Депутат-маек

ЖК депутаты Ибрагим Жунусов:
"Кыргызстанда четке бала саткан он төрт фирма иштеп атат"
- Ибрагим, өкмөт өткөн жылдагы иштери боюнча парламентке отчетун берди. "Ак жолчулардын" ичинен ачык сүйлөгөн депутаттардын алдыңкысы катары сурайын дедим эле. Премьер-министрдин айткандарына ынандыңызбы?

- Чудинов дурус эле иштеп жатат. Отчетко пикирим жакшы. Себеби, үч жыл мурда бюджет 22 млрд. сом болсо былтыр 46 млрд. сомго чыгарышты. Эсиңиздедир, былтыр күздө азык-түлүк тартыштыгы болот деген проблема чыкты эле, андан аман чыктык, андан соң кышта энергетика тартыштыгы болот эле, мындан да оош-кыйышы менен аман чыктык, табият да жардам берди го дейм. Кемчиликтери да бар.
- Кайсы кемчиликтерди айтып атасыз? Мына, жыл башынан жаңы салык бюджетин бекитип бердиңер да, азыр казынага акча түшпөй калат деп жатасыздар. Үч ай тегерегинде эле канча чыгым чыгып атат?
- Салык кодекси алешем иштелип калыптыр. Азыр Акматбек Келдибеков ошол кезде "Ибрагим байке, Салык кодекси туура эмес түзүлүп калды" деди эле. Аны мен Жогорку Кеңештин трибунасында ачык айткам. Мектеп, жогорку окуу жайларына 20 пайыз спецсредствону алып салыш туура эмес. Бул азыр кайра каралып, мыйзамга оңдоо киргизели деп атабыз. Биринчи премьер-министр баштаган комиссия азыр иштеп жатат.
- Өкмөтчү жигиттердин командировка акчасы тууралуу да маселе көтөрдүңүз?
- Булардын командировка чыгымдарын да кайра карап чыгуу керек. Муну жөн эле айтып жатканым жок. Иш менен учабыз. Депутаттар иш менен чет мамлекеттерге барып калабыз. Качан учсам, бизнес-класста министр, министр орунбасарлары олтурат. А депутаттар эконом-класста олтурабыз. Бир ирет айтат бир министр: "Ибике, ошол жакка олтуруп калдыңбы?"- деп. Мен айттым: "Мени эл шайлаган, эл менен чогуу олтурам" деп. Көрдүңүзбү, бизнес-класс деген өтө кымбат. Бизнес-класс бул бизнесмендер үчүн, а биздин чиновниктер кайсы акчага ал бөлүмдө олтурушат? Мамлекет акчасына барып жатышат да, аны жеткилең түшүнбөй атышат. Бул маселени парламентте көтөрөйүн деп жатам. Май-талканга көнгөндөрдү жөнөкөй көлдөлөңгө отургузганга аракет кылбасак, өз билгенин жасап жиберип жатышпайбы.
- Энергетика - биздеги жүрөк өйүгөн маселе болуп турат. Камбарата курулганча кыйнала беребиз го?
- Премьер-министрге айтпадымбы, өчүргөндү токтоткула, бул экономикалык пайда алып келбейт деп. Балкыбековго асылып жүрүп кетирдик. Министр Давыдов Бишкектин эле маселеси менен алек. Ал өлкө министри - өлкөнүн маселеси менен алектениши керек. Жок, көнгөн адатынча Бишкек проблемасы менен гана иштеп жатат. Калган эл шыйрагын жагабы? Негизинен Чудиновдун командасы дурус эле иштеп атат.
- Сизди жаман көрө баштагандар көбөйдү?..
- Жаман көрөт эле деп элдин проблемасын парламентте биз айтпасак ким айтат. Курманбек Салиевичтин өзүнүн сөзү бар - "иштебейби, кууланабы, аларды кызматтан кетириш керек". Президент кабыл алганда дагы айттым - адамдын, мамлекеттин нравалык адеп-ахлагын коротуп, кемитип, кемсинтип аткан - сот бийлигинде олтурган көпчүлүк деп. Албетте, бардык соттор эмес, бирок көбү мыйзам бузган иштерди "мыйзамдуу" бүтүрүп коюп атышат.
- Өткөн жумада парламентте балдарды чет өлкөгө сатуу маселесин да көтөрүп чыкпадыңызбы. 38 бала быйыл сатылган экен?
- Жок, 36. Айтпадымбы, 136 бала асырандыга чет өлкөгө сатылса да, мунун учугу табылбайт. Себеби, биздин бала сатуучулар системалашып алышыптыр. Дени сак балдарды эмес, ооруган балдарды сыртка алып кетип атышыптыр. Булар "экспорт" болуп атышат деп айтпадымбы. Эмне үчүн аларды алат? - аларды "запчастка" ташып жатышат. Бул балдар кайда кетти - кимдин колунда - тагдырын иликтей албай жатабыз. Сүрөтүн тартып иликтесек да жооп болбойт. Ушундай да мамлекет болобузбу?
- Мурдагы чакырыктагы депутат Акбөкөн Таштанбеков доктор Хагенс бизден канча адам сөөгүн ташып кеткени боюнча чоң чыр чыгарбады беле. "Бишкектик бегун" деген кыргыздын денеси азыр да Германиянын музейинде турат. Мындай бир мыйзам чыгарып, бажы тарабын катуулоого болбойбу?
- Болот эле. Мыйзам долбоору даярдалууда. Балдарды 2ден 5 миң долларга чейин сатышат экен. Фирмалар 36 миң долларга сыртка чыгарып беришет экен. Өзүбүздө он жылдап бала багып алуу кезегинде турушат. Биздин өлкө "фабрика" эмес да, төрөтүп туруп четке сата бергидей. Саламаттык сактоо, билим берүү министрлигиндегилер, Башкы прокуратурадан уюшкан кишилер ушундай иштерди жасашат экен, аягы сотко барып атат. Эми бул болбойт да. Кыргызстанда сыртка бала сатуу боюнча он төрт фирма иштеп атат. Чыгармачыл адаммын го, балдардын четке кетип атканына чындап жүрөгүм ооруйт.
- Сиз отуз жылдык стажысы бар, ОшМУнун биринчи проректоруна чейин иштеп билесиз. Жогорку окуу жайларында акыбал боюнча да маселе көтөрдүңүз?
- Ошто болгон окуяны эскерип атасыз да. Жогорку окуу жайларында да, мектепте да билим берүү эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин баарыбыз эле көрүп турабыз. Бул маселени атүгүл Коопсуздук кеңешине коюшубуз керек. Байкасаңыз, биз го союз убагынын билимин алып калдык, азыр артыбызда бир вакуум келатат - муун деградациясы. Билими жок диплом алгандар көбөйдү. Муну жашырыштын кереги жок. Кайсы ВУЗду албаңыз, студент аттуулары Россияда, Казакстанда, Дордойдо, Карасуу базарында жүрөт, окубайт. Ушул тартиппи? Мен бир баланы мисал катары парламентте айтпадымбы. Ал бала айтат, ошол имарат бала бакча болчу, анда беш жыл тарбияландым дейт. Бала бакчанын берки өйүзүндө мектеп эле, окууга кирдим. Он биринчи классты бүткөнүмчө жанагы бала бакча юридикалык институт болуп калды дейт, мен анан көчөнүн аркы өйүзүндөгү ошол институттан окуп калдым дейт. Андан буга аттап өттүм дейт. Окуп бүттүм, эми каякка барам дейт. Балдардын билими төмөндөп кетти. Билим берүү министрлиги тыкан, чыйрак иштеш керек. Бюджет бөлүнбөй атат деген туура эмес. Окуу куралдары менен мектептер 60 пайыз жабдылган дегени жалган, 40 пайыз тегерегинде эле. Бул жарым билим берүү дегендик. Ырас, кийинки эки жылда 122 мектеп курулуп атат. Бул жакшы көрүнүш. Кырктай мектеп ишке берилди. Калганы да курулуп жатат. Дубалын куруп, чатырын тигип берүү эле эмес, парталарына, болгон керектүү каражаттарына чейин камсыз кылуу салтка айланды. Бул келечек муундарыбыз үчүн аракет да. Үч мектептин ачылышына катышып сүйүнүп келдим. Эсиңиздедир, Кыргызстанда мечиттер көп салынбадыбы. Кайсы жерде айыл өкмөтү болсо, ошол жерде мечит бар. Өкмөттүн кызыл желеги турат, бирок мечиттин мунарасы турган жерге барып атышты. Бул жакшы жөрөлгө, бирок бул рухий-диний өтөлгөбүздү да акыл-эс менен уюштурушубуз керек да. Дин боюнча мыйзам алымча-кошумчасы менен кабылданбадыбы. Мен ошол мыйзамга тиешем бар. Чогуулашып жаздык. Даватчылар туурасында сөз болду. Кыргыз жигиттери адеп дене-боюн таза кармаса болот эле. Пакистандын кийимин кийип алып, ар үйгө кирип, уят кылган жигиттер көбөйдү. Даватчылар менен Ошто, Бишкекте да сүйлөштүм. "Сиз кудай жолуна барыңыз" дейт. Менин диним-дилим таза кишимин. Түшүндүрө албасымды түшүндүм. Ушундай заман болуп атат. Бул парламенттин мыйзамы менен эле оңдоло калбайт. Ажыга барып келгендерди деле көрүп атабыз. Ыйман сактагандары аз. Кыргыздын чапанын, ак калпагын кийип деле дават кылбайсыңбы. Кээси жылаңайлак бутуна тапичке илип алат, согончогу кокочо. Диний киши ичи-сырты тегиз таза болушу керек го.
- Америкада, айталы аркы кылымдын башында улуу депрессия болгон. Алар андан жети эле жылда чыгып кеткен. А бизде тээ Горбачевдун убагынан башталган руханий-моралдык кризис эмдигиче эзип атат?..
- Америкада күлүп турган көз менен ыржайып турган ооз тартылган значокту ойлоп табышкан. Баары ошол значокту тагына башташкан. Ал значокту көргөн киши аргасы жок күлөт экен да. Биз болсо кабак бүркөө, турмушка наалып сүйлөөнү адат кылдык. Уулум Эламан айтат: "Бирөө кышта бутуна илер өтүгү жок, э кудай, эмне мага бир өтүк берип койбодуң, курсагым ач, үшүп атам, ташбоорсуңбу" деп наалып келатса, бурулушта бир тилемчи олтуруптур, эки буту жок. Аны көргөн тиги "э кудай, батиңкем жок болсо да бутум барына ыраазымын" дептир. Ошонун сыңары ар бир адам барына топук кылышы керек.
- Эламан кайда азыр?
- Үрүмчүдө университетте 2-курста окуп жатат. Эларалык мамилелер боюнча адис болот го.
- Депутаттык иш чыгармачылыгыңызга тоскоол болгону жокпу?
- Чоң концерттерге катышам. Майдаларына чолоом тийбейт. Обондорум деле жазылып жатат, шүгүрчүлүк.
- Басма сөздө карасуулук үчөөңөрдү кайраштыра берчү болду. Ибрагим маданият министри болот экен, жок Керим Турапов болот дейт деп Султандын нервин алышат?
- Мен түп өзөгүнөн педагогмун. Жалпы маданият тармагына, чынын айтайын "тишим" өтпөйт. А Султанда ар тарабынан түшүнүгү кенен. Кандидаттык эмгегим да "Мугалим менен окуучулардын конфликт себептери" делет. Эл артисти деп эле маданиятка түртө берген учкайлык. 1982-жылдан бери мугалиммин.
- Ата-тегиңизде таланттуулар болдубу, тукум кубалайт дейт эмеспи.
- Апам жакшы кошокчу, ырчы эле. Эки агам тең бүт аспаптарда ойнойт эле. Улуу агам менен Султан Раев экөө Карасууда алгач эстрадалык ансамбль түзүшкөн.
- Телевидение боюнча мыйзам долбоорун жаздыңар. Азыр абал кандай?
- Чыр бүтө элек. Биз 50 пайыздан кем эмес кыргызча берүүлөр болсун десек, тигилер 20 пайыз болсун, кыргызча берүүлөрдү жылына 10 пайыздан кошобуз дейт. Акмакчылык да. Талапты бийик койбосок, дагы деле тоготушпайт. Титулдук улут болсок, анан ээ болобузбу, жокпу?! Кечээ депутат Карамушкина айтат "силер өзүңөр бири-бириңерди түшүнбөйсүздөр. Оштуктар башкача, таластыктар башкача, Бишкекте башка сүйлөйсүңөр, деги силер кайсы тилди коргоп атасыңар?" - дейт. Күйбөгөн жериңди күйгүзөт да. Айттым, түштүктө эмне үчүн өзбекче кошуп сүйлөшөт, себеби эл, жаштар өзбек телесин көрөт, радиосун угат. Өзбек берүүлөрү, музыкасы басымдуу. Теле, музыка деген идеологиялык курал да, адамдын акыл-эсин алып коет. Баткенде эмне үчүн тажикче аралаш сүйлөшөт. Себеби тажик берүүлөрү басымдуу. Ленинабадды, Ходжентти көп көрүшөт. Таластыктар эмнеге казакча чалып "атыр, жатыр" деп сүйлөйт. Адабиятта андай сөздөр жок эле да. Айтматов "Жамийла келатыр" деген эмес. Бул да казак берүүлөрүнүн таасири. Ошондуктан телерадиого 50 пайыз цензура киргизсек, иш алга жылат. Аракет жасап, өз тил, маданиятыбызды сактообуз керек.
Жолдошбек
Зарлыкбеков