ИНСАНИЯТ

Чыңгызхан
(Башы өткөн сандарда)
Белу королдун армиясы эл жашаган кыштактагы болгон темир, жыгачтарды чогултуп, кыштакты тегерете түнү менен тосуп чыгышат. Монголдор да сүйрөп жүргөн катапульттарын кыштакты тегерете курчап тосуп чыгышат да, бирок Венгриянын ошол кездеги борбору болгон Будапешт шаарын көздөй кеткен жолдо бир жылчыкты тоспой калтырып коюшат. Монголдор бул жылчыкты атайы калтырган, анткени Будапештти көздөй качкан жолдо сормо саз болгон, качкан жоо сормо сазга жеткенде монголдордун жоокерлери аларды тосуп, кырганын кырып, калганы сормо сазга тыгылып, баары бир өлүмгө дуушар болушмак.
Белу королунун жоокерлери түнү менен кыштакты тосуп жатышканда, монголдор заматта кыштакты тегерете катапульттарын орното коюшуп, от аралаштыра ата башташат. Түнү менен кыштактын үйлөрү, жыгач сарайлар, малканалар күйүп кыштакты өрт каптайт. Кыштактагы аскерлер менен калган эл тополоң тоз түшүп, каршылык көрсөтүүгө чамасы жетпей, монголдор калтырган жылчыкты издеп табышат да, качып жөнөшөт.
Монголдор атайы калтырган жылчык аларды түздөн түз өлүмгө алып бараткан жол эле. Эч ким тирүү калган эмес, өлгөндөн калганы денесине согуштун эч тагы калбастан бүт сазга чөгүп өлүшкөн.
Ошол доордогу архиепископ Спалатолук Фома "de Peste Tartоrит" -"Татар чумасы" деген китебинде мындай деп жазылган эпизоддор бар: "монгол-татарлар венгерлерге катуу кыргын салды, кыргында өлүктөр бактан түшкөн жалбырактай жайнады, кан арыктан аккан суудай болду".
Венгер жоокерлери монголдорго каршылык кыла алышпаганда, чиркөө кызматкерлери монголдордун көпчүлүгү христиан экенин билишип, өз кудайларына жалына башташты. Бирок монголдор ага карабастан архиепископторду көптөгөн рыцарлары менен кошуп туруп кырып ташташты.
Монголдор венгер аскерлеринин көбүн кырып жок кылат, король Белу IV өзү Адриатика деңизин көздөй түштүккө качып жөнөгөн. (Конерман Стефан. Жан Нюсберг. "Монголдор Азия жана Европада". Лондон 1967ж.).
Европа рыцарлары тарыхта буга чейин мындай кыргынга учураган эмес, ошол кездин тарыхчысы Рочиром де Торре Маггиоре "Венгерлердин монгол-татарлардын кайгылуу жеңилиши" деген китебинде "бул чоң дубалдуу шаарлардын рыцарлары буга чейин эч ким көрбөгөндөй кырылды",-деп жазып кеткен.
Орто кылымдардагы Европаны чөгөлөткөн монголдор 1241-уй жылында өздөрүнчө той өткөрүштү.
Ошол жылы 6-октябрда Европада жарым саттай убакыт асмандан күн көрүнгөн жок. Табигаттын мындай кубулушун Европа эли монголдор элди эбегейсиз көп санда кырып өлтүрүшкөнү менен байланыштырып, бул да болсо кудайдын кудурети менен жасалган иш деп жорушту. (Бүткүл дүйнөлүк Астрономиялык календары. Новосибирск ш. 1980ж).
Күн тутулганы жөнүндө ошол кездеги венгер архиепискобу Бордо мындай деп эскертүү калтырган: "Булар тозоктун киши жегичтери, адамдар өлгөндөн кийин алардын этин жешет экен, сөөгүнө чейин эч нерсе калтырбайт, мындай этти талаадагы жорулар да жебейт".
(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов
Эгер бул чыгармага кызыккандар, толук маалымат алгысы келгендер болсо, 0 772 41-13-57 телефонуна чалыңыздар.




  Түркстан асманынын жылдыздарынан

Биз билген, биз билбеген Мадаминбек
"1919-жылдын биринчи айында Мадаминбектин кол астында 16000дөй киши болгон, бул - бул чоң армия" - деп тастыкталат Паргана аймактык кеңешинин наамына ошол жылдын 27-январында жолдонгон өтө шашылыш маалыматнаамада. Дал ошол жылдын ортосуна жетпей анын колу 25000ге жетет. Бул учурда Көршерматта 20000, Мойдунбекте да ошончо, Катта Эргеш корбашыда 15-16000 аскер болгон.
Өзбекстан Президенти Ислам Каримов 1998-жылдын августунда Парганада болгон эл жыйынында Мадаминбектин наамына, анын бороон-сүрөндүү турмушуна, улутпарвар, түркчүл, даана акылгөй инсандын тагдырына татыктуу баа берип, Кеңеш өкмөтүнүн түзүлүш чактарындагы бул инсандын адилет, таза, көрөсөндүк менен иш алып барганын өз ордуна коюп, чын ниетинен минтип билдирди: "Мадаминбек - ууру, кески, жалганчы болбогон. Азаттык, адилеттик үчүн күрөшкөн" ("Калк сөзү", 1998-жыл, 11-август).
Мадаминбек уюштургуч жөндөмдөгү лашкарбашы гана болбостон, уста саясатчы, чебер дипломат да болгон. Ал Паргана чөлкөмүндөгү корбашыларды бир байрак астына топтоду. Бухара амири Саид Алимхан (1881-1994) жана Хива хандыгынын аракеттеги өкүмдары Жунайхан, (1857-1938) менен биргеликте күрөшүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Самарканд тарабынын көтөрүлүшчүлөрүнүн жетекчилери Бахрамбек ( - 1922), Ачылбек (1883-1923) менен сүйлөшүүлөрдү алып барыш үчүн элчилерин жиберди. Ооганстанга, Түркияга да колдоо тапканга жөндөмдүү, ишенимдүү адамдар жөнөтүлдү. Россиянын Кашкардагы (ЧТР) консулу Успенский жана Улуу Британ консулу П.Эссертондун колдоо, көмөктөрү аркылуу дүйнөлүк "сахнага" чыгууга, Европа менен Америкадагы өлкөлөр аркылуу большевиктерге каршы күрөш алпарууга аскердик жардам алганга жетишкен. Арийне, Мадаминбектин бул аракеттери эл аралык даражада сезилерлик, көзгө түшөрлүк утуштарга жетише албаса да, Паргана аймагында жашаган, Кеңеш бийлигине каршы турган күчтөрдү бириктириште зор аброй апкелген.
Мадаминбек Акматбек уулу тарабынан дипломатиялык саясаттын иштиктүү жүргүзүлгөндүгүнүн акыбетинде 1919-жылдын 22-октябрында Паргана Мухарият өкмөтү түзүлгөндүгү азаттык тилеп көтөрүлгөндөрдүн санын арбытты. Өз алдынча, эч кимге эмес, жалгыз Мадаминбекти байрак катары көтөрүп, Мухтарият армиясын түзүү иши өтө тездикте жүрүшүп кетти. 1919-жылдын кеч күзү ченде, дал ошондой себептер менен Мадаминбектин армиясы 30 000ге жетти, булардын биринин да дилинде Кызыл Армияга деген "сүйүү" болбогон. Дал ушул чактарда Көр Шерматта да, Мойдунбек Осмонали уулунда да 20 000, Катта Эргеште 8000 жигит болгон. Мына ушул күчтөр кайсы бир ченде Мадаминбектин "белине - бел, колуна - кол" болуп, кубат берип турду, мунун өзү Мадаминбекти кайсы бир деңгээлге кубаттантып, шаттантып тургандыгы да анык.
Кеңеш өкмөтүнүн, большевиктердин иш-аракеттеринин оңсуздугу, жергиликтүү кыргыз, кыпчак, түркмөн, сарт, уйгур сыяктуу түркий тилде сүйлөгөн, ислам динин тутунган элдин каарын кайнатып, жинин келтире берди. Мунун өзү алардын улут ара араздарын жоюп, бир муштумга бирге түйүлүшүн шарттап турду. Түркстан фронту, Түрк комиссия, Түркбюро, азыраак өтүп РКП(б) Марказий (Борбордук) комитети сыяктанган, калп жерден өң, боек сүртүлгөн уюмдар түзүлүп, Москва тараптан жергилик "тополоң" иштерин токтотушка тынымсыз аскерлер жөнөтүлүп турулду.
Даярдаган
Бектуруш Салгамани




Адам жөнүндөгү кызыктуу маалыматтар
- Орточо эсеп менен адамдын мээси 1400 гр, пилдики 5 кг, жылкыныкы 500 гр. Уйдуку 350 гр, доңуздуку 150 гр.
- Чачы адаттагыдай өскөн адамдын өмүр бою өскөн чачын бириктирсе, узундугу 700 чакырымга чейин жетет.
- Адамдын жүрөгү мүнөтүнө 60-80 жолу соксо, жылкыныкы 40 ирет гана согот.
- Эгер адам кызарса, ашказаны кошо кызарат.
- Адамдын ичиндеги май чоң жети самын жасоого жетет.
- Адам күнүнө мээсинин 85 миң клеткасын жоготот, ал эми жаңы пайда болгон клеткалардын саны болгону 50нү түзөт.
- Адамдагы жылуулуктун 80 пайызы баштан чыгат.
- 60 жаштагы адамдардын көпчүлүгү даам билүүнүн 50 пайызынан айрылат.
- Бир тал чач 3 кг салмакты көтөрө алат.
- Адамдын өмүр бою иштеп чыгарган шилекейин чогултса эки чоң бассейн болот.
- Ар адамдын тилинин (өзгөчөлүгү) изи ар башка болот.
- Мээнин 80 пайызы суудан турат.
- Адамдын көзү өткүчө ар бир манжасы орточо эсеп менен 25 миллион ирет бүгүлөт.
- Кырк аякка салыштырмалуу адамда булчуң аз.
- Ар бир адамдын денесинде жер жүзүндөгү адамдардын санынан да көп тирүү микроорганизм жашайт.
Даярдаган Айнагүл Кутманова