КЕЧЭЭ, БҮГҮН, эртең...

Арашан. Үчүнчү элдик курултай
Арашан айылында жекшембиде 3-элдик курултай өттү. КТР айткандай, 3 миңдей адам топтолду деген жарыясы туура эмес го дейм, бериси 8 миңден 10 миңге чейин адам топтолду. Атамбаев 7 жылкы соет экен дегенди угуп алган эт жегич кыргыздар көчүп барыптыр. Бул тиричилик оокаты.

Элдик жыйында Алмаш Шаршенович азыркы бийликке катуу каршы сөздөрүн айтты. Чачырап аткан оппозициядан - түндүктөн болобу, түштүктөнбү, бир лидер чыгаралы деген бүтүм мындан бир ай мурда бекиген. Бекиген менен чекиген деген да кыргыз акылы бар, Өмүрбек Текебаев "Акчам аз, Бакиевдердин административдик да, ресурстук да кубаты күчтүү" деп чоң күрөштөн аткез берген соң да, Акүй кийинки бийлик мөөнөтү үчүн катуу иштеп жатат. Бийликтин бир ишенимдүү гезити Атамбаевди "Арашандык Чапаев" деп жазды. Жазганды балталап өчүрө албайбыз. Алмаз Шаршеновичтин Петькасы ким, Анкасы ким, идеолог Фурманову ким? - али билине элек. Алдын-ала аския айткан да элге жакпайт. Бешкүңгөйлүк бир карыя курултайда айткандай, эл шайласа мен деле шайлайм деген пикир басымдуу.
Курултайда канча шайлаганың менен добуш уурдалып кетет деген пикирлер көп айтылды. Эмдиги президенттик шайлоодо бармагыңа фиолет да төкпөйт, бир округдан экинчисине барып добуш бере бер. Аны шайлоодо көрөрбүз.
Курултайда мен жыдысам, сен барсың деген пикир менен И.Исаковду да президенттик шайлоого жөнөтүштү. Санчы сынчы илгери сынаган экен: "Солто - элдин тогу, саяк - элдин шогу, Кылжырдын эки баласынан барынан жогу" деп. Ошонун сыңары, солто элинин жеринде жашап жаткан кыргыз эл түгөлү менен ынтымактуу болсо дейм. Курултайга келбеген оппозициянын ири өкүлү Темир Сариев да өз партиясынын курултайын өткөрүп, Атамбаевге ишенбесин ачык айтты. Сары Өзөндө лөктөр көп: Ф.Кулов, И.Өмүркулов, А.Атамбаев, Т.Сариев, З.Өмүракунов ж.б. Булардын ичинен Темир Аргенбаевич өз пикиринен кайтпады. Анын үстүнө Алмаз Шаршенович өзүнүн "Учур" гезитинде Сариевди жаманаттылап да жиберип, Темир, кыязы "көгөрүп" калды окшойт.
Президенттикке барам деген башка да атаандаштар катталды. Бирин пошел - посол кылып Акүй алып тынды. Калгандары коркунуч деле туудурбайт. Алар 006 пайыз добуш алары да күмөн.
Курултайда олуттуу пикирлер да айтылды. Шераалы деген жигит: "Мыкты кыргыздын баары бирикти, азамат кыргыздын баары курултайга келди. Биз утабыз" деди.
Курултайды уюштуруу иши мурдагыдай эле аксаптыр. Эл көп, тартип аз. Акүй, кандай болгондо да сестеп калды. Түндүк-түштүк маселесин курчутуп жиберишпесе эле болгону, мен саясатчымын дегендер. Кезинде Темир Аргенбаевич чоң саясый ката сөз айтып алып, улам кечирим сураганын да билебиз. Түштүктөн түндүккө көчүп атышса, оңгонунан үйүн таштап келип атышабы, оокаттын айы да.
Курч акыбал - түз финишке чыгар убакыт келди. Акүй куулук кылып октябрда өтө турган шайлоону берилетип жайга ыйгарып койду. Кыязы, орустун кыргыздагы политехнологдору туура көрсөтмө берди көрүнөт.
Жолдошбек
Зарлыкбеков




БТА БАНК Дефолтко учурайбы?
"Аки-пресс Казакстан" маалымат агенттиги тараптан мындай кабарды уккан БТА-Банктын жетекчилиги кредиторлор менен мамилеси түз экенин, карызды белгиленген мөөнөткө ылайык төлөй турганын билдирди. Буга байланыштуу Банк негизги карыздарды төлөөнү 20-апрелден тарта токтотуп туруу боюнча чечим кабылдады. Маалымат булагынын кабарлаганына караганда Банк бардык карыздардын суммасын иретке салып, аларды башкаруунун натыйжалуу программасы болгон кредиторлор жана инвесторлор менен чогуу иштеп чыкмакчы. Бирок Банк клиенттер менен болгон ишти токтотпойт, векселдер боюнча төлөм ж.б. финансылык операциялар жүргүзүлө берет. Анткени бул Банктын стратегиялык негизги иши. Банк Башкармалыгынын төрагасы Анвар Сайденовдун түзүлгөн кырдаалга карата пикирине караганда, акыркы күндөрдөгү окуялар Банктын эларалык кредиторлоруна карата мамилесине да таасир тийгизген. Жөн тил менен айтканда, бир кредитордун шаштыруусу башка кредиторлорго да шылтоо болуп, алар да шаштырып киришкен. Ошондуктан, түзүлгөн кырдаалда Банк эң алды менен чет элдик кредиторлордун акчасын төлөп берүүгө аргасыз болуп турат.
Буга чейин белгилүү болгондой, дагы бир банк "Альянс Банк" кредиторлоруна карыздарды кыстабай туруу өтүнүчү менен кайрылган эле. Бул банк да кредиттик төлөмдөрдү бир жактуу токтото туруу боюнча чечимге келген эле. Бирок кредиторлорго убада кылынган мөөнөт эчак өтүп кетти. Мындай жагымсыз кырдаалды адистер дефолт деп коюшат, мына ошол дефолт эми БТА - Банктын да эшигин каккылап туру.
2009-жыл ичи Казакстан банктары чет элдик кредиторлорго 11 млрд., ал эми кийинки жылы 8 млрд. доллар төлөп берүүгө тийиш. Ал эми жогоруда аты аталган БТА - Банк 3 млрд. доллар төлөөсү керек.


Кризистен кайсыл өлкө көп жабыр тартты?
Эларалык валюта фондусунун маалыматына караганда дүйнөлүк каржы кризисинен Орусия баш болгон КМШнын ондон ашуун өлкөсү өзгөчө запкы тартты. Бул жыл ичи маселен, Орусиянын ички дүң продукциясы алты пайызга азаят. Экономиканын калыбына келүүсү 2010-жылдан эрте эмес убакытта башталып, ошондо ИДП араң 0,5 пайызга өсөт экен. Ал эми Орусиядагы керектөө баалары 2009-жыл аягына чейин 12,9 пайызга өсөт, кийинки 2010-жылда болсо бул бир аз басаңдап, 9,9 пайызга түшөт.
Фонддун божомолуна караганда ушул жыл ичинде КМШнын он эки өлкөсүнүн экономикасы 5,1 пайызга кыскарат.
Дүйнөлүк масштабга келсек, 2009-жыл ичинде ааламдык ИДП 1,3 пайыза кыскарып, 2010-жылда болсо 1,9 пайызга өсөөрү күтүлүүдө. Ал эми өнүккөн өлкөлөргө келсек, үстүбүздөгү жылда алардын ИДПсы орточо эсепте 3,8 пайызга кыскарат.
Атап айтканда, АКШнын экономикасы 2,8 пайызга, Европа чөлкөмүндө 4,2 пайызга, Улуу Британияда 4,1, Японияда болсо 6,2 пайызга кыскарат.
Көңүлгө алаарлык көрүнүш - дүйнөлүк экономиканын кыскарышы менен бирге нефтинин баасы да түшүп отурат. Ушул жыл ичинде ал 46,4 (!) пайызды түзмөкчү.
Даярдаган Бакыт Жолдошев




  Ү ч к а р а а н

Элмира Ибраимова
Бийликтин "Ак жол" партиясынын лидеринин орун басары Элмира Ибраимова мамлекет башчысын сындагандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылып салганын ал өзү журналисттерге маалымдады.
Өткөн бейшемби күнү Элмира Ибраимова партиялаштарына кайрылуу жасап, мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди экинчи мөөнөткө көрсөтүүдөн мурун азыркы курч суроолорго жооп алуу керектигин айтып чыкты.Өлкөдө экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп, журналисттердин жана башка жарандардын коопсуздугу, укуктар жана эркиндиктер чектелип, 2005- жылдагы "мандалак" революциясынан бери маданий деңгээл төмөндөп кеткенине жооп алуу керек деп катуу чыкты.

Уоррен Баффет
Дүйнөнүн эң бай адамдарынын көч башында турган америкалык миллиардер АКШдагы ипотекалык кризистин негизги күнөөкөрү америкалык банктар экенин, банктар тобокел кредиттерди оңду- солду тарата бергендигин баса белгиледи.
Баффеттин пикири менен дүйнөнүн ири державаларынын экономисттери эсептешишет. Бул ишеним Баффеттин дүйнөнүн эң бай адамдарынын №1 тизмесинде тургандыгы үчүн эмес же анын байлыгы 62 млрд. долларды түзгөндүгү үчүн эмес, ал дүйнө экономикасынын инвесторлорунун ичинен дүйнө экономикасынын тамырын кынтыксыз таба билгендигинен пайда болгон.
Мына ушул, планетадагы №1миллиардер азем буюмдарга азгырылбай, инвестициясынын көбүн кайрымдуулук иштерине жумшап келет.

Алмазбек Атамбаев
Бул күндөрдүн таржымалын болочокто лирикалуу жаза турган адамдар балким, минтип жазышмак: "Апрель айынын аяк ченинде ак сирендер атыр жытын буруксутуп турган маалда Аламүдүндүн Арашан айылында Алмазбекке ажолукка талапкер катары ак тилегин, ак батасын багыштап, ак боз атка мингизип, аттанта тургандар чогулуп, аябай жыйын курушту.
Бир белгилей кетээр өзгөчөлүк- арашандык Алмазбек "Ак жолдон" талапкер болот деп жаткан ал кездеги ажо Курманбек Бакиевден алда канча күн болсо да мурунураак талапкерлигин койгондугу болду. Арашандык Алмазбек өлкөнүн № 1 кызмат ордуна шайлоолор ак болушу керек экенин, ак болбосо бийлик бирди көрөөрүн каңкуулап, билекти бек түрүп, шайлоого аттанып турганы".
Айгүл Бакеева