Сатымкул атындагы сыйлык
- 1980-жылы Москвада өткөн жайкы 22-олимпиадалык оюндарда 42 км. 195 метр аралыктагы марафондук жарышта 2 саат 11 мүнөт 16 секундда марага үчүнчү болуп келип, советтик спорт тарыхында биринчи болуп коло медаль жеңип, кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаровдун баркын дале билбей калдык. Көзү өткөндө аттиң деп бармак тиштемиш болдук. Жеңил атлетика федерациясынын президенти, Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун демилгеси менен Сатымкул Жуманазаров атындагы спорт мектеби уюшулуп, ар жыл сайын Сатыкени эскерүү эл аралык мелдеши өткөрүлүп жүрөт. Сатымкул аганын "Манас" айтканы, жамактап кураганы, атагы алыска угулса да жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ал жеткен олимпиадалык коло медалга мурдагы СССРден, кийинки КМШдан эч бир спортчу жете элек.
Ошондуктан Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыкты Бишкек шаардык спорт комитети белгилеп, "Кыргыз спортуна кошкон зор салымы үчүн" жана "Спорттогу көрүнүктүү ийгиликтери үчүн" деген эки сыйлык ыйгармак болушту. Бул сыйлыктар быйыл июль айында татыктуу эки инсанга тапшырылат.





"Алганын" артта калышы
Казакстандын Тараз шаарында белгилүү футболчу Антон Шоханы эскерүү эл аралык өспүрүмдөр мелдеши болуп, Орусия, Казакстан, Кыргызстандын командалары мөрөй талашты.
Айтылуу "Алга" командасынын өспүрүмдөр курамы ар-намыска жарай албай бешинчи орунга илинди. Москванын "ЦСКА" командасынын өспүрүмдөрү баш байгени утуп, олжолуу кайтты. "Болоор бала богунан" дегендей, кыргыз футболун өнүктүрүү үчүн өспүрүмдөргө көз кырын салып, аларга шарт түзүүнү унутпасак. Болбосо "Алга" деген атты булгап, артка кетип жүрө берээрибиз бышык.





Бак даарыса баш байге качпайт
Президент Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев дзю-до федерациясына жетекчи болгону, дзю-дочулардын жолу болуп, ийгиликтер коштой баштады. Өгүнү Азия чемпионатынан бир коло байгелүү болушса, Казакстандын Рудной шаарында өткөн эл аралык мелдеште 4 алтын медалдын ээси болушуп, эрдемсинип калышты. Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын дзю-дочуларынын таймашууларында Айсулуу Аденова (48 кг), Табылды кызы Жаркынай (63 кг), Юрий Краковетский (90 кг) жана Тариэль Үсөнов (73 кг) алтын байгелүү болушту. Мындан сырткары кыргызстандык жаш дзю-дочулардан Салтанат Ахметова (52 кг) күмүш медаль тагынса, 73 кг салмакта Шах Оморов коло байгелүү болду.
Бул турнир өлкөнүн жаштар командасын 6-9-августта Будапеште (Венгрия) боло турган жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына даярдыгын сыноо иретинде өтүп, адистердин көңүлү жай болуп, балбандардын багын тилеп турган кербези.

"Дордой-Динамо" АФК президентинин кубогунун жарым финалына чыкты
Өткөн жумада Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун "С" тобундагы атаандаштардын оюндары курч өттү.

Алгач Мьянма өлкөсүнүн чемпиону "Канбавза" командасы менен Камбоджа мамлекетинин чемпиону "Пномпень Краун" командалары беттешип, 4:3 эсебинде Мьянманын "Канбавза" командасы 3 упайга ээ болду. Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы менен Бутан өлкөсүнүн чемпиону "Йедзин" командасы мөрөй талашты.
Бул оюнда Мирлан Мурзаев дагы айырмаланып, бул беттешүүдө атаандаштарынын дарбазасына төрт топ киргизди.
"Дордой-Динамо" командасынын жарым коргоочусу Давид Тетте да атаандашынын дарбазасына эки топту алыстан таамай тээп киргизүү менен кыргызстандык футболчулардын жеңишин бекемдеп койду.
Дагы "Дордой-Динамонун" жарым коргоочусу Артем Муллажанов дагы бир топту бутандык атаандаштардын дарбазасына таамай багыттады.
Биринчи күнү Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Бутандын чемпиону - "Йездин" командасы менен беттешип, 7:0 эсебинде жеңип алуу менен 3 упайдын ээси болду.
12-июнда да Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону "Пномпень Краун" командасы менен күч сынашып, 3:1 эсебинде кыргызстандыктар жеңишке жетишти.
Мьянма өлкөсүнүн чемпиону "Канбавза" командасы менен Бутан мамлекетинин чемпиону "Йездин" командалары мөрөй талашып, оюн 4:2 эсебинде Мьянманын "Канбавза" командасынын пайдасына чечилди.
Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет уткан, Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы менен Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону "Пномпень Краун" командасы мөрөй талашты. 3:1 эсебинде "дордойчулар" утту.
- Чынында бул ортозаар командалардын арасындагы мелдеш. Себеби Азиядагы футболду өнүктүрүү үчүн болгон аракеттин натыйжасында уюшулган. Кийинки 7-8 жылдан бери Кыргызстанда футболдун күзгүсү Нарындын "Дордой-Динамо" командасы болуп, бетке кармап келатабыз. Эми өз үйүндө ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот го, - деди футбол федерациясынын ардактуу президенти Амангелди Муралиев.
Бул оюнда Давид Тете, Мирлан Мурзаев жана Руслан Сыдыков чеберчилигин көрсөттү.
14-июнь жекшемби күнү кечинде "Дордой-Динамо" негизги атаандашы Мьянма өлкөсүнүн чемпиону "Канбавза" командасы менен чечүүчү оюнда беттешти. Себеби, бул эки команданын кимиси утса, алар Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун жарым финалында ойноого укук алышмак.
Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Мьянма өлкөсүнүн чемпиону "Канбавза" командасы менен чечүүчү таймашта күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңип, АФК президентинин кубогунун жарым финалына чыкты.
Беттешүүнүн үчүнчү мүнөтүндө эле Мьянма өлкөсүнүн чемпиону "Канбавза" командасынын чабуулчусу Сое Мин Оо айырмаланып, "Дордойдун" коргонуусун жарып өтүп, анын башы менен сүзгөн тобун дарбазачы Владислав Волков тосо албай калды. Ошентип эсепти мьянмалыктар ачты.
Биринчи таймдын 25-мүнөтүндө "Дордой-Динамо" командасынын жарым коргоочусу Давид Тетте эсепти теңдеп, "Канбавза" командасынын дарбазасына топту таамай тээп киргизди.
Беттешүүнүн отуз бешинчи мүнөтүндө "Дордой-Динамо" командасынын оюнчусу Элдар Амиров айырмаланып, эсепти дагы бирге көбөйтүп, мөрөй талашууда "Дордойду" алдыга сүрөдү.
Акыркы беттешүүдө "Дордойдун" жарым коргоочусу, легионер Давид Тетте менен Элдар Амиров күйөрмандарды сүйүнтүп, кыргызстандыктардын жеңишине салым кошту.
Эми "Дордой-Динамо" командасынын жарым финалдагы атаандаштары тажикстандык, түркмөнстандык футболчулардын даярдыгы дурус, алар менен таймашып, кубокту кайрып алуу үчүн мыкты даярдык көрүү зарыл.
Ошентип Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Мьянма мамлекетинин чемпиону "Канбавза" командасын 2:1 эсебинде утуп алуу менен жарым финалда ойноо укугуна ээ болду.
Футбол күйөрмандардын эсине: Нарындын "Дордой-Динамо" командасы 2006- жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу уткан.
Алар былтыр 2008-жылы Бишкекте финалга чыгып, бирок Тажикстандын чемпиону "Регар" клубуна уттуруп, Кубокту алдырып койгон.
Кабыл Макешов