Сезим кайрыктары

Кечир досум…
Кечир досум, сага берген убадама турган жокмун. Сенин жүрөгүңдү оорутуп, жалындаган жүрөгүңдү азапка салдым. Бар байлыгың, аруу сезимиңди, үмүтүңдү соолуткан мендей достуңду кечир!

Билесиңби досум, айылдан шаарга келип окуп жүргөн күндөрүмдү эстесем, ошол маал, ошол күндөр, ошол убактар мен үчүн эң бактылуу убагым эле. Айтор ал учурда сүйүүнүн даамын татпай жөн гана студент болгонума кудуңдап, кыялдарыма берилип, окуп Американы багындырам деп асманда учуп жүрдүм. Көрсө ал кыялдарым жерде калып эле, жашоонун маңызы болгон "махабат" деген, бирде ыйга салган, бирде жомоктогудай сүйүнткөн, ар кыл сыноолорго салган аруу сезим бар тура.
Ушул аруу махабатка мен үчүнчү курста окуп жүрүп кабылдым, бирок ал сүйүүм тилекке каршы сен болгон жоксуң. Балким сен экөөбүз бир шаарда окусак сага берген убадама туруп, менин махабатыма айланмаксың. Көрсө тагдыр деген ушул тура, экөөбүз эки жакта окуп, бактыбыз бирге болгон жок. Кантсе да мен күтөм деп, ар дайым телефон чалып ал-акыбалымды сурап, майрам сайын куттуктап турчусуң.
Мага жасаган жылуу мамилеңди, ысык сезимиңди шылдыңга айлантып, көңүлүңдү оорутуп, акыры дос болууга макулдаштык.
Ошондо айткан сөздөрүң дале эсимде. "Мейли, мен күткөн чексиз үмүтүм болбосуңду эми билдим, бирок сенден биротоло узабайын, алыста болсо да "дос" болуп калалы" деген сөздөрүңөн мага болгон таарынычыңды сезгем.
Мына ошондон бери кээде гана телефон чалып "доске, кандай" деп азилдешчү гана болуп калдың.
Мейли досум, сен күткөн күндөр дале болсо алдыда. Бул табышмактуу дүйнөдө нелер гана болбойт дейсиң, күткөнүбүздөн күтпөгөнүбүз артык болуп, балким сенин да сезимдериң орундалып, табышмактуу кыздын жүрөгүнөн орун аларсың

Нургүл Эшимбаева




  Турмуш тамчылары

Ширенкенин мекени Швеция
Жакында Кыргызстанга Швециядан меймандар келишти. Алардын алып келген белектери кандай экен дебейсиздерби?

Кадимки эле ширенке. Ширенкенин мекени Швеция дешти алар. Экинчи белеги- свеча. Свет бат- бат өчөт экен силерде дешти алар. Ага кошуп, көчөдө караңгыда баратканда машина коюп кетпесин деп сапсары түстөгү жилет белек кылышты. Ал эми меймандардын биринин чекеси сыйрылып кеткен. Көрсө Ысык-Көлдөгү мейманканалардын биринде жарык өчүп калып, караңгыда жыгылып, чекесин томуйтуп алыптыр.

Жер титирегенде ит наристени сактады
Апрель айынын ушул акыркы күндөрүндө Кыргызстанда жер титиреди. Жалал-Абаддагы бир үйдүн ити коляскада уктап жаткан наристени тышка сүйрөп баратканын көргөн баланын энеси чочуп кетип, артынан чыгат. Бул учурда жер титиреп, үйдүн төбөсү түшүп калган болот. Ошондо үй ээси иттин эмне себептен колясканы тышка сүйрөп жөнөгөнүн билиптир. Көрсө, жер титирээрин сезген ит наристени сактап калуунун камын көрүптүр да. Анан жер титиреп, энесин да устун басып калаар кырсыктан аман -эсен сактап калган экен.
Айгүл Бакеева




  Балалыкка саякат

"Тегеренип кетейин…"
Атамдын ушул сөзү кулагымда өмүр бою жаңырып калат окшойт. Уктап атканда кээде кадимкидей кулагыма угулат. Ойгонуп алып, жаш баладай умсунам… ыйлагым келет. Жолдошум тамашалап: "Кой эми, кайнатамдын кызы, качанга чейин эрке кыз болосуң, сен деле үч баланын энеси болдуң го", - деп калат.
Атам санжыра айткан, сөзмөр, тамашакөй, куудул чалыш киши эле. Айылдаштары көп эле жоруктарын азыркыга дейре кеп кылып калышат. Өкүнгөнүм - көзүнүн тирүүсүндө көп нерсени өз оозунан жазып албаганым…

"Төкөрлөрдүн" жарышы
Айылда аш-той байма-бай болуп турат эмеспи. Тушоо той болуп аялдарды өзүнчө, эркектерди өзүнчө, бала-чаканы өзүнчө жарыштырат. Намазбек бир жак бутунан сылтып басчу. Айылда дагы буттарынан аксап баскан кишилер бар эле. "Ой, төкөрлөр калып калабызбы, бизди деле өзүнчө бөлүп жарыштырып койбойсуңарбы?" - дейт Намазбек. "Жарыштырса жарыштырабыз, байгеси - бир козу!" - деп тойдун кызуусуна баткан той ээси берки кишилердин кой-айына карабай, төртөөнү бир катарга тизип "Чуркагыла!" деп команда берет. Аксаңдаган төртөө биринен-бири ашып, атам артта калат. Чекке аз калганда баары бир жеңбесине көзү жеткен атам, башындагы калпагын ала коюп тиги үчөөнүн башынан ашыра ыргытып жиберет. Кыраан-каткы күлкү коштоп, ошол тойдо Намазбек төкөрлөрдүн жарышынан биринчиликти алат…

"Давай, махнем!"
Кеч күз. Атам көлдүн жээгинде кой кайтарып жүрсө, кайдан-жайдан эки орус келип, камыштардын ары жагынан балык уулай башташат. Атам алардын мотор кайыгына кызыгып, "эй, мужик, давай, махнем!" деп атын көргөзөт. Тиги орустарга да ат кызык болсо керек, "давай, давай!" дешип, бирөө атты минип, экинчиси атамды кайыкка отургузат. От алдырса от албай, бирдемесин чукулап, тартып ийсе, капыстан от алып кеткен кайык алдын көздөй окторулат. Байкоос турган орус оңкосунан кетип, сууга сайылат. Өмүрү отуруп көрбөгөн, "мөңкүгөн" кайыктан жүрөксүп, "эми өлдүм го", - деп көздөрүн чылк жуумп, эки кырын бек мыкчып алат. Бир убакта акырын көзүн ачса, көзүң жамандыкты көрбөсүн, кайык түптүз эле тоону беттеп сызып баратат. "Эми ушинтип тоону сүзүп өлөмбү?" - деп ойлогон атам, шаштысы кетип кайыктын бир жак капталы менен моторду көздөй жыла баштайт. Бир жагына оогон кайык акырындап солго бурула баштайт. "И-и, ушинтсем бурулат экен да", - деп дагы жыла берет. Ошентип кайыгы жээкти карап калат, "эмнеси болсо да жээкке барып өлөйүн!" - деген атам кыймылдабай отуруп калат. Жээктеги ат минген орус ары-бери чапкылап, бирдеме деп эле кыйкырат же анысы мээни жеген мотордун үнүнөн угулбайт. Сууга түшүп калган орус дале суу үстүндө чабак уруп жүрөт. Айтор, бир убакта жээкти беттеген кайык кумга келип сайылып, атам топтой учуп барып камыштын арасына, жумшак жерге барып түшөт. Бир топто барып эсине келген атам өзүн-өзү кармалап, "ии, тирүү калыптырмын!" деп ордунан тура калат. Берки эки орус экөө эки жакта боорун тытып күлүп жатат дейт. Атамдын бети-башы камышка тытылып, башынан балыр, чөп-чар самсаалап кебетеси бир шумдук… "Кайык дегениңерди желкемдин чуңкуру көрсүн, аттан жаман мөңкүйт экен, экинчи "махнем" кылбайм!" деп, атын тиги орустун колунан жулуп алып, коюн көздөй чаптырган экен…

"Адреси" жок калпак
Атам мал жайып жүрүп, койлор жуушап жаткан мезгилде жамбаштап жатып көзү илинип кетет. Бир убакта көзүн ачса эле койлору жок. Шашып-бушуп атына минип, издеп жөнөйт. Кечке маал үйүнө келет, башында калпагы жок. Кенже кызы Зулайка алдынан чыгып:
- Ата, калпагың кайда, эмне, жоготуп алдыңбы? - дейт тыпылдап.
- Ии, баса, түштө кой жуушаган жерге унутуп койгон турбаймынбы, алып келе койчу, балам.
- Ата, мен бала эмесмин, кызмын, калпагың каякта? - деп кыткылыктап атасын айланат.
- Тегеренейин сары алтын кызым, калпак мен уктаган жерде, ошол жерден алып кел…
- А сен каякка уктадың эле?
- Ой, жанагычы, мен атты аркандап коюп көзүм илинип кеткен жерде…

Сулайка Турсуналиева