Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 2
Жеке ишкер
Болотбек Дыйканбаев:
"Саясый оюндан от чыкты"
Кыргыз мамлекети ансыз да оош-кыйыш оор кырдаалда турганда, түштүктөгү коогалаң өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. Мындай учурда карапайым калктын арасынан элдин, мекендин тагдырын ойлогон, жеке кызыкчылыгынан кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору койгон патриот, күчтүү жигиттер суурулуп чыгууда. Алардын бири жашоодо өзүнүн туруктуу көз карашы, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өзгөчө ойлору бар менин төмөндөгү маектешим - Болотбек Дыйканбаев. Уучубуз кур эмес экен…

- Болотбек, сиздин көз карашыңызда түштүк окуясынын кайталанышына эмне себеп болду?
- Негизи, Ош коогалаңы өлкөбүздүн оң капшытын оюп кеткендей эле болду. Ал оор күндөрдөн калган жараат бүгүнкү күнгө чейин айыга элек. Менимче, айыкпайт дагы… Түштүктүн эли ушундай болорун мурда эле билген. Мындан төрт жыл мурун түштүктө өзбектердин аттуу-баштуулар атайын жыйын өткөрүшүп, расмий эмес фонд ачышкан дешет. Ошол фондго ар бир өзбек кандайдыр бир суммадагы акча салып турушкан экен. Ал акчалар жакшы окуган балдардын жогорку билим алуусуна, кээ бир шарты жогунан үйлөнө албай жүргөн өзбек жигиттерин үйлөнтүүгө жана ушул сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалган деген имиштер бар. Албетте, өзбектердин карапайым калкы буга катуу ишенген. Бирок менимче, иттин өлүгү ушул жерде жаткандай туюлат. Себеби, ошол акчаларга куралдарды сатып алышып, улут аралык коогалаң чыгарууга даярданып жүрүшкөндөй сезилет. Акыры бир күн согуш чыгаарын өзбектердин баш көтөргөн аттуу-баштуулары билген. Бул алардын автономиялуу болушуна себепкер болмок. Дагы бир баса белгилей турган нерсе - бул өзбектердин куралчан болгондугу. Кыргыздар таякчан жүрүшсө, өзбектер автомат менен жүрүшкөн. 10-июль күнү бир жерде салют атылып, 5 жерде бирдей согуш башталган. Согуштун чыгуусунун себеби элдин айтуусу боюнча 2009-жылы Оштогу Ноокат районунда хизбут-тахрир боюнча бир далай киши камалдабы беле. 2010-жылы май айында Атамбаев аларды боштондукка чыгарган. Ошол түрмөдөн чыккан хизбут-тахричилер Ош коогалаңын баштады деген божомолдор бар.
"Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" эмеспи. Бул дагы бекеринен айтылбаса керек. Эгер сот күнөөлүү деп таптыбы, анда эч кандай бийлик күнөөлүүлөрдү боштондукка чыгарбашы керек болчу. Жандан, баладан, ата-энеден, мекенинен кечкен жашоодогу бир жактуу көз караштагы адамдар коом үчүн коркунучтуу экенин эмне үчүн мамлекеттик жетекчилер аңдабай калат, мен буга түшүнбөйм? Мына ушундай жеке кызыкчылыктардан улам канча энелер балдар-кыздарынан айрылып, боздоп калышты. Канча энелер балдарын бүгүнкү күнгө чейин издеп таппай жүрүшөт? Канча нерселер өрттөлдү, канча адамдар үй-жайсыз калышты. Бул өтө оор нерсе.
- Ош коогалаңынын алдын алып болтурбай коюуга болот беле?
- Ар бир нерсенин алдын-алып даярдансак, балким, мынчалык кан жутуп, мынчалык жоготууга учурабайт белек деген ой мени да коштоп келет. Бул нерсе биздин бийликтегилердин алсыздыгы, чечкинсиздиги болуп калды көрүнөт. СНБ мындай окуя болоорун билбегендиги таңкалыштуу. Алар эмнени изилдеп, эмнени иштеп жүрүшөт? Биз көп улуттуу мамлекетпиз, мындай жагдайда улут аралык мамилелер өтө кылдаттык менен көзөмөлгө алынып турушу керек да. Кыргыз-өзбек маселеси бүгүн эле чыга калган жок. Бул көйгөйдүн жаралганына көп болду. 90-жылдары биз эгемендик ала элек болчубуз. Анда бул маселе союздун деңгээлинде чечилген. Бул жолу жаңы бийликтин же болбосо эски бийликтин жардамы менен иш оң жакка оогон жок. Тек гана эки элдин сабыры менен согуш токтоду десем болот. Дагы бир айта кетчү нерсе - Кыргызстандагы опурталдуу абалды, Оштогу коогалаңды уккан казак досторум телефон чалышып: "Биз бир боор элбиз, керек болсо барып жардам берели. Ушундайда четте карап турсак, анда боордоштугубуз кайсы?" дешти. Алардын сөзүнө угуп, жүрөгүм сүйүндү. Бирок, Кыргызстанда жашап туруп элдин, жердин тагдырына кайдыгер караган жаман бир саясатчылар арабызда бейкапар басып жүргөнүнө ардандым.
- Бул коогалаңды Кадыржан Батыровдун тиешеси бар деп айыпталып жатат. Ушуга сиздин көз карашыңыз?
- Жергиликтүү эл арасындагы ушундай кептер айтылып келет. Кадыржан Батыров Убактылуу өкмөткө 7-апрелде Жалал-Абад областтык администрациясын алууга жардамдашкан. Анан барып, Бакиевдердин үйүн өрттөгөн. Негизи, бул туура эмес болуп калды. Президенттин өзүн кармап алып, каалагандай жазалашса болмок. Бирок, үйдү өрттөбөш керек эле. Ал үй кыргыздын үйү болуп жатпайбы. Ушул нерсе жергиликтүү кыргыздардын кыжырын кайнаткан. Кээ бир саясатчылар саясий оюн жасайбыз дешсе керек. Саясий оюндан от чыкты, карапайым эл кырылды, жүрөктө так калды. Ошол кара такты кетирүү өтө кыйын. Ошондуктан сиздердин гезит аркылуу элге кайрылгым келет. Эзелтеден элибиз "өз агасын агалай албаган, ит аягын сагалайт" деген. Кыргыз кыргызды сыйлаганда гана башка элдер кыргызды сыйлайт дегим келет. Дагы бир "Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт" деген кеп бар. Мамлекеттик жетекчилерге керек болсо мектептин директорунан тартып, жогорку бийликтегилерге чейин кыргыздар жетекчилик кылышсын деп сунуштайт элем.
- Мунуңуз улутчулдук болуп калбайбы?
- Эч кандай улутчулдук эмес. Япониянын кантип өнүккөнүн билесизби? Япония, Кытай, Түштүк Корея мамлекеттери өздөрүнүн кадыр-баркын көтөрө билишкен. Өздөрүн өздөрү сыйлап, өз мамлекетин чын жүрөктөрүнөн сүйгөн үчүн жана талыкпай эмгектенгени үчүн мамлекеттери өнүккөн, мамлекеттердин катарына кошулган. Биз дагы ошондой жол менен кетсек, Кыргызстан өнүп-өсөт деген ниеттемин.
- Мындай коогалаңдын кайталанбашы үчүн эмне кылышыбыз керек деп ойлойсуз?
- Жогорку бийликтегилер карапайым калктын тагдыры менен ойношпосун. Карапайым калкты ар кандай саясий оюндун курмандыгына айландырышпасын. Негизи кыргыз канча кыргындан, кагылыштан аман калган. "Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" дегендей, биз баа жеткис улуттук наркыбызды сакташыбыз керек.
- Саясат деген ушундай ыплас нерсе экен. Керек болсо, кээ бир саясатчылар Ошко жөнөтүлгөн гумжардамдардан саясат жасоого үлгүрүштү дешет?
- Ошондой пастыкка дагы барышты. Башкасын билбейм, бирок, менин досторум ошондой саясатташтырууга туш болгонун уктум. "Дордой" базарынан жардам үчүн 1 млн. 600 миң сом чогулду. Акчалай эмес, азык-түлүк жөнөткүлө дешти. Ал акчанын баарына азык-түлүк алынды. Эки жигит шайланып, Ошко жеткирмек болушту. Аэропорттон эле самолетко жүктөп атканда аттуу-баштуу партиялар келе калып, лозунгдарын тага калышып, "бул жардам биздин партиянын атынан кетип атат" деп КТРге интервью беришкен. Ошто дагы ушул окуя кайталанган. Менин досторум алар менен мушташканга чейин барышкан. Бирок, КТРден ошол партиялардын Ошко гумжардам кетиргенин көрсөткөн. Бул - мен билген факт. Мындай алдамай саясаты ачыкка чыкпаганы менен көшөгөнүн артында көп жасалат эмеспи.
- Шайлоо жакындап калды. Не дегиңиз келет?
- Бети кызарбаган саясатчылар дагы деле элди алдап, элди сооротуп жүрүшөт. Чыныгы эл үчүн кызмат кылган партияга добуш бергиле демекчимин.
- Элге чыныгы кызмат кылып, Кыргызстандын жүгүн көтөргүм келет. Акын Жолон Мамытов жазгандай: "Ала-Тоо кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга" дегендей кыргыздын күчтүү, акылдуу, таланттуу уул-кызы чагылганга айланганга мезгил жетти.
- Таза шайлоо өтөрүнө ишенесизби?
- Ишенүү керек. Азыркы бийликке мурунку эки бийликти тагдыры сабак болуш керек. Жалпы көтөргөн жүк жеңил болот. Кыргыздын ар бир атуулу элдин жүгүн көтөрүүгө аракет кылышсын. Ошондо өлкөбүз өнүгүп, күчтүү гүлдөгөн мамлекетке айланабыз деген ойдомун.
- Анда сизге ийгилик каалайбыз!
- Рахмат сиздерге да.

Чолпон АСАНОВА




Бакиевчилер Кыргызстанды 6 миллиард сомго жана 130 млн. АКШ долларына отургузушкан
2010 - жылдын 7 -апрелиндеги окуяларды иликтеп-тергеп чыгуу максатында КРнын Баш прокуратурасы тарабынан 4 тергөө тобу түзүлүгөн. Бул топтор 7-апрелдеги окуяларды гана эмес, бакиевдик режимдин тушунда ири кызматтарда турушкан чиновниктердин катышы бар делинген коррупциялык иштердин да бетин ачуу боюнча иштешкен. Жакында Баш прокурор Байтемир Ибраев президентке бул туурасында кеңири маалымат берип чыкты.
2010-жылдын 6-7 -апрелиндеги массалык кыргын боюнча 50 томдук материалдар чогулган, бардык кармалгандарга айыптоолор тагылган, 11 адам камакка алынып, 5 адам эл аралык издөөгө жарыяланган. 1226 баллистикалык экспертиза жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы жакынкы күндөрдө чыгарылмакчы.
Акыркы 5 жыл ичинде ири кызмат чиновниктери тарабынан жасалган коррупциялык жана экономикалык кылмыштар боюнча 190 иш козголгон. Алардын 124тү Баш прокуратуранын, 16сы УККнын, 43ү Финполдун, 6сы ИИМдин өндүрүшүндө.
94 иш тергелүү стадиясында, 74 иш айыпталуучулардын жоктугунан токтоп турат, 18 и тергелип бүтүп сотко жиберилген, 3 иш мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу токтотулган. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 6 млрд. сом жана 139 млн. АКШ доллары. Бүгүнкү күнгө мунун ордуна келтирилгени 1,3 млрд. сомду түзөт.
Мындан тышкары, Баш прокуратура 2002 -жылдагы аксы окуялары жана чуулгандуу жасалма иштер - М. Садыркуловдун өлүмү жана Текебаевдин Варшавада баңгизат менен кармалганы туурасындагы иштерди кайрадан тергөөдө.
Аксы окуялары боюнча айып экс Генпрокурор Ч.Абышкаевке, экс-облпрокурор Кудайбергеновко, президенттин экс-администрация башчысы Б.Жанузаковко коюлуп, учурда айыпталуучулар иш менен таанышууда жана жакында сотко өтмөкчү.
2010-жылдын 10-14 -июнундагы башаламандыктардын фактысы боюнча козголгон иштерди тергөө боюнча 3 оперативдик -тергөө бригадалары түзүлгөн: 40 тергөөчүдөн турган биринчи бригада Ошто, 40 тергөөчүдөн турган экинчи топ Ош областында, 20 тергөөчүдөн турган үчүнчү топ Жалал-Абадда иш алып барууда. Түштүк боюнча бардыгы болуп 3976 иш козголгон, 358 өлүк табылган, алардын 207 си октон курман болушкан. 270 адам кармалып, алардын 261 не баш коргоо чарасы камак түрүндө аныкталган.
Даярдаган
Жоломан БЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aal/10/0902_6.htm on line 60