РУХАНИЯТ

КМДБнын калпыстыгы:
Акыйкатты таануу исламдын өзгөчөлүгү же динде мажбурлоо, оройлук жок
(Башы өткөн санда)
Бүткүл мусулмандардын энеси АйшаРА айткан: "Куулуу иннаху хаатамул анбийаа,и ва лаа такуулуу ла набиййа баъдахуу" (Албетте, ал хаатамул анбийа деп айткыла, бирок андан кийин пайгамбар жок деп айтпагыла). (Дурри Мансур 5-том, 204-бет
Азирети Мухйуддин ибни Араби айтат: "МухаммадСАВ менен аяктаган пайгамбарчылык: бул тек гана шарияттуу пайгамбарчылык. Пайгамбарчылыктын даражасы эмес. Демек, МухаммадСАВдын шариятын жокко чыгаруучу эч бир шарият келе албайт жана ага бир дагы буйрукту кошо албайт. "Албетте, элчилик жана пайгамбарчылык аяктады. Ошондуктан менден кийин эч бир элчи жок", - деген хадистин мааниси төмөнкүчө: Менин шариятыма каршы башка шарият алып келүүчү пайгамбар келбейт, бирок, качан келсе, менин шариятымдын өкүмү астында болот. Ошондой эле "элчи болбойт", - дегендин мааниси: менден кийин дүйнөдөгү эч бир инсанга жаңы шарият алып келген жана адамдарды өз шариятына чакыра турган элчи келбейт - мына ушул пайгамбарчылык аяктады жана анын эшиги жабылды дегендин мааниси. Болбосо "лаа макаамун нубуввати" (пайгамбарчылык мартабасы аяктаган эмес). (Фатухаати Макиййа, 2-том, 73-бет).
Дагы бир исламдын өрнөктүү муфассири-комментатору Азирети Имам Фахруддин Раазий (544-хижра жылында каза тапкан) мындай айтат: "Акыл - баардыгынын "хаатамы". "Хаатам" үчүн абзел болушу шарт. Карагыла, биздин ПайгамбарыбызСАВ "хаатамун-Набиййин" болгондуктан, пайгамбарлардын эң абзели болгон". ("Тафсири кабир Раазий", 6-том, 31-бет).
Ошондой эле Азирети Имам Абдулваххааб Шеърани мындай жазат: "Билип кой, МухаммадСАВдан кийин пайгамбарчылык биротоло көтөрүлгөн эмес. Тек гана шарияттуу пайгамбарчылык көтөрүлгөн (токтогон)" ("Аль-Йавакитуль-Жаваахир", 2-том, 39-бет) - деп МухаммадСАВ шарияттуу акыркы Пайгамбар экенин айтып, ал эми ошол шарияттын негизинде, шариятсыз пайгамбарчылык токтогон эмес. Алла таала эч качан өзүнүн вахий-аянын МухаммадСАВдын үммөтү үчүн токтотпойт. Бул Алла тааланын МухаммадСАВдын үммөтүнө-мусулмандарга болгон чексиз "рахматы".
Ибн АббасРАнун айтканына караганда, ПайгамбарСАВдын уулу ИбрахиймРА каза болгондо, МухаммадСАВ мындай айткан: "Бейиште ага мөмө берүүчү бирөө бар. Эгер ал жашаса "сыддык" пайгамбар болмок", (Ибни Мажа, Китабул Жанаиз) ".
Эскертеп кетчү нерсе "Хаатамун-Набиййин" аяты 5-хижра жылы түшкөн, ал эми ИбрахиймРА 9-хижрада каза тапкан. Эгер "Хаатам" бир гана акыркы дегенди билдирсе, анда МухаммадСАВ ИбрахиймРАны пайгамбар болмок деп айтмак эмес.
Ошондуктан "Хаатамдын" мааниси да акыркыга эч шайкеш келбейт. Тескерисинче, "хаатамдын" мааниси пайгамбарлардын руханий атасы, мөөрү, эң мыктысы, эң абзели экенин баса белгилеген. Андан кийин үммөттүн ичинен МухаммадСАВдын шариятын өркүндөтүүчү шариятсыз пайгамбарлыкка жол ачык экенин көрсөткөн. Дагы бир хадисте ПайгамбарСАВ келе турган Исага (Махди) "Алланын пайгамбары", деп айткан. "Сахих Муслим", "Зикр-уд-дажжал" бабында үммөттүн ичинен чыга турган "Иса Масийхди" төрт жолу " набийуллах " (Алланын пайгамбары) деген.
ИСААСДЫН ТИРҮҮЛҮГҮ ЖАНА АСМАНДА ЖАШАГАНДЫГЫ КУРАН, ХАДИСТЕ АЙТЫЛГАН ЭМЕС.
" Мухаммад пайгамбардан кийин кыяматка чейин башка пайгамбар чыкпайт…Мухаммад пайгамбардан башка пайгамбар келбейт " , - деп жазышат да дагы башка жеринде: "Иса алайхиссалам катар тартип менен эсептегенде, акыр тарабынан алып караганда пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис саламдан кийинки эле пайгамбар. Анын пайгамбарлыгы шексиз акыйкат… ", - деп өз сөздөрүнө өздөрү каршы жазышат. Мунусу, а түгүл логикага да каршы келет: МухаммадСАВ акыркы пайгамбар, демек Иса пайгамбар да келбейт. Болбосо дагы бир кайталаймын ИсаАС акыркы пайгамбар болуп жатпайбы. Ал эми: "Иса пайгамбар чындыгында келет, буга биз ыкылас кылабыз, ал пайгамбар болгон, бирок пайгамбарлык доорун өз учурунда өткөргөн. Эми пайгамбар болуп келбейт" , - дегендери суу кечпеген кеп. Пайгамбарлык Алла тааланын белеги, белек эч качан кайра алынбайт, пайгамбарчылык даража эч качан кайтарылбайт. Же Имам Жалалуддин Суютинин сөзү менен айтканда:"Ман каала бисалби нубувватихи кафара хаккан" (Ким ИсаАС түшкөн соң пайгамбар болбойт деп айтса, ал чыныгы каапыр" . (Хижажул кирама, 431-бет).
Дагы бир жерде макаланын авторлору: "Кыямат кайымдын белгилеринин бири Иса алайхис саламдын түшүүсү. Иса алайхис саламды Алла таала тирүү бойдон асманга көтөргөн. Азыркы учурда тирүү. Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам Иса алайхис саламды тирүү абалында Мираж кечесинде көргөн", - деп билимсиздик, бейкабарлык менен жазышат.
Анткени, ИсаАСдын тирүүлөй асманга көтөрүлгөндүгү Куранда, Хадисте да айтылган эмес. Аны акыл да кабыл кылбайт. Адам физикалык дене асманга чыгып кетүүсү жана дене тирүү болушуна карабай, жеп-ичүүлөрүн жана баардык материалдык керектөөлөрүн таштап, наркы дүйнөгө кеткен рухтарга барып кошулуусу Алланын сүннөтү-адаты эмес. Ошондуктан Куран Каримде Азирети Исанын каза болгондугу ачык айтылган.
Ахмадиянын негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам АхмадАС мындай деген: "Болуптур Азирети ИсаАС өз денеси менен асманга көтөрүлүп кетсин, анда мунун далили кана? Бирок, алар буга жооп кылып бир да аятты, бир да хадисти көрсөтүп далилдей алышпайт... Эгерде Исламдын жалпы жамаат-агымдарынын хадис китептеринен карасаңыз, " сахих"(эң туура) хадисти мындай коёлу керек болсо " Азирети ИсаАС тирүү денеси менен асманга чыгып кеткен жана качандыр бир убакта жерге кайтып түшөт", деген жазуусу бар бир дагы "вазъий" (ишенимсиз) хадисти да учурата элекпиз. Эгер кимдир бирөө ушундай хадис бар экендигин бизге көрсөтсө, биз ага... акы төлөйбүз. Мындан тышкары тобо келтирип, өзүбүздүн баардык китептерибизди өрттөп таштайбыз. Кыскасы, силердин жаныңарды жай алдырыш үчүн каалаганыңарды кылабыз", - деген. ( Китабул бариййа, 207-208, 225-226-беттериндеги түшүндүрмөлөрдө). Бул чакырыкты албетте мен да колдономун. Мынакей, урматтуу КМБДнын уламалары, эгер силер жалган сүйлөбөсөңөр, эгер силер акыйкат үстүндө болсоңор, мага Куран, Хадистен гана " АСМАНГА, ТИРҮҮ БОЙДОН, … " деген сөз таап бергилечи!
Мен кебимди улантып, адегенде Ахмадия Мусулман Жамааты таянган Куран аяттарына бурамын: Курандын "Маида" сүрөөсүнүн 117-118-аятында ИсаАС Аллага мындай жооп берет: "... араларыңарда болгонумда, алардын ахвалдарын күзөтүп турдум. Бирок, Эй Алла, Сен мага өлүм бергениңден кийин Сен аларды Өзүң назар салып турдуң жана Сен Өзүң ар нерсени көрүп туруучусуң ". (5:117-118). Жогорку аят ИсаАСтын каза болгондугу туурасында кабар берүүдө.
Ошондой эле Курандын дагы бир аяты бар: " Жок, Мухаммад Алланын элчиси гана. Андан мурунку бүткүл пайгамбарлар өтүп кетишкен . Эгерде ал каза болсо же өлтүрүлсө анда сиздер артка кайтып кетесиңерби? ". (Куран, 3:145). Бул аятта да МухаммадСАВга чейинки бүткүл пайгамбарлардын өтүп кеткендиги айтылат. Эгер ИсаАС тирүү болсо, анда Исадан башкалар өтүп кеткен деген эскертүү болот эле го. Куранда ИсаАСтын өлгөндүгүн билдирген дагы бир топ аяттар бар.
Эми МухаммадСАВдын Хадисине токтололу: Алла тааланын Куран китебинен кийин эң туура китеп эсептелген "Ас-Сахих Бухарий де" мындай рабаят кылынат: "...Буга мына бул жоопту аламын: " Сенден кийин бул кишилер кандай өзгөрүп кеткенин сен билбейсиң. Аркага чегинип алар дининен кайта баштагандар ". Муну уккандан кийин, Пайгамбарыбыз айтат: " Мен Алла тааланын саалих (жакшы) пендеси Иса бин Марям алайхиссалам айткандай айтамын: " Мен алардын арасында жашаган учурумда аларды күзөтүп турдум. Ал эми Сен мага өлүм бергениңден кийин Сен Өзүң аларды күзөтүп турдуң ". ("Ас-Сахих Бухарий ", Китабут тафсийр, "Алмаида" сүрөөсүнүн тафсири). Бул хадисти кандай жорусаң да, баары бир ИсаАСдын өлгөнүн жокко чыгара албайсың. Кыскасы, бир топ Курандын котормолору да жогоркудай пикирди тастыктайт. Мисалы: Богуславскийдин 2004-жылы Бишкекте чыккан "Священный Коран" котормосунун 129-бетинде "Аль-Мааида" сүрөөсүнүн 117-аятында: "...но когда Ты взял у меня жизнь...", деп которот.
Азыркы мезгилдеги Ислам дүйнөсүнүн эң белгилүү университети Ал-Азхардын ректору, узтаз Аллама Шейх Махмуд Аш-Шалтут фатва- чечим чыгарган. Бул фатва 1942-жылдын 25-майында "Ар-рисала нын" биринчи томунун 642-бетинде басылган. Анын жарыкка чыгышы ошол учурдагы Египет газеталарында жактоочулар, каршылаштар арасында кайчылаш пикирге себеп болгон. Ал:
"Куран, сүннөт жана ишенимдүү булактарда Азирети Исанын денеси менен асманга көтөрүлгөн жана ушу кезге чейин тирүү, деп ишенүүгө жана ага канаттанууга мүмкүн болгон эч бир бекем далил жок. Азирети Иса жөнүндө Куран аяттары кабарлагандай, Алла таала Иса Масийхге өлүм берет анан аны "рафъа" (көтөрөт) кылып, каапырлар акааратынан сактайт, деп убада кылган. Бул убада шексиз түрдө аткарылды. Азирети Исанын душмандары аны крестке асып өлтүрө алышбады. Бирок Алла таала, анын жашоо мөөнөтүн бүтүрүп, ага өлүм берди жана өзүнө "рафъа" (көтөрдү) кылды " ("рафаъа" мааниси материалдык көтөрүү эмес, руханий же даражаны көтөрүү - автор А.Б.).
Ошондой эле, аталган макаланын авторлору да Мээраж тууралуу хадисти тыкыр окуган эместей, бирөөлөрдүн айтуусу менен жазгандай. Себеби, хадисте макаланын авторлору жазгандай: " Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам Иса алайхис саламды тирүү абалында Мираж кечесинде көргөн ", - деген нерсе жок. Көңүл буруңуз, Муфтинин уруксаты менен "Бишкек хадис изилдөө борборунун" "Сахих Аль-Бухари" хадис китебинин (Бишкек, 2005) 547-бетиндеги 25-бап. Асманга чыгуу (ме,раж) хадисин карайлы: "… эң төмөнкү асманга жеткенимде, ал жерде Адам алейхиссаламды көрдүм…(экинчи асманга) жеткенимде" ал жерде бөлөлөр Йахйа менен Исаны көрдүм…(үчүнчү асманга) жеткенимде, ал жерде Юсуфту көрдүм…" ушундай тартип менен төртүнчү асмандан ИдрисАСты, бешинчи асмандан ХарунАСты, алтынчы асмандан МусаАСты, жетинчи асмандан ИбрахиймАСты көргөнүн баяндаган. Ал хадистин бир да жеринде "Исаны тирүү бойдон көргөн" деген мааниге кенедей да ишаарат жок. Аны болгону макаланын авторлору кошуп салышканбы, чала окушканбы, билбейм. Ушул аты аталган пайгамбарларАСдын баары тең каза болгону баарыбызга белгилүү. Ал эми ИсаАС тирүү болсо, ошол каза болгон пайгамбарлардын арасында эмне кылып жүрөт? Дегеле, хадисте ИсаАСдын тирүүлүгү тууралуу эч кандай шилтеме берилген эмес. Өлгөндөрдүн арасында жүрсө, демек ИсаАС да каза болгон.

Асылбек Бектенов