Кызык бекен...
Виктория канышанын үйлөнүү үлпөтүндө алган белектеринин бири- диаметри 3 метр, салмагы бир тонна келген сыр болгон.

Альберт Эйнштейндин өлөр алдындагы керээзи өзү менен кошо кеткен, анткени анын жанында турган медсестра немец тилин түшүнчү эмес.

Моцарт 35 жылда 600 дөн ашык чыгарма жараткан, бирок Моцарт каза болгондон кийин жесири бейиттен жай алууга акча таппай калган.

1824-жылы шотландиялык Макинтош биринчи жолу суу өтпөгөн плащты ойлоп чыгарган.

АКШнын 17- президенти Эндрю Жонсон өзүнө өзү кийим тигип кийген.

Шерлок Холмс тууралуу жазган жазуучу Артур Конан Дойлдун кесиби офтальмолог болучу.

Салмагы 70 кг келген кишинин денесинде 150-180 грамм туз болот.
***
Англияда кагаз чыгаруучулардын эң белгилүүсү- Ватман деп аталган.
***
Адамдын ичегисинде жашаган бактериянын төрттөн үчүнүн таржымалы али ачыла элек.
***
Электр лампасын ойлоп тапкан Эдисон ал эмгегин 40 миң бетке жазган.
***
Саратов областынын Лобовское айылында жашаган бал челекчи жылаңач бойдон аарылардын уюгунда эки сутка болсо да олтура алат.
***
Адамдын денесинде 100 триллион клетка болсо, анын ондой бөлүгү эле адамга тиешелүү, калгандары- микробдор.




Көөнөдөн сөз
Башы тоголоктун бардыгы
адам боло бербейт.
Башыңа тоо түшсө,
чымындай көр.
Берип берен болгуча,
бербей сараң бол.
Байгамбар - кудай эмес,
кудайдан жуда эмес.
Бака сийсе, көлгө сеп.
Баланы жашынан, катынды
башынан.
Билген жолуңду атаңа
бербе.
Билек бирге болсо да,
манча башка.
Бир тойдо эки жар болбойт.
Бир тоокко да жем керек.
Бирин эки кылып, битти
сирке кылып.
Биринчи байлык - ден
соолук, экинчи байлык -
көк жоолук, үчүнчү байлык
- жүз соолук.
Бирөөнүн катыны бирөөгө
кыз көрүнөт.
Болор кулун желеде
жулкунат,
Болор бала бешикте
булкунат.
Болот бычак кында жатпайт.
Бөдөнөнүн жатагын көр да,
этине таарынба,
Бөксө чайнек бат кайнайт.
Булуттан чыккан күн ачуу,
Жамандан чыккан - сөз
ачуу.
Буюкканга жылдыз - от.
Бөзү бөзгө жалчыбайт.
Бүркүт карыса, чычканчыл
болот.
Даярдаган
Жолдош Асанов