"ААЛАМ" СПОРТ

"Алайдын" арымы
"Өрдөк жокто чулдук бий" дегендей футбол боюнча Жогорку Лигада оюндар эми кызый баштаса, өлкөнүн беш жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы атаандаштарын байкап, сынап турган кербези.
12 упай топтоо менен Оштук айтылуу "Алай" командасы топ башына чыкты эле, алар лидерликти канчага дейре кармап тураары белгисиз. Себеби, алар Бишкектин "Ата-спорт" командасын" 6;1 эсебинде утуп, эрдемсий түштү. Бишкектин "Шер" командасы да "Камбар-Ата" командасын 2:1 эсебинде утушту.
Өлкөнүн вице-чемпиону Канттын "Абдыш ата" командасы менен Кара-Суунун "Жаштык", "Ак алтыны" ит жыгылыш болуп, кошумча мүнөттө гана канттыктардын абийири айып тобун тебүү менен жабылып, 1:1 эсебинде тең чыгышты.
"Алдыда дагы далай ашуу бар" дегендей дагы таймашуулар алдыда турат. Бийиктикке чыгып көнгөн "Дордой Динамону" кулатуу оңойго турбайт. Анын үстүнө президенти Аскар Салымбеков футбол конфедерациясынын коло медалы менен сыйланып олтурса, аны алтын байге менен гана жооп берүү керек да.


Кайдасыңар, ысык-көлдүк суучулдар?!
Кыргызстандык суучулдар Казакстандан мөрөй алып келсе, сүйүнүп калабыз. Тараз шаарында Казакстандын жаштар арасында II оюндары өткөрүлүп, бишкектик суучулдар 3 алтын медалдын ээси болушту.
"Жаштык" спорт борборунун устаты Роза Биккинанын шакирти Дмитрий Александров 100 жана 200 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө, марага биринчи келип, 2 алтын байгелүү болду.
Ошондой эле 1500 метрге эркин ыкмада сүзүү жарышында "Карвен" спорт клубунун өкүлү Александр Слепченко биринчи орунду ээледи. Чалкыган, керемет Ысык-Көлдөн бычакка сап бир да суучул чыкпаганы өкүндүрөт. Көлдүн касиети деле колдоп, кичине аракет кылып, машыкса, кыргыз өңүн тааныткан бир-эки суучул чыгат эле. Картөшкө, алма-өрүктү, анан кара куурайды эле карабай, көлдү карап, намыстанып, сууда сүзүүнүн "акесин" окутуп койгулачы, бай болгур көлдүк кыз-жигиттер!!!


Азиянын 4 коло байгеси
- Кыргызстанда кыздардын эркин күрөшүнө көп көңүл бурулбайт. Таланттуу кыздар арбын, бирок эл аралык мелдештерге катышпагандыктан чеберчиликтен аксап турабыз. Быйыл майга чейин бир да мелдешке барган жокпуз." Башка өлкөлөрдөгүдөй камкордук көрүлүп, шарт түзүлсө, Азиядан алтынга да жетээр элек", - деди Азия чемпионатынын көп жолку коло байгесинин ээси Яна Панова.
Чынында эле көп жылдан бери Яна Панова гана өлкөнүн намысын алдырбай мөрөй алып келатат. Бул жолу Тайланддын Паттай шаарында өткөн Азия чемпионатына кыздардан бешөө барып, үчөө коло байгеге талапкер болуп, тажрыйбасы жоктугунан Нестан Кыязова менен Мехинизора Нурматова үчүнчү орунга жетпей калды.
Эр жигиттердин эркин күрөш таймашына 7 балбан барып, экөө коло медаль тагынды. Алар 55 кг салмактагы Орозбек уулу Нурлан менен 60 кг салмактагы Азиянын 2007-жылкы чемпиону дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Базар Базаргуриев үчүнчү орунду ээледи. Күрөш күйөрмандарынын үмүтүн жандырган Талант Жекшенов бул ирет да коло байгени колдон чыгарып, бармак тиштетти.
Ал эми бул ирет Азия чемпионатына грек-рим күрөшүнөн жаш балбандар сыналып, 120 кг салмакта Мурат Рамонов гана коло байге менен келди. Даңазалуу балбандар Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев бул ирет жаштарга жол бошотуп, Азияга барбады.

Бразилиялыктарга теңдеш кыргыздар
4-июлдан 12-июлга чейин Иранда футзал (кичи футбол) боюнча футбол клубдары арасында Азия чемпионатынын беттешүүлөрү болот. "А" тобунда Кыргызстандын атаандаштары Ирандын чемпиону "Фулад Мохан", Жапония чемпиону "Нагойа Оушенс", Өзбекстандын жеңүүчүсү "Строитель" жана Ирактын чемпиону "Навруз" командалары болуп, чүчүкулак кармоодо, өтө күчтүүлөргө туш болгон.
Кыргызстандын намысын коргой турган Азия Универсал Банктын "Алтын таш" командасынын катарында эки бразилиялык легионер жигит ойномок болду. Футбол дүйнөсүнүн жылдыздарын жараткан Бразилия өлкөсүнүн жигиттери "Алтын таштын" алтын байгеге жетээрине балким себепкер болоор. Биздин жигиттер деле бразилиялыктардан кем ойнобойт. Команданын курамы менен да таанышып коюңуздар: Жеңиш Кожоналиев, Николай Шамонин, Кирилл Ермолов, оюнчулар: Данияр Абдураимов, Дилшат Кадыров, Азамат Меңдибаев, Айбек Тилекеев,Эркин Табалдиев, Эрмек Кодуранов, Таалай Жуматаев, Вадим Кондратков жана Алексей Махмутов.
Ал эми жогорудагы эки бразилиялык легионер Этьен менен Биру Биру болуп саналат.Этьен Казакстандын "Кайрат" командасынын катарында ойногон. Биру Биру болсо Хорватиянын чемпиону аталып, өнөрү менен таанылган.

Белгилүү акын, журналист, котормочу
Аскер Карыбаевдин
мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
"Аалам" гезитинин жамааты





Азия футбол конфедерациясынын күмүш жана коло медалы
Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын Конгрессине өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев менен ушул уюмдун башкы катчысы Нуртазин Жетибаев катышып келишти.

Кыргыз футбол күйөрмандарын сүйүнткөн саамалык катары Азия аймагындагы футболдун өсүп-өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуев күмүш медаль менен сыйланды.
Ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын коло медалына "Дордой" Футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков да татыктуу болду.
Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында Азия футбол конфедерациясынын мындай сыйлыктарына Борбор Азиядан кыргызстандык футбол демөөрчүлөрү алгачкылардан болуп ээ болушту.
- Кыйынчылык учурда Кыргызстанда футболдук командаларды түзүп, сактап калган Өмүрбек Кутуев болгон. Ал ички иштер министри кезинде футбол клубдарын "Динамо" коомуна өткөрүп, Жогору жана биричи Лигада ойногон жыйырмадан ашуун команданы уюштурган. Жеке эле футболду гана колдоого албастан волейбол, баскетбол, күрөш спортунун өнүгүшүнө барандуу салым кошкон. Ал эми футболдон Кыргызстандын Азия аймагына таанылып, Азия конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет жеңген "Дордой-Динамо" командасын негиздеген, спортко демөөрчү болгон Аскар Салымбеков сыйлыкка татыктуу инсан, - дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.
- Футболду дүйнө жүзүндө номур биринчи спорт катары таанып, билишет. Чынында футболду жер-жерлерде, айылдарда, райондордо, облустарда колдоого алуу керек. Жогорку жана биринчи Лигада ар бир облустун командалары ойношу зарыл. Эмне үчүн Ысык-Көлдөн, Таластан команда чыкпайт? Баткенде Кызыл-Кыя шаарында футбол клубу бар эле. Эмне үчүн Кара-Балта, Токмок шаарларынан команда чыкпайт? Коңушу мамлекеттерде аким, губернаторлор футболду колдоого алгандыктан алардын деңгээли жогорулап, ийгиликтерге жетишип жүрөт. Аларда бийлик спорттун өсүп-өнүгүшүнө жооп берет.Ошондуктан Өзбекстан, Казакстан спорт жагынан бизден алдыга озуп баратат. Ал эми биздин өлкөнүн облус, райондорундагы жетекчилер футболго, спортко көңүл бурбай, саясатташып кетип, келечекти ойлобой жатышат, -дейт Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков.
Учурда Жогорку Лигада 9 гана команда мөрөй талашып, айрым облустарда футболго жеткиликтүү көңүл бурулбай, айылдык таланттардын багы ачылбай келүүдө.
Айрым жеке ишкерлер спортко демөөрчү болуп, эл намысын ойлобой, керт башынын жыргалчылыгы үчүн кам көрүп жүрөт деген пикирлер да айтылууда.
Ким спортко колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк жардам берип келатканын эл аралык уюмдар деле байкап, алардын аракеттерин ушунтип баалап турат.

Кабыл Макешов