Экзаменден аман өт

Эне тилден ЭКЗАМЕН эмне болуп жатыры?
Мамлекеттик тилдин толгон-токой проблемалары бар. Он жети жыл мурда кабыл алынган мыйзам жедеп эскирип, 2004-жылкы бираз оңдоолдору менен турмушубузда турат. Кыргыз эли меймандос, кеңпейил деген түшүнүккө такап, мамлекеттик тил менен катар расмий - орус тилине да бир даражада укук берилген. Орто Азия элинин биринде да орус тили расмий тил деген даража алганы жок.

Акүйдүн 6-7-кабатында олтурган чоң кызматтагы мырзалардан тарта айыл башчыларына дейре кыргызча менен орусчаны аралаштырып сүйлөйт. Эң болбоду дегенде так значить деген сөз мээлерине сиңип калган. Кыргызстандын төрт ири шаарында - Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Караколдо мектеп балдары да, студенттер да өзара орусча сүйлөшөт. Кыргызча сүйлөгөндү жактырышпайт. Бул эмнени көрсөтөт? - Бул улут өз тилинен эртең айрылып калуу коркунучунун синдрому. Ошто, Жалал-Абадда өзбек тили, өзбек музыкасы, өзбек теле-радиосу басымдык кылат. Баткен тарапта тажик тили үстөмөндөйт. Кыскасы, улуттук тил акыбалыбыз жайында эмес. Аны өнүктүрүүгө бюджет каражаты да чектелүү. Кыргыз тили, адабияты боюнча болгону 40 пайыздын тегерегинде. Өзбекстан латынчага өткөн соң орус китептерин коңшуларына, асыресе Кыргызстанга көбүрөөк сатты. Түркчө, орусча, англисче билгениң - байлыгың, а бирок эне тилиң уңгуң, ырыскың, миң кылымдап ата-бабабыз асырап келген, дүйнөдө биринчи орунда "Манас" эпосу ырдалган куттуу тил.
Кыргыз өзү мансап десе гөлөчүн унутуп маасычан чуркаган эл. Июлда өтө турган президенттик шайлоого чакан кыргыздан жабылып 18и жарышка чыкты. "Байдын уулу Байгара, кулдун уулу Кулмырзалар" күтүрөп чыгышты. Психикалык жактан шек туудургандары да жүрөт. Нурлан Мотуев, Жеңишбек Назаралиев, Токтайым Үмөталиева ж.б. психоневрологиялык бөлүмдөн текшерүүдөн өтүшсө болмок. Ал эми кызылдай чырбаш Өмүрбек Бөлтүрүковду БШК жарыштан чыгарып койду. Документин беш күн кеч көтөрүп келген экен.
Президенттик шайлоого чыгып жаткан жарандардын эне тилин билүү сынагын экзамендеп аткан комиссиянын тогуз мүчөсү да бирнечеси бийик деңгээлдеги билими деле жок. Президент Курманбек Бакиев мурдагы күнү эне тилден экзамен берди. Үч суроого толук жооп берди. Каткалаң к тамгасын жумшак айта албасы болгону менен, жедеп такшалган саясатчы экендигин көрсөттү. Укук коргоо органдарына, сотко реформа баштайм деди. Энесай кыргыздарынын тарыхын такалбай, үтүр, тыбышына жараша окуду. Комиссиянын тогуз мүчөсү тең Курманбек Салиевич кыргыз тилин билет дешти. Комиссия башчысы Ташбоо Жумагулов президентке өңгөчө мээрим төгүп, "Курманбек Салиевич, сизге чоң ыракмат" деп ашкере кошоматтанып да койду.
Андан мурда Н.Мотуевдин экзамен бергени да өзүнчө тамаша болду. Үчүнчү суроодо - Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинен үзүндү келген экен, Нурлан мырза айкырык-кыйкырык менен үтүр, чекити жок окуп, эл да, өзү да эчтекени түшүнбөй калды. Комиссиянын үч мүчөсү Мотуев үчүнчү тапшырмага толук жооп бере алган жок деген бүтүм чыгарды. Нурлан мырза өз кемчилигин моюндагандан мурда "комиссиядагы үч түштүктүк мени көралбай тетири баа койду" деп чыкты.
Кечээ Алмаз Атамбаев экзамен тапшырды. Алмаз мырза кыргыз тили боюнча чычканга кебек алдырбайт. Беш заводдун ээси болгонго чейин ал Кыргызстан жазуучулар союзунун Литфондун башкарган. Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү. 50 жазуучуга айына стипендия берип турат. Кыргыздан орусча, орустан кыргызча китептерди которуп, бастырып, Москвага чейин ташып сатып, алгачкы базис акчасын топтогон. Экзаменден шыдыр өттү. Комиссия башчысы Ташбоо мырза бул жолу эгилип-жагылып жибергени жок. Президенттин алдында иштеген чиновник кишинин кирпигин карап иш кылат эмеспи.
Мамлекет башчысы болом деген адам кыргыздын куттуу тилин коен-жатагына чейин билиши милдет. Бул жолку экзамендердин жүрүшүндө бир да кыргыз макалы айтылганы жок. Бытовой деп коет, күндөлүк сөз деңгээлде сүйлөштү. Эсимде, мурдагы президенттик жарышта кыргыз тилинен экзамен берген "Мекен" партиясын түзгөн жигит Урмат Барктабасов чечендигин көрсөткөн болчу. Сөзүндө жыйырмадай кайталангыс сейрек кыргыз макал-лакаптарын айткан. Комиссия мүчөсү, тил илиминин доктору Лайли Үкүбаева туруп "мен буга чейин укпаган макалдарды айттыңыз, ыракмат" дегени эсибизде. Бул жолку сынакта андай Жээренче чечендер чыга элек. Адамды ойго салып, келечектен үмүттөндүрө турган, жок дегенде, президенттик келечек программасын түзүктөп айта алышпады.
Эмдиги сынак Темир Сариевде. Темир мырза кыргыз сөзүнүн кылт эткен үтүр-чекитине чейин билет. Кең Сары-Өзөн Чүйдүн ордосунда - сарайда чоңойгон. Киного түшкөн. Улуу Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган фильмде кыргыздын кымбаттары Таттыбүбү Турсунбаева, Кубатбек Жусубалиевдин бутуна чалынып киного түшкөнүн улам кеп кыла берет. Темир Аргенбаевичке да ак жол.
Кыргыз тилин 60 млн. эли бар түрктөр көөнө тилибиз - ата тилибиз дешет. Биз Атамекен десек, алар Энемекен дешет,болгон айырмасы ушул. Президенттик жарышка чыгып аткан мыктылардын дагы сегизи калды. Эмнени айтышат, угуп-көрөрбүз. Буга чейинки атаандаштардын экономикалык программасы жарды, эгиздей окшош. Бир гана Курманбек Бакиевдин Камбарата I-II ГЭСтерин курууга батынганы эл эсинде калат көрүнөт. 98 тонналык мотор-турбинаны Камбаратага жеткиришти. Шүгүрчүлүк. Бир саатына беш чакырым жөргөлөтүп олтуруп жеткиришти.
Жолдошбек
Зарлыкбеков




  Ү ч к а р а а н

Жеңишбек Назаралиев
Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан доктор Назаралиевдин талапкерлердин тил сынагынан өтүшүн кескин сынга алган кайрылуусу эч кимди кайдыгер калтырбады. Азыркы талапкерлердин тил сынагын "абсурд театрына" салыштырып, калкыбыз күнүгө бирден шоу көрсөтүүгө карк болуп жатат. Мындай сынакты тил комиссиясы калың журтка жар салбай эле, жабык эшик артында өтсө болмок деп айтты. Ырасында эле, Жеңишбектин күйгөнүндө да кеп бар. Кыргыз тилин билген көрүнгөн киши эле президент болом деп чыгып жатканы өлкөдө демократиянын бар экенин жасалма жар салды. Эң жогорку кызмат ордуна ат салышчулардын айрымдарынын дараметин көрүп, таш дооруна кайра баратабызбы деп бир күлүп, бир ыйлап турган чагыбыз.

Кубанычбек Исабеков
Жогорку Кеңештин вице- спикери Кубанычбек Исабеков президенттикке талапкер болуп жаткандардын катарын карап жаны кейип-кепчиди. Биз эле эмес, коңшу Казакстандан бери "мендейлер 500 жылда бир жаралат" дегендерден өйдө президент болобуз дешет го деп шылдыңдап жатышат деди. Талапкерлерди баарынан мурун психикалык жактан ден соолугун Чым- Коргондогу ооруканадан текшерүү керек дегени далайлардын эсинде калды.

Кубанычбек Апас
Москвадан телефон чалган Кубанычбек Апас буларды билдирди: "18- майда БШКга расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталам деп кайрылсам, каттабай койгондугун билдирем. Бул мыйзамсыз шайлоо. Талапкер болгон Бакиев өзү да талапкер катары отставкага кетиши керек".
Башкалардан озунуп, президенттикке ат салышам деген Апас мырза, баары катталып бүткөн 18- май, каттоонун акыркы күнү арыз берем дегени да кызык.
Айгүл Бакеева