Кыргызстанда

Экзаменден эч ким "кулай элек"
Өлкөнүн президенттигине талапкерлигин койгондор кезек- кезеги менен мамлекеттик тилден экзамен тапшырып жатышат. "Тилди билет" деген талапкерлердин бири Курманбек Бакиевге бир собол:

"Аалам" гезити: -Курманбек Салиевич, мына сиз тил экзаменин тапшырып чыктыңыз. Кыргыз тилинин келечегине кандай карайсыз?
- Кыргыз тилинин келечеги кең. Дээрлик бардык областтарда, шаарларда иш- кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө. Бир гана Бишкек шаары менен Чүй областында толук өтө элек. Негизинен калган аймактарда, райондордо, шаарларда мамлекеттик тилге өтүүдө. Буюрса эртең (-26-май- ред.) Түркиянын президентинин Кыргызстанга иш сапары күтүлүүдө. Мына ошол жолугушуунун жүрүшүн башынан аягына чейин мамлекеттик тилде өткөрөлү деген ойдо турабыз. Ал эми келечекте, мен ойлойм, Чүйдө дагы, Бишкекте дагы иш кагаздары мамлекеттик тилге өткөрүлсө деп.
Бул жерде дагы бир маселе: ушул учурдан пайдаланып айта кетейин, башка тилдерди да, айрыкча орус тилин, балдарыбызга эч качан чектебешибиз керек. Калган тилдер тууралуу айтпай эле коеюн.
Коңшу мамлекеттерде, Казакстан болобу, Өзбекстан болобу, биз бири-бирибиздин тилдерибизди жакшы түшүнөбүз. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында жашаган кыргыздар өзбек тилинин 80 пайызын түшүнөт.
Балдарыбыз канчалык көп тилди билсе, ошончолук жакшы.






Кыргызстан жазуучулар союзунда
Эшик ТОСОР эпиграмма
"Мага кирбе, жоголгун,
Мен Султанов ОМОНмун"
21-майда КР Жазуучулар Союзунун Пленуму өткөн болчу. Төрага, кыйын акын Омор Султанов чакырылганын кыйынсынганга салып, келбей койгон. Пленумда уюштуруу маселеси каралып, төрагалыкты аркалаганына эки жыл болсо да О.Султанов бир жыйын өткөрбөгөндүгү, өз башымчалыгы, дагы башка кемчилик-кенемтелери айтылып, көпчүлүк добуш менен өзү катышпаса да ордунан "омкорулуп", жаңы жетекчилик шайланган: Байас Турал (Абдырахман Алымбаев) төрага, Кален Сыдыкова - орун басар, Сейит Алтымышов, Абдымамат Сариев катчылык вазыйпаларды аткармай болушкан. Жаңы дайындалгандар апта айланса да имаратка кире албай жүрүшөт, тагыраагы, О.Султанов ордун бошотпой, калаймандуу күндө - 22-июнда курултай өткөрөрүн, ошондо дагы бир ирет карсылдашып чабышып көрөрүн айтып, жол бербей жатат.
Кечээ Омокебиз ордун сакташ оюнда ЖС имаратын ОМОНдорго курчатты. Байас Туралдын "армиясын" ичкериге киргизбей, ит эле кылды. Акыры алар ОМОНдордун омуроолошу орунсуздугун, сотко беришерин айтышып, эптеп ичкери киришип, кабылдамада отуруп иш башташты. Төркү бөлмөнүн эшиги жабык, төрүндө отурган 75 жаштагы Эл акыны, мыйзамсыз төрага ичинен илип алган.




Абдуллах Гүл Кыргызстанда
Кыргыз Президенти Курманбек Бакиев түрк кесиптеши Абдуллах Гүл менен ырасмий жолугушууларында кыргызча эле сүйлөштү. Сүйлөшсө болот экен да. Президенттин Басмасөз кызматынын жазганына караганда, чоң даражадагы ырасмий ишчаранын мамлекеттик - кыргыз тилинде өткөнү - Президенттин жазда айткан "Жаңылануу Багытындагы" кыргыз маданиятын, каада-салтын, тилин өнүктүрүү тууралуу кадамынын жүзөгө ашырыла башташы. Демек, кээ бир кандаштарыбыз айткандай, тилибиз кыштактык же базардык деңгээлде кала бербестен, мамлекеттик даражага чыгып бараткан тура.

Урматтуу окурмандар!
Гезиттин кабарчысы Бахтияр Шаматов "Ракин инвестмент Кыргызстан" (жетекчиси экс депутат, КРнын толук ыйгарымдуу элчиси К.С.Самаков) компаниясы тарабынан Бириккен Арап Эмираттарына уюштурулган чыгармачылык сапардан кайтты.Кабарчыбыздын арап жергесинен алган таасирлери туурасында макалаларын гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыздар. Айтылуу Рас Аль Хайм эмираты, кумдуу чөлдөгү жомок өңдөнгөн турмуш, чөл сафариси, деңиз үстүндө курулган жасалма аралдар,туристтер үчүн курулган бейиш ж.б. туурасындагы баян сиздерди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.


Чегара кызматы 10 жашта
Бүгүн 28-майда КРнын чегара кызматы өзүнүн 10 жылдык мааракесин белгилейт. Ушу убакыт арасында чегара кызматы Мекен чектерин өз алдынча коргой ала турганын далилдеди. Кыргыз чегарачылары үчүн Баткен сынагында, 2006-жылда кылмыштуу банда топторунун мизин кайтаруу ж.б. окуяларда такшалды, өзүнчө чоң мектептен өттү. Учурда чегарачыларыбыз үчүн түштүк чөлкөмүндө кызмат өтөө бир топ машакаттуу болууда. Бирок биздин жигиттерде күнөө жок, чегараларды алиге чейин тактай албаган, сүйлөшө албаган саясатчылардын күнөөсү деп түшүнүүбүз абзел.
Гезиттин чыгармачыл жамааты кыргыз чегарачыларын бүгүнкү юбилейлик майрамы менен чын дилден куттуктап, ден-соолук, түйшүктүү иштерине ийгилик каалайт.


  Өзбекстанда

Ким күнөөлүү, баягы эле кыргыздар күнөөлүүбү…
Өзбекстан бандиттерди өз аймагынан издөөгө тийиш
анабад жана Андижан шаарларында 26-майда болуп өткөн окуялар тууралуу Өзбекстандын Баш прокуратурасы баш оорутуп отурбай эле бандиттик топ Кыргызстан тараптан кирген деп расмий түрдө жар салды. Учурда коңшулар чегараларын жаап, "Андижан - Ташкент" автожолуна көзөмөлдү күчөтүштү. Кыргызстандын чегара кызматы бул билдирүүсүн, албетте, четке какты.
Дегеле Өзбекстандын И.Каримов баш болгон бийлигине Андижан чөлкөмүндөгү калктын нааразычылыгы өзгөчө экенин эске алсак, Каримовдун режимине тиш кайрагандар четтен чыгат. Айрым божомолдорго караганда бул окуянын артында орусиялык атайын кызматтардын колу турат имиш. Максат И.Каримовду тактан баш тартканга мажбурлап, ордуна Орусия кызыкдар болгон адамды бийликке отургузуу.
Дагы бир версия боюнча окуянын күнөөкөрү Тахир Юлдашев башында турган Өзбекстан ислам кыймылы. Булардын да азыркы президент И.Каримов менен өзгөчө эсеби бар. Үчүнчү жоромол - 2005-жылдын 10-майындагы Андижан кыргыны анжияндыктардын эсинен али кетелек. Ушу кезде Европада качып-бозуп жүргөн 450 адам "Андижан - Адалатва тикланиш" аттуу кыймыл уюштурушкан. Максаттары - булар да диктатор И.Каримовдун өмүр бою кан тактыда отуруусун каалашпайт. Буларга жан тарткан күчтөр Өзбекстандын ичинде да аз эмес. Өзбекстандын Баш прокуратурасы бул версияларды изилдебей туруп, күнөөнү түз эле Кыргызстан тарапка оодарганча шашты. Анткени И.Каримовдун бийлиги бул окуядан өз кызыкчылыгын көздөп турат, т.а. Кыргызстан куруп жаткан Камбар-Ата-II ГЭСинин курулушуна каршы чыгып жатканынын бир көрүнүшү экенин айтсак да болот. Кыскасы, ким жаман, баягы эле кыргыздар жаман дегендей мамиле болуп жатат.