"ААЛАМ" СПОРТ

Лондон олимпиадасына алгачкы жолдомо
Кыргыз спорт күйөрмандары үчүн кулак сүйүнткөн кабар бар. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп мерген Руслан Исмаилов 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга катышуу талаптарын аткарып, спорт күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Бул Лондонго жол ачылды, дың бузулду деген сүйүнүч!
Спорт эл аралык чебери, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Руслан Кытайда өткөн ок атуу боюнча дүйнө Кубогунун этаптык мелдешинде мылтык атууда мүмкүн болгон 600 упайдан 592 упайга ээ болуп, Лондон олимпиадасынын таламдарын аткарып, алгачкы жолдомонун ээси болду. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн чыгаан мерген Руслан Исмаилов Бээжин олимпиадасына да катышкан. Эл аралык мелдештерде мөрөй алган. Атасы Тахир жана апасы да ок атуу боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиондору, эмгек сиңирген машыктыруучу. Атадан артык уул деп Русланды айтсак жарашат, эми ага шарт түзүп берип, даярдануусуна, чеберчилигин жогорулатууга ыңгайлуу эл аралык мелдештерге жиберүү зарыл. Бээжинде грек-рим күрөшүнөн Руслан Түмөнбаев Кыргызстанга биринчи коло байге утуп, Канат Бегалиев күмүш медаль менен бекемдеп койду эле. Кудай буюруп, Русландай жигиттерден жолдуу элек. Лондондо да эки Русланыбыз мөрөй алып, төбөбүз көккө жетээр бекен?!
Себеби, Кытайдан Лондон олимпиадасына жолдомо утуп келген ак жолтой Руслан 9-Май Жеңиш күнүнө арналган Бишкектин ачык биринчилигинде ВП-6 мылтык атуу көнүгүүсүндө суперфиналда 595 упай топтоо менен баш байгени утуп чеберчилигин, көзгө атаар мергендигин айгинеледи.
Экинчи орунду чүйлүк Акбар уулу Нооруз жеңип алды. Коло медалды бишкектик Жумабек кызы Айсулуу утуп, жигиттерден калбаган мерген экендигин көрсөтүп, үмүт жандырды. Кыз-келиндердин ВП-4 көнүгүүсүндө Варвара Антонова биринчи, Курманбек кызы Айсулуу экинчи, Сабина Исмаилова үчүнчү орундарды ээледи. Тапанчадан таамай аткан чүйлүк Нурбек Сарыгулов Бишкектин чемпиону аталды. Денис Бекенов - экинчи, Иван Жуматин үчүнчү орунду камсыз кылышты. Кыз-келиндерден тапанчадан 40 жолу бута атууда Бактыгүл Махмадовадан мыктысы болбоду.

Футзал курулат
Бишкекте футзал - кичи футболго ылайык эл аралык талаптарга жооп берген бир дагы зал жок. Ошондуктан "Восток-5" кичирайонундагы спорт комплекстин жанында 40х20 метр өлчөмүндөгү атайын үстү жабык футзал имараты курулат. Эл аралык талаптарга ылайык жуунчу жайлары, чечинип-кийине турган бөлмөлөр, көрүүчүлөр үчүн зал да салынмакчы. Бишкекте футзал абдан популярдуу болгону менен эл аралык стандарттагы залдын жоктугунан, көпчүлүк мелдештер Кант шаарында өтүп, күйөрмандар көрбөй арманда калышууда. Мындай өксүк жакында аткарылат деп сүйүнүп жүрүшөт.

Салыкчылар - өлкө чемпиону
Өлкөнүн салыкчылары салыкты эле катыра жыйнабастан, футзалдан да кыйын экенин айгинелеп коюшту. Кичи футбол боюнча Кант шаарында өлкө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүндө Бишкектин "Налоговик" командасы баш байгенин ээси болуп, 2009-жылдын чемпиону аталды. Алар финалда "АТФ№ командасын 5:1 эсебинде "согуп" алып, Кыргызстандын чемпиону деген ардак наамдын ээси болушту. Былтыр өлкө чемпиону болгон "АУБ "Алтын-Таш" командасы араң дегенде коло байгеге илинди. Алар "Нур-ККБ" командасын 4:2 эсебинде утуп алышты. Өлкө аймагынан бир да команда финалдык топко кошула албады.

Чемпион "Дордой-Динамо" топ башы
Футболдон өлкөнүн беш жолку чемипиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы быйыл да Жогорку Лигада лидерлигин колдон чыгарбай келатат. Алар 3-беттешүүдө Жалал-Абаддын "Камбар-Ата" командасын 3:0 эсебинде утуп, 9 упай менен топ башына чыгып, лидерлигин колго алды. Оштун "Алай" командасы аларга тең ата болууга аракет кылууда, акырына чейин алы-кубаты жетээр бекен?!
Канттын "Абдыш-Ата" командасы да оңой "жоо" эмес. Былтыр экинчи болуп калып, быйылкы чемпионатта баш байгени утуп, чемпион болууга дилгир.
Бишкектин "Плаза" жана "Шер" командалары беттешип, 2:1 эсебинде "Шердин" жигиттери мөрөй алышты.
Кант шаарындагы беттешүүдө Кара-Суунун "Жаштык Ак-алтын" командасы "Кант" командасын 3:2 эсебинде утуп, быйылкы футбол чемпионатынын оюндары кызый баштады. Алдыда дагы далай таймашуулар турат.

Ваккерге бак бер
Кыргызстандын көзгө басаар жалгыз велоспортчусу Евгений Ваккер 20 жылдай ээрден түшпөй, эл намысын коргоп келатат. Ал 4 Азия оюндарында (Хиросима, Бангкок, Пусан, Доха) күмүш, коло байге утуп, Азия чемпиондугун да эки ирет жеңген. "Б" тобунда дүйнө чемпиону аталган. Өлкөдө ага теңдеш профессионал велоспортчу жоктугунан Германия, Польшада машыгып жүрдү. Бизде велосипед тебе турган деле жол калбай баратат. Былтыр Жапонияда Азия чемпиону болгону менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай, арманда калды. Ваккерди Ирандыктар баалап, профессионал клубу "Азад-Университетке" чакырып, шарт түзүп берген. Малайзиядагы жана Индонезиядагы веложарыштарда мөрөй алып, Ирандын командасына бел-күч болуп, эки жүздөй атаандаштарынан көп күндүк жарыштарда экинчи орунду ээлешине салым кошту.
Эми 28-майда Жапониянын борбору Токио шаарында өтө турган Азия Кубогуна катышканы даярдык көрүүдө. "Жалгыз таруу ботко болбойт" дегендей өлкөдө анын жолун жолдогон велоспортчулар, жаштар чыкпаганы өтө өкүнүчтүү. Ваккердин багын тилеп жүрө бербей, велоспортту колго алууга мезгил эбак жетти.

"Алтын-Таштын" алтынга жетиши кыйын
Футзал (кичи футбол) боюнча быйылкы футбол клубдарынын Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын "АУБ-Алтын-Таш" командасы коргомок болду. Азиядагы эң мыкты деген 10 команда чүчүкулак кармап, атаандаштары Ирандын Исфахан шаарында аныкталды.
Кыргызстандын былтыркы чемпиону "Азия Универсал Банктын" "Алтын-Таш" командасы чүчүкулак кармоодо "дөөлөргө" туш болду. "Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло" дегендей, алардын атаандаштары - Ирандын чемпиону "Фулад Мохан", Жапониянын чемпиону "Нагайя Оушенс", Өзбекстандын чемпиону "Заравшан" жана Ирактын жеңүүчүсү "Навруз" командалары болду. Беш командадан эң күчтүү экөө гана жарым финалдык беттешүүгө укук алат.
Ал эми тиги "В" тобунда "Порт Ауторити" (Тайланд), "Ухань Дилон" (Кытай), "Южный новый Уэльс" (Австралия), "Прос Кафе" (Ливан), жана "Ал-Садд" (Катар) командалары мөрөй талашат. Беттешүүлөр 4-12-июлда Иранда болмокчу…

Жүзүңдү ач, Гүлчөтай
Бильярд кумарына эркектер гана эмес, кыз-келиндер да арбала баштады. Эмнегедир ачыкка чыкпай бильярд ойногон кыргыз кыз-келиндери дале мелдештерге катышпай, жүзүн көрсөтүүдөн уялып жүрүшөт. Бильярд ойноо кумар эмес, бул да спорттун бир түрү экенин эске алып, расмий мелдештерге катышып, эл аралык аренада кыргыз кыз-келиндердин өңүн, өнөрүн таанытууга мезгил жеткен.
Себеби, башка улуттун кыз-келиндери өлкө намысын коргоп, мөрөй алып, чет жерден мелдештерге барып "сайрандап" жүрүшөт. Өгүнү кыз-келиндер мелдешип, спорт чебери Наталья Иванова баш байгени олжолоп кетти. Экинчи орунду Лариса Ким ээлесе, коло байгелер да корей кыздары Валерия Хегай менен Лариса Ханга ыйгарылды. Кыргыз кыз-келиндери ачыкка чыгып, бильярддан да кыйын экениңерди көрсөтүп, мөрөй алып, кыргызды таанытып койгулачы, таш атып…

Кабыл Макешов