Наадан
социология
же жел рейтинг
Өткөн жылдардагыдан айырмаланып, бул жолкусунда 10-октябрга дайындалган парламенттик шайлоо кандай болуп аяктаарын эч ким алдын-ала, бир жаңсыл так айта албаса деле керек. К.Бакиевдин тушундагы парламенттик жана президенттик шайлоолор кантип бүтөрүн бардыгы эле боолголоп болсо да билип турушчу. Парламентке К.Бакиевдин криминалдык үй-бүлөсүнүн, ошондой эле М.Садыркуловдун коммерциялык проектиси болгон кемчонтой "Ак жол" партиясы өтөөрүн, же кийинки мамлекеттин башчысын экинчи мөөнөткө шайлоодо уятсызыраак тайыз адам болсо да "накта президент" К.Бакиев жеңип чыгаарын такалбай туруп, шар айтууга болоор эле. Анткени, диктатор-хандын тушундагы шайлоолордо административдик ресурстар кысынып-кымтынып койбой кеңири пайдаланылаары, шайлоонун жыйынтыгы карөзгөйлүк менен бурмаланаары жашыруун иш болбой калган болчу. Кыс-касы, ошол учурдун режими түзгөн саясый системага ылайык "Ак жол" фракциясы менен К.Бакиев өтпөсө да өткөрүлмөк, сүйрөп болсо да жеңип чыгышмак. Ошондуктан шайлоо коомчулуктун бүйрүсүн кызыткан орчундуу жана табышмактуу коомдук окуя болуудан калган эле.
Президент Р.Отунбаева алдыдагы парламенттик шайлоого өзгөчө чоң маани берилип жатканын, азыркы коомдун саясый бышып жетилген олуттуу сынагы болуп калаарын белгилеп келип, бардык күчүбүз шайлоонун калыс, адилет, айкын, башкысы, адмнистративдик ресурстарды пайдаланбай өтүшүн камсыз кылууга жумшалат деп билдирди. Канткен күндө да фальсификацияланган плебециттерден чийки май жегендей көңүлү калган коомчулуктун келечектеги олуттуу калыс шайлоо боюнча үмүт отун жандырган билдирүү. Президент шайлоону адилет өткөрүү менен бир катар алдын ала атайы социологиялык издилдөөгө муктаждык бар экендигине токтолду. Мамлекет башчысынын пикиринде, парламенттик шайлоого утурлап, Кыргызстанда шайлоочулардын кайсы саясый күчкө артыкчылык берери боюнча социологиялык изилдөө өткөрүү зарыл. Андай изилдөө азыркы кезде абадай керек болуп турганы талаш туудурбайт. Президент Р.Отунбаеванын сөзүнө караганда, бул изилдөө партиялардын азыркы саясый дымактары канчалык деңгээлде негиздүү экенин айкындап, ачып бере ала турган кадам болмокчу. "Азыркы кезде кай бир саясый уюмдар парламентте 65 орунду жеңип алгансыган керсейген каада менен жүрүп калышты. Эгер иш жүзүндө алар акыркы орунду ээлери аныктала турган болсо анда бир балекетти күтө берсе болот. Ошондуктан изилдөө (социологиялык изилдөө-Ү.К) ар кандай нааразычылыктардан чыгышынан арылууга өбөлгө түзүп бере алат" - дейт Р.Отунбаева.
Ушу кезге чейин, шайлоого дейре бир ай он күнгө жакын убакыт калганына карабастан, саясый партиялардын эл ичиндеги саясый бедели боюнча илимий негиздеги олуттуу социологиялык изилдөөлөрдүн жок болуп жатканы - чөнтөгү калың саясатчыларынын бакма гезиттеринин жасалма социологиясынын пайда болушуна кеңири эшик ачып берди. Айрым шылуун гезиттер кырдаалдан пайдаланып жатышканын көрүү кыйынчылык жаратпайт.

(Уландысы 3-бетте)





PDF формат