Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Касымбек Мамбетов
КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
"Сүйгөн кесибим жашоомдун мааниси болуп калды"
- Касымбек Бейшенбекович, бийик кызматка келээриңиз менен ысымыңыз коомчулукка маалымат каражаттарындагы өйдө - ылдый кептер аркылуу таанылды. Өзүңүз тууралуу кененирээк айтып бериңизчи?

- Менин таржымалым ар бир советтик адамдыкындай эле жөнөкөй. 1954 -жылы Чүй областынын Аламүдүн районундагы Аларча айылында туул-гам. Мектепти аяктаган соң, КММИге кирип, 1977- жылы "дарыгер-дарылоочу" кесиби боюнча бүтүрдүм. Институтту аяктагандан кийин Ош шаардык Борбордук ооруканасында терапия жаатында дарыгер болуп иштедим. 1978- жылы алыс-кы Сүлүктү шаарына жиберишти. Ал жерде 14 жыл иштедим. Жөнөкөй дарыгерден шаардык башкы дарыгерге чейин кызмат кылдым.
Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо-профилдик башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп 38 жашымда келдим. 46 жашымда милдеттүү медициналык камсыздоо Фондун башкардым, кайра Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек аймактык ММК Фондунун башкармалыгы, кайра Саламаттык сактоо министрлигине барып, кызматым ушул айлампада айлана берди.
2005 -жылы мени башкы ведомствонун статс-катчысы, ал эми 2010- жылы министрдин дарылоо маселелери боюнча орун басары кылып дайындашты. Жалпысынан саламаттык сактоо тармагында 18 жылдан бери иштеп келатам. Чынында, бул кесипсиз өзүмдү элестете албайм. Сүйгөн кесибим менин бүтүндөй жашоомдун мааниси болуп калды.
Бүгүнкү күндө запастагы капитан, мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчисимин.

- Канча министр менен иштештиңиз? Сиздин көз карашыңызда, элдин эсинде алардын кимиси калды деп ойлойсуз?

- Учурда сегизинчи министр менен иштешип жатам. Атамекендик саламаттык сактоо тармагында, сөзсүз Накен Касиевич Касиевдин эмгеги талашсыз. Ал өлкөнүн эң оор учурунда тармакты сактап калды, рынок шартындагы өткөөл мезгилде тармакта реформаларды баштады. Өзүн алдын ала көрө билген жана тажрыйбалуу уюштургуч жетекчи катары көрсөтө алды.

- Министрдин орун басары катары кандай пландарыңыз жана ойлоруңуз бар, саламаттык сактоо жаатында кандай өзгөртүүлөрдү киргизсем дейсиз?

- Алгач, албетте, калкка медициналык жана фармацевттик кызматтардын кызмат кылышын, т.а. республиканын алыс-кы региондорун дарылар менен камсыздалышын үзгүлтүккө учуратпоо зарыл жана бул иш элге ачык-айкындуу негизде болууга тийиш. Мындан сырткары, менин оюмча биздин тармактын башталгыч структураларын реформалоону жүргүзүү керек. Мисалга, Бишкек, Ош шаарларынын чегинде үй-бүлөлүк саламаттыкка даректүү мамиле кылуу. Ошондой эле айыл жерлеринде, өзгөчө алыскы чектерде үй-бүлө саламаттыгы үчүн кандайдыр бир башкача методология болушу керек.
Бишкекте, Ошто аялдар жана балдарга кеңеш берүүчү жайларды жандандыруу жаатын кайрадан калыбына келтирүү керек. Ал эми региондордо, айыл жерлеринде үй-бүлөлүк медицина институттарын азыр кандай болсо, ошол эле бойдон калтыруу зарыл.
Мен, мисалы, райондордогу борбордук ооруканаларды калыбына келтирүүнү туура көрөм. Бир эле короодо үч башка, бири-бири менен кызматташпаган, көз карандысыз мекемелер болбошу керек. Чындап айтканда, мен областтык төрөт үйлөрүн, балдар ооруканаларын, адистештирилген областтык, райондук жана шаардык денгээлдеги, атайын адистештирилген балдар кызматтарын калыбына келтирүү тарабындамын.
Мындан сырткары, апрель, май жана июнь айларындагы окуялардан алган тажрыйбанын негизинде тез жардам берүүчү системанын үстүндө азыртан иштей башташыбыз керек деп ойлойм. Ошондой эле эң башкысы биздин өлкөдө саламаттык жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүүдө көзөмөл сапатын жакшыртуу. Бул бир бүтүндөй концепция. Бардык жолдор чийилип бүткөн. Мен, ал иштеш үчүн, тийиштүү мониторингди жана тартипти уюшуштуруп беришим керек.

- Сиздин пикириңизде саламаттык тармагы учурда эмнеге көбүрөөк муктаж?

- Ириде жеткиликтүү каржыга. Бүгүнкү күндө тармак болжол менен талаптагыдан 20-30 пайыз гана каржыланууда. Мурун деле каржылоодо жогорулаш болсо, анда ал баары бир инфляциядан жана жашоо минимумунан артта калып, айлык маянаны бир аз көтөрүүгө эле багытталган. Биз баары бир айлык маянаны минималдык өлчөмгө чейин көтөрө албайбыз, мына ошондуктан кадрлардан катастрофалык түрдө кол жууп жатабыз. Ал эми материалдык-техникалык база, биздин инфраструктура, медаппараттар менен камсыз болуу, жумшак жана катуу инвентарлар, санитардык транспорт, капиталдык ремонт боюнча каржылоо дээрлик аткарылбайт.
Кадрлардын кетүүсү тилекке каршы, уланып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин, дарыгердин депозитинин көлөмүн өзгөртүү, медайымдардын депозитин киргизүү жана бюджеттик негизде окуган медициналык жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн төлөгөн баасын кайтарып берүү боюнча сунуштарым бар.
Азыр, 150дөй адам депозит менен эмгектенүүдө, ал эми депозитте минимум 300-500 адам болушу керек. Салыгын алып таштаганда, 5000ден кем эмес сом колдоруна берүү зарыл. Азыркыдай бир жылдан кийин эмес, суммасы ар ай сайын түшүп турушу керек, себеби инфляция ал акчаларды жутуп коюп жатат.

- Сиздин оюңузча, саламаттык сактоодо эң начар участок кайсы жана сизди атуул, дарыгер катары көбүнесе эмне тынчсыздандырат?

- Бөксө жактары - бул лабораториялык, өспүрүмдөр кызматтары, соттукмедэкспертизасы, паталогоанатомия, психикалык терапия жана башкалар. Мен аларды корголбогон кызматтар деп атайм. Бул участокторду такыр жаап коюуга болбойт.
Мени тынчсыздырган дагы бир нерсе - айрым саламаттыкты сактоо кызматкерлери элге мажбурлоо, оройлук, кайдыгерлик менен мамиле жасашаарын угуп калып жүрөбүз. Тилекке каршы, мисалдардын саны кыскарбай келет. Калк тарабынан даттануулар өсүүдө.

- Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз? Бош убакыт болобу? Эмнени жактырасыз?

- Мен 33 жылдан бери үй-бүлөлүүмүн, бактылуумун. Жолдошум - Токтогул Сатылгановдун небереси, педагог, кесиби тарыхчы. Азыр тилекке каршы, саламаттыгына байланыштуу уйдө. Биздин төрт балабыз бар. Тун уулубуз Азамат 32 жашта. Аскер прократурасында эмгектенет, юрист. Үйлөнгөн, эки кызы бар. Кыздарымдын улуусу Алтынай, 27 жашта, кесиби офтальмолог (көз доктур), кыргыз-россиялык славян университетинин офталмология боюнча аспиранты. Кызы бар. Жана эгиз кыздарым Айжамал менен Нуржамал, 21 жашта. Улуттук университеттин эл аралык экономикалык мамилелери боюнча кесибин бүтүрүшкөн.
Бош убакыт дээрлик жок. Окуганды жакшы көрөм. Сүйгөн жанрларым - тарых жана детектив. Музыкада ретро багытын жактырам.

Шааркүл Медетбекова





Т. и. д., профессор Н.М. Омаров тышкы саясат, дипломаттык кадрлар, жакынкы келечек
Туурасында
(Башы 5-бетте)

Албетте реалдуу саясатта мунсуз болбойт, бирок сес көрсөтүүлөргө, жаңы коркунучтарга дүйнөлүк коньюктуранын кубулмалуулугун эске алуу менен ылдам реакция жасап туруу зарыл.
Биздин жакынкы достор туурасындагы кепке келе турган болсок, алар 7-апрелден кийин жардам колун сунушуп өздөрүн көргөзүштү. Булар Россия, Казакстан, Европа өлкөлөрү, АКШ, Кытай ж.б.
- Мындай болсо биздин тышкы саясаттын сапатын жана деңгээлин көтөрүүдө адистешкен мекеме катары Дипломатиялык Академия эмне кылып бералат?
- Бул абдан жакшы, маанилүү собол экен. Мен биздин тышкы саясаттын алсыздыгынын бир себеби анын аналитикалык жана эксперттик камсыздалбаганы деп айтаар элем. Эгерде чет элдеги кырдаалга карасак ал жакта өзүлөрүнүн ТИМин тейлеген илимий мекемелердин бүтүндөй тармагы бар, бул учурда КМШ өлкөлөрүнө да келип жетти. Бул тажрыйбаны биз да колго ала башташыбыз керек деп эсептейм.
Бул жааттан алып караганда, Академия ТИМ менен республиканын окумуштуулары, педагогдорунун ортосунда көпүрө катары кызмат өтөйт. Негизги изилдөөлөр каерде жүргүзүлүшү керек? Академияда. Тышкы саясатта өлкө жетекчилигинин негизги кеңеш берүүчүсү ким болушу керек? Албетте Дипломаттык Академия. Менин билишимче өлкө жетекчилиги бул идеяны колдойт жана бул келечекте ишке ашат деген үмүт бар.
- Акырында республикадагы ички саясый кырдаал туурасында да эки ооз айта кетсеңиз? Күздөн эмнени күтөбүз? Карпайым адамдар эмн кылышы керек?
- Бардыгы сыяктуу эле мен да биздин саясатчылардын акыл эстүүлүгүнө ишенгим келет. Андай болбосо бизди кыйроо күтүп турат. Кыргызстан революциялык абалда чексиз жашай албайт. Эртеби, кечпи мунун да аягы болот. Бакиевдин жана анын тегерегиндегилердин тагдыры бийлик үчүн жакшы сабак болууга тийиш. Эгерде элге кам көрүлбөсө анда бул маселени эл өзү чече баштайт. Кантип чечет, аны сиз менден жакшы билесиз деп ойлойм.
Бахтияр Шаматов






* * *
Журналист банкирден, ишкерден, бажычыдан сурап жатат: "Сиз Мерседес алганга акчаны канча күндө чогулта аласыз?" Банкир: "Үч сатта". Ишкер: "Үч күндө". Бажычы: "Үч жумада". Таң калган журналист: "А эмнеликтен сиздики мынча узак?" Анда бажычы: "Завод килтейген чоң эмеспи?"









кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"




Яндекс.Метрика