Идеология

Абдылдажан Акматалиев:
"Ар-намыс болмоюнча, улуттук позиция болбойт"
- Абдылдажан мырза, оозеки чыгармачылыкты дүйнөгө жайылта алдыкпы?
- "Олжобай менен Кишимжан", "Аксаткын менен Кулмырза", "Ак Мөөр" поэмаларыбызды улуттук рамкабыздан чыгарып, дүйнөлүк масштабдан кароого, сырттан, дүйнөлүк маданияттын көзү менен баалоого мезгил жетти го деп ойлойм. Мына, француз жазуучусу Луи Арагон Чыңгыз Айтматовдун "Жамийласын" "Махабат тууралуу сонун баян" деп жар салбадыбы. Ушул ойду биз тереңдетишибиз керек да, жогорудагы Сүйүү сезимин даңазалаган эпосторубуз, дастандарыбыз, поэмаларыбыз Батыш элдеринин эпосторунун негизги мотивдери менен шайкеш келишинин генезисин карап көрүшүбүз зарыл. Эмне үчүн Потанин "Батыш эпосторундагы чыгыш мотивдери" деген китебинде "Тристан - Изольда", "Ромео-Жульеттанын" негизги сюжетин чыгыштан, анын ичинде "Козу Көрпөш-Баян сулуу" эпосунан алынган болуу керек" деп жатса, биз ага кантип маани бербешибиз, көңүл бурбашыбыз керек. Биз, кыргыздар, көп көрүнүштөрдү же жеткире айта албайбыз, же өтө ашырып жиберебиз. Батыш цивилизациясындагы адамзаттын улуу сезимин бийик деңгээлде өмүрдөн да жогору коюп даңазалаган "Ромео - Жульетта" "Козу Көрпөш - Баян сулуу" эпосунан 500 жыл кийин жаралган деген казак агаиндердин өткүр намысына таң бересиң. Баса, казактар Түрксой уюмунун деңгээлинде "Кыз Жибектин" 500 жылдык мааракесине кызуу даярданып жатканы тамшандырбай койбойт. Бүткүл цивилизациянын данакери Улуу Жибек жолу экенин эске алсак, Чыгыштан Батышка карай маданияттын көп тармактары өткөнү талашсыз. "Батыш ойчулдары том-том эмгектер жазып, түшүндүрө албаган категорияларды Чыгыш элдеринин макал-лакаптары таамай айта салган" - деген бир Батыш акылманы. Бул, албетте, кыргыздарга да эң биринчи тиешелүү.
- Оозеки чыгармачылыгыбыздын бүгүнкү күндө орду барбы?!
- Бар, абдан көңүл бурушубуз керек. "Эл адабияты" сериясына өкмөт бир тыйын да берген эмес. Ал эми казак агаин-туугандар "Бабалар сөзү" деген серияда эпосторун, дастандарын Өкмөттүн камкордугу, жардамы менен окурмандарга жеткирип жатышат. "Эл адабияты", "Манас", "Залкар акындар", "Залкар күүлөр" сериялары америкалык, батыштык псевдоискусстволук идеологияга каршы биздин таянычыбыз, жөлөгүбүз экендигин чиновниктер түшүнүшсө боло! Идеологиябыздын түпкү теги - оозеки чыгармачылыгыбызда жатарын он беш жылдан бери эле какшап келе жатышпайбы! Биздин психологиябызды улуттук жакшынакай каада-салттардан, үрп-адаттардан үзүп салууга болбойт.
- Кантсе да азыр "ааламдашуу", алгоолошуунун (глобализация, интеграция) заманы эмеспи. Бүгүнкү күндөгү улут маселесинде айырмачылык бар го?..
- Кыргыз элинин идеологиясы, жашоо тиричилиги өзгөрө тургандыгын Калыгул атабыз көзү ачыктык менен көрө билбеди беле! Ал учурда Россия тарабынан гана кысым болсо, бүгүнкү күндө төрт тарабыбыздын - Батыш, Америка, Кытай сыяктуу мамлекеттерден экономикалык гана эмес, маданий кысымдар болуп жатканын моюндашыбыз керек. Мындай шартка улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү аң-сезимибизге, күндөлүк жашообузга тамырлатуу, тилибизди өстүрүп-өркүндөтүү менен гана туруштук бере алабыз. Бүгүн Калыгул атадай ойчул, акылман жана келечекти баамдай, сезе алга көрөгөч адам болсо гана, атаганат!
Бардык нерсенин өз чени, чеги башынан эле боло келген. Биринчи өз элиңдин камын көр, кызыкчылыгын ойло, улут катары өзүңдүн экономикалык, маданий, саясый деңгээлиңди көтөрүүгө аракет кыл. Ошол эле учурда башка өлкөнүн байлыгына көз артпа, ички иштерине жөнү жок киришпе, өз намысыңды тебелетпе, өз арабаңды өзүң айдап үйрөн - бул кечөөкү, бүгүнкү, эртеңки, дегеле түбөлүктүү принциптер.
- Тарыхчылар "тарыхты кайра карайбыз, кайра башынан жазабыз" деп жатышат, буга көз карашыңыз?
- Тарыхка кызыгып келем. Ошол себептен улам "Көркөм чыгармалар жана тарыхый инсандар" деген эмгекти 2000-жылдары жазган элем. Азыр тарыхты кайра карайбыз деген пикирлер айтылып, макалалар жазылып келе жатат. Мейли, жазышсын. Бирок, менимче өтө аша чабуулар болуп жатат. Дегеле, тарыхтын бардыгын бүгүнкү көз караш менен кароо туура эмес. Тарых деген - тарых, окуя, фактылар деген менен ошол мезгилдеги тарыхый объективдүү жана субъективдүү себептерди, кырдаалдарды, аң-сезимди, жашоо-шартты, коңшу элдер менен болгон байланышты, улуттук менталитетти ж.б. эске алуу зарыл. Бүгүн өткөн кылымдардын баатырларын кайрадан тарыхый "фильтрден" өткөргүлөрү келишет. Эгерде бүгүнкү күндөгү жаңычыл дүйнөлүк тарыхый көз караштардын критерийлерине карап, ошол деңгээлден баа берсек, кыргызда Тайлактан башка баатыр жок болуп чыгат. Баатыр деген ким?! Баатыр - кыргыз элин душмандардан сактап, коргоп калган, жанын аябай жоого каршы күрөшкөн, элдин жалпы кызыкчылыгын ойлогон конкреттүү адам эмеспи! Тайлак - улуттук-боштондук кыймылдын лидери болгон. Бүгүнкү күндүн талабын баатырларга коюп, тарыхты жарды кылыштын кереги жок. Биздеги дагы бир кемчилик - ар дайым терс жактарына басым жасайбыз да, жакшы жактарын жапырып салабыз. А башка эл жаманын жашырышат, же кемчиликтерин актоочу себептерин издеп таап, сабак болуучу көрүнүштөргө гана басым жасашат. Ошондуктан, жалпы коомчулукка өткөн инсандарыбыздын үлгүлүү жактарын көрсөтүшүбүз керек, а терс жактары келечек үчүн ансыз деле зарылчылыгы да, пайдасы да аз!
- Сиз жакында Алма-Атада өткөн эл аралык конференцияга катышып келипсиз.
- "Түрксой" уюму уюштурган маданий мурастарга арналган эл аралык симпозиумга катыштым. Илимий докладдан тышкары симпозиумдун катышуучуларына төмөнкүдөй сунуштарды бердим: манасчылык сыяктуу айтуучулук өнөрдү, анын табиятын изилдөө жана башкаларга таанытуу максатында Бишкекте С.Орозбаковдун 140 жылдыгына арналган эл аралык конференция өткөрүү; фольклордук-тарыхый-лингвистикалык экспедицияларды системалуу уюштуруу; түрк тилдүү элдердин маданий мурастарынын каталогдорун чыгаруу жана музейин түзүү; симпозиумдарды, конференцияларды бирдиктүү илимий темаларга арнап, системалуу өнүктүрүп туруу, түрк дүйнөсүнүн акын-жазуучуларынын эстелик-аллеяларын түрк тилдүү мамлекеттердин борборлорунда ачуу. Албетте, Ч.Айтматовду ойлоп туруп айттым.
Маектешкен Сапалкан Арипов




  ЭЛИМДИ теңир колдосун!

(Да покровительствует синее небо моему народу!)
(Начало в предыдущих номерах)
Если такие батыры кыргызского народа как Эр Табылды, Курманбек, Болот-бий, его сын Эсенгул, Балбак, Кубат бий, Бердике, Бургё, Атан, Тайлак и многие другие посвятили свою жизнь борьбе за освобождение кыргызской земли от китайских, джунгарских, кокандских завоевателей и царского самодержавия, то из-за таких феодалов как Ормон, Балбак, Жантай, Шабдан и других кыргызский народ был подвержен самоуничтожению в межплеменных междоусобных войнах. Достаточно для этого вспомнить возникшую по вине Ормон хана и Балбая на рубеже XIX века кровавую междоусобицу между племенами сарыбагыш и бугу, в которую были вовлечены и многие другие кыргызские роды и племена. И это в то время, когда истерзанный кыргызский народ одновременно вел войны с Джунгарским государством, Кокандским ханством, Цинской династией Китая и царским самодержавием. В это же время такие феодалы как Жантай и его сын Шабдан, Байтик и другие поступают на военную службу в царскую армию и принимают самое активное участие в военных операциях против своего народа, за что каждый из них был неоднократно премирован и щедро вознагражден русским императором и царскими генералами. Примечательно, что в русской историографии царского и советского периодов, за исключением отдельных ученых - историков, таких как С.М. Абрамзон, А.Н. Берштам, освещение преимущественно получили те кыргызские бии и манапы, которые на рубеже второй половины XIX - первой половины XX вв. внесли определенный вклад в установлении на кыргызской земле царской власти Российской империи. Что касается подлинных патриотов своего Отечества из числа вышеотмеченных кыргызских биев и батыров, боровшихся с иноземными завоевателями за свободу и независимость своего народа, то в суверенном Кыргызстане их имена и подвиги до сих пор не получили должного исследования и освещения.
Возвращаясь к родоплеменной проблеме, следует отметить следующее. Историческая практика показала, что всякое стремление выдвинуться и самоутвердиться по признаку родоплеменной принадлежности всегда сопровождалось вовлечением соплеменников в различные рода тяжбы и распри. Так было, в частности, в кыргызских аилах и во время выборов в волостные при царском колониальном режиме, такое же положение вещей сохранилось в сельской местности и во время депутатских выборов при акаевском режиме. Отдельные члены вышеупомянутого "Национального объединения единомышленников" сами баллотировались при Акаеве в кыргызский парламент, при этом активно используя родоплеменной фактор, а потому прекрасно помнят и осознают, какие баталии разыгрывались между сельчанами, в одно часье оказавшиеся по вине чиновников - кандидатов в депутаты по разные стороны баррикад. А потому их утверждение о том, что только объединенный тремя ветвями - крыльями кыргызских родов и племен "народный" Курултай способен консолидировать кыргызский народ не просто голословно, но цинично и ложно. Реставрация родоплеменных отношений в среде кыргызского народа и формирование в сознании кыргызской молодежи соответствующих, примитивных по уровню, форм общественного сознания, не просто обман и авантюра, но и есть прямое политическое и моральное преступление по отношению к нынешним и грядущим потомкам.
Ведь современные реалии, к сожалению, таковы, что против произвола и беспредела властей, выразившиеся в разграблении природных и энергетических ресурсов страны, передаче и продаже родных земель, обречении соотечественников на экономическое обнищание и материально-духовное прозябание, социальный протест кыргызского населения осуществляется преимущественно по родоплеменному признаку. А именно принадлежности того или иного лидера, подверженному политическому и правовому давлению и преследованию со стороны представителей властных структур, к тому или иному роду и племени. Так было и во время депутатских выборов в Кара-Бууре, где у баллотируемого в парламент Ф. Кулова, испытывающего давление со стороны акаевского режима, жена была из этих мест. Так было и во время аксыйских трагических событий, когда земляки первыми встали на защиту своего соплеменника Бекназарова, выступившего против преступной распродажи Аскаром Акаевым и его окружением громадных кыргызских территорий Узенгу Кууш и других соседнему Китаю.
(Продолжение следует)

Доктор философских наук,
профессор КНУ
Ч.Т.Нусупов