Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Чоң саясат

Аңчылык сезону
Кийинки кезде Белоруссиянын "президент-марафончусу" А.Лукашенконун куюшканы кыйшаңдай баштаганы байкалат. Москва менен Минскинин мамилеси мурда болуп көрбөгөндөй катуу бузулуп кеткени--факт. Эми эки бир туугандын алака-катышы кайра оңолуп, абалкы калыбына келиши кыйын болуп калганын эксперттердин басымдуу көпчүлүгү белгилеп жатышат. Европанын акыркы диктаторунун 16 жыл Белоруссияны чарк имерип, башкаруусу аяктап, батьянын доору бүтүшү мүмкүн. "Эң жакынкы коңшусуна Россиянын жылдызы тескери айланып калды, Белоруссияда башталган президенттик шайлоо жарышына Россия эки эселенген энергия менен кийгилише башташы", "А.Лукашенко үчүн өтө кооптуу көрүнүш" деп жазат Беньямин Биддер SPIEGEL ONLINE басылмасында. Ошентип, Россиянын А.Лукашенкого каршы аңчылык сезонун жарыялаганын чоң күмөн-күдүк жаратпай калды десе болот.
Чатак чындыгында болбогон эле жерден чыкты. Анан бара-бара от алып алоолонуп жалындап кетпедиби. Россиялык прессада Россия Федерациясынын президенти Д.Медведев КМШ өлкөлөрүнүн саммитиндеги көмүскө сүйлөшүүлөрдүн биринде, белоруссиянын лидеринин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин тааный тургандыгы жөнүндөгү берген убадасын аткарууга милдетүү. Эми анын мөртү келип жетти деген сөзүнөн кийин Мински менен Москванын ортосундагы тирешүү башталып кеткендиги айтылууда. Мындан сырткары, батьянын берген убадасынан танып, айтканын моюнга албай жатканы маалымдалат. А.Лукашенко өзү болсо саммиттеги сүйлөшүүлөрдөгү сөздөрү Россиянын президенти тарабынан бурмаланган деген билдирүү жасады. Бул билдирүү болсо Д.Медведев гана эмес, россиянын жетекчи элитасына оор тийгени талашсыз. Москва Лукашенконун каратып туруп калпты ышкыртып жатканына далил, Абхазия менен Түштүк Осетияныны көз каранды эместигин тааный тургандыгы боюнча берген убадасын күбө боло турган документтерди (стенограмманы) ачыкка чыгарып жарыялайбыз деп опузалап жатат. Ушул учурга оро-пара батыштын басылмаларында: "Кремль жаңы адамды издей баштады. РФнын финасы министири Алексей Кудрин көмүскө кырдаалда Романчук жана Белоруссия оппозициясынын башка лидерлери менен жолукту" деген маалыматтары пайда болду. Батыш басылмалары, атап айтсак, Der Spiegel дин айтканы боюнча Москва "европанын акыркы диктаторун" кулатууга ченемсиз өз салымын кошуп коюшу толук ыктымал.
Батья А.Лукашенконун абалы кыйындап калганы, шайлоодо президенттик кызматы менен коштошору келечекте реалдуулукка айланганы (оппозиционер Ярослав Романчуктун айтымында, калктын 51 мамлекеттин башына А.Лукашенкодон башка кишинин келишин каалайт) анын официалдуу түрдө президентин юридикциясынын алдында коргоого алган борборазиянын экс-диктатор-ханы К.Бакиевдин тагдырына да таасири тийгизээри талашсыз. Азырынча К.Бакиев бейгам жатат дечи. Мисалы, июнь айындагы "Комсомолская правдага" берген кийнки интервьюсуна карасаң аны келечек тагдыры эмес, бүгүнкү күн көбүрөөк камтама кыларын көрөсүң. Журналист менен болгон маегинде, К.Бакиев Белоруссиянын Прушан районундагы корукта кантип доңузга аңчылыкка барганын, ургаачы чочкону атууга тыюу салынганын билгенден кийин 500 миң доллар штраф төлөп атып көрсөм кантет деген ойго келгенин, акыры бир каманды жыгып, этин үйүнө жүктөтүп жибергенин узун сабак сөз кылганына караганда Минскиде бекем орноштум деген ишенимде. Асресе, К.Бакиевдин кожоюну А.Лукашенко президенттиктен кулатылса анын келечекте кайда барып баш калкалары жөнүндөгү маселе келип чыкпай койбосу анык. Демократиялык оппозиция Белоруссияда бийликке келип калса Кыргызстандык канкор диктаторду мурдагыдай кол тийгизбей канатында калкалай бериши кыйын болуп калат. К.Бакиев жаңы сыйынт издөөгө туура келет. Дүйнөдө чын-чынына келгенде, анын бара турган жери деле жок. Өз элине каршы ок аткан К.Бакиевди кучак жайып, кабыл ала коем дегендердин чыгышы арсар. Бир сөз менен айтканда, азыр К.Бакиевдин амалы куруп, алапайын таппай турган учуру.
Мински менен Москванын азыркы тирешүүсү 17-апрелдин алдындагы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди эске салат. Эске салмай гана турсун, Кыргызстандагы тааныш сценарий боюнча өнүгүп баратканын көрөсүң. Москванын К.Бакиевге ишениминин кетиши, анан биротоло түңүлүп, кол жуубаса болбойт деген жыйынтыкка келиши, экс-президенттин В.Путинге Кыргызстандагы Ганси авиабазасын айдап чыгарам деген убада берип, 2 миллиард 200 миллион доллар кредит, 450 милион стабилизациялык грант өндүргөндөн кийин башталганы эсибизде тургандыр. К.Бакиев россиялык кредит убадасын аларын алды, бирок кийин макулдашылган келишимден танып, кыйшаңдата баштабадыбы. Америкалыктар менен жең ичинен келише коюп, Ганси авиабазасын жүк ташуучу транзиттик борбор деп атын өзгөртүп, 60 миллион доллар өндүрө койгон шылуундукка барды. Россия 2 миллиарддык кредитине ичи күйгөн жок, албетте, К.Бакиевдин жаш баладай алдап сызга отургузуп кеткенине ачуусу келди. (Басма сөз беттеринде Россия Белоруссиянын экономикасына 100 миллиард доллар салганы айтылат). Маселе ачыкка чыккандан кийин Москванын К.Бакиевдин криминалдык кланынын балит иштеринин бетин ачкан, атап айтканда, Максим Бакиевдин кол алдындагы Азияуниверсалбанктын арам акчаларды адалдаштырышы, Россиядан алынган күйүүчү майларынын реэкспорту, Ганси авиабазасын күйүүчү майлар менен камсыз кылуудагы коррупциялык макирөө иштеринин бетин ачкан иинформациялык чабуулу башталып кетти. Бул болсо К.Бакиевдин режиминин адегенде ичтен чирип ыдырашына, андан кийин акырындап отуруп күнүнүн бүтүшүнө алып келди. К.Бакиевдин кулашына Россиянын кошкон салымы эбегейсиз зор болгону талашсыз. Ушуга окшогон окуя азыр Белоруусияда кайталанып жатат. 17-апелдин алдындагы Кыргызстандагыдай болуп Мински менен Москванын ортосунда информациялык согуш башталды. Информациялык согушта Россия үстөмдүк кылууда. Башкасын айтпаганда, НТВ телеканалында "Крестный батья" деген ат менен А.Лукашенконун шермендесин чыгарган документалдык сериалдын пайда болушу канчага татыйт дейсиз. Мински коргонууга аргасыз болууда. К.Бакиевдин качып кетер алдындагыдай болуп көз каранды эмес ММКларга кысым жасалып, Беларусь лидеринин ыйбаа карабаган Интернет сайттарга көзөмөл орнотулду. Асресе, Интернет-блокададан чоң майнап чыгып кетиши кыйын. Кайра белоруссиянын Интернет коомчулугунун кызыгын арттырып, бүйрүсүн кызытышы гана мүмкүн. Белоруссия бийлигинин пресса менен Интернетке орноткон көзөмөлү Кыргызстандагыдай эле терс эффектиге алып келишин күтсө болот.
Москванын А.Лукашенкого каршыгып каршы чыгышы К.Бакиевдин эки жүздүү тышкы саясатынын акырына окшогон натыйжага алып келерин баамдоо кыйынчылык жаратпайт. Батыш басылмалары көптөгөн жылдардан бери Белоруссия президенти тышкы мамилелерде Батыш менен Чыгыштын ортосунда шпагат саясатын жүргүзүп келатканын белгилейт. Ал бир туруп славян бир туугандарынын кыйышпастыгы боюнча касам ичип жиберсе, бир туруп ЕСтин алдында Европа менен биримдикти бекемдөө боюнча убадаларын мол берип, эки талаада оюн жүргүзүп келаткан кош стандартына басым коюп жатышканына күбө болсуң. Батыш мындай кош стандартка негизделген саясат акыры келип, А.Лукашенконун өзүнүн башын жутушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарууда. К.Бакиевдин бийлигинин кулашына элди талап-тоноп жатып итке мингизген абалга жеткиргенинен тышкары, эки жүздүү тышкы саясаты өбөлгө болгонун эскерсек артыкбаштык болбос эле.

Үсөн Касыбеков








кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"




Яндекс.Метрика