Политмаана

Бириңерден бириң эр,
Президент болчу кимиңер?
Курманбек Бакиев. Президенттерибизди туш-туштан "таламай" Орто Азияда Кыргызстанга гана мүнөздүү. Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Тажикстанда, атүгүл орус тилдүү эли көп Казакстанда "демократиялык аралчанын" жыты да жок. Кыргызстандын эркин деген басма сөзү Бакиевди бажасындай эле сындайт. Эркин сөз берүү ыкмасын Курманбек Салиевич Акаевден үйрөнгөн. "Үрө бергиле" деп коет. КТРди, таасирдүү саналган "Агым" баштаган гезиттерди өз короосуна киргизди.


Садыркуловдун оң колу Ю.Богатырев политспичмейкерликтен жыдыганы Акүйдө жаңы - президенттин секретарияты курулду - башында Оксана Малеваная. Бул инсан "Слово Кыргызстананы" чейрек кылым тейлеген А.Малеваныйдын кызы. ЖКга депутат болду. Акаевдин КООРТ телесин тейледи. Тажрыйба жыйды. Азыр бул айымдын жанында президенттик бөлүм башчылар бөжүп турушат.
Курманбек Салиевич секретарият уюшулгандан кийин академик Акаевден да татаал илимий тил менен доклад окуп, ак калпак кыргыздардын мээсин оорутуп атат. Президент ар жыйналыш сайын эле илимий жаргондору көбөйүп, беритеде мандаш токунуп олтурган кыргыздар аңөөдүр-маңөөдүр эле болуп атышат. Мунун баарын жасап аткан Оксана айым менен Султан Жумагулов мырза. Политмейкерлери жетиштүү.
Ошондон келди, жайкы президенттик шайлоо кармашына аттангандар улам көбөйдү. Аягы кечээ бүттү. Курманбек Салиевичти колдоо кагазына ЦУМ, Ала-Тоо кинотеатрынын жанында, Аламүдүн базарына кире бериште орус-кыргыз дебей шакылдатып кол коюп берип жатышат.
Бакиев НПОлор менен болгон жыйында НПОнун алдыңкы өкүлдөрү бир багытта иштешели деди. Биздин НПОлордун дээрлик көбү батыш акчасы менен иштеп, Кыргызстанды полигон катары көрүп, ошого көнүп алганы да белгилүү. Меморандумга кол коюшту, бирок ал дагы бир кагаз катары калбайбы, кеп ушунда.
2005-жылы такка олтургандан бери Курманбек Салиевич эмне жакшылык кылды деген суроо чыгат.
Биринчиден, Акаевден айырмалуу Бакиев Камбарата ГЭСин куруп баштады. Орус бийлиги менен АКШ кайым айтышында Курманбек Салиевич Медведев тарабында Ганси авиабазасы көчсүн деп талап койду. Бул чакан Кыргызстан үчүн эки империянын ортосунда от болуп атканын Бзежинский, орус политологдору айтты. Жок, Курманбек Салиевич эми күчүнө кирди. Өзбек ханы биздин төрүбүзгө олтуруп алып, эски адатына салып, Кыргызстанды үркүткүсү бар. Бакиев кечээңки жыйында "суунун башы - мурап мен болом, билгениңер аракеттенгиле, Аралга сууну туура бөлүп берип атам" - деди. Кыргыз суусун казак менен өзбек дыйкандары Аралга жеткирбей кырк кулактан бөлүп кетип атат. Глобалдык катастрофа болорун ойлошпойт.
Эки президент - казак, өзбек ажолору унчукчу үнү жок. Суу боюнча Акаев иштебей койгон болчу. Бакиевдин штабы иштеп атат. Натыйжасы кандай болот - Камбарата курулганда чечилет.
Курманбек Салиевич Россиядан 1 млрд. 300 миң доллар карыз алганынын себеби бар. Биз бир элбиз. Төлөп берер стратегиялык багытыбыз деле бар. Курманбек Салиевичтин каршылары атасы атын бербей душманына атасы өлтүртүп койгон Тейитбектин тукумунан дешип сөз чубашат. Кыргыз өзү Убукеев атабыз кезинде айткандай, дөңсөөгө олтуруп алып сүйлөшөт, бирок дээрлигинин уяты жок, улутун сыйлабайт.
Курманбек Салиевичтин колунда губернаторлор, акимдер, министрлер, жүздөгөн айыл өкмөт башчылары бар. Баары ушул турмуш ушу боюнча улана берсе деп каалайт. Бул - саясый тил менен айтканда - президент жергиликтүү административдик бийликти шайлоодо иштетет.
Бийлик талашта Нарындан, Ысыккөлдөн ырыстуу бир инсан чыкканы жок. ЖКда кезинде "мозговой центр" делген Кадырбековду "акылдан азап" деп торго камашты. Ал кишини түшүндүк. Күнөөсү болгон экен.
Курманбек Салиевич атаандаштарынын баарын сууга салды. Президеттик күрөш октябрда болмок. Оппозиция ошону талап кылган.
Орус-кыргыз политмейкерлер президентке атаандаштарыңыз кыска аралыкка чуркасын, күйүгүшсүн, үлгүрбөсүн дешти.
Акүйдүн нервин жеген инсан - Алмаз Атамбаев. Өгүнү беш жылкы союп... Чүйдүн мыктыларынын баары барды. Темир Сариев келгени жок. Өзүнүн партиясынын курултайын өткөрүп, президенттик жарышка өзүн жарыя кылды.
Алмаз Атамбаев . Кезинде Чыңгыз Айтматовго тууган - саруу да эмесмин, кушчу да эмесмин, кытаймын деп көндүргөн. Кийин эсептеп көрсөк бул жигитти Асанбай арык чаап ошол жерге суу жүгүрткөн экен, ошол себептүү небереси Биринчимай районунда чоң кызматта турганында Асанбай микрорайон кылып бергиле десе, мэрия макул болуптур. Тарых ушундай.
Алмаз мырза Акүйгө экинчи мырза киши болуп барды. Ууланып качып чыкты. Кокон хандыгынын эрежесин бул жигит түшүнбөсө деле керек. Түндүк-түштүк кырылышып кетпеси үчүн эле Акүйгө баргам дейт. Анысы чын.
Азыр кайра жогорку постко умтулуп атат. Казактын ханы Кене кыргызды тукум курут кылам деп келгенде Чүйдүн солто элин сарбагыш сактап калган. Ормон үч күн элин жыйып, Он бир жылгада түнү ар беш кишиге от жактырып, чычырканак сүйрөтүп чаңдатып, казактын сесин алганда Кене хан "буларың эмне болуп атат" десе, "балыгы туйлап атты эле, Тяншандан чаяны эми келди, ханым" дептир.
Ошондогу согушта далай казак Карасаздын балырында калган экен. Кийин Алматыга Сооронбай, Сүйүнбай, Омор барып калышса, алардын мыктысы Олжас "И, кандай кара кыргыздар" дейт имиш, өмүрү оозунан орой сөз чыкпаган Соке айтыптыр: "Биз кара кыргыз болсок мамлекетиңер бизге жабышып курулду, кара кыргыз дей турган болсоң сенин сөөгүң аппак болуп Он бир жылганын алдындагы кара сазда жатат" дептир. Олжас ыйлап ийиптир.
Мен муну айтып атканым - Чүйдүн балдары илгертен эле ажырым жашашат. Куловдун президент болуп кетүү шансы болчу. Өзүнө өзү кылды. Майда ГЭСтерди өстүрсүн. Иса да, Кулмырза да, Замир да, элдин жүгүн көтөрүп кете ала турган жигиттер. Алмаз менен Темирди каршы коюп карап олтурушат.
Ырас, кыймылдагы президентке кошомат айтчулар четтен табылат. Административдик ресурсу жетиштүү. Анын үстүнө ушул кишиден артыгы деле калбады. Президенттик жарышка чыгам дегендердин жетимиш пайызынын аржагы, адамдык сүйлөшүү ресурсу жетишпейт.
Президенттикке катталуу эсеби аяктады. Жаман калктын жасоолу көп деп калмак журту айткандай, бизде да президент болчулар көбөйдү.
Бакиев президенттик кабинетин бербейт. Биринчиден түштүк округдары колдойт, бул жарымынан көп, экинчиден Россия колдойт - каала-каалаба - Кыргызстан согуш оюнунда чечүүчү орунду ээлейт. Аны АКШ да, Өзбекстан да, атүгүл бир бөйрөгүбүз деген Казакстан да билип турат.
Курманбек Салиевич кийинки мөөнөткө бараары сокурга да көрүнүктүү. Президентикке талашка чыккан жигиттер, мисалы, Темир Сариев, Алмаз Атамбаев сүйлөшүүгө тийиш. Премьер-министр болушар…





Кызыл тебетей каалагандар кимдер?
Чакчырылып катуу чыккан генерал-лейтенант Исмаил Исаков кечээ президенттикке атаандаштыктан аткез берди. Себебин бүдөмүк түшүндүрдү. Башка кандидаттын эсебине иштейм деди. Кимге? - Атамбаевгеби, Сариевгеби? Же жел ушак чыккандай, пасол болуп - "пошел" кетеби?

2005-жылы Акүйдү алууда психолог-невролог Жеңиш Назаралиев автоматчан иштеди да, кийин саясый партиялардын ичиндеги боткону көрдү да, догдур эмеспи, четке чыга берген. Эми кайра президенттик так талашка чыкты. Жеңишбектин алдында акчасы болсо да, артында күчтүү партиясы жок. Ал эми саясатта партиясы жок кишини коколой баш деп коет. Күчтүү инсан.
Акбаралы Айтикеев мурдагы президенттик шайлоо алдындагы дебаттарда К.Бакиевди сүйлөтпөй да койгон. Интеллекти бар, тыйыны бар. Анан эле Путинден орден алгам деп мактанып чыкса, эл деген эл да, шекшинип калышты. Акбаралы ак көңүл, назик, жини келсе мыкты колу менен житире каккан мыкты жигит. Ийгилиги болсун.
Нурлан Мотуев чоң саясатчы деңгээлине өсө элек, кескин, орой сүйлөйт. Саясый позициясын эки ирет оодарды. Саяк Үсөн Сыдыковдун аркасы менен Каракече көмүр кенине гендиректор болуп, далай чууну башынан өткөрдү. Түрмөнү да көрдү. Бул бака-шака түшкөн аккөңүл жигитти Кочкор-Жумгал эли колдошу мүмкүн. Башка ресурсу чектелүү.
Кыргыз илгертен эле папка менен шапка десе дүрбөп талашка чыгат. Бул иретки президенттикке жарыш да ушуну көрсөттү. Эки аялзаты - Токтайым Үмөталиева ( ал мурда да жарышып көргөн), Гүлжамал Эстебесова да президент болууга үмүттүү. Кыргызстанда Курманжан датка энебиздей, Акмөөр сындуу сымбаттуу, өтө билимдүү кыргыз аялзаты арбын. Алар ар бир НПОнун башын кармап олтурушат. Буга ыраазы болбоско аргабыз канча.
Илгертен эле ызы-чуудан башы арылбаган көлдүк тынчы жок мыкты жигит Өмүрбек Бөлтүрүков да алабаканын сүйрөй чыкты. Айыл өкмөт башчысы болуп турганда алган комбайн, трактор, бир короо кой-үндүгүн шайлоодо элге таратып ийип, жүнү жыдыган үндүктөй сокоюп олтуруп калбаса болду. Өмүке мурда да президенттикке амбициясы бар болчу. Колдоп коелу.
Кутманбек Эшенбаев "Инсанкурулуш" ОсООсунун гендиректору. Табарман, идея чыгармайын жашай албаган жигит. Кыргызстандын өчүп калган курулуш тармагын жандантканга жанын үрөгөн жигиттерибиздин алды.
Калган атааштарга: Токмоктон чыккан орус тил мугалими Мурат Боронбаев, фермер Куттубек Асылбеков, "Кыргызспецэкспорт" ОООсунун гендиректору Аскарбек Абышевге, убактылуу жумушсуздар: Азамат Уламаевге, Жаныбек Сүйүналиевге, Юрслан Истановго, Бакыт Керимбековго ийгилик.
Жолдошбек
Зарлыкбеков