Шарап ичүүнүн тартиби жана ага ылайык жагдай
(Уулум!) Шарап жөнүндө кеп болсо, сага ичпе деп да, ичкин деп да айтпайм. Жаштар башка бирөөлөрдүн кеңешин угуп, жаштык кыялынан баш тартышпайт эмеспи. Мага да жаш кезимде көп жолу айтышса да, кулак салбай койгонмун.

Ичпесең, о дүйнө, бу дүйнө пайда; улуу жана даңктуу Алла сага ыраазы болот, адамдардын жемелөөсүнөн кутуласың; ошондой эле пенделердин обу жок жосундарынан, салт-адаттарынан жана жаман иштерден кутуласың; жеке чарбачылыгыңда чоң ныпаа табасың. Сен ушул жүйөлөрдөн улам шарап ичкенге ыктабасаң мага жакмак.
…Бирок сен жашсың жана жоро-жолдошторуң сени шарап ичирбей койбойт. Ошон үчүн айтылган да: "Жаман жолдоштон көрө жалгыз болгон артык". Эгерде шарап иччү болсоң, мен билем, сенин жүрөгүң аны каалабайт жана сен өз кылганың үчүн убайым чегесиң.
Кандай болгон күндө да, эгер шарап иччү болсоң, сен кантип ичкенди билүүң керек. Анткени, ичкендин эбин билбесең, ал - уу, эбин билсең - дары. Ырас эле, ар кандай тамак-ашты жана ичимдикти иретсиз жана каадасыз ичкен пайдасыз. Айтылган эмеспи: Баса, дары көп болуп ашып кетсе, өз ченин ууга айлантат.
Сен андыктан тамак жеп бүтөөр замат шарапка кирбе. Адегенде үч саат өтсүн, үч мертеде ичкиң келсин жана сөзсүз суу ич. Непада ичкиң келбей калса, анда дагы үч саат күт, ашказан азыкты жети саатта өздөштүрөт: үч саат сиңирет, дагы үч саат маңызын бөлөт да адамдын башка ички органдарына бөлүп ташуу үчүн боорго жеткирет. Боордун вазийпасы бөлүүчүлүк. Боор дагы сиңбей калган эмне калган болсо, аларды бир сааттын ичинде ичегиге жөнөтөт. Анткени, сегизинчи саатта ашказан бошошу керек. Ал бошоп - тазаланбаса, ашказан эмес - чириген ашкабак.
Шарапты тамак жегенден үч сааттан кийин ич дегеним, курсагыңдагы оокат сиңип болуп, сенин төрт мүчөң өзүнө таандык азыкты алсын үчүн. Ошондон соң ичсең, шараптын да, тамактын да пайдасын көрөсүң.
Шарапты ичкенден кийинки намазга карай башта. Анын аягында караңгы түшкөндөй болсун жана адамдар сенин мас экениңди көрүшпөсүн. Мас кейпиңде бир жайдан экинчи жайга жылба, бул убагың мактоого турбайт. Шарап ичкени талааны жана бакты көздөй аттаба, эгер аттанып барсаң да мас болгончо ичпе. Үйүңө кайт да, тойгончо ич. Себеби, үйдүн далдасында ичкенге мүмкүн, ачык асман астында антип болбойт. Үйдүн далдасы дарактардан көп жана жакшы жашырат эмеспи. Адам өз үйүндө падыша жана падыша өз падышалыгында жүргөндөй сезет. Ал эми талаада жүргөн адам бөтөн жердеги мусаапыр сыңары. Жолдогу адам асылзат болсо да, сыпаанын колу кайда жетээри белгилүү эмеспи.
Ар качан шарап ичкенде этият бол, эки-үч чөйчөккө орун калсын. Чөйчөккө өтө берилгенден жана мастык чөйчөгүнөн сактан; бардык эле шарапка жана тамакка кумарланып мас болуу жарабайт; тамактын сиңбей калуусу акыркы ууртамдан болгондой эле мас болуу акыркы чөйчөктөн. Анүчүн чектен ашып, кооптуу болуп кетпөөсү үчүн шарапты ууртап да, чөйчөктөп да аз ич.
Дайыма мас болбогонго аракет кыл, себеби шарап ичкендин мөмөсү эки түрдүү: же оору, же алаңгазарлык. Мастыктын мөмөсү мындай болсо, анын туткуну болуп зарылбы? Мен билем, бул сөздөрдүн негизинде сен шараптан баш тартпайсың жана эч кимдин сөзүн укпайсың. Ошон үчүн, ыгы келсе, дайым ичкенге көнбө. Жаза тайып таң эрте иччү болсоң, сейрек ич, анткени акыл-эстүү адамдар эртең менен шарап ичкенди жактырышкан эмес.
Эртең мененки ичип-чардоонун биринчи жамандыгы - сенин сааркы намазың каза болот. Анан да кечээки ичкениң мээңден таркабай жатып, бүгүнкү ичкениңдин илеби ага кошулат жана анын жыйынтыгы көңүл чөгүү гана болушу мүмкүн. Себеби эки кесепет алып келчү дарттын зыяны бир кусурду алып келчү чыгымдан зор. Анын айынан эл уктаганда, сен сергип жүрөсүң да, эл ойгонгондо, аргасыздан укташың керек болот. Сен эгер күн бою уктасаң, албетте, түнү бою уктабайсың да: келерки күнү түнкү денең оор тартып, шараптын жана уйкусуздуктун кесепетинен кесел болосуң.
Эртең мененки ичип-чардоодон кийин өкүндүрчү мушташ же жосунсуз жоруктар, аттиң дедирчү керексиз чыгымдар аз болбойт.
Эгер сен шарапка сук болсоң, жумага караган түнү ичкенди адат кылба. Жумага оогон кечте жана ишембиге оочу түнү эртеси болчу жыйынга жана жума намазга байланыштуу эч убакта шарап ичкенге болбойт. Эгер сен жума алдындагы күнү кечке ичсең, апта бою масчылыкты адамдардын жүрөгүнө жагымдуу кыласың жана карапайым адамдардын сага айтчу сөзүн укпай калып, чарбаңда чыгым болот. Кандайдыр баана менен же жүйөөлүү себеп болуп, эртең менен шарап ичсең, ага уруксат. Ошентсе да, жакшысы андай кадамга барба. Бул жарабаган адат.
Анткени, жыл ичиндеги 50 жумада жасалбаган ашыкча 50 чыгым сен үчүн пайда болот, же сенин денең да, жаның да, акыл-эсиң да, рухуң да дем алат, же бир жумада сенин мээң жана сенин тарамыштарың шарап буусунан арып-чарчайт. Береги бир түндө эс алып тазаланганың ден соолугуң үчүн пайда.

Которуп даярдаган Амирбек Азим уулу