Жанашсаң жакшыга жанаш…

Арап инвесторлору келмекчи
(экинчи макала)

Гезитибиздин өткөн санында баштаган Бириккен Арап Эмираттарынын Рас Аль-Хайм эмирчилигине болгон сапарыбыз жөнүндөгү кепти улантабыз. Бул макалада эмираттын аймагында иш жүргүзүп жаткан "Ракин Девелопмент" инвестициялык компаниясына тиешелүү болгон "Ракин керамик" заводу жана компания куруп жаткан Аль Маржан жасалма аралындагы Баб Аль- Бахр экзотикалык курорттук аймагындагы турак жайлар туурасында айтып берсекпи деген оюбуз бар.
Орусча плитка (кыргызча карапа) же кафель деп аталган курулуш материалы бүгүнкү күндө дүйнө бетине кеңири тараган продукция болуп эсептелет жана азыр ансыз бир да заманбап имаратты элестетип болбойт. Бул материалга муктаждык жылдан жылга өскөнү гана болбосо, ылдыйлаар түрү жок. Билишибизче, керамикалык буюмдарды өндүрүү иши боюнча Италия өлкөсү ааламда алдыңкы орунда келатат деп айтышат. Мындай пайдасы агылып турган өндүрүштү Түркия, Кытай ж.б. өлкөлөр да колго алган. Бирок бул өлкөлөрдүн продукциясы азырынча дүйнөлүк рынокто италиялыктардыкы менен теңтайлаша албайт деген эксперттердин ишенимдүү бүтүмү бар. Италиялык өндүрүш чынында мыктыдыр, бирок, менимче, бул илгертен калыптанып калган стереотиптик түшүнүк болушу мүмкүн экенин жогоруда аты аталган "Ракин керамик" заводунун иши ачык көрсөттү. Дүйнөлүк технологиянын эң акыркы, заманбап үлгүлөрү боюнча иш жүргүзүп аткан бул заводдо башкаларга өрнөк болоорлук, үйрөнөрлүк, идеалдуу өндүрүш түптөлгөн. Заводдун масштабдары таң калдырат: 2 миллион чарчы метрлик аянтты ээлеп, жылына 152 млн.чарчы метр плитка чыгарат. Бул продукциянын биерде 1000 ден ашуун түрү бар. Мындан тышкары мыкты сапаттуу фарфор буюмдарын чыгаруучу ири өндүрүшү иштеп турат. Заводдун жылдык таза кирешеси 600 млн. долларды түзөт. Өндүрүш тегиз автоматташтырылган, кол күчү дээрлик колдонулбайт. Заводдо 5 миң жумушчу иштеп, булар негизинен сырттан келген пакистандык, филипиндик, индиялык ж.б. өлкөлөрдөн келген мигранттар. Баса, мигранттар демекчи, арап туугандар сырттан келген эмгек мигранттарына маселен, Орусиядагыдай өйдөдөн, экинчи сорттогу кишилердей эмес, "биздин жерге келип, экономиканы өстүргөнгө жардам кылып жатышат" деген сыйлоо, урматтоо менен мамиле жасашат; иштеш, жашаш, эс алыш үчүн бардык зарыл, ыңгайлуу шарттарды түзүп беришкен, жатаканасы мыкты, тамак ашы белен, баары компаниянын эсебинен. Жумушуна чейин атайын транспорт чегерип, апкелип, кайра жеткирип турушат. Кыскасы мигрант иштегенди, анан англисче тилди гана билиши керек, бүттү. Заводдун продукциясы биердеги деңиз порттору аркылуу дүйнөнүн бардык булуң бурчуна ташылып турат. Бизге өзгөчө жакканы- керамикалык плиткалардын 10 х 10 дон тартып, (см менен) 200 х 200 гө чейинки размерлер менен чыгарылганы, ошондой эле кадимки жыгач паркеттен айырмасы жок плиткалардын чыгарылышы таңдантты. Мындай продукциянын дүйнөдө азырынча аналогу жок дешти. Заводдун фарфор буюмдарын чыгарган өндүрүшү да мыкты, продукциянын сапаты боюнча нечен ири эларалык сыйлыктарга жетишкен. Биздин өкүнгөнүбүз, ичибиздин күйгөнү Кыргызстандын ишкерлери эмнеликтен ушундай келечектүү өндүрүштөрдү түптөгөнгө кызыкдар эмес, акыл жетпейт.
Эми кепти Аль Маржан аталган керемет аталышы бар, суу үстүнө курулган жасалма ажайып арал жана анда курулуп жаткан Баб Аль -Бахр курорттук зонасына буралы. "Ракин Девелопмент" компаниясынын коммуникациялар боюнча техникалык директору, доктор Герберт Краузе мырзанын айтымында, жасалма арал бүгүнкү күнгө 26 пайыздык коммуникациялар тармагы менен камсыздалган. Ээлеген аянты 45 гектар жерди түзөт. Арал 50 метрлик тереңдикке чейинки суу үстүнө салынган. Адегенде тоодой таштар менен, анан үстүнөн кум куюлуп тегизделип, андан соң топурак ташталат да жасалма сугаруу менен жапжашыл болуп чыга келет. Бул сөз менен айтканга гана оңой иш эмеспи! Бейиштей жери, суусу, топурагы белен туруп тескерисинче аны курутуп, такырга айлантып аткан бизге убал жок экен деп калдым муну көргөндө. Ошол аралдын үстүнө Баб Аль Бахр аталган экзотикалык курорттук зона курулууда. Баамыбызда дүйнөнүн төрт төгөрөгүнөн келип жашаганды же эс алганды каалаган бай адамдарга эсептелген сыңары. Орустун, казактардын олигархтарынын аттарын угуп калдык, бирок кыргыздыкын укпадык. Курулуп жаткан турак жайлар өзүнүн бир караганга жөнөкөй, практикалуулугу, терең ойлонулган архитектуралык дизайны менен өзүнө тартат. Бул үйлөрдөгү бир чарчы метрдин наркы 2250 долларга турат экен, эсептеп келсек, жалпы наркы 400 миң доллардын тегереги окшоду. Мындай акча түшүбүзгө кирбесе да сурамжылап жаттык, компаниянын жетекчилеринин "силердей досторубуз үчүн баасын арзандатууга макулбуз" деген чын дилден чыккан сыпайычылыгына ыраазы болдук. Кеп эми мында эмес, кеп арап туугандар мунун баарын туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жасап жаткандыгында. Байлар келсе акча келет, акча келсе эмираттын турмуш жашоосу ого бетер өнүгөт деген жөпжөнөкөй, акылман саясат деген ушу да.
Мына ушул компания буйруса, Кыргызстанга келип ири долбоорлорду баштоо алдында турат. Алла тааланын назары, мээрими түшкөн жерден келибаткан мындай инвесторлор акжолтой болгусу бардыр, мамлекет жетекчилерибиз, коомчулук, жалпы калкыбыз колдоп берсе, арты эч качан жаман болбойт. "Жанашсаң жакшыга жанаш" деп даанышман кыкең эчак эле айтып салган эмеспи, турмушу, жашоосу бүгүнкү күндө улам батышка ыктап бараткан кыргыздар үчүн динибиз, дилибиз бир арап туугандар менен алакалашкандан утаарыбыз гана болбосо уттураарыбыз жок, туурабы? "Ракин Девелопмент" компаниясы кандай долбоорлор менен келатат, салчу инвестициясы канча ж.б. туурасында кийинки макалабызда кенен кеп салып беребиз.




Компания "Ракин Девелопмент" из ОАЭ планирует начать инвестиционные проекты в Кыргызстане

По словам кыргызкого представителя компании, руководителя дочернего предприятия "Ракин инвестмент Кыргызстан", экс-депутата ЖК, Чрезвычайного и полномочного посла КР К.С.Самакова, "Ракин Девелопмент" является одной из крупных инвестиционных компаний во всем Ближнем Востоке, которая занимается строительством деловых центров и объектов туризма во всем мире, в том числе и таких странах СНГ, как Грузия, Азербайджан, Украина и др.


"В последние годы президентом республики К.С.Бакиевым предпринимаются реальные шаги по улучшению инвестиционного климата в Кыргызской Республике, - говорит господин К.С.Самаков. - Создаются благоприятные условия для работы внешних инвесторов в республике. Кыргызстан на недавном примере благополучного и взаимовыгодного решения спорных вопросов с канадскими инвесторами относительно Кумторского месторождения, проявил политическую волю и доказал всему мировому сообществу свою способность решать самые сложные инвестиционные вопросы путем разумного диалога, в цивилизованных рамках. Это безусловно сильно поднимает международный имидж Кыргызской Республики, прежде всего на глазах будущих, потенциальных инвесторов. Недавно группа журналистов по приглашению компании "Ракин Делевопмент" побывала в Эмирате Рас Аль-Хайм и на месте ознакомилась с многогранной деятельностью известной компании, которая готова сотрудничать с нами и инвестировать в экономику республики немалые средства в строительной отрасли. Такую заинтересованность выразили во время поездки нашей делегации сам заместитель главы правительства, коронованный принц Его Высочество, шейх Сауд Бин Сакра Аль Касими, советник эмира, председатель Совета директоров компании "Ракин Девелопмент" доктор Х.Массаад и др. руководители.
В настоящее время мы активно готовимся к презентации проектов компании в Кыргызстане, которая состоится нынешней осенью и очень надеемся на поддержку руководства, всей прогрессивной части общества и населения республики в целом.
Немного забегая вперед скажу, что намеченные проекты компании очень грандиозные, не знают аналогов Центральной Азии. Мы очень надеемся, что они способствуют к дальнейшему улучшению инвестиционного климата в республике и сделают нашу страну еще более привлекательным для будущих внешних инвесторов. Также с уверенностью можно сказать, что вышесказанные проекты достойно пополняет ряд успешно работающих на сегодня, проектов общенационального масштаба, таких как строительство Камбар-Аты-2 и разработка Кумторского месторождения золота. Я вообще хочу отметить, что внешний цивилизованный мир заинтересован и готов иметь с нами отношение и очень хотелось бы, чтобы мы ему ответили тем же. Ибо в эпоху глобализации, правильно и мудро поставленная инвестиционная политика - это основа развития в современном мире. Так давайте же поддержим в этом деле нашего президента КС.Бакиева".

Бетти даярдаган
Бахтияр Шаматов