АДАБИЯТ

"Арзыматты" кой, шарлатандыктан кудай сактасын!?.
"Аалам" гезити үстүбүздөгү жылдын 12-мартындагы чыгарылышында Б. Салгамани менен Д. Керимовдун "Аксарай акындары адабияттын баркын кетирүүдө" деген макаласын жарыялоо менен, адабиятка кайдыгер карай албаган көпчүлүктүн көңүлүн кыйладан бери өйүп жүргөн маселелерди козгоп, абдан туура иш жасаган сыяктуу.
Кыргыз адабиятында орун ала баштаган оң, терс көрүнүштөр, анын учурдагы өнүгүү, өр алуу багыттарынын оош-кыйыштары тууралу, мүмкүн болушунча дайындуу мисалдардын негизинде учкай кеп козгоп, өнөр адамынын - акын-жазуучулардын адеп-ахлагы, коомдогу орду, аткарып-аркалар вазийпалары жаатында талаш-тартыштуу болсо дагы мына ушул ойлорубузду ортого салууга түрткү болду.

Өнөр, санатты, көркөм чыгарманы кабыл алууга келгенде, табит жаатында талашка түшүү, талкуу куруу майнапсыз иш экенин жакшы билем. Ошентсе да, кандайдыр бир жалпы таанылган, кабыл алынган деңгээл, бийиктик бар экенин тануу да жарабаган иш экени анык. Ушул ыңгайдан алып караганда, аталган макаладагы келтирилген жүйө, айтылган ойлордун баары менен тең эле макул боло берүү кыйын. Мисал катары келтирилген бир катар акындардын экөөнү - М. Абылкасымова менен Э. Ибраевди, ал турмак Н. Алымбековду деле жеке адамдарга арналган бирин-экин ырлары болгонуна карабастан "арзымат" дешке болбойт, анда эле кыргыз акындарынын баары тең "арзыматтар" болуп калышпайбы!?. "Жараткан өзү жар болгон" адамдык абийир, ыйман-салабатыбыз ошону - "арзыматтыкты" кесип кылып алгандардан - колунда бар кишини, улам жаңы келген аким, депутат, губернатор, министр, мамкатчыны, алардын ата-жото, жерге-жээндерин ыгы келсе, келбесе деле "жерге-сууга тийгизбей даңазалап" ырга, роман-уламыштарга айланта бергендерден, шарлатандардан сактагай эле?!. Арийне, кыргыз кыйырынан Рамис акын айтмакчы, мурда-кийин "сөөк ыргытабы" деген илгери үмүт менен кайсы бир колунда бар атка минерге арнап ыр жазбаган жазмакерди - акынды табуу кыйын, мүмкүн эмес. Эң өкүнүчтүүсү - бул жагдайда жаш-кары дебей, атурмак айрым дараметтүү делген эле калемгерлерибиздин, тарыхый жашоо таржымалыбыздын өткөн чагы болгон эшик ырчылардын баарын өз чаңдарында калтырышканы, ырды мындай кой, публицистика, повесть, романга чейин - бүтүндөй адабиятты "арзыматчылыктын" айдыңына айлантып ийишкени болууда. (Кошомат айтпаган ушу аңгеме байкуш эле калды окшойт, бу дагы анын чакандыгынан улам болуп жаткан сыяктуу).
Канткен күндө да, Арзымат болуш үчүн талант дээрлик болбосо да, тимганакей жөндөм, шык керек экени талашсыз го? Кадимки Токтогул акын оозуна алып, чекелешкенине караганда беш камандын Арзыматы деле жөнсалды киши болбогондой. Өзүнүн эмки жолун жолдоочулардан ал кишинин бир олуттуу айырмачылыгы болгон сыяктуу: ырдаган ырын эч кимге, анын ичинде беш каманга деле док кылбаган шекилдүү, эшигинде ырдаган ээлеринин бергенин алып, бербесе коюп эле, жалпы элдин атынан сый-сыпат сурабагандай. Эмки арзыматтарыбыз болсо "эбин тапкан - эки жейт" болуп, мактаган-жактаган ырларынын "ырахматын" капчыктап, аларына ардеме-бирдемелерин аралаштырып китеп кылып чүргөй салып чыгартып да алып, андан кийин анысын көтөрө чуркай "кыргыз адабиятын өнүктүрүп жатам", "элиме ак кызмат кылып атам" дегендей өлөрмандыктарын артып, "чо-оң, чо-оң" эшиктерди тытмалай, "элдик", "эмгек сиңирген" деген наамдарга талаптанып, а турмак алып да алышкандар четтен чыгып калбадыбы. Күнү кечээ, бир гана капчыктуунун "көмөчүнө күл тартып", депутаттык шайлоо деген шайтан оюнуна аралашып, айгайлап үгүтчү жүрүп, анан ыйманына камчы чаап "арзыматчылыгын" ыңкылапчылык, эл үчүн күйгөндүк катары соодалап, кадим талантынан чайкоочулуктары арткан, "эл акыны", "эмгек сиңирген ишмер" эле эмес, "эл артисти" болгондор жүрүшпөйбү арабызда. Мына ушунусу болбосо, "арзыматчылыкта" деле айып болбойт беле(?!),ким билет(?), бул эми ар бир адамдын жеке ыйманындагы болсо да (моюн сунуп калгандан эмес, "уялбагандан өзүң уял" дегендей айла кеткенде ушинтет экенсиң), жалпы коомчулуктун, тарыхтын өзгөчө такыба, калыс таразасындагы иш го?!.
Менин баамымда, азыркы кыргыз адабиятынын, акын-жазуучуларынын, жалпы эле окумал, ыйман-салабаттуу коомчулуктун алдында "арзыматтыкка" каршы күрөшүүдөн дагы маанилүү милдет, орчундуу озуйпа турабы деп ойлойм…
Дегеним, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын экинчи жарымында күндөлүк жашообузга "кайра куруу" деген ат менен кирсе да, кийин-соңку тарыхыбызда "кыйратуу" деген зат менен калган учурга удаалаш башат алган эгемендүүлүк жылдарында жашоо-турмушубуздун бардык тармактары сыяктуу эле адабият, маданиятыбызда, көркөм санатабызда "самопал" деген сөз менен гана аныкталып-түшүндүрүлүүчү туундулар пайда болгон. Ушул өксүктүү кубулуш ичкен тамак, арак, кийген кийим-кечебиз менен катар эле, адабиятыбызды, көркөм санатыбызды (а турмак саясатыбызды, жетекчилигибизди дагы) да басып кеткен, азыр деле жөө тумандай басып турат. Ошондон улам, адеген жылдары өзүн сыйлаган басмалардан жарык көргөн "китептердин" акыркы - чыгуу маалыматтары берилген - беттеринде "автордук редакцияда басылды" деген "уялыңкы" эскертмелер берилип келген. Бүгүнкү күндө мындайды кезиктирүү да кыйын болуп баратат, демек басмалар, алардын редакторлору дагы "самопалдаша" баштаганы ушул.
Натыйжада китеп дүкөндөрүндө, жайма базарларда сатыкта жаткан "Өгөй кыз", "Алмашылып кеткен балдар", "Ыйга айланган күндөр", "Кандуу сүйүү", "Түпкүлүгүн түптөгөн адам", "Күбүлгөн розалар", "Сойкунун көз жашы", "Өмүр жолу", "Негр бала…", "Жакут жылаан" дегендей ж. б. д. у. с. "белгилүү публицист", "таанымал калемгерлердин" алды роман, поэмалардан, арты ар кыл "чыгармалардан" (?) турган бир күндүк "китептери" жамгырдан кийинки козу карындай жамырап чыга келди, азыркыга чейин күчөгөндөн күчөп чыгып да жатат. Алгач алар кандайдыр бир жок "адилетсиздиктен", кимдир-бирөөлөрдүн "көралбастыгынан" "таанылбай келаткан" авторлорунун албууттугунан ашкебилиги арткан дымактарынын, же оңой атак-даңкка жетип аброй алуунун, эч болбосо "жеңил акча" таап, жан багуунун айла кеткендеги аракетиндей туюлган. Анан бара-бара "табит тамак үстүндө ачылат" дегендин сыңары, андай жазмакерлер өздөрүн кадыресе жазуучу, а турмак кыргыз кесипкөй адабиятында анча өздөштүрүлбөй келаткан детектив, курч окуялуу, мистикалык роман-повесть дегендей өздөрү аталыштарын угушкан менен, алардын өзгөчө даярдыкты, атайын адисттик илим-билимди талап кылуучу татаал табиятынан (кандай гана болбосун көркөм делген чыгарманын сюжеттик башталышы, өнүгүү ургалы, чийелениши, чечилиши, ар бир тексттин жанрына жараша өзүнө гана таандык архитектоникасы, эстетикасы, тили болорунан) таптакыр кабарлары жок адабий жанрлардын "алгачкы баштоочулары", "негиздөөчүлөрү" катары көрсөтүп, ачык айгай салып чыга башташкан.
Ал эми бүгүнкү күндө мына ушул көрүнүштү кыргыз адабиятынын, көркөм санатынын азыркы учурдагы өнүгүүсүнүн "жаңы баскычы", "деңгээли" катары көрсөтүүнүн, а чындыгында Мелис-байке Абакиров айтмакчы "келжиреген", "ачык ажына" аракеттери улам арбыныраак байкалууда. Ушул негизде, адабиятты өнүктүрүп аздектөө менен элдин көркөм дөөлөт казынасын татыктуу туундулар менен байытуудан "ат чабым алыс", кандайдыр бир "жоро ичүү" деңгээлинде баш кошушкан, бирин-бири ашык-кеми жок, "гений" дегенден башкача аташпаган жазмакерлерди кадыресе туруктуу үйүр, топтору пайда болгондой. Бизди мына ушул жагдай тынсыздандырып, ушундай жосунсуз жоруктар мазабызды алганы абзел. Болбосо, эгемендүүлүк менен ээрчише келген сабатсыз "жазмакерлигибиз", коомдук жашоо-тиричилигибиздин бардык багыттарындагы, анын ичинде адабиятыбыздагы (17-18 жылды камтыган) "балалык оорубуз" боз уландыктан өтүп, жигиттигибиз менен жылоолошо, өнөкөт илдетке айланып бараткандай.
Акыры базар шартында кимдин эмне жазып-коёру жеке адамдын иши. Бирок, аны баалап-барктоону, сыйлоону жеке көңүлдөштүктүн, илик-жармалыктын, "сен мага, мен саганын" жемине айлантып ийүү - адабиятыбыздын өткөн тарыхы алдында эле эмес, бизден кийин келүүчү, бизден кыйла акылдуу, алда канча таза дагы болочогубуздун алдында кечирилгис күнөө болот. Кагаз баарын чыдап көтөргөн менен, окурман анте албасын эсибизден чыгарбаганыбыз жөн.
Ушул өңүттөн алып караганда, мен айтылуу Ашым-ага Жакыпбеков менен Кеңеш-байке Жусуповдон кийин "Манасты" кара сөзгө салам деген Бактыбек Максүтовдун "чыгармачылыгын" "атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, беш жүз беттик начар "макаласын" (мындай көлөмдүү макала болбосу башка кеп) "тарыхый-документалдуу роман" (бу да болсо жаңы адабий жанрды негиздөө далалаты болуш керек) деген Абдыкерим-аке Мырзаевдин "Раззаковун" тим гана алдын ала утуштуу теманы "ээлеп коюунун" ордунан чыкпаган аракети, ушундай ыйыктыктарга жеңил-желпи мамиле кылуунун жоопкерчиликсиз жоругу катары кабылдадым. Болбосо, миңге жетип-жетпеген жеке сөздүк байлык менен "Манасты" кара сөзгө салам дешти, "барчын бүркүттүн балапаны" (А. Мырзаев, "Раззаков" биринчи бөлүгү) эмес, өзүнчө куш экенин билбеген, "…боору ката элек баланын жүрөгүн эзип, ботосун издеген тайлактай (?) боздоттуң" ("Раззаков" 16-бет) деген сыяктуу (башка тарыхый маалыматтык так эместиктери жетиштүү айтылган) "көркөм табылга", "ачылыштарды" башкача кабылдоо кыйын экен!..
Алдыбызда адабиятыбыздагы "арзыматтыкка" каршы күрөшүүдөн алда канча маанилүү милдеттер турабы дегенимдин жөнү ушул. Биздин эмки эгемен адабиятыбыздын шору "арзыматтардын" арбып кеткендигинде эмес, ойлоно алгандарыбыз жазбай коюп, ал эми жазгандарыбыз ойлоно албай жатканыбыздабы дейм. Эмнегедир эле мага баарыбыз соодасы анча жүрүшө албаган базарда отургандай туюлабыз, мындайда китеп кызык болгону үчүн эмес, эриккенден улам гана окулат эмеспи…
Элибизде "туулганына эмес, тураарына сүйүн" деген накыл кеп айтылат. Тарыхтын, мезгилдин баарына дабаа болчу калыс таразасына, калкыбыздын "кара кылды как жарган" калыстыгына, көрөсөн даанышмандыгына, көркөм табитине ишеним артып, такаат кылганыбыз жакшыдыр, жөндүр. Анткен менен, катарыбыздын тазалыгына кайдыгер карабай албаган жазуучуларыбыз, адис сынчыларыбыз улуу-кичүү дебей, кезек-кезек акты - ак, көктү - көк дей жүрбөсө болбойт сыяктуу. Өткөн бир акылман айтмакчы, элдин "баары эле окуй алган менен, эмнени окуу керек экенин ачык аңдап түшүнө бербейт" шекилдүү.
Жумабек Медералиев, жазуучу