Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Казгандан не пайда…

Эсеп палатасы миллиондорду
чукуйт, бирок эч ким камалбайт!
Бул жолу 2010-жылдын алгачкы жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Маммартезервди казып чыгышты. Буудай, анан дизель майын уурдоо фактыларын аныкташты. "Азирет ойл" аталган ЖчК 153 миллион 600 миң сомдук май уурдаса, "Кыргызпродукт" аталган дагы бир ЖчК 72 миллион сомдук буудайды, "Элитные хлебопродукты" деп аталган ЖчК 28,6 миллион сомдук буудайды солго шилтеген. Баягы эле ӨКМдө (МЧС) 90,6 миллиондун дайыны жок.
Чогултулган материалдар укук органдарына өткөрүлүп берилди. Ал жактан кантип карашат, кимдерди жоопко тартышат, деги кимдир бирөөлөрдү сурашабы жокпу, бул жагы элге белгисиз. Бирок эч ким камалбайт да, жооп да бербейт, коомчулук мына ушуну гана жакшы билет, анткени казынадан уурдасаң айга учасың, тооканадан уурдасаң торго түшөсүң деген принцип менен жашап калганыбызга далай жылдар болду, дагы далай жыл жашайт окшойбуз. Эмне үчүн маселен, ошол эле "Азирет Ойл" деген фирманын жетекчисин таап, кустуруп, элге аты-жөнүн ачык айтып туруп, анан кесип жиберишпейт деген жөнөкөй суроого Кыргызстанда эч ким жооп бералбайт. Анткени мындай азирет -ойлдардын чыныгы азирети таксырлары тээ кол жеткис жогор жактарда отурушат.


Эх-э-ээ…
Есть повод, есть АЮУ !
Айтылуу арак магнаты Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки) мырза мамлекетке, элге баланча жардам кылдым, түкүнчө салык төктүм деп миллиондорду оозунан ыргытып сүйлөп келет. Бирок эсеп-чот менен иши жок, аны үстүрт түшүнгөн көпчүлүк "Оо азамат, бали, арак чыгарып сатсаң ушинтип сат" дээри турган кеп. Бирок жакында колубузга Шаки мырзанын чынында мамлекетке канчалык салык төгүп атканы туурасында абдан кызыктуу материалдар келип түштү. Анча-мынчасын өзүбүз тийиштүү органдар аркылуу тактаганга аракет кылдык. Таанышып чыгып оозубуз ошту карап туру. Кыскасы, АЮУну Бишкекке келип ойда рекламалап кеткен актер Булдаков айткандай, АЮУнун коомчулуктан, фискалдык органдардан далдаа катылган сырларын ачыкка чыгарууга абдан чоң повод келип туру. Буйруса, жакынкы сандарыбызда Кыргызстандагы спирт ичимдиктерин чыгаруучу бул ири империянын мамлекеттин казынасына түшүрүп аткан пайдасы туурасында так маалыматтар менен окурмандарды жакындан тааныштырабыз деген оюбуз бар.




Ак чөп башта!
Акаев десе эле Акайыч эске түшөт экен да
Гезиттин өткөн санында "Мекен ынтымагы" аттуу партия туурасында аз-маз чымчылап жазып ийгенбиз. Аскар Акаев, Москва ж.б. угуп, болду болбоду, бул жанагы ойрон Акайычтын кылган иши экен деп, өзү мигрант болуп өлалбай атып кайсыл арына партия түзүп, кайсыл акчасына (акчасы көп дечи) каржылап атты экен деп жинибиз кайнаган, ысык илхамдын күүсү менен айтаарыбызды айтып ийгенбиз. Бирок шапаттай маалыматка көп өтпөй күтүлбөгөн реакция жасалып, иштин жөнү такыр башкача болуп чыкты. Көрсө чынында эле партиянын катарында Аскар Акаев деген киши бар экен, бирок ал жигит түштүктүн кулуну экенин кабарлашты, экс-президентке эч кандай тиешеси жок дешти. Ал эми партия жолбашчысы Атбашынын кыраан жигиттеринин бири, айыл чарбасына эмгеги сиңген чарбакер, Акаев, Бакиев режимдеринин терс жактары менен күрөшүп келген Калыбек Арабаев аттуу аксакал экен, лидери болсо Кыргызстандагы мен мен деген үлкөн ишкерлердин бири Темирбек аттуу жигит дешти. Баса, банкир байбиче Садыбакасовага да бул партиянын эч кандай тиешеси жок, ал киши бир кезде "Кыргыз жери" деген партия түзүп, кийинчерээк бакиевдик "элдик" партия "Акжолго" өтүп кеткенин тактадык. Ошентип, ак чөп башта деп "Мекен ынтымагынын" алдынан өтүп, мындан ары ынтымакта боло жүрөлү деген ниетти айтмакчыбыз.

Жапжашыл бак ичинде, дүйүм тамактан майышкан үстөл үстүндө апакай экс-канайым Майрамдын салмактуу кеп салып аткан кербези экен бул сүрөттө. Эмнени айтып атат болдукен… А жанында кымырылып, ыйбаа сактап отурган андагы жанжөкөр, колтугунан сүйөп жүргөн, койнунда котур ташы бар, апчеси кеткен соң ошол жылуу орунду менчиктеп алган кийинки экс-канайым Татьянаны карагылачы…Бул эки аялдын минтип сый үстүндө отураарына бирине 5жыл, экинчисине 10 жыл калган экен ошондо. Көрсө тайкы тагдырдын кара булуту баштарына айланаарга аз эле калган экен да.





  Ыйманың менен улуусуң

Жаңы мечит -медресе ачылды
Бишкектин чыгыш түштүк тоо таянып кеткен тарабындагы Селекция айылында жаңы мечит -медресе ачылды. Кооз жасалгаланып мыкты усталардын колунан чыккан бул мечит-медресенин негизги демөөрчүлөрү "Дордой" Ассоциациясы, Ахмед Шая жана Саид Афанди фонддору. Ачылыш аземин алып барган "Дордой" базарынын генералдык директору Самарбек ажы Жапаракунов КРнын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун куттуктоосунан кийин сөздү Ассоциациянын ардактуу президенти А.М. Салымбековко узатып, ал киши буларга токтолду:
- Ыйык ислам динибиздин жергебизде улам кеңири кулач жайып атканынын бир көрүнүшү ушул бүгүнкү жаркыраган мечит -медресенин ачылышы деп эсептеймин. Биздин Дордой атабыз бир кезде өзүнүн 9 уулун Бухарага, Кашкарга ж.б. ири шаарларга жиберип динге, ыйман жолуна түшүрүүгө аракеттерди кылган. Совет доорунда куугунтукка алынып, мусаапыр жерлерге чыгып кеткенге аргасыз болушкан, ошол четте көздөрү өтүп кеткен. Менин өзүмдүн атам деле совет доорунун арааны жүрүп турганда же түнкүсүн, же таң заардан эч кимге көрсөтпөй бизди ээрчитип мечитке алып барчу жана намаз окуганга үйрөткөндү аракет кылып жүрдү. Мына эми эгемен доор келгени элибиз динге эркин киргенге, ыйман жолуна түшкөнгө аракеттенүүдө.Өткөн 20 жыл аралыкта биздин Ассоциация ислам дининин республикада жайылтууда колдон келген көмөгүн көрсөтүп келатат. Шаардын ичинде эле 4 мечит, 2 медресе курдук. Чоң -Арыктагы курган мечит-медресебиз бүгүнкү күндө үлгүлүү жайлардан болуп калды, Кыргызстандын бардык булуң -бурчунан келишип, ошол жерде билимин жогорулатышууда, Дордой базарындагы мечитибиз ири мечиттердин бирине айланды, миңдеген адамдар келип намаз окуп, Алла таалага сыйынып, ички дүйнөсүн тазалап жатышат. Мен Нарында губернатор болуп иштеп турганда ар бир айылга мечит салсакпы деген тилегим бар эле, ал жакта 70-80 пайыз мечиттер курулду, Дордойдун жеке өзүнүн каражатынан 5 мечит салынды. Маркум Мураталы ажы телемарафон өткөргөндө да биз биринчилерден болуп 500 миң сомубузду салдык. Мунун айтуу менен мен мактаныч кылып жаткан жокмун, тек гана элибиздин ыйман жолуна түшүп атканына салым кошконубузга канаатангандыгымды билдиргим келет. Мына бүгүнкү ачып жаткан мечитибиздин шарттарын, жасалгаларын өзүңүздөр көрүп баа берип атасыздар. Мында 10 окуучуга арналган атайын шарттары бар медресе да кошо курулган. Таланттуу, жаш диний окумуштуу инибиз Рахат ажы Жамсап уулуна ушул мечиттин имамдыгын тапшырып атабыз, буйруса ишти жакшы алып кетет деген ишеничибиз чоң.
Андан кийинки куттуктоо сөздөрү Бишкек, Ош шаарларынын имамдарына,Ассоциациянын ардактуу мүчөсү М. Салымбековко, экс билим берүү министри А. Мусаевке, Чыгыш университетинин ректору А. Ормушевке ж.б. адамдарга берилди.

Бакыт Жолдошев



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
сайт ээси Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!