Урматтуу Сурап, сизди 60 жаш кутмандуу курагыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул өмүрдө жакшы адамдар жарыгын чачкан жылдыздай; айырмасы алардан башкаларга кадимкидей ысык мээримдин илеби өтүп турат, жүргөн жерин жакшылык ыроолоп, бейнелеринен кут төгүлүп турган сыягы.
Сурап мына ушундай адамдардан. Өмүрдө 60 жылдык узун да, маңыздуу да жолду басып, эл-журтуна колунан келген ак кызмат өтөп, "Мыштын" кырына чыгып калса да, үйдө жатып эркелеп - эс албай, жигердүү жигиттей ташкындап иштен колун ала элек.
Сизди торколуу юбилейиңиз, өмүрлөшүңүз Жакин менен кол кармашып бирге түтүн булатканыңардын 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жакшылыкты жакшылык ээрчип, эмкиде сиздин 80 жылдыгыңыз менен бирге алтын тоюңузга күбө бололу. Уулдарыңыздын урматын, келиндериңиздин кызматын көрүп, неберелериңиздин тоюнда чеберелериңизди жетелеп жүрө бериңиздер.

Адегенде болуу керек
ынаным,
Андан кийин иштээр
ишиң улагын.
Тобокелчи тоодон
ашат деген чын,
Тоодой ишти томуктайдан
курадың.

Таза болду абийириң
да ыйманың,
Таазим кылып
сыйлаганды сыйладың.
Ташбака да жол арбытат
эмеспи,
Тапканыңды
тамчыдайдан жыйнадың.

Аптап келсе ээрип
кетээр муздар бар,
Алтылыкка алы жетпес
туздар бар.
Жашаш керек "анттим-минттим" дебестен,
Алтымыш соң, жетимиш
бар, токсон бар.

Сизди терең урматтоо менен: Саткын, Байтемир, Рая, Асанбек, Фатима, Керимбек, Салый, Надыр, Айнура, Сапар, Роза.




Туулган күнүңүз менен, редактор мырза!
Убакыт учкан куш, желген жел дейт. Өмүр жаш улам өргөлөгөн сайын түйшүгүң да, түшүнүгүң да кеңейет. Гезитибиздин башкы редактору катары түйшүгүңүз түмөн, сиздин чарчоо билбеген мээнеткечтигиңизди, бирөөгө катуу сөз айтпаган маданияттуулугуңузду сыйлайбыз.
Урматтуу Сапалкан Кирешеевич, бар болуңуз, бай болуңуз! Туулган күнүңүз менен!

"Аалам" гезитинин
Жамааты