты.
"Кумтөрдө" дайыма адам өмүрү, ден соолугу жана коопсуздук башкы нерселер болуп саналышат. Куткаруучу командалар менен иштөө, өзгөчө кырдаалдарда макулдашылган аракеттерге даярдоо, өнөр жай коопсуздугунун бардык стандарттарын бекем сактоо - биздин ишибиздин айныгыс приоритети жана өзүнүн кызматкерлер алдындагы да, өлкө алдындагы да социалдык жоопкерчилигин түшүнгөн биздин компаниянын корпоративдик саясатынын бир бөлүгү. Жыл өткөн сайын биз куткаруучуларды даярдоо деңгээли кандайча жакшырып жаткандыгын көрүп жатабыз. "Кумтөр" олуттуу үзгүлтүктөрсүз жана капилет окуяларсыз иштеп жатат. Мында тоо-кен куткаруучулар командаларынын да аз эмес эмгеги бар", - деп белгиледи жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" өндүрүш боюнча вице-президенти Майкл Фишер.
Жоломан Беков




көл жээгиндеги семинар, көлдүктөрдүн көйгөйлөрү
3-5-сентябрь күндөрү машина куруучулардын жана башка тармактардын республикалык профсоюз комитети тарабынан уюштурулган окуу-семинары Чолпон-Ата шаарынын "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясында болуп өттү. Семинарга "Кыргызкурорттур" кеңешинин башчысы Чынара Токобаева жетекчилик кылып, анын ишине Бишкек шаарындагы тармактык профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.
Үч күндүк окуу-семинардын жүрүшүндө "Социалдык кызматташуу, эмгектин коопсуздугуна жетишүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу", "Кыргызстандагы эмгекти коргоонун закондору", "Жамааттык сүйлөшүүлөрдөгү техника коопсуздугу жана эмгекти коргоо", "Эмгекти коргоодогу профсоюздардын ролу" ж.б.у.с көптөгөн актуалдуу темалар тууралуу сөз болду.


Профсоюздук семинар менен кошо эки иштен бир иш кылып, Чолпон-Ата шаарындагы карапайым элдин маанайы, жашоо-турмушу тууралуу бир-эки ооз суроо менен сурамжылап кайрылдык.

Чоңдордун эл менен иштери жок

Исаева Закен, ардагер, соодагер:
-Эл катары жашап атабыз. Жанагы төңкөрүш деген болбосо экен деп эле кулак түрүп калдык. Бишкекте бадарым жашайт, алардан сарсанаа болом. Ак төөнүн карды жарылган күркүрөгөн күздө унду баш кылып, тамак-ашты кымбаттатып жиберишти. Пенсияны карап отурсак ач калчудайбыз. Ушинтип өзүбүздүн бакчадагы алма-өрүктү сатып оокат кылабыз. Жылдагыдай көлгө түшкөн эл көп болгон жок, аябай эле аз болду. Туристтер келгенде кичине кымбатыраак сатып, күнүмдүк жашообуз бир топ оңуп калчубуз. Жаштардын баары эле шаарга качышат, же биякта илгеркидей завод-фабрика деген болбосо. Мурун Молкомбинат деген бар эле, азыр ал да жок. Кышында болсо ушул алма, алмуруттарды сактап, кичине үстүнө тыйын кошуп сатып оокат кылабыз. Чоңдордун биз менен иши жок, өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз кесип, жан багып атабыз. Кыргызстанда тынчтык болсо эле элдер өз жанын өзү бага берет.

"Рух Ордодо" Керексизов жалаң корейлерди иштетип атат

Жумалиев Ишен, фермер:
-Жашоо кудайга шүгүр, аракет кылсаң берекет дегендей, жан багып атабыз. Өкмөттөн үмтөтпөй калганыбыз качан. Эки гектар жерим бар, аны иштетем. Кышында болсо таксовать этем. Алла Таала бир улакты жаратса, аны менен кошо бир шыбакты берет экен го. Тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт эмеспи. Кимге кандай билбейм, Бакиев кеткени жыргап эле калдык, свет арзандады, налог арзандады дегендей. Бирок, чынын айтканда, сезон жакшы болгон жок. За-то көлүбүз тазарып, эс алып калды окшойт. Бишкекте тыңыраак сүйлөгөн киши эле митинг кыла берет экен, ошолордун кыларга иши жокпу? Эми шайлоо болот деп партиялар күргүштөтүп акчаны төгүп атышканын угуп атабыз, ошолор элге жакшы иштеп берсе экен. Чолпон-Атада "Рух-Ордо" деген комплекс ачылган, бирок кирүү акысы 300 сом экен. Ушу кантип болсун, жергиликтүү жашоочуларга бекер болуш керек да, же жок дегенде 50 сом болсо да мейли го. Аны да корейлер иштетет дейт го. Эмне, тыңыраак кыргыз балдар жокпу, иштеткенге? Өзүбүздүн балдарды көтөрмөлөбөй эле, өзгөгө жалдырап басып жүрөбүз. Кытайда же Кореяда бир кыргыздын фирмасы же дүкөнү барбы? Жок да, туурабы? Алар саясатты башкача жүргүзүшөт. Өздөрүн көтөрмөлөшөт. Бизде көралбастык, уурулук жок болсо, калганын Кудай жакшы эле берген. Жер десе жерибиз, көл десе көлүбүз, тоо десе тообуз бар. Ошону да тыңыраак пайдалана албайбыз, буга чейин чоңдор четинен кездеме саткансып бир кертимден сатып келишти го. Эмдиги бийлик дагы элдин кыжырына тийсе эмне болоорун мен элестете албайм. Тооктукундай мээлери болсо өздөрүнүн башын балээге тоспостур деп ойлойм. "Балык башынан" дегендей, чоңдорубуз адилет болсо, андан кийинкилер да аларды карап түздөнүшөт беле дейм да.
Кантип жан багып атасыңар деп сураган киши жок

Осмонканова Калима, тамак-аш сатуучу:
-3 балам бар. Жолдошум каза болуп калган. Өкмөттөн болгон жардам - балдарыма пенсия алам. Бирок ал акчага жан багыш кыйын экен. Ушинтип тамак жасап, ушул жерде жай-кышы дебей отурам. Ун, май ж.б. күндө керектей турган тамак-аштар кымбаттап кетти. Бул жерге аренда төлөйм, улуу кызым менин жардамчым. 3 баланы кийинтип, окутуп-чокутуш деле оңой эмес экен. Илгерки союз убагындагыдай иштеген завод-фабрикалар болсо, кандай сонун болмок. Тамак бир күн өтсө, бир күн калат дегендей. Ушул жылкы сезондо туристтер аябай эле аз болду. Жергиликтүү элдер кымбат жерге келишпейт. Ошондуктан арзаныраак кылып сатып атабыз. Балдарымды эл катары окутуп, бутуна тургузсам деп жанымды жанга уруп иштеп жүрөм. Эмне кылып, кантип жан багып атасыңар деп деле бизден эч бир чоң кызыгып сурабайт. Президент кимиси болсо анысы болсун, мага баары бир. Бирок, Кыргызстанды оңдогон, ач көз эмес адам болсо болду. Балдардымдын келечегин ойлоп, ушулар мендей болуп кыйналбаса дейм.

Бишкек - Чолпон-Ата - Бишкек
Аламанова Вера









кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"





??.??