Кыргызстанда

Козу карындан 15 адам ууланып, 2 адам каза тапты
Деп билдирди өлкөнүн баш санитардык врачы Сабиржан Абдикаримов. Ууланган 15 адамдан жетөөсү жаш балдар. Каза болгондор - 37 жаштагы аял жана 10 жаштагы бала. Козу карындарды алар базардан сатып алышкан.

"Альфанын" офицери эмнеден каза тапты?
УККнын "Альфа" тобунун бир офицери кан көп кетип, операция жасоо учурунда каза тапты, экөө реанимацияда. Офицерлер 10-май күнү Бишкектин чет жакасындагы кымбат жайлардын биринде "катуу" эс алышкан экен. Кимдер менен эмне болгону белгисиз, бычакталган үч "альфачы" ооруканага жеткирилген. Кыскасы, кырсыктын себептери белгисиз.

6 күрт Петровкадан көчүп кетти
Деген билдирүүнү Москва райакими К.Сыйданов таратты. Акимдин айтымында айылдагы турмуш өз нугуна түшүүдө.




  Дүйнөдө

Рим папасы мусулмандарды колдоду
Рим папасы Бенедикт XVI палестиндердин көз карандысыздыкка умтулуусун колдоорун Палестин лидери М.Аббас менен болгон жолугушууда билдирди.

Бриллиантын 9,5 млн.го сатты
Салмагы 7,03 карат келген сейрек көгүлтүр бриллиант Женевада өткөн аукциондо 9,5 млн. долларга сатылды.
Бриллиант соодагерлеринин айтымында буга чейин бриллиант атмай мындай чоң акчага сатылбаган экен.




  Дүйнөдө

Ит баккан депутаттар кызматтан айдалат
Деди Англиянын оппозициячыл консервативдүү партиясынын лидери Д.Кэмерон. Көрсө бул партиядан шайланган депутаттар мамлекеттин акчасын иттерин бакканга, үйлөрүн оңдогонго ж.б. муктаждыктарга жумшап жүрүшкөн экен. Бирок биздегичилеп миллиондор экен деп ойлоо туура эмес. Кеп болбогон акчалар жөнүндө жүрүп жатат. Маселен, иттин жемин сатып алганга, багбандардын акысын төлөөгө же болбосо үй кызматчылардын айлыгын бергенге ж.б. майда-баратка кеткен чыгымдар үчүн депутаттар кызматтарынан айрылганы турушат.

Ф.Кастро абышка Мексикага сөөмөй кезеди
Көрсө Мексика өкмөтү Б.Обаманын иш сапарын күтүп, чочко тумоо боюнча маалыматты атайын жашырган имиш. Куба 30-апрелден тарта Мексикага болгон авиарейстерди жапты. Буга Мексиканын өкүмөтү нааразылык билдирип, Фидель Кастро аксакалга акаарат айтты. Бүгүнкү күндө чочко тумоо менен сыркоологондордун саны 2 миң 662 адамга жетти.

"Аалам-пресс"




Клара Кабилова
Бакиевдин бийлиги учурунда президенттин басма сөз катчысы, стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы… айтор карьерасы чагылгандай тездик менен көтөрүлө баштаган Клара айым коомчулукту чак түштө чагылган түшкөндөй дүрбөлөңгө салып кеткен эле. "Максим Бакиев кысым көрсөттү, президенттик администрациянын жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго мамилесине макул эмесмин" деп Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгынан кетүү тууралуу видеокайрылуу калтырган. Ал видеокайрылууну оппозиция өкүлдөрү пресс- конференцияда ачыкка чыгарган. 2008- жылдын 26- сентябрында Москвага качып кеткен Клара андан бери келе элек болучу. Видеокайрылууну ал азыр ырастады.
Кечээ жакында, май майрамдарынын убагында Кабилова Кыргызстанга келди деген кабар тарады. Жеке иштери менен келди делгенине карабастан, Клара айымдын Кыргызстанга келишине бийлик тарабы да, оппозиция тарабы да, алдыдагы шайлоого карата дагы кандай максатты көздөп келди экен деп турган кези. Клара айым, кандай иштер менен келгенин ачыкка чыгарбаса да балдар үйүндө болсо да иштейм дейт.

Ү ч к а р а а н
Жеңишбек Назаралиев
Керектүү кезде, керектүү жерден чыга калчу айтылуу доктор Жеңишбек Назаралиев көптүн катарында президент болчумун деп арыз берип турат. Эгер анын буга чейинки кадамдарына көз чаптырсак, президенттик шайлоонун жүрүшүн кызытып, бирөөлөрдүн пайдасына буруп берет же кызуусуна келгенде оюнду таштап баса берет. Бүгүн болсо нарколог Назаралиев Кыргызстанды апийим айдап байытмак болчубуз деп кеп таштап турат. Кезинде ушундай эле идеяны Феликс Кулов көтөрүп чыгып, апийим талаасын эч ким кирбегендей коргондоп коймокчу болуп чыккан. Коомчулук ал идеяны караманча жуутпай койгон. Ошол унутулган идеяны кайра козгоп чыккан доктор Кыргызстанды Афганистанга окшоткон баңгиге баткан өлкөгө айланткысы келдиби же чын ыкласы менен баңгиликке каршы ушунтип күрөшүп, экинчи жагынан өлкөнүн казынасын толтургусу келип жатабы, же таймаш алдындагы пиар- акциясыбы, анысын ким билсин.

Оксана Малеваная
Бүрсүгүнү Оксана айым туулган күнүн белгилегени турат. Жашынан атасын тартып, журналистиканын жүгүн аркалап, "Пирамида", "5- канал" телеканалдарын гүлдөттү. Жогорку Кеңештин депутаты болуп, Аксы окуясы сыяктуу талаш- тартыштуу маселелерде парламенттик комиссия мүчөсү болуп, парламентте калыс кебин айтып турганы эсибизде. Азыр Оксана Александровнанын кулагы президенттик администрациянын секретариат тарабынан чыгып калды. Алдыда чоң таймаш- президенттик шайлоо жакындаган сайын, анын аброю артып бараткансыйт. Азыркы иштин илгерилеши, стратегияны жана тактиканы туура пайдаланыш Оксана айымга да байланыштуу болот деп айтышат.

Айгүл Бакеева