Майрамкүн

Интеллектуалдык менчик күнү
24- апрелде Бишкек шаарынын тарых музейинин залында 26- апрелде белгиленчү интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү майрамына арналган салтанаттуу жыйын өттү.


Жыйын алдында, фойеде интеллектуалдык жаңы табылгалар көргөзмөсүндөгү буюмдар:- ойлоп табуулар, улуттук сувенирлер, китептер, балдар сүрөттөрүнүн чакан көргөзмөсү коюлду.
Жыйынды Кыргызпатент уюмунун директору Улан Мелисбек ачты жана иштелип жаткан жана келечектеги милдеттер тууралуу баяндама жасады.
Бул жылы эл аралык интеллектуалдык менчик майрамы "Жашыл инновациялар" деген ураан алдында өтүп жатат. Дүйнөдө жаратылышты жашыл бойдон сактоого интеллектуалдык көрөңгөнү багыттоо мезгилдин талабы болуп калды.
Республиканын мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол өлкөнүн президентинин атынан бул майрам күн менен куттуктап, Кыргызпатент уюму интеллектуалдык менчик тарабындагы өлкөнүн саясатын ийгиликтүү жүргүзүп келгенин белгиледи. Интеллектуалдык менчик Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө да негизги таяныч боло ала турганын жана да болушу керек экенин кошумчалады.
Кыргызпатенттин финансылык колдоосу менен Кыргызстандын жаш авторлорунун жана акындарынын 7 китебинин чыгарылышын жана адабияттагы жакшы саамалыктарды колдоодогу салымын Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев билдирди.
Кыргызпатенттин 2500 сом өлчөмүндөгү бир жолу берилүүчү стипендиясына бир катар ойлоп табуучулар,авторлор, студенттер татыктуу болушту.






Интеллектуалдык менчиктин бүтдүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен сыйлангандар:

Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыков;


Игорь Викторович Бочкарев- профессор, техника илиминин доктору, Кыргыз техникалык университетинин кафедра башчысы, КРнын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу;

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев.


В. И. Блинников атындагы
Евразиялык патент уюмунун алтын
медалын алгандар:

Акрамов Эрнест Хашымович- медицина илимдеринин доктору, профессор, саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы реконструктивдүү- калыбына келтирүү илимий борборунун директору.


Бектуров Жапарбек- медицина илимдеринин доктору, профессор, медициналык академиянын кафедра башчысы;


Даярдаган Айгүл Бакеева

Куттук сөз
Кыргызпатенттин бардык кызматкерлерин жана өлкөбүздүн ар кыл тармагынын интеллектуалдарын 26-апрель Бүткүл дүйнөлүк жана улуттук интеллектуалдык менчик күнү майрамы менен куттуктайбыз.
Элибиздин интеллектуалдык менчигин коргоодогу сиздердин жүргүзүп жаткан иштериңерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
"Аалам" гезитинин редакциясы