п»ї
  Геология институтунун директору, академик Апас Бакиров:

"Кенди казып алуу оңой-олтоң иш эмес"
- Апаз Бакирович, республикадагы түшүм берген жерлердин сапаты бүгүнкү күндөгүдөй кала берчү болсо эми бир он чакты жылда алардан биротоло кол жууп калышыбыз ыктымал деген чочулоолорго кошуласызбы? Эгерде бул чын эле ошондой болсо, анда эмне чараларды көрүү керек деп эсептейсиз?
- Туура, айылчарбасынын абалы өтө кейиштүү болуп турат; айрыкча жерлердин түшүмдүүлүгү начарлады. Республикада 1млн.200миң гектар сугат жерлер болсо, бүгүнкү күндө алардын дээрлик теңин шор басып, анын ичинде 10дон 70пайызга чейинки жерди толук шор баскан. Эмне себептен? Анткени аларды багып, семирте турган жер семирткичтер жок, мисалы, мурда 50 центнерден буудай түшүмүн алып жүргөн жерлерден бүгүн араң эле 8-9 центнерден түшүм алып, ошого ыраазы болуп жатышат. Жер семирткичтен азыр аммиактык селитра эле келет, ал эми жерди оңдой турган минералдык семирткичтер дээрлик келбей калды. Минералдык жер семирткичтер азыр биздин дыйкандар үчүн кол жеткис болуп калды шекилди. Мындан 2 жыл мурун Орусиядан килограммын 12 сомдон алып келишчү, азыр ал 17 сомго чыгып, апкелүүгө таптакыр болбой калган. Анча-мынча минералдык жер семирткичти Өзбекстандан алабыз, бирок алардын сапаты өтө начар, жер семирткич чачылбаган жерден эч бир айырмасы жок дешет дыйкандар.
- Демек абалдан чыгуунун эч бир жолу жок экен да? Министрликтин деле колунан эч нерсе келбейт го?
- Акча таап берсеңер биз жер семирткич таап берели деген маселени көтөргөнбүз тээ 2000-жылда эле. Анда кереги жок дешкен. Быйылкы жазда өкмөт жыйын өткөрүп, анда жер семирткичтер маселеси өтө кыйын абалда турганы айтылды. Биз баягы маселени дагы көтөрдүк.
- Кечиресиз, акча болсо таап берели деп атпайсызбы, мунун арзанын сатып келесиздерби?
- Жок, сатып келүү туурасында кеп жок, эң сонун минерал өзүбүздөн табылды. Бул глауконит деп аталган минерал. Мунун пайдалуу касиеттерин айта берсе түгөнбөйт. Биринчиден, экологиялык жактан бузулган жерлерди калыбына келтирет, тазалайт. Уулуу заттардын баарын өзүнө тартып алат. Экинчиден, түшүмдүүлүктү өстүрөт. Мисалы, буудайдыкын 50, картошканыкын 60, кызылчаныкын 50 пайызга чейин жогорулатат. Натыйжасы суперфосфаттыкынан алда канча жогору. Мындан тышкары жашылча, мөмө-жемиштин да бардык түрлөрүнүн түшүмүн өстүрөт. Алардын экологиялык жактан тазалыгын камсыздайт. Үчүнчүдөн, муну малдын жемине кошумча берсе малдын эттүүлүгү, салмагы жогорулайт, эттин, сүттүн, жумуртканын, каймактын ж.б. азыктардын сапаты жакшырат. Кыскасы бизге эң керектүү, баалуу минерал. Муну Орусияда азыр 17 илим изилдөө инстиутуттары изилдеп чыгышып, айылчарбасына колдонуу жагын мамлекет колго алган. Орус адистери глаукониттин өзүн өзү актоосун да эсептеп чыгышкан. Маселен, сатып алууга коротулган ар 1 рубль 8 рублдик киреше менен кайтат. Эми муну жылга эсептей бериңиз, акыбети канчалык кайтканын ошондо көрөсүз. Мына ушу минерал өзүбүздөн табылып жатпайбы! Болгондо да мынабул эле Ала-Бука районунун Чаткалга кетчү тарабында Кызыл -Токой деген кыштактын астында глаукониттин чоң запастары жатат. Жол бар, электр линиялары даяр, жеткенге жеңил жер болуп атпайбы? Биз барып, анализин алып, текшертип көрдүк. Жыйынтыгы эң сонун чыкты. Кептин баары айланып келибеле каражатка такалып турат.
- Канчалык акча керек болот экен?
- Экономикалык өнүгүү министри А. Жапаров эсептерди тактап келсеңиздер дегенинен эсеп-чотун долбоорго кийирип жазып бергенбиз. Адегенде минералдын кенин чалгындоо керек. Буга орто эсеп менен 30 млн. сом кетет экен эсептесек. Анан аны өздөштүрүү үчүн дагы ошончолук акча керектелет. Негизгиси ушул, 60 млн. сом менен биз өзүбүздүн баалуу минералга болгон керектөөбүздү толук чече алабыз. Ал эми транспортировкалап, ташып жеткирүү кийинки, бирок чечиле турган маселе. Ошондо биз минералдык жер семирткичке карата коңшулаш республикаларга болгон көз карандылыктан арылабыз.
- Шайлоо, ж.б иш чараларга миллиондорду ыргытыбаткан мамлекет кантип эле ушундай баалуу минералды казып алганга 60 млн. сом таппасын?
- Маселе оң жагына чечилээр деген ишеничибиз чоң. Дегеле бизде кендерибиз өтө көп. Глауконит чыккан жерден гипстин кени да бар экени аныкталды. Гипс шор баскан жерлерди кургатууга табылгыс, жакшы минерал. Таш - Көмүрдө кремний чыгаруучу заводдун курулушу жүрүп жатат. Эгерде бул бүтүп, ишке кирчү болсо мунун бир өзү он Кумтөргө татымак. Таза кварцтын чалгындалган, иштеткенге даяр кени турат. Эч ким карабай келди эле, жакында кайсыл бир орус фирмасы өздөштүргөнгө уруксат алды деп угубатам. Волостанит деп аталган курулуш материалдарын жасоодо табылгыс минерал бар бизде, ага да көңүл бурган эч ким жок. Дегеле кыргыз геологиясынын тарыхында минералдарга байланышкан кызыктуу, сыймыктанаар окуялар көп. Фашисттер Украинаны (октун дүрмөтү жасалчу ртуть чыккан кен бар эле) басып алып "эми Кызыл Армияны жеңебиз" дешкенде, совет өкмөтү Хайдаркенден сымаптын кенин ачкан. Атом бомба үчүн керектүү сырье- уран Майлы- Сайдан табылган. 60-жылдары батыш түстүү телевизорлорду жасай баштаган соң, ага керектүү сейрек элементтер мобул эле Актүздүн Куту-Сайынан табылган. Тилекке каршы, азыркы учурда инвестициялар алтынга гана келип калды.
- Алтын дегендей, Кыргызстан алтынга бай өлкөбү?
- Алтынды калктын санына эсептегенде Кыргызстан дүйнөдө 3-орунду ээлейт экен. Бизде алтын кени бар деген 3000 байкалган жерлер катталган. Анын 100ү гана перспективдүү азырынча. Ал эми алтын өндүрүшүндө бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп аткан жалгыз Кумтөр долбоорун айтсак болот. Биринчиден, арзан долбоор, экинчиден, технологиялар өтө алдыңкы. Дегеле алтынды казып алуу процесси бир топ татаал. Баштап алтындын извлекаемосту 80 пайыз дешкен эле, азыр 70 ке түштү деп уктук. Көптөн бери талашка түшүп, чечилбей келаткан келишим боюнча маселе оңунан чечилгени Кыргызстандын эли үчүн жакшы эле болду окшойт. Мен республиканын басма сөз беттеринен окубатам, мындан ары Кыргызстандын үлүшү көбөйүп, казынага акчанын түшүшү да арбын болот дебатышат. Ошондой эле болсун. Дегеле кендерди иштетүү оңой иш эмес. Эсиңиздеби, А.Акаев "бизде алтын көп, бат эле байыйбыз, экинчи Швейцария болобуз" деп айтчу. А киши геолог болбогондон кийин ойлосо керек, мунун баары кампада жаткансып. Кенди иштетүү деген итапкан кыйын, оор процесс экенин элдин баары эле биле бербейт. Кенди адегенде чалгындаш керек, анан аны өздөштүрүш керек. Бул өтө татаал, түйшүктү талап кылган иш эмеспи.
Бахтияр Шаматов




кыргыз тилиндеги гезит "Аалам"
email • архив • редакция 
30-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Ганси. Кетет - кетпейт.
Калат - калбайт?..

2-бет
Эски достор М.Эшимканов менен А.Мадумаровдун жаңыча кармашы
3-бет
Президенттик "крит" көзүрлөр №1 атаандаштын арышы
"Каждый стоит столько, сколько стоит то, о чем он хлопочет"

4-бет
Бакыт Бешимов: "Биз сиздерге ачык жүрөк, ак пейил, жакшылык менен баратабыз"
5-бет
Ирина Карамушкина, ЖК депутаты:
"А.Атамбаев гана бийликти карапайым адамдардын бакубат жашоосу үчүн иштөөгө аргасыз кыла алат"

6-бет
Генералдарың мынаке.
Коопсуздугуң канаке?

7-бет
2005-жылдын 24-мартында ушундай болгон
8-9-бет
Атамбаев. Арашан. Айылдаштар.
10-11-бет
"Ысык-көл кээде тынч да, кээде толкун...
12-бет
Геология институтунун директору, академик Апас Бакиров:
13-бет
Экинчи этаптын синдрому
14-бет
ЭМНЕ ҮЧҮН СӨЗСҮЗ АТАМБАЕВ?
15-бет
"ААЛАМ" аскиялар
16-бет
Майкл Жексон
а ­е¦Є.НҐй«