Кимдин кимдин заманы

Ишкердин укугун ким коргойт?
Ишкер В. Хонду ушу кезде катуу ташпишке батырган жоболоңдуу иштин башы өткөн жылдын июль айында, "Мунай мырза базис" ЖчК сы менен түзүлгөн жөнөкөй келишимден башталган экен. Аталган ишкана В.Хонду нефтебазасын 5 млн. долларга сатууга көндүрүп, акчаны 2008-жылдын 15-июлуна дейре төлөп берүүгө милдеттенген. Бирок бул акчаны В.Хон бүгүнкүгө чейин албай жүрөт. Ал келишимге ылайык, В.Хон нефтебазаны адегенде "Мунай мырза базиске" өткөрүп берип, анан тигилер Хондун "Кыргыз Демир интернэшнл Банктагы" өздүк эсебине акчаны которушмак. Өзүнүн шертин аткарып, убадалашкан күнү 15-июлда В.Хон банкка келсе эсебине таш балекет да түшпөптүр. Валерий Павлович бүгүн же акчадан жок, же нефтебазасын кайтарып алалбай аргасы алты кетип туру. "Мунай мырза базис" болсо убада кылынган акчаны төлөбөй коюунун түркүн шылтоолорун ойлоп табууда. Келишимде Рыскулов 6 деген өз дарегин жашырып, Тынчтык проспектиси 3 деп ойдон чыгарылган даректи бир көрсөтсө, 5 млн. долларды төлөмөкпүз, бирок Хондун "Демир банктагы" эсебине жалаң сомду гана которуп, долларды которсо болбойт экен, же болбосо В.Хон өзүнүн банктагы эсебин көрсөткөн эмес деген шылтоолорду айтып, соттордун башын айландырууда. Буга жооп кылып В.Хон сотко "Демир банктын" бир эмес, үч справкасын көрсөтсө да сот муну назарга алгысы жок. Эми сот "Демир банктын" өкүлүн чакырып, В.Хондун өздүк эсеби сомовый болсо, анда банк кандайча жол менен анын эсебине 5 млн. долларды которгону жатканын тактагысы келет имиш. "Мунай мырза" да жөн калбай, В.Хондун өзүнө кайра 5 млн. долларлык доомат артып, сотко берди. Анткени В.Хон 2008-жылдын 1-июлунан 1-сентябрына чейин нефтебазанын ишине тоскоолдук көрсөтүп, анын айынан мунаймырзалар өзүлөрү катуу зыян тартышкан имиш. КР Бажы инспекциясынын гендиректорунун орун басарынын кол коюп берген расмий справкасына караганда, 2008-жыл ичинде "Мунай мырза"республиканын аймагына сырттан бир литр да май ташып кирген эмес. 1-июлдан 1-сентябрга чейин нефтебазада ГазпромАзияинвесттин гана ГСМы сакталып, сатылып турган .Кыскасы ал эмес, бул эмес, максат- ишкер В.Хонду соттон сотко сүйрөп, жүдөтүп, жадатып туруп, оокатын тартып алуу сыягы. Баса, былтыры 11-июлда ага Ө.Бабановдун жээни, "Мунай мырзанын" гендеректири Сагадылда уулу Жаныбек келип адегенде 1 млн. долларга, 16-июлда келип 2 млн. долларга көнүүсүн, жок десе процесс чубала берээрин, натыйжада Хон таптакыр куру калаарын каңкуулап кеткен экен. Шамалдын кай тараптан согуп атканын окурман өзү түшүнгөн чыгаар. Кийинчерээк мунаймырзалар чиеленишкен ишти ого бетер чиелеништирип, мурдакы атын өзгөртүп, "АТЭК Ойл" болуп алышкан.В.Хон анын үстүнөн да сотко доо арыз менен кайрылып, борбордун Ленин райсоту дооматын канааттандырган. Т.а. Военно-Антоновкадагы нефтебазага камак салып, аны эксплуатациялоону "АТЭК ойл"га тыюу салган. Бирок "крышасы" бекем "ойлчулар" муну тоготоор түрү жок. В.Хондун айтымында, маселени көтөрүп, журналисттик маалымат жыйындарын өткөргөнгө, коомчулукту кабардар кылганга УКК, Ак үй тараптан тоскоолдуктар болууда. Учурда В.Хондун нефтебазасынын территориясында "АТЭК ойлдун" азаматтары каалагандай кожоюндук кылышууда.
Эмне дейбиз, зорлордун заманында, алдуу алсызды баса калган заманда жашап жатабыз. Карап туруп үрөйүң учат. Колдогу оокатын таламандын тал тушунда жулуп кетип атышса, муну териштирип, адилдик менен чечип бергенге, кудайга туура келбеген мындай зордукту токтотконго эч ким чыкпаса, айтаарга сөз да жок калат экен. Адамдын мүлкүн, ал тургай өмүрүн алганга болот, бирок адамдын эркин сындырып болобу…

Аскербек Кулатов




  Өкүмзордук…

Кыргыз бийлиги өз чегарасын коргогонго алы келбейби?
Чегара маселелери туурасында буга чейин да көп жаздык. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чегара тилкелеринин тактала электигинин айынан кыргыз жарандарына карата тажик, өзбек чегарачыларынын өкүмзордугу чегинен чыгып баратат. Өткөндө тажик чегарачылары кыргызстандык "Форд" жеңил автобусун күпкүндүз аткыласа, эми өзбектердин чегарачылары антитеррордук операцияны шылтоолошуп, Ноокендин Чек айылын ээлеп алышкан. Андижан облусунун Жаңы-Пахта райакими Чек айылын Өзбекстандыкы деп жарыялаган. Мындай өкүмзордук боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нааразылык нотасын жиберсе да, аны өзбек бийлиги "тенденциозный заявление" деп таап, жумшак айтканда, өзбек СНБсы чегарачылардын иш-аракети мыйзамдуу деген билдирүү кайтарды. Биздин облустук аткаминерлер болсо губернатор К.Масиров баш болуп "маселени өкмөт чечет" деп алакан жайып отурушат. Өкмөт болсо чегара тактоо маселелерин чечип келатканына 17 жылдын жүзү болсо да аягына чыгалбай келет, дагы канча жыл чечээри белгисиз.
Өзбекстандын Пахта-Абат райжетекчилиги келип үч жолу жыйын өткөргөн, Кыргызстандын Чек айылына Жалал-Абаддын губернатору К.Масиров мырза араңдан зорго бир жолу барымыш этип, барганынан кеткени бат болгон. Бул эмнени билдирет? К.Масиров мырза өзүнүн аймагында жашаган калктын заарынан чочулаганбы же суу жүрөктүгүбү? Айтор кантип айтсаң да жарашат. Раматылык Б.Осмоновдой губернатор Жалал-Абадга эми бир жаралсачы деп ойлоп кетесиң. Сүйлөсө оозунан "мамлекет" деген сөз түшпөгөн чиновник, Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров мырзага не болгон, буга чектиктер эмес, бүт эле коомчулук кулак түрсө да катчынын оозунан оңдуу бир тың сөз чыга элек.
Оппозициячыл генерал И.Исаковдун айтымында президент К.Бакиевдин сунушу менен кабыл алынган Конституцияда жазылган "Чек ара кол тийгис" деген сөз бүгүн жокко чыгып отурат. Кыскарта айтканда бийлик чегара маселесин тактоону канчага чейин создуктуруп, элдин кыжырына тиет, белгисиз.

Батыр Мурзалиев




  Талашпайлы, такташалы…

Президенттик оорукана бардык бейтаптар үчүн ачык
Гезиттин 28-апрелдеги №30-санында "Президенттик оорукана амалкөйдүн баш калкалоочу жайыбы?" деген темада шылуундан запкы жеген Р.Рахматовдун каты жарыяланган. Катта Р.Рахматов аны алдап кеткен Азамат Рахимов деген немени энеси К.Кенжебаева өзү иштеген "спецооруканага" жаткырып, калкалап калганы айтылган. Президенттик оорукананын М.Сагынбаев жана юрист Ж.Жуманов баш болгон администрациясы материалга реакция жасап, Азамат Рахимовдун 6-марттан 16-мартка чейин чын эле дарыланганын, №997 оору тарыхын, ал жерде коюлган медициналык диагнозунан өйдө документтер менен тастыктап беришти. Оорукананын юристи Жеңишбек Жумановдун айтымында, президенттик иш Башкармалыкка тийиштүү бул оорукана чарбалык эсеп ыкмасы менен иштегендиктен, ал бардык жарандар үчүн - чоң чиновник болобу же карапайым айдоочу болобу, дарылангысы келсе эшик ачык. Башкысы бейтап тийиштүү акысын төлөөсү керек.