Түркүн тагдырлуу жолбашчылар
А.Гитлер - ХХ-кылымдагы №1 аскерий кылмышкер, үчүнчү аялдын баласы. Улуу Ата мекендик согушту жеңип алганда азия улутундагы башка элдер сыяктуу эле кыргыздар да арийлердин кулчулугунда түбөлүк калмак, же жалкоо, түркөй эл деп табылып, биротоло тукум курут кылынмак. Андыктан кечээ бир кеңкелестердин "ошондо Гитлер эле жеңип алганда азыр бирден "мерс" минип, жыргап жүрмөкпүз" дегендери болбогон кеп. Атасынын башынабы…
Гитлерди кичинесинен энеси чексиз тайраңдатып өстүргөндүктөн, ыксыз көйрөң, көтөнкооз болуп өскөн экен. Болочокто улуу сүрөтчү болом деп кыялданып, Вена академиясынан үч жолу экзаменден кулаган. Кийинчерээк майда-барат сүрөт тартып жан баккан. Фон Либенфельс аттуу улутчул жазуучунун китептерин окуй баштагандан тартып, арий расасын коргоону өмүр максатына айланткан. Советтик Армия токтотпогондо, ал максаты ишке ашып кетмек.
Ал эми В.И.Ленин кыргыздын тарыхында улуу инсан, жолбашчы катары кала берээри шексиз. Анткени кылымдар бою тоо-таш аралап, көчмөн болуп келген кыргызга эгемендикти алгачкы жолу ушу киши алып келди десек болот. Муну танып болбостур. Лениндин жүргүзгөн улуттар саясаты дүйнөдө теңдешсиз, туура саясат эле. Ал куруп кеткен өкмөт жетимиш жылга жакын жашап, кубаттуу державага өсүп жетти, бирок өздөн чыккан өрт жаман дегендей, төбөсүндө кандын уюган тагы бар Нышанбек - М.Горбачев өңдүү чыккынчынын айынан чилдей тарады. Эгемен болдук деген менен бир да республика жыргап кеткен жок, тескерисинче баш-аягы түгөнбөгөн өз көйгөйлөрүнө өзүлөрү көмүлүп, элдеринин шору кайнап жатат, президент-хандар болсо өз бийликтерин сактап калуу, туушкандарын байытуу менен алек. В.И.Лениндин бирден бир жаңылыштыгы - кудай жок деп, динден жүз үйүрдү. Ошондуктан курган өкүмөтү да кудайдын колдоосуна ээ болгон жок, канчалык кубаттуу, орноктуудай көрүнгөнү менен бир күндүн ичинде жок болду. Эгерде Ленин Кудай менен бир болгондо СССР АКШ сыяктуу түбөлүк, зор держава болуп тура бермек. Мындай ачуу сабак бизге да үлгү болсо жакшы болоор эле. Биздин эл башылар мамлекетибиз өсүп-өнсүн десе кудайга сыйынып, андан тилек кылуулары зарыл. Светский мамлекет болобуз дегенибиз менен анын кууралын гана тартыбатканыбыз болбосо, жыргалын көрө элекпиз, анткени кыргыз өзү светский болуп деле кыйратпачу эл, табияты, менталитети таптакыр башка. Кыргыз эч качан европалык калктай болалбайт, анткени ал азиаттык калк.
Бакыт Жолдошев




Жамин Акималиев, академик:
"Алмаз Атамбаевдин талапкер болгону оппозициянын жетишкендиги"
-Жамин агай, БЭК президенттикке оппозициядан СДПК лидери Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Оюңузда чечим туура болдубу?
-Оппозициянын биригип бир талапкерди көрсөткөндүгү - оппозициянын жетишкендиги. Көп жылдан бери эле куру намыстарын жогору коюп эле бириге албай келишкен. Мен буга чейин айтып эле келгем, кандай гана бийлик болбосун, тийиштүү, конструктивдүү оппозиция болмоюнча өлкө өнүгө албайт, кандайдыр бир жылыштардын белгилери болбойт. Ошондуктан, мындай кадамдары өздөрү үчүн да, коом үчүн да жакшы болду. Буга чейин окуп, угуп, көрүп жаттык да. Улам эле бири жарабайт, ал татыктуу эмес, андай-мындай деп эле жатышат, анан бул шайлоого Курманбек Бакиев жалгыз чыга калса эл үчүн жакшы болбойт эле да. Эл шайлоодо тандоо кылып бир бүтүмгө келип өздөрүнүн талапкерин көрсөтүшмөк. Албетте, Бакиевдин жөндөмүнө, анын ишти алып кетээрине эч кандай күмөнүм жок, аны губернатор, премьер болуп тургандан бери жакшы билем. Бирок, жалгыз өзү талапкер болуп чыгып калса Кыргызстан үчүн жалпы көрсөткүч начар болуп калмак. Ошондуктан, мен күтүп жаткам, "оппозициядан жакшы бир талапкер чыкса, алардын ар багыттуу ишмердүүлүктөрүн, ийгиликтерин, билимин, маданиятын, көз карашын эл талдаса" деп ойлогом.
-Ал эми Алмаз Шаршенович кандай талапкер деп ойлойсуз?
-Алмаз Атамбаевди мен абдан жакшы билем. 1995-жылдан 2000-жылга чейин экөөбүз Жогорку Кеңеште да бирге олтуруп, иштешип калдык. Ошол кезде ал өзгөчө жаштардын ичинен атылып чыккан, сабаттуу, тың, өзүнүн көз караштарын бетке айткан жигиттердин бири. Ошондо эле төбөсү элге көрүнүп калган. Акаевдин учурунда да көп окуялар болду, Акаевден да кордук көрүп калды. Анан келип-келип премьер-министр болду. Ал жакшы эле иштеп берди деп айтсам жаңылышпайм. Атамбаевдин чоң эмгеги ошол кезде оппозициядан бийликке келип өлкөнүн тынчтыгын сактап калды.
-Өзүңүз жакшы билесиз, кыргызстандыктардын жарымынан көбү айыл чарбасы менен жан сакташат. Ал жагын кандай баалар элеңиз?
-Чарбачылык боюнча да тың жигит өзү. Канча жыл заводду башкарып келди. Эми чоң заводдорду тегирмендин ташындай айлантып, өндүрүшүн өнүктүргөн жигит айыл чарбасын деле жаман билбесе керек. Премьерлик кызмат деле чоң тажрыйба да. Аны да башынан өткөрүп калбадыбы. Ошондуктан, саясый жагынан да такшалган Атамбаевдин оппозиция катарынан талапкер катары чыкканы биздеги шайлоонун сапаттуу жүрүшүнө көмөк болот деп ойлойм.
-Демек, оппозиция тандоодон жаңылган эмес?
-Оппозициянын арасында да мен билген татыктуу жигиттер бар. Мүмкүн Атамбаевден да күчтүүлөрү бардыр, бирок, мен үчүн негизгиси оппозициянын бириккени болуп жатат. Булар бириге албай ары-бери талашка түшүшөт го деп ойлоп жаттым эле. Бирок, андай болбой, биримдикке келишти. Эми кимди шайлап алат, аны убагы келгенде эл өзү чечип алат.
-Алмаз Шаршеновичти көп жылдан бери ар тараптан жакшы билем деп жатпайсызбы, анын өлкөнүн багытын кандайдыр жолдор менен өнүгүүгө алып кете тургандай кандай ойлорун баалап каласыз?
- Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи "кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат" деген. Ошол сыңары оппозицияда жүргөндө элдин пикирин угуп, элдик болуп жүрүп эле, анан бийликке келгенде эле башкача болуп калышат. Ошондуктан мен аны бийликке келгенде кандай болот, айта албайм. Турмуш деген өзү чоң сыноо, убагы келгенде анын өз орду болот. Шайлоо алдында бардык программалар жакшы боло берет, ал эми ишке келгенде кандай болоорун биз башыбыздан өткөрүп, көрүп жатпайбызбы. Бийлик деген адамды биринчи сынайт, экинчи жагынан бузуп жиберет. Жалпы жонунан мен анын өзү көрсөткөн көрсөткүчтөрүн айттым.

Күнболот
Момоконов




Акысы жок
Эрнст Акрамов - сөз жок, мыкты догдур. Кадыр-барктуу. Анткен менен ал кишинин эгерим элеттен келген кеселманга да бир ооз кыргызча сүйлөгөнүн эшиткен жан жок. Жалаң орусча сүйлөйт, демек, кыргызча билбейт деп айтыш айыпка жатпайт. Ошо кишини Эл Баатырлыгына көрсөтүшүүдө. Албетте, кеп анын өзбектигинде эмес, мамлекеттик тилди билбегени, билгиси келбегени жөнүндө болууда. Тажик М.Миррахимов, өзбек учкуч С.Шарипов Баатыр болгон. Миррахимов го билчү экен. А Салижан деле билбесе керек.
Мамлекеттик тилди билбеген киши, жо-ок, аныгы, сыйлабаган киши анан ошол мамлекеттин Баатыры болушка укуктуубу? Акысы барбы?!. Кызык!..

Ширин Алик кызы, БГУнун студенти