Кыргызстанда

"Ата Мекен" менен СДПК биригет
Тагыраак айтканда, келечекте биригээри туурасында макулдашышты.
Саясый серепчилердин божомолуна ынансак, бул эки таасирлүү партиянын биригиши алдыдагы президенттик шайлоолор менен байланыштуу болушу ыктымал.

МЧСтин адистери космостон түшкөндөй болушат да?
МЧСтин өкүлү И.Ормонов деген азамат Баткен облусу боюнча 259 үй- бүлө сел жүрчү кооптуу жерлерден көгөрүп, көчпөй отурушканын айтты. Итке минген баткендиктер там салганга акчасы болбосо кайсыл жакка көчөт, муну чиновник билбейт сыягы.

Министр М.Мамбетов эмнени баштап жатат?
Дүйнөдө дары-дармектин 700 миң түрү болсо, анын 4 миң гана түрүн Кыргызстанга ташып келсе болот. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда бизде катталбаган дары түрлөрүн республикага ташып кирүүгө чукул уруксат берчү комиссия түзүү өтө зарыл имиш. Иши кылып, иш жокто табылган иш да.

Оппозиция А. Атамбаевди президенттикке талапкер атады
Оппозиция өзүнүн узакка созулган кеңешмесинде "тепкилеп, ийлеп" отуруп А.Атамбаевди өлкө башчысы болгонго татыктуу деп тапты. Жакында өтчү курултайда оппозиция аны өз талапкери катары расмий түрдө атай турганы белгилүү болду.
"Мен жеңип чыгаарыма көзүм жетет,"- деп билдирди А.Атамбаев мырза өзү. Анын айтуусунда, шайлоолор калыс өтөөрүнө бүгүн эч ким ишенбесе да, бул жолу эл өз добушун коргой алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Авиабаза 18-августта чыгарылабы же…
Жамааттык коопсуздук уюмунун (ОДКБ) генералдык катчысы Н.Бордюжа Бишкекке келип кетти. "Манастагы" база региондогу коопсуздукка таасирин тийгизет деп ойлобойм, - деди ал. - База Ооганстанга жүктөрдү транспорттоо үчүн гана ачылган. Аскерий эмес жүктөрдү ташуу боюнча келишимдер азыр Орусия, Казакстан жана Тажикстан менен түзүлдү". Орус бийлигинин өкүлүнүн пикири боюнча "Манастагы" америка базасы чыгарылып кеткенден, кыскасы, эч нерсе өзгөрбөйт, республика эч нерсе жоготпойт. Президент К.Бакиев болсо КР бийлиги авиабаза боюнча АКШ менен жаңы сүйлөшүүлөргө ачык экенин айтканын эстесек, базанын 18-августта чыгып кетээри күмөн.




  Дүйнөдө

Араптар менен Батыш тил табышпайт
БУУнун расизм боюнча өтүүчү саммитине Батыштын 7 өлкөсү бойкот жарыялашты. Самиттин ачылышында Иран президенти Махмуд Акмадинежаддын чоң баяндама жасоосу күтүлүүдө. Израилдин тышкы иштер министри А.Либермандын пикиринде, аталган саммиттин "максаты жана мүнөзү" ачык көрүнүп турат. Арап өлкөлөрү болсо Израилди көрөйүн дегенге көздөрү жок.

Индия космоско спутник учурду
Кечээ, дүйшөмбү күнү Индия орбитага өзүнүн алгачкы чалгындоочу спутнигин чыгарды. Бул спутник кандай гана аба ырайы болбосун, чалгындоо үчүн дүйнөнүн каалаган жерине чагылдырып бере алат. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө азырынча мындай спутникти космоско чыгарууга зарылчылык жок.

Куриль аралы япондорго өтүп кетсе кыргыздар кантет?
Япон өкүмөтүнүн атайын өкүлү Сиаторо Яти " Орусия менен жакшы байланышта болууну кааласак, Түштүк Куриль аралдарынан биротоло баш тартуубуз керек" деп маек жарыялап, япон коомчулугунун каарына кабылды. Япон бийлиги болсо Түштүк Курилди кайрып алуу боюнча расмий позиция өзгөрбөй турганын билдирди. Ишти 12-майда Токиого сапар менен барчу В.Путин чечет.
Курилдин теңи Японияга өтүп кетсе, анда иштеп жүргөн кыргыздардын күнү кандай болот, белгисиз.

Монакодо кыргыз байларынын акчасы барбы?
Калкы 35 миң гана адамды түзгөн Монако княжествосунда тарыхта биринчи жолу африкалык диктатордун банк эсептери текшериле баштады. Дүйнөнүн бардык булуң бурчунан ачып келчү акчалардын мекени Монакодо эл башы принц Альберт кичине чочулап турат. Криминалдык капиталды сактап жүрөсүң деп буга да айып тагылышы мүмкүн.

"Аалам-пресс"