Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 2
  Кайда барба, шылуундук

Алдамчы М. Конгантиевби же "Инкомполис" фирмасыбы
Гезитибиздин өткөн санында учкай жаздык эле, Молдомуса Конгантиев ИИМ министри болуп турганда ГУУРдун имаратын жана ИИМ Академиясынын жатаканасынын курулушун баштаган. Бири бүтө жаздап, бири аягына чыкпай калган бул курулуштардын тагдыры азыр эч кимди кызыктырбай турат шекилди. Баарынан да курулушта иштеген карапайым жумушчулар иштеп тапкан акчаларын алалбай убара. ИИМ башына Болот Шерниязов келгенде маселени бир жума ичинде чечмек болгон бирок ал кызматынан бошоп кеткен соң көйгөй дагы абада асылып калды.
27-август күнү ИИМ КИБ (ГУУР) имаратын, ИИМ Академиясынын 27 орундуу жатаканасын курган куруучулар жыйын өткөрүшүп, өз нараазылыктарын дагы билдиришти. Аталган курулушта иштеген 200 жумушчу жалпы суммасы 1 миллионду түзгөн 2 айлык эмгек акыларын ала албай, 2010-жылдын апрель айынан бери ИИМге арызданып келишет.Чогулушка ушул 2 имарат курулушун каржылоону моюнга алган "Инкомполис" аттуу сактык (страхованиелик) компаниянын гендиректору Тарев Александр, ИИМден өкүлдөр чакырылган. Тилекке каршы ИИМден эч ким келген жок.
Үмүтү үзүлбөгөн жумушчулар жыйынга өзүлөрүнүн ураандары менен келишкен. Алардын айтымында ИИМди М.Конгантиев башкарып турганда курулуш бат жүрүп, 7-апрелде болуп өткөн окуядан кийин иш солгундап барып токтоп калган. Эмгегинин үзүрүн көрө албай калган жумушчулар "Инкомполистин" ген-директоруна кайрылышып, айлык акыларын төлөп берүүлөрүн өтүнүштү. ЖАКтын ген-директору Александр Тарев бул маселеге мамлекеттин тиешеси жоктугун билдирди. Жумушчулардын айтымына караганда, прорабдар курулуш материалдардын "АБС" аталган фирмадан 700 миң сомго карызга алышкан. Ал фирмадан дагы жумушчулар келип иштешип, алар да 400 миң сомдук айлык акысын албай калышкан. Алардын айтымына караганда М.Конгантиев менен ушул "Инкомполис" компаниясынын ортосунда чечилбеген маселелер, же тагыраак айтканда караңгы сырлар бар. Ал эми Конгантиевдин ошондогу кеңешчиси Асаналиев Нургалый (азыр Каганат партиясынын лидерлеринин бири катары шайлоого аттанып турат дешет) деген жигит курулуш иштери жүрүп аткан учурда объектиге бат-баттан келип, ишке баш көз болуп турган. 7-апрелдеги окуядан кийин мунун да дайны чыкпай кеткен.
Жыйынга чакырылган ИИМ дин өкүлдөрү келишкен жок. Маселеден азыркы министр Кубат Байболовдун кабары барбы жокпу, белгисиз. Курулушту аткарган "Инкомполис" компаниясы менен жумушчулардын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес, б.а. карпайым курулушчуларды куру сөз менен алдап иштетишкен. Келишим жокпу, эми куруучулар эч кайда арызданып бара алышпайт, бир да сот булардын арыз-муңун укпайт, бригадалар министр Конгантиевдин гана сөзү менен иштешкен, жыйынтыгы бул болду. Биз "Инкомполис" сактык компаниясынын гендиректору Александр Таревко собол узаттык:
-Бул эки имараттын курулушун ким каржылаган?
-Имараттардын курулушун каржылоону "Инкомполис" компаниясы өз мойнуна алган. Бул биздин мамлекетке берген жардамыбыз. Компания өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша салым кошууну туура деп чечкен.
-Эмне себептен куруучуларга айлык акысын төлөбөйсүңөр?
-7-апрелдеги окуялардан кийин мамлекетте стабилдүүлүк жок болуп, натыйжада көптөгөн банктар иштебей калды. Курулушка өз ыктыяры менен каражат берүүнү көздөгөн ишкерлерибиз убагында пландаштырылгандан аз өлчөмдө акча беришти. Натыйжада, курулуш иштерине каражат жетпей калды. Биздин компаниянын мүчөлөрү убагында көрсөтүлөгн сумманы кошо алышкан жок. Финансы жагынан аксап, ошондуктан айлык акыларды төлөй алган жокпуз.
-Бул маселе деги чечилеби?
-Учурда ресурстрады издөөдөбүз. Кредит алууну көздөп атабыз. Эгерде бригадир жасалып бүткөн жумуштун көлөмүн, иштеген жумушчулардын тизмесин кагаз түрүндө берсе, айлык акыларын төлөп беребиз. Так датаны айта албайм.

Сүйүналиев Кундузбек-бригадир:
- Бул маселени кандай жол менен чечүүнү көздөп атасыңар?

-7-апрелде эл чоң жоготууларга учурады. Адамкерчилик кылып, дароо эле айлык акыбызды сураган жокпуз, эл менен болдук. Эч ким бизге көңүл бурбагандыктан 7-июнда ИИМ экс-министри Б.Шерниязовко арыз менен кайрылганбыз. Арызды орун басары Кадыров Кубанычбекке тапшырган. Ал биз менен бетме-бет сүйлөшүп, 10 күндүн ичинде чечип берем деп милдетин алган. Аткарган жок. Азыркы министр К. Байболовго дагы арыз жазганбыз. Тилекке каршы, биздин үнүбүз бийликтегилерге жетпей койду. Эми чечип беришпесе, сот-ко кайрылабыз.

Нурлан
Шайлообаев-
бригадир:

- Сиз эмнени айта аласыз?

- Биз имараттардын ички жасалгасын жасаганбыз. Бригадамда 11 киши иштеген. 130 миң сомдук жумуш аткарганбыз. 60 миң сомун алып, 70650 сом аласабыз бар. Мен жумушчуладын айлык акысын өз чөнтөгүмдөн төлөдүм. Ушинтип иштеп эле акысын албай кала беребизби? Биздин мамлекетте мыйзам деген иштеши керек го акыры?

ЖыргылАбдыкулов-камсыздоочу:
-Айлык акыларынын төлөнбөй калышына ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
-Имараттын көбү бүтүп, азы калды. Эгерде бизге убагында айлык акыбызды төлөп беришсе аягына чейин бүтүрмөкпүз. Ушуга чейин ИИМге кайрылып келдик. Алар биздин ишибизди такыр эле карабай коюшту. "Инкомполис" ушуга чейин алдап келди. Менден 200 жакын киши күндө айлык акысын сурашууда. Бул маселени чечип беришпесе, мамлекеттик денгээлде көтөрүлүп чыгабыз.
Гендиректор А.Таревдун айтканына караганда, "Инкомполис" эч кандай каражат албай эле ИИМдин заңгыраган эки имаратын өз эсебинен кайрымдуулук катары бүткөрүп бергенге бел байлаган имиш. Эми буга ким ишенет? Ушундай ири имараттарды өз каражатынын эсебинен кургудай "Инкомполис" ушунчалык байбы? Бай болсо анда эмнеге жумушчулардын айлык акысы боюнча карыздарын ушу күнгө чейин жаппайт? Же мамлекеттик структура болуп эсептелген Ички иштер министрлиги бул курулуштарга балким бюджеттен акча бөлдүрүп алгандыр? Ал каражаттар деле оңой акчалар болбосо керек…Бирок алар кимдердин чөнтөгүнө кетти, Конгантиевкеби же Таревкобу? Же экөө бөлүшүп алыштыбы? Журналисттерге, куруучуларга баланын сөзүн айтып жанын жеген Александр Тарев деген ким? Же министрдин кеңешчисимин деп жүргөн "полковник" Асаналиев Нургалый деген эмне болгон киши? Аферистпи же чын эле Конгантиевдин тузагына илинген курмандыкпы? Иши кылса собол артынан чубурган собол көп. Муну тийиштүү органдар иликтеп, чечпесе башканын алы келчүдөй эмес. Эми кредит алып, куруучулардын акысын төлөп берем дейт А. Тарев. Мунун ишке ашаарына эч кимдин көзү жетпейт, куруучулардын андан бетер. Же аталган компания менен түзгөн келишими болсо бир жөн эле. Маселени иликтеп атып, ИИМдин тийиштүү структуралары менен байланышканга аракет кылдык, эч кандай майнап чыккан жок. Маселени дагы иликтеп, гезиттин кийинки сандарында дагы кайрылабыз деген ойдобуз.

Асел Кудакеева





Эркебаевдин комиссиясынын ишине кимдер нараазы?

Өкмөт 16 -июлда курамы 30 адамдан турган улуттук комиссия түзүп, ага түштүктөгү каргашалуу кырсыктын себептерин аныктап чыгуу милдетин тапшырган эле. Комиссиянын төрагалыгына экс-спикер А.Эркебаев мырза дайындалып, комиссиянын ишинин жыйынтыгы 10-сентябрда угулмак. Бирок Абдыганы мырза абдан каттуу иштегенби, комиссиянын отчетун мөөнөтүнөн бир кыйла эрте, 17 -августта эле жыйынтыктап салганы маалым болду.
Жыйынтыктын эртеси эле күнү чыр да чыкты. Эркебаев менен комиссиянын дагы бир мүчөсү Жекшеев экөө журналисттер үчүн жыйын чакырып, анда кырсыктуу каргашага өзбек диаспорасынын лидерлери, т.а. Кадыржан Батыров күнөөлүү деген бүтүмдөрүн айтышкан.
Бул эки мырзанын журналисттердин алдына чыгуусу комиссиянын башка мүчөлөрүнүн нааразылыгын пайда кылды. Атап айтканда, "Кылым шамы" укук коргоо коомунун төрайымы А. Абдурасулова Эркебаевдин иш-аракетин айыптап чыкты. Көрсө, комиссиянын мүчөлөрү мурдараак ич ара келишип, коллегаларга айтпай туруп жыйынтыкты жарыя айтып чыгууга эч кимдин акысы жок деп чечишкен экен. Демек, Эркебаев мырза бул тартипти бузуп, элден озунуп маалымат берип ийгени туура эмес окшобойбу. "Бул комиссиянын эмес, болгону эки адамдын өз пикири,- деди Абдурасулова. Абдыганы Эркебаев бул дооматка ак да көк да деп жооп айткан жок. Комиссиянын ишине байкоо жүргүзгөн эксперттердин айтуусунда, өкмөт комиссиянын курамына алдын ала бийликке тике айтпаган лоялдуу адамдарды дайындаган. А. Абдурасулованын логикасында Эркебаев жана Жекшеев мырзалар мына ушундай "бийик ишенимди" акташкан окшойт. Укук коргоочу айымдын бул иш боюнча өзгөчө позициясы бар экенин эске алсак, комиссиянын ишинин жыйынтыгы бийлик күткөндөн башкача болмоктугу анык. Чыркырапатканы ошондон. Эгерде доклад жасоо укугу ушул Абдурасуловага берилген болсо биз түштүктөгү каргашалуу окуялар туурасында коомчулукка азырынча намаалым бир топ кызыктуу маалыматтарды угушубуз турган кеп эле. Кыс-карта айтканда, бийликтердин кабак каштарына көз каранды А.Эркебаев мырза өз жүрүшүн озунуп жасады шекилди. Бул болсо бийлик комиссиянын так, адилет иштегенин каалабаганын билдирет. Эркебаев болсо түштүк окуялары туурасында так бийликтин каалаганын элге уктурду, ачык, калыс кепти айтып чыкканга не эрки, не каалоосу жеткен жок, кыскасы, биздин алдыбызда баягы эле эски Абдыганы, баягы эле жоош жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Эгерде академик Эрекебаев чындыкты айтып чыкканда, маселен, каргаша учурунда шал тийгендей аракетсиз отуруп берген жаңы бийликтин бетин коомчулукка ашкерелемек. Эми бул кызматы үчүн Абдыганы аке кандай пост алат, анысын көрө жатаарбыз. Болгону элге, коомчулукка адилет маалыматтарды айтса болмок.
Комиссиянын ишине нааразычылык билдирип, кол шилтеп чыгып кеткендердин бири айтылуу саясый-серепчи Александр Князев мырза болду. Бул адамды комиссияга мүчө катары кошушса да ал бир да күн иштеген эмес. "Мени иштеп бергиниң дешти, мен макул болдум. Бирок иш башталаары менен комиссиянын мүчөлөрү кайдадыр житип кетишти. Мен алардын иши туурасында репортаждардан гана угуп калчу болдум. Кимдир бирөөсү менен байланышайын дедим, бирок аным ишке ашкан жок. Көрсө комиссияга мен сыяктуу адамдарды жөн эле кожо көрсүн үчүн кошушкан экен, -дейт таң калган Князев.
Кыскасы, жаңы бийликтин жасаган жоругу адамдарды абдан иренжитип турганы аз келгенсип, аталган комиссиянын иши каргашалуу окуялар туурасында коомчулукка калыс маалымат бериши да күмөн. Эмнеси болсо да 10 -сентябрды күтө туралы.










кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_7.htm on line 64