КСДП тобунун иликтөөсүнөн

Генералдарың мынаке.
Коопсуздугуң канаке?
Бийлик демократиялык укуктарын колдонгондорго каршылык көрсөтүү менен жана оппозицияны, элди коркутуп-үркүтүү "иштеринде" биринчи кезекте күч жана укук органдарына ставка жасайт. Ушул максатта улам бир жаңы күч органдары ачылып, алардын бюджети өтө тездик менен өсүп жатат. Ошол эле маалда социалдык тармак каржалып олтурат.
Өлкө тарыхында буга чейин мынчалык арбын сандагы генералдарды көргөн эмеспиз. Жыл өткөн сайын алардын саны улам арбып эле баратат. Андан генералдарды жогорку бийлик алардын адис-профессионализмине жана кызмат ишинде чин алуунун бардык этаптарынан өтүү критерийлерине карап тандоо четте калган. Алар Президенттин өзгөчө ишенимдүү, ага жеке берилген адамдар болуп саналат. Бирок бул жетиштүүбү?
Мурдагы ар түр жардамчылар, аппаратчиктер, ошондой эле ушуга окшогон башка да "назначенцылар" азыр генерал чинин тагынып, коопсуздук системасынын органдарын башкарып олтургандар алгылыктуу бир нерсе жасай алышабы? Алар душманды сырттан издебей, ичкериден - өз элинин арасынан, оппозиционерлерден издеп, өз бийлигин өмөчөктөп коргоого даяр турушат. Эгерде, анын бети ары кылсын, эларалык террорчулар жана экстремисттер пайда болсо, эмне күндө калабыз? Алар кимди коргой алышат?



Коргоо министрлигинин маалымат-анализдөө башкармалыгы (18.05.09)
"Афганистандагы террористтик топтордун партизандык күрөш жолуна өтүшү бул өлкөдөгү стабилдүүлүккө жетишүүгө сокку урат. Ал эми Афганистандагы мындай абал мурдагыдай эле бүтүндөй Борбордук Азиядагы аскердик-саясый абалга таасирин тийгизет".
"Кыргызстандын стабилдүүлүгү менен коопсуздугунун башкы коркунучу болуп Афганистанда террорчулардын куралдуу топторунун негизги ядросу сакталып тургандыгында. Алар майда топтор менен Борбордук Азия аймагын тинтип, улам жаңы адамдарды азгырып өз тарабына кошууда".

Коопсуздук системасынын командачылары
Бакиев Курманбек -
КР президенти, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы.
Бакиев Жаныш -
Мамлекеттик көзөмөл кызматынын төрагасы, генерал-майор (түштүктө көтөрүлгөндөрдүн аракеттерин жетектеп, Акаев кулаган соң Жалал-Абад УВДсынын жетекчиси, 2006-жылдын мартында СНБ төрагасынын биринчи орунбасары).

Суталинов Мурат -
ГКНБ төрагасы, генерал-лейтенант (СССР ИИМинин Карагандыдагы Жогорку мектебин бүтүргөн).

Сатыбалдиев Элмурза - Башкы прокурор, генерал-лейтенант (мурда ГКНБ төрага орунбасары).

Конгантиев
Молдомуса -
ИИМ министри, генерал-лейтенант (темир жолдо ОВД начальниги, Бишкек ГУВД начальниги).


Мамытов Токон -
Чегара кызматынын төрагасы, генерал-лейтенант (Пржевальск пединституту, КГБнын Минскидеги Жогорку курсу, Андропов атындагы КГБ институту).


Калыев Бакытбек - Коргоо министри, генерал-майор (Чүй губернаторунун жардамчысы, Премьер-министрдин жардамчысы, Президенттин жардамчысы, Мамкүзөттүн начальниги).


Ногойбаев Болотбек - Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин директору, милициянын генерал-лейтенанты (ИИМдин экс-министри, азыркы кызматында мурда да иштеген).


Садыров Максатбек - Финансы чалгындоо кызматынын төрагасы (мурда ушул кызматта төрага орунбасары болуп иштеген, СНБ кадрынан отставкаланган).


Алымкожоев Асанбек - Улуттук гвардия командачысы, генерал-майор, (Коргоо министрлигинин Түштүк аскер тобунун мурдагы командачысы, кадр өстүрүү тизмесинде турган).


Ташиев Камчыбек - МЧС министри, (Өкмөт аппарат жетекчисинин жардамчысы, Ленин райакиминин биринчи орунбасары, ЖК экс-депутаты).


Акматов Нурлан - Мамлекеттик Бажы комитет төрагасы, бажы кызматынын генерал-майору. (Кыргыз айыл чарба институтун бүтүрүп, бухгалтер-экономист кесибин алган, бажы төлөмдөр башкармачылыгынын начальнигинин орунбасары)


Муйбиллаев Акимжан - Финполиция директору, финполициясынын генерал-майору, (ички иштер кызматы, Бишкек боюнча финполиция кызматынын башкармалыгынын начальниги).





К.Бакиев бийликке келгенге чейин
эмнелерди убада кылды эле?

К.Бакиев: "Акаев өзү оппозицияга каршы провокацияларды жетектеген"
2005-жылы К.Бакиев бийликке келип, РИА "Новостиге" Акаевдин өздүк архивиндеги материалдардын табылышынан "экс-президент подкуп, подставкаларды өзү жетектеп, аларды финансылаганы, чакырылган "политехнологдордун" жардамы менен оппозицияга, атаандаш талапкерлерге каршы булганыч провокациялары ишке ашырылганы айкындалды".

Тарых, тилекке каршы, кайталанабы?