Кыргызстанда

Улуттук уюткулуу ынтымак үчүн
Дүйнө бүгүн чайналып турган мезгили. Бүт адамзатты түйшүккө салган экономикалык каатчылык бир жагынан кысса, экинчи жагынан дүйнөлөшүү (глобализациялоо) агымы майда улуттардын улам бирин мойсоп, дүйнөнүн чоң-чоң бөлүккө бөлүнүү процессин ылдамдатууда.
БУУнун иликтөөсү боюнча акыркы 100 жылдын ичинде жок болуп кетүү коркунучу бар улуттардын тизмесинин ичине кыргыз улуту да кошулуп калгандан бери улуттун мекенчил уулдары улутту сактап калуу аракети менен бир катар иш-чараларды өткөрүп келатышат.
Дүйнөлөшүүнүн күчүнө каршы тура алаар бир гана күч бар. Бул - улуттун нарк-насили, каада-салты, тили. Мына ушул баалуулуктар бүлгүнгө учурап жок болбосо, улут жоюлбайт.
Ал эми улуттук жүзүн сакташ үчүн анын эң башкысы - ички уюткулуу биримдик - ынтымак күчтүү болушу керек. Тилекке каршы бүгүн кыргыз улутундагы ички ынтымак маселеси боюнча баары жайында эмес.
"Улуттук ынтымак жана биримдик үчүн" - деген теманын негизинде жакында Кыргыз улутунун Оң канат урууларына кирген уруу өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү.
Буга чейин Сол канат жана Ичкилик урууларына кирген уруу өкүлдөрүнүн жыйыны бир нече жолу болуп, бир катар кайрылуулары басма сөздөрдө жарык көргөн.
Жыйынга катышкандар уруулардын ынтымагын бекемдеп, аны канаттык деңгээлге көтөрүп, андан улуттук деңгээлге чейин алып чыгуу маселесине келгенде бир добуштан колдоого алынды.
Алгач ар бир уруу өз түзүлүшүн талдап чыга турган болду. Экинчи кадам - Оңдун курултайын өткөрүү, үчүнчү кадам - Оң, Сол, Ичкилик катышкан Улуу Курултай өткөрүү болмокчу.
Буга чейин эле мындай ынтымакка келип, бириккен уруулар да бар болуп чыкты. Маселен, Черик уруусунун "Черик ата" ынтымак фонду, солто уруусунун "Ай тамга" фонду бир катар ынтымак-биримдик иштерин жүргүзүп келатышат.
Оң канат урууларынын маалымат жыйынын өткөрүү демилгечилери сарбагыш уруусунун өкүлдөрү болду. Иш муну менен токтоп калбай, Оң канат урууларынын ишин жүргүзүүчү демилгелүү топ да түзүлмөй болду.

Арыстан Эсенгул




  Дүйнөдө

Б.Обамага түрктөр менен армяндар нааразы
Президент Б.Обаманын 1915-жылдагы Осман империясы тарабынан армяндарга карата жасаган геноциди жөнүндөгү билдирүүсүнө АКШдагы армян диаспорасы жана түрк өкмөтү нааразылык билдирди. Түрктөрдүн пикиринде Б.Обама армяндар менен кагылышууда кырылган түрктөрдү эсепке алган эмес. 1915-жылдагы репрессиялардын убагында 1,5 армян тукум курут кырылганы маалым. Бул окуя бүгүнкү күнгө чейин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болуп келүүдө.




М.Саакашвили же иштей албайт же кетип калбайт
Грузиянын оппозициясы 9-апрелден бери Тбилисинин борбордук аянтында чатыр үйлөрдө жашап жатат. Кечээ күнү алар президент Саакашвилинин Непал конгрессмендери менен макулдашылган кечки сый тамагын үзгүлтүккө учуратышты.




Ирак АКШны айыптады
Ирактын премьер-министри Нури аль-Малик 26-апрель күнү АКШ өткөргөн аскердик көзөмөлдөө операцияларды кескин сындап чыкты. Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларга карабай, АКШнын солдаттары Ирак провинцияларына рейд жүргүзүшүп, шектүү саналган адамдарды кармоосун улантууда.


Петровканын тургундарына "дубинка" жөнөтүлдү
150-200дөй адамдан турган милиция Бишкек - Ош жолун тоскон 200 аялды күч менен таркатууга даярданууда. Жол тоскондордун жалгыз талабы - камакка алынган жашы жетелек балдарын бошотуп берүү. Эске сала кетсек, курд улутундагы адамдар менен болгон кечээки жаңжалда токсонго жакын киши кармалган.


Чет өлкөгө ишке көбүнчө аялдар барышууда
Кыргызстандагы мигранттардын 60 пайызын аялдар түзөөрүн "Хьюман Райтс Ватч" укук коргоо уюму билдирди. Ошондой эле "Өлкөнүн жетекчилиги акыркы жылдарда демократиялык реформалардан бир топ артка кетти, саясый куугунтуктоо жана кысымга алуу учурлары көбөйдү" деп айтылат бул уюмдун тараткан билдирүүсүндө.

Эквадор Президенти шайлоодо жеңип чыкты
Социалисттер партиясынын лидери, Эквадордун азыркы президенти Р.Карреа алдын ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгында президенттик шайлоолордо 49 пайыз менен жеңип чыкты. Р.Карреа муну толук жеңиш катары жар салып да жиберди.

"Аалам-пресс"