Ааламга кеткен жол айылдан башталат

Атамбаев. Арашан. Айылдаштар.
"Ааламга кеткен жол айылдан башталат" деп коюшат. Эзелтен калган бул сөздүн эч бир кемтиги жок экенин эми түшүнүп жатпаймынбы. Ажолукка ат салышып, эл жүгүн көтөрөм деп элинен ак бата алып аттанган Алмаз Атамбаевдин айылына барып, жанагы сөзгө дагы бир ынандым. Алмаз мырзанын айылы - Арашан. Көк мелжиген ак кар, көк муздуу Ала-Тоонун береги этегиндеги айыл. Кантсе да тоого жакын айыл эмеспи, абасынын тазалыгы алыстан эле туюлат. Айыл үстүн төөнүн эки өркөчүндөй бийик эки чоку калкалап, айылды бооруна кысып, жер эненинби же жел тумандан сактаган тоолук касиетпи, жашыл шиберин жайкалтып беймарал тикчиет. Бул тоолор Кара-Кыя, Шөкүлө, Узун-Кыр деген чокулар. Андан ары айтылуу шаарыбызга эң эле жакын Чуңкурчак жайлоосу созулат. Ышкын ыптабы ысыкка чыйралып, кымыз жытына кошулуп айыл тарапка агылат. Улам бир жерден мөлтүрөп аккан Арашан булактары акырын агып Аламүдүн суусуна куят. Мына ушул таза булактан суу уртап, бал кымыздуу жыты аңкыган абадан дем алат арашандыктар.
Бул айылда 1947-жылга чейин Семенов деген эки бир тууган орус адамдар жашаган. Бир кезде айылдын фермасынын сүтү бүт Кыргызстандын алдыңкысы болгон. Ал уй ферманын ошол даражага жеткени Семеновдордун уйларынын уюткулары деген сөз бар айылда. Ошол уйлардан Ала-Тоо тукумундагы уйлар пайда болгон деген да сөз жүрөт. Демек, кыргызды майкөлдүү кылган уй жаныбардын чыккан мекени катары да билсек болот. Кийин бир тарабы Бозбөлтөк деген колхоз болуп, бир жагы совхоз болуп түзүлгөн. Мына ушул экөө кошулуп, кийин Стрельникова Феодосия Афанасьевна деген совхоз жетекчисинин атынан аталып калган. Айыл көп жылдары Стрельникова атын өчүрбөй келген. Бир эле айылда Стрельникова баш болгон социалисттик эмгектин 5 баатыры чыккан. 1985-жылы жогорку бийликтен Воротников деген өзү келип, совхоз башчысы Жунушбаев Кеңешти айыл сүт азыгы боюнча Кыргызстандагы эң алдыңкы ферма экенин дагы бир ирет билдирип, эмгекти сүйгөн элине эбегейсиз рахматын айткан. Санжырага кайрылып жалпы жонунан алсак, өз урууларын калмактардан, казактардан коргоп турган солто урууларынан чыккан Жаманкара деген баатыры чыккан. Советтик мезгилде эмгектин баатырлары Бектенбаев, Титов, Жыргал Мундузбаева, Стрельникова, Жогорку Советтин депутаты Киселенко жана Натяшкиналар да ушул айылдан. Мындай ырыстуу эл каймактарынан айыл азыр деле куру эмес. Азыркы тапта президенттикке ат салышып жаткан Алмаз Атамбаевдин да киндик кан тамган жери дал ушул жер. Демек, Арашан айылы куттуу жердин очогу. Анда сөз арашандыктарда болсун.

Турдаалы Алымкулов, Алмаз Атамбаевдин классташ курдашы:
-Турдалы байке, Алмаз мырза менен окуучулук кезде да чогуу жүрүп, анан коңшу да туруп калыпсыз. Демек, ал адам менен кызык күндөрүңүз көп өтсө керек, ошол балалык күндөргө бир кайрылбайсызбы.
-Туура, Алмаз менен мен коңшу да турдум, анан чогуу бир мектепте, бирок ал бөлөк, орус класста окуду. Негизи бала кезинен эле тың болчу. Окуу дегенде узун - туурасынан жатып калчу. Эми айылда мал кайтарабыз, колхоздун талаасына кызылча отогону барабыз. Жолдон келатып сууга түшүп, анан айыл четиндеги көк сазга футбол ойнойбуз. Алмаз бир аз ойнойт да "болду эми мен окушум керек" деп китебин алат да, башын албай окуйт. Биз болсо "эй Алмаз, келчи эми бир аз ойночу" десек "азыр-азыр бир аз эле окуп алайынчы" деп биздин да көңүлдү калтырбай сылык гана жооп берчү. Биз кээде кызыгып "эмнени эле окуп жатасың жомокпу?" деп кызыгып сурап калсак, "жок, алтын жөнүндө окуп жатам, аябай кызык экен, бүткөнчө шашып жатам" деп койчу. Эми ал кезде Алмаз менен тең бизде алтын деген эмне, анын баркы, баасын деле түшүнчү эмес экенбиз. Ал эми Алмаз ошондо эле өтө терең ойлонуп, көз карашын кеңейтип, бир нерсеге кызыкчу экен да. Кийин мектепти да жалаң "5" деген баага бүттү. Москвага окууга кетти. Ал жакты да жаман бүткөн жок. Кийин келип эле котормочу болуп, китептерди которуп жүрдү. Казакстанда да жүрдү, жер кыдырды, эл кыдырды, бардык жерден барк таап кыргыз элине да өзүнүн эмгегин аяган жок. Биз эмне дейбиз, ал баягы өкмөт башына турганда эле сүйүнүп, кудай буюрса элге жакшы жол көрсөтөт деп ишенип турдук. Ишеничти актабай койгон жок, аз убакыт болсо да кызматын кылды. Эми буйруп, өлкө башчы болуп калса деле элдин жүгүн көтөрүп жаңы жолду баштайт деп тилек кылып отурабыз.
-Сиз Алмаз мырзанын жаш кезиндеги кылык-жоруктарынан да айтып бербейсизби, бала кезде алма бакка уурулукка кирип дегендей окуялардан…
-Жаман жоруктарын көргөн деле жокмун. Бала кезде ар нерсени айтып урушса уруша кеткендирбиз, бирок. жаман деген сапатынан деги бири эсимде жок. Жакшы сапаттары гана эсимде. Алмаздын атасы Шаршен аксакал совхоздун алма багын карачу. Алмаз ошол жерде эле мылтыгын асынып алып жүрчү. Анан кээде балдар чогулуп алып ага барып калабыз. Отуруп ар нерсени сүйлөшөбүз, ойнойбуз. Бир күнү ошентип олтурсак ал бакка бирөө ууруга киргенин же жөн эле эс алганы келгенин ким билсин, бир адамдын алыстан караанын көрүп калдык, балдардын бирөө "ууру кирди" деп калды, кудай бетин салбасын баарыбыз кыйкырып-өкүрүп тигини кууп жөнөдүк. Алмаздын асынган мылтыгы бар. Тигил дыр коюп качып жоголду. Эми алма бак өзүбүздө болгондон кийин каяктагы алмага ууруга кирет элек? Алмаз биз менен бир аз сүйлөшөт деле кайра баягы китебин алып чыгат. Эсимде, ошондо энциклопедия китебин окуп жатканын. Болбой эле алаксытып футболго ээрчитип кетебиз.
-Футболду жакшы ойночу беле?
-Жакшы ойночу. Ал анан тытышып эле жатып калчубуз.
-Оюнда кандай эле, чыр беле?
-Жок, ал өзү оюнда деле бир калыпта жүрчү. Биз чырылдашып жатканда кээде уяткарып "койбойсуңбу эми, сеники туура эмес эле болуп калбадыбы" деп калыс оюн айтып гана койчу. Тентектиги жок, чынчылдыгы бар болчу. Баарын бетке айтчу.
-Кыздарга чогуу барган күндөрүңүздөр болуп калдыбы?
-Эми Алмаз кыздарды жактырып жүрсө жүргөндүр, бирок ээрчишип кыздарга барып, караңгыда ээрчишип жүргөн жокпуз. Ал, менимче, кечинде деле баягы китеби менен алек болуп жатса керек.
-Айылдаш, классташ катары эмес, кыргызстандык жаран катары анын талапкерлигинин эмнесин өзгөчө баалайсыз?
- Чынындале классташы катары аны айга-күнгө теңеп жаткан жерим жок. Адам болгондон кийин баары бирдей болбойт. Мүмкүн мен айткандар кимдир бирөөлөргө жакпай калса керек, бирөөсүнө туура келсе керек. Алмаз канча жылдан бери элге кызмат кылып келатат. Башкаларчылап жөнү жок бирөөгө асылбайт, бирөөнү жамандабайт, дайыма "алтындарым" деп сылык сүйлөгөн жигит. Ал эми билимине, иш тажрыйбасына эч кимдин күмөнү жок. Азыр Алмаздын курагы да, тажрыйбасы да, ой толгоосу да, элге болгон сүйүүсү да өз табына келди. Айылда жүрүп эле чоңойду да. Чөп чапчу, мал кайтарчу, кызылча оточу, айтор айылда эмне жумуш болсо ошонун баарын жасады. Коко тикен шаардык бала болуп чоңойгон жок. Азыр айыл чарбасын да, экономикасын да чагат. Ага байлык күтүү максат эмес. Эл карайлап турганда ошону бир нукка түшүрүп, жакшы жолдун жылчыгын көргөзүп койсо эл ошону өздөрү ачып алат эле. Мына ошону жасайм деген жигиттерибиздин бири ушул Алмаз.

Көчкөнбай Атамбаев, 81 жаштагы аталаш агасы:
-Алмаз балам ушинтип элдин жүгүн көтөрөм деп жатканына ичим жылып олтурам. Анын бала кезинен эле дээринде бар болчу да. Биз бир атанын балдарыбыз. Анын атасы Шаршен, менин атам Кулмухаммед. Баарыбыз чоң аталарыбызга жазылып калдык. Айланайын аман болсун, элге кызмат кылсын.
-Алмаз иниңиз бала кезинде кандай бала эле, сиздин тилиңизди албай тентектик көп кылчу беле?
-Жок кокуй, ал тентектик дегенди билчү эмес да. Созулган жоош, китеп көп окуган, ыймандуу бала болчу. Өзү орус класста окуду. Мектепке 1-класска барганда эле анын артыкчылыгын эске алып 2-класска өткөзүп жиберишкен. Кийин бул жерде орус классы жабылып калып Кой-Ташка которулуп кетип, ошол жакты бүттү. Кичине кезиндегилери азыр көз алдымда турат, кээ бирин унутуп деле койдум. Зээндүү, билгич, тапкыч, ойчул экенин ошол кезде эле айылда айтып калгандарын угуп, ичибиз жылып калаар эле. Анан Орусияга окууга кетип, ошол жакта да иштеп жүрдү. Кийин биз "Алмаз атаң картайды, энең картайды, кел эми бул жакка" деп Кыргызстанга чакыртып алдык.
- -Агаңыз Шаршен аксакал да уулундай зээндүү, билимдүү беле?
-Шаршен байкем да ушул уулундай билимдүү болчу. Илгерки билими бар эле. Ошол билиминин аркасы менен сот, прокурор болуп иштеп жүрдү. Бул эле жерде эмес, Тогуз-Торо, Нарын, Ат-Башы, жер-суунун баарында эмгек кылып элге көп эле кызмат жасады. Кийин эс алууга чыгып анан айылга кайра көчүп келди. Айылда да агамдын кадыр-баркы жаман болгон жок. Мына уулу да айланайын эми эл жүгүн көтөрөт элем деп жүгүрүп жүрү. Бая күнү айылга курултай өткөрдү эле тигил жагы Ош, Баткен, бул жагы Нарын, Таластан бери келип колдоп, эл деген неме батпай Алмазды сүрөп жатышат.
-Көчкөн ата, урууңуздар кытай экен, мына ушул уруунун тарыхына бир аз кайрылсаңыз…
-Кушчу уруусу, ошол кушчудан тараган кытай уруусу, кута деп коет. Кушчу уруусу өзү кең Таласты мекендейт. Таластын төмөн жагынын баары - кушчулар. Мына ошол кең Таластан чыкканбыз биз. Ата-бабаларыбыздын киндик кан тамган жерлери, уруу болуп калыптанганы ошол жак. Кийин бул жакка көчүп келип, жергиликтүү эл болуп ушул кең өзөндү жайлап калдык. Биздин киндик каныбыз ушул айылга тамып калды. Тукумубузда Шама деген баатыр өткөн экен. Букара хандын акылкошчу жигити болуп, кырк жигити менен жоого түшүп жүрчү экен. Казак-кыргыз, саяк-сарбагыш, көл-бугу урууларынын ичинде да чоң барк күтүп, элине сап билек болгон күндөрү да көп болгон дешет. Анан Чыңгыз хан аны бул жакка алып келип, алдына боз үй тиктирип "мага жигит бол" деген экен. Эки ата бул жакта, эки ата Орто-Сай тарапта, Бөлтөктүн алдын ошентип атап коет.
-Алмаз иниңиз айылга келгенде учурашып келип турабы?
-Биринчи эле бизге чуркап келип, учурашып ал-жай сурайт. Үйү деле биздин маңдайыбызда да, чакырып тамагын берип, коноктоп, анан эле байкелеп-аталап жакшы сөзүн айтып, "ооруба, аман жүр" деп каткырып күлүп, жакшы сөзүн гана айтып көңүлүмдү көтөрүп коет. Аман болсун, айланайын! Аллага шүгүр, эл тынч болсун, ошондой уулдар элибизде көп болсун. Мына 81 жаштын чайын ичип олтурам, ошол жашымды силерге бердим деп коем..
-Алмаз иниңиз орус мектебин бүтүрсө орус мүнөз болуп калган учурлары жокпу?
-Орус мүнөз дегенди ал өзү деле түшүнбөсө керек. Кыргыз болуп туруп кыргызга күйбөгөндөрдү, дос-тууганды сүйбөгөндү жакшы адам деп деле ойлобойм деп тууган аяк олтурганда өзү көп айтчу. Туугандардын жамандык-жакшылыгына үзбөй келип куран окутуп турат. Орустун тилин билгени жакшы эле да. Алмаз орусча, англисче, түркчө да билет, ал өзүнүн ички байлыгы. Тил билгенден жаман болбойт, балам. Уруубузда элге эмгеги сиңген мыкты уулдарыбыз көп. Көбү эс алууда, кээси иштеп жатат, Акматов Жусупбек деген генерал уулубуз да биздин уруудан. Алмаз Атамбайдан, ал Тойгонбай чоң атабыздан. Тойгонбай, Атамбай, Өтөнбай, Асанбай, Толкунбай деген уулдары болгон, алтынчысы кыз экен. Ушунун баары Шаманын тукумдары. Жанагы Асанбай кичи району биздин чоң атабыздын атынан аталып жүрөт. Ал жактагы мечитти Алмаз салдырып берип ошондон аталып калды.
-Көчкөн ата, Арашан айылы сизге эмнеси менен жагат? Кандай касиеттери бар?
-Арашандын суусу алтын, булактары көп. Тоосу алтын, эли алтын. Арашандын атын чыгарган Алмаздай уулубуз алтын, элди багып жатат.

Өзүбек Кадыркулов, Арашандын тургуну:
-Алмаз Атамбаевдин биздин айылдан экенине сыймыктанабыз. Ага да негиз болуш керек да, Алмаз өз айылына карамдуу, айылынан аябаган, март жигит. Айылды кандай кылып көтөрүп койду. Колунан эмне келсе ошону бергенге эле аракет кылып турат. Бул деген элди, жерди, туугандарын, ата-энесинин арбагын сыйлагандык да. Бир эле айылына эмес, башка адамдарга да көп жардам кылып жатканын билебиз. Жардам кылсын, колунан келсе баарына берсин жардамын. Президенттикке талапкер болуп жатканын да айылдаштары катары туура кабыл алып сыймыктанып турабыз. Чынындале буга чейин бир топ жумуштарда иштеп келди, тажрыйбасы болсо жетиштүү, билими менен ыйманында эч кимдин наразычылыгы жок. Жаш, ишке эми чындап чын ниети менен күрөшө турган мезгили келип жетти да. Баарыбыз эле жаңыча турмушту, жаңы багытты күтүп жатпайбызбы, жаңы жолду Алмаз Атамбаев таба алат деп ишенимди чоң артып турабыз. Тигил, бул талапкерди деле жаман деп айта албайм. Алар да кыргыздын азаматтары, бирок Алмаздан үмүтүбүз чоң. Атты басканынан, кушту учканынан, адамды сүйлөгөнүнөн тааныйт деген сөз бар го, ошол сыңары Алмаздын адам катары сүйлөгөн сөзүнөн, ой жүгүртүүсүнөн, максаттуулугунан да биз даана таанып калбадыкпы. Айылга келген сайын чай үстүндө сүйлөшүп олтуруп, көп нерселерди да билдик. Өтө жөнөкөй, бой көтөрбөгөн кыргыздын бир баласы. Бийик адам дайыма жөнөкөй болот. Мен үчүн №1 талапкер.

Чоробек Бейшенов,
Арашандын тургуну:
-Арашан айылы тоо этектеген абасы таза, суусу тунук, жайлоосу жакын жерде жайгашыптыр. Таңында туруп абасынан кере дем алсаң кадыресе эс ала түшөсүң. Өзү кыргызда жаман жер жок. Баары сонун. Биздин айыл жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин кереметин айтып жатам. Илгертен эле эли эмгекти сүйгөн, билимдүү жаштарды өстүргөн мыкты айылдардын бири. Бүт Кыргызстан боюнча алдыңкы уй фермасы катары да тарыхта айтылып, айтылуу Жыргал Мундузбаева деген эжекебиз эмгек баатырын алып, айылды бир сыймыка бөлөгөнү бар. Кийин Алмаз Атамбаев менен Азим Исабеков баштаган билимдүү жаштарыбыз чыгып кыргыздын жүгүн көтөрүп жатат. Алмаз жалпы журттун жүгүн мойнума алып элге бакубат турмаш жасайм деп ажолукка аттанып турат. Биздин айыл сыймык менен гана жашап жатат чынында. Алмаздын буга чейинки ишмердүүлүгүн, анын билимин карап деле көпчүлүк ага бир мүмкүнчүлүк берет деп ишенип турабыз. Айткан сөзүнө караганда ал элдин турмушун бат эле оңдоп, туура жолду тандоого гана түшүү керектигин, үй-бүлөлүк башкаруунун кереги жоктугун айтып жатат, менимче баары туура. Шайлоонун жек-жаат, тууган-урукка бөлүнбөй өзүбүздүн эртеңкибиз үчүн жаш, билимдүү, иш билги, чынчыл, мекенчил адамды шайлап алсак жакшы болот эле. Ал, менимче, Алмаз Атамбаев. Ар бир адамдын басыгы бар, бирине бири такыр окшошпогон мамиле, мүнөзү бар, бириники жогору. Ошол жогоркулардын катарына ушул Алмаз да кирет.

Догдурбай Кожогул уулу, 70 жашта:
-Азыр элге кыйын эле болуп калды. Сыртынан сыйда көрүнүшкөн менен ичинде ит өлүп жатат. Суу башында туруп сууга жетпей, кыштай светтин азабын тартып эле чыктык. Мунун баары эмнеден келип чыкты дейсиң, жанагы өз курсагын ойлогон арам чоңдордун кесепетинен болду да. Анан мынабу алдыда боло турган шайлоодо эл жаңылбаса, туура талапкерди тандап алса жакшы болот эле. Алмаз уулубуз аттанып жаткан экен, угуп сүйүнүп калдык. Эми аны адам катары бизден мыкты билген эч ким деле жок. Ушул жерге келгенде айылдаштарына ачыла сүйлөп, болгон максаттарын айтып, элиме минтип иш кылсам деп жатам деп тилегин айтса көзүңөн жаш тегеренип кетчү. Кыргыздын уулдары мыкты чыкса кимибиз жаман болот элек. Бул кара эшегим кара машинага айланбайт беле. Алмаз ала коеюн, жута коеюн дегенди билбеген бир мүнөздөгү бала. Союз кулагандан бери арашандыктарды багып эле келе жатат. Алмазга айылдыктарынын арманы деле жок. Эми жалпы журтка жакшы үлгү көрсөтсөм, жакшы жолду таап берсем деп аттанып жатканын баарыбыз колдоп жатабыз. Биз мактабасак деле эл анын ким экенин билет. Кээси ооздорун көптүрүп ар нерсени айтып жүрөт. Аларга унчукпай, баркың билгендердин, акыл сыйлагандардын кулу боло бериш керек. Эл эч качан жаман жакшыдан көп учурда жаңылбайт. Коомду күчү бар бийлик, адамды арам ойлуулар эле чаташтырып коет Ошондон кудай сактап, жалпы журт Алмазды ак бата берип аттантып бир көрсө болот эле. Алмаздын жүрөгү да, өзү да таза. Анан өзүнө айттым, "кудай буйруп ак үйдүн астанасын аттап барып калсаң алды менен азан чакыртып анан кир" деп, болуптур деп сөзүн берген, эми ойлогон максаты ишке ашып кетсин.

Кынаш Байботоева,
Арашан айылынын тургуну:
-Алмаз менден эки жаш кичүү, эжеси болуп калам. Аны менен бир көчөдө жашап калдык. Бир мектепте чогуу окудук. Дайыма бир жол менен барып, кайра ошол эле жол менен келчү. Мектепте жүргөндө эле зыңкыйган бала эле. Окуусунун баары беш болчу. Көптөр мындан көп нерсени ошол мектепте жүргөндө эле үмүт кыла беришчү. Мүмкүн өзүнө билинбесе да сыртынан караган адамга билинип турчубу, айтор Алмаз жөнүндө жакшы пикирлерди окуучулук кезде эле көп укчубуз. Мектепте жалындуу окуучулардан болуп баарына жакшы катышчу. Колунда китеп жок кезин аз гана учуратчубуз. Мектеп кезинде эле айылга үлгү эле, азыр деле үлгү болуп келатат.
-Кыздар ага катты көп жазчу беле?
-Анысын деле билгенибиз жок. Жазса жазгандыр, зымпыйган жигит катсыз калбаса керек. Бирок, өзүнүн түз жүргөнүнөн көптөр тартынчу болуш керек. Кыздар менен деле жүргөнүн көргөн эмес экенмин.

Эмнеге Алмаз Атамбаев?

Азамат, 16 жашта:
-Алмаз байкени атамдар көп айтышат адам катары асыл киши деп. Биз азырынча саясатты деле билбейбиз да. Эми окууну бүтүп, шаарга тапшырып мен да ошондой мыкты саясатчы болоюн деп тилек кылып жатам. Алмаз байке азыркы бийликтин кемчиликтеринин баарын жакшы түшүнүп, кандайча мамлекетти оңдоо керектигин туура ойлонуп жатат. Жаш кадрларды колдоп, келечекти туура түшүнөт.
Сопубек, 17 жашта:
-Атамбаев өтө жогорку билимдүү, ишти жакшы түшүнөт. Көп жылдан бери жогорку кызматтарда иштеп келсе да бир да жолу элинен алыстап кетип, элге жардам бербей койгон жок. Элим деп турганын гана билебиз. Анан эл деп иштей турган адамды шайлап алсак баарыбызга эле жакшы го.

Алмаз Атамбаев ким?

Аман, 12 жашта,
-Биздин чоң атабыз болуп калат. Кудай буйруса биз шайласак президент болот. Эл шайласын, президент болсун.
-Эмнеге чоң атаң?
-Атамдан улуу да. Менин чоң атам менен классташ.
-Ал кишидей болгуң келеби?
-Аябай болгум келет. Жакшы, жөнөкөй, жакшы сүйлөгөн адам.
-Андай болуш үчүн эмне кылыш керек?
-Көп окуш керек, чет мамлекеттегилер менен көп сүйлөшүш керек.
-Эмне үчүн көп окуш керек?
-Атам айткан "ал кичине кезинен көп окуган, Москвада да окуган, кой, уй жайса деле китеп салып алып окуп эле отурчу" деп.

Турат, 11 жашта:
-Алмаз Атамбаев ким, билесиңби?
-Президенттикке коюп жатат.
-Аны каяктан уктуң эле?
-Билем да, баары эле Атамбаев президенттикке койду деп айтып жатышпайбы.
-Футболду жакшы ойнойт экенсиң, Алмаз Атамбаев да футболду жакшы ойночу экен, уктуң беле?
-Ооба, уккам. Эгер кудай буюрса президент болуп калса биздин айылга стадион куруп берет го.

Күнболот МОМОКОНОВ
Бишкек-Арашан-Бишкек