Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев
(Быйыл 76 жашка чыкмак)

Алатоо журтуна аттын кашкасындай таанымал эл акыны Эсенгул Ибраев бүткүл өмүрүн чыгармачылыкка арнап, чыгармачылык деген табы ысык, керемет дүйнөнүн отуна күйүп жашады; жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт демекчи, калың журтунун кубаныч, күлкүсүнө маңдайы жарыла, кусамат кайгысына жүрөгү канап, дили өрттөнүп жашады, акыркы деми чыгып кеткичекти поэзия деген улуу, ыйык дүйнөгө кызмат өтөп, ага чаң жугузбай, өз ыйманына камчы чаппай өттү. Ошонусу менен элдин эсинде калды. Кандай шартта жашабасын, кайда жүрбөсүн сыйкырдуу калемин колунан түшүрбөй, күжүрмөн шахтерго окшоп, талыкпай ыр кенин каза берди.
Акындын чыгармачылык диапазону кенен. Ал көп кырдуу талант ээси болгондуктан, лирика, сатира, тамсил, фельетон, балдар ырлары, көркөм котормо жаатында иштеп келди. Дагы бир белгилей кетчү жагдай - Эсенгул өзүнүн көп жыл мурдагы же жаңы жазган ыр-поэмасы болобу, эл алдында кагаз карабай, уккулуктуу кылып жатка айтаар эле. Угуп олтургандарды поэзиянын сыйкырдуу күчү менен арбап алчу. Бул сейрек кездешүүчү касиет. Эсенгул Ибраев өспүрүм кезинен тартып эле ар кандай кароо-сынактарга, олимпиадаларга катышып, жазган ырларын жатка айтып, такшалган жайы бар. Өмүрүнүн акырына чейин чыгармачылык менен алпурушту. Жашоосунун акыркы күнү да төрт сап ырын жазып, бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жылдыздай "жылт" деп
келишти,
Жылдыздай жаркып
беришти.
Ыр - деген улуу ыйык сөз,
Коеюн, КОШ БОЛ, чекитти!..
Сапар Рысалиев





ДУРУСТУР
Билем, билем, турмуш деген ушундай,
Бирде утмай, бирде болот утулмай.
Келе жатам өзүмдү өзүм түзөтүп,
Жүрөйүн деп калыбымдан бузулбай.

Пейлим таза, таза ниетим, жүрөгүм,
Кудай күбө, өз огумда жүрөмүн.
Ачуум келген кезде ага жеңдирип,
Назар шагын сындырбадым бирөөнүн.

Адам ар кыл, ачык айтсам кысынбай,
Ачуулуу бар Анархайдын кышындай.
Бири жүрсө көңүлүмө көө сүйкөп,
Бири мактайт Апендинин кызындай.

Бактым ушул, балдарыма өрнөкмүн,
Эки башка мамилеге көнбөпмүн.
Эгер мындай кыйчалыштык болбосо,
Жакынымдан жатты кантип бөлмөкмүн.

Ичке каткан бир сырымды угуп тур,
Жаздан көрө күздүн суусу тунуктур.
Көшөкөрдүн мактоосунан көрөкчө,
Көралбастын ачуу сөзү дурустур.