Чыңгызхан

(Башы өткөн сандарда)
Орустардын, венгерлердин, поляктардын, немистердин жеңилиши менен Европанын калган элдеринде адам угуп чыдагыс жүрөк титиреткен сөздөр айтылып, монголдор кишинин этин жейт экен, жаш кыздарды кезек менен зордукташат экен, булар жапайы адамдар экен, чийки эт жешип, өздөрүнүн минген аттарынын жалынан бычак менен сайып кан чыгарышып, ат үстүндө ошол канды соруп тамактанышат экен дешип, монголдорду жамандап жатышты. Эгер чындыгында монгол армиясынын кылык-жоруктары ушундай болсо буга чейин багынган эл катары Шибердеги токой элдери, тангуттар, кара кидандар, Түндүк Кытай, Индия элдери, Орто Азия, Жакынкы Чыгыш элдери жамандап жазган жок дегенде бир эпизод бизге маалым болот эле.
Европа элдери Чыгыш элдерине караганда маданияттуу элбиз дегенсип, өзүлөрүн башка элдерден жогору коюшкан. Ал тургай Чынгызханды тарткан сүрөтчүлөр да аны зулум, тиран деп аташкан. А чындыгында Чынгызхан монгол армиясы Европага жортуул жасагычакты эле 10 жыл мурун дүйнөдөн кайткан.(С.С Уолкердин "Чынгызхан" тарыхый романындагы Чынгызхандын сүрөтүн караңыз).
Европалык кээ бир тарыхчылар монголдорду еврейлердин жоголуп кеткен тукумдарынан, алар ээн талаада бир нече кылымдар бою обочо жашап жүрүп жапайы эл болуп калган деп далили жок, ойдон чыгарып жазып жүрүштү. Себеби монголдор Жакынкы Чыгышка жеткенде Израиль тарапка өтпөй, ал жерден ошол замат Чыгыш Европага өтүп, Батыш тарапка бет алгандарын шектүү көз караш менен жазышкан.
Монголдор немис-поляктарды жеңгенден кийин Балкан жарым аралын көздөй жылып, Супатайдын армиясы Венгрияны талкалагандан кийин Австриянын борбор шаары болгон Венаны көздөй жөнөйт.
Монголдордун армиясы Габсбургга келгенде алар душмандын улуту англичан, христиан дининдеги жашы отуздардагы сабаттуу адам болгон бир аскер башчысын кармап алышат. Англиянын королу Иоанн Безземельный француздар менен согушканда көп ээлигинен кол жуугандан кийин, 1215-каман жылында Европадан Чыгышты көздөй качкан адамдардын бири болуп, монгол империясына кызмат кылган адамдардан болушу да толук ыктымал. Эгер андай болсо, бул тарых мисалы монголдордун кан ичкич, киши этин жеген жапайы адамдар деген европалыктардын ой-пикирине карама-каршы келип жатпайбы. (ЧСЭ 505-бет).
Супатай Австриянын шаарларын, кыштактарын бүт талкалап, Вена шаарына жеткени калганда Өгөдөй хан Каракорумда аракты көп ичип каза болгондугу эки аптанын ичинде Европага жаңылык катары жетет. Бул күн тарых боюнча 1241-уй жылындагы 11-декабрь эле. Ошону менен Чынгызхандын неберелеринин ортосунда хан тактысы үчүн күрөш башталып, Европанын калган бөлүгүнө жортуул жасоо ишке ашпай калган.
Чынгызхан өлгөндөн кийин 14 жыл ичинде анын төрт баласы тең бул дүйнөдөн биринин артынан бири көз жумат. Чагатай да ошол эле 1241-уй жылында Өгөдөй өлгөндөн көп узабай бул дүйнө менен кош айтышкан. (Рашид-ад-Дин. "Чынгызхандын урпактары", Колумбия университетинин прессасы. 1971-ж.).
Чынгызхандын неберелеринин ортосунда хан тактыны талашуу 10 жылга созулат. Ал убакыттын ичинде монголдорго баш ийген мамлекеттердин айрымдары монгол империясына салык төлөгөндөн баш тартышкан, ал эми кээ бири төлөшсө да мурункудай көлөмдө Каракорум шаарына жеткиришкен эмес.
Ошентип 1242-жолборс жылында монгол армиясы Чыгыш Европа аймагынан Батый ордо кылган Волга жээгине кайтып келет. Европадан алар мурункудай бай товарларды деле алып келишкен жок, болгону Венгриядан Батый өзүнө ылайыктуу гана жыгач эмеректерин ала келген жана француз туткундарын, анын ичинде алтынды кооздоп жасаган чебер усталарды айдап келишкен.
Монгол армиясынын болгон бул жолку жортуулу Европага да зыян алып келген жок. Италиялык соодагерлер менен келишим түзүп, алардын товарларын Крымдын жээгине саттырганга жакшы шарт түзүштү. Натыйжада венециан, генуез соодагерлеринин товарлары деңиз жээгине келе баштады. Кезегинде славян элдери да түштүктү көздөй барышып Кара деңиздин жээгинде соода-сатык кылышкан.

(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов
P.S.Эгер бул чыгармага кызыккандар, толук маалымат алгысы келгендер болсо, 0 772 41-13-57 телефонуна чалыңыздар.




  Түркстан асманынын жылдыздарынан

Биз билген, биз билбеген
Мадаминбек
(Башы өткөн сандарда)
Негизги күч орустар басып алган, а түбү түркийлердин жери болгон Орунбордон (бүгүн орустар Оренбург деп алышты) келип жатты. 1920-жылдын орто чендеринде мына ушундай кошумча күчтөрдүн арбын келишинен Кызыл Армиянын кубаты арта баштады.
Аскерий, согуш демилгелери колдон чыга баштаганда саткынчылык да күчөйт, оош-бериш оожалат, мына ушул жагдайларды жакшы аңдаган Мадаминбек өз лашкарларынын жандарын сактап калыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. Ким менен? Ким менен сүйлөшүүлөргө барышы керек? Арийне, Паргана Кызыл Аскерлер кошун жетекчилиги менен. Көтөрүлүшчүлөр армиясынын Башкы командачысы Мадаминбек Акматбек уулу 2-Түркстан дивизиясынын башчысы Н.А.Веревкин-Рохалский ортосунда 1920-жылдын 6-мартында Скобелев (азыркы Паргана) шаарында жарашуу бүтүмү түзүлдү. Бүтүмгө ылайык Мадаминбек өзү баш болуп, 3500 лашкары да Кеңеш өкмөтү тарапка өткөн катары эсептелет.
Кеңеш, ушуну менен иш бүтүп, боесу кандыбы? Албетте, жок. Мадаминбектин М.В.Фрунзенин Кызыл Армиясына өтүшү, бүтүм түзүп, жарашууга барышы өтө ашынган каардуу, аео билбес, тажрыйбасы да мол корбашылар Мойдунбек менен Шермухаматбекти (Көршермат) кыжаалатка салып, ал "саткын, динбезери, куйту, эки жүздүү, коркок" катары саналды. Башка корбашылардан лашкарларынын саны, куралдарынын артыкчылык, көптүгү, аброй, беделдеринин жогорулушу боюнча да чексиз өйдө турган Мойдунбек менен Көршермат муну кечире алышпады. Алар сырттан туруп Мадаминбек кыпчакты ушул саткындыгы үчүн өлүмгө буйрук чыгарышты. Акыр түбү Кызыл Армия негизги кубаттуу күчтөр катары таанып турган Мойдунбек менен Көршерматка сүйлөшүүгө Мадаминбекти жиберди. Маргаландан аттанып чыккан "дипломат" Мадаминбек оболу Кадамжайга келди, Көршермат менен сүйлөшүү үчүн. Алдын ала Кароол айылы жолугушчу жер катары белгиленген. Андан кийин Мадаминбек Кызыл-Кыяны ашып, Ноокатка - Мойдунбекке бармак, Мойдунбек менен сүйлөшүү Көк-Жарда жүрмөк. Лекин, Кароол кыштагында Мадаминбек - Сен саткынсың, Мадаминбек! Сен каапырларга сатылдың! Элди, жерди саттың! - деген гана сөздү укту. Сүйлөшүү жүрбөй калды. Андай сөздөрдү айткан Көршермат Мадаминбек менен сүйлөшүүнү эп көрбөдү. Бир ок алып кетти Мадаминбекти. Эгерде ошондо мейли, оң же сол жакка болсун, иши кылып Мадаминбек Көршермат менен сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, Ноокатка, Көк-Жарга барса анын өлүмү башкача, ок менен өтмөк эмес экен. Мойдунбек анын эрендигин түбүнөн кестирип, көчүгүнө тыгып (катынча) өлтүрүштү ойлогон экен.
Ошентип, кыпчак Мадаминбектин жасаты (сөөгү) Кыргызстандын Шыгай (Чоң-Алай районуна кирет) кыштагына коюлган. Кабыр үстүнө орнотулган мармар ташта: "Туруң, бегим! Күнөөлөрүбүздү жууйлу, баскынчыларды Ата журттан кууп чыгалы" деген жазуулар жазылган (латын арибинде).
Ко-ош, Мадаминбек башка корбашылардан кайсы жактары менен өзгөчөлөнгөн?
Биринчиден, ал абак көрүп, орус тилин билген. Экинчиден, азбы-көппү, төңкөрүштүк аң-сезимге эгедер болгон, саясый көз карашы тарабынан жетик абалда турган, акты-караны ажырата алган. Үчүнчүдөн, бул эң башкысы, анда табигый, энесинен туулгандан боюнда мээрбанчылык, калыстык, адилеттик болгон. Мунун өзү аны элдин сүйүүсүнө жеткирген. Дал ушундай сыпаттардан улам ал Кеңеш өкмөтү, Кызыл Армия үчүн кооптуу болгон. Айрым жагдайларда келишүүчүлүккө бара билген. Анын бул сапаттары, албетте, каардуулугу ашынган, - ушуерде туура түшүнөлү, каардуулугу ашынган деген сөз, сөзсүз түрдө орус баскынчыларын, Кеңеш бийлигин орнотуучулардын, Кызыл Армия сабында күрөшкөндөрдүн иш-аракеттерин кечирбөө деп оңдолушу керек, - баскынчыларга аео сезимдери болбогон Көршермат, Катта Эргеш, Кичик Эргеш, Мойдунбек, Аман палван, Рахманкул, Жаныбек казы сыяктууларга караманча жакпаган. Канткен күндө да бүгүнкү эркиндигибизге алгачкы кыштарды койгон, пайдубалын түптөшкөн Мадаминбек Акматбек уулу Түркстан аймагынын өчпөс жылдыздарынан болуп кала берет. Ал жөнүндө учурунда да, азыр да, мындан кийин да дастандар, уламыштар жазыла бермекчи!
Даярдаган
Бектуруш Салгамани




XXI кылымдагы
Байыркы кытайлардын алтын эрежелери

1. Ким менен сүйлөшүү кызык болсо, ошону менен жолугуңуз.
2. Эмне уксаңар ошого ишене бербегиле.
3. "Мени кечирип койчу" деген сөздү адамдын көзүнө карап айт.
4. Жигитиң менен келечекте бирге болом десең, аны менен жарым жылдан көп жолукпа.
5. Бир көрүп сүйгөнгө ишен.
6. Башкалардын үмүтүнө күлбөгүлө. Үмүтсүз адамдын ички дүйнөсү жарды.
7. Адамга анын туугандарына карап мүнөздөмө бербегиле.
8. Жай сүйлөп, бат ойлон.
9. Сизге берилген суроого жооп бергиң келбесе, күлүп туруп "аа, сиз эмне үчүн минтип сурап атасыз?" деп сураңыз.
10. Эсиңердеби, улуу сүйүү менен улуу жетишкендик эң чоң тобокелдик менен байланышкан.
11. Бирөө чүчкүргөндө "ден соолукта болуңуз" де.
12. Бул үчөөнү эстеп жүрүңүз: а) өзүңүздү сыйлаңыз. б) башкаларды сыйлаңыз. в) кылганыңа жооп бер.
13. Майда-барат үчүн чоң достукту бузба.
14. Эгер сиз өзүңүз кетирген катачылыкты сезсеңиз, аны оңдоого аракет кылыңыз.
15. Телефондун трубкасын көтөргөндө күлүп туруп көтөрүңүз.
16. Кээде жападан-жалгыз болууга аракеттен.
Даярдаган
Айзат Жумагулова