Чыңгызхан
(Башы өткөн сандарда)
Супатай Венгриянын көпчүлүк бөлүгүн кыпчактар түзө тургандыгын өзүнүн тыңчылары аркылуу билип, ал жакка 50 миң жоокер жиберет. Ал эми Польшага жана Германияга болгону 20 миң жоокер жөнөйт. Монгол аскерлери Батыш Европа шаарларын биринин артынан бирин чагылгандай тез багынтып, улам арылап жиреп кете беришет. Ошол кезде Ганзей союзуна кирген Вена дубалына чейин тай чабымдай аралык калат.
Германиянын журт башчысы герцог Силезкий Генрих III монголдор менен кандуу кармашка салуу үчүн Германия, Польша, Франциядан 30 миңдей аскер чогултат. 1241-уй жылынын 9-апрелинде Польшанын батыш чек арасында Германия менен чектешкен Лингиц деген жерде монголдор менен көптөн күткөн салгылашуу болот. (ЧСЭ 291 бет) Монголдор талаа жеринде жакшы согушкан үчүн Лингиц шаарынан он чакырымга жетпеген түз талааны тандап алышат. Генрих өзүнүн атчан аскерлеринин алдыңкы канатын монголдорго каршы чабуулга чыгарат, монголдор жаа менен жер жайнатып ок атып, атчандардын чабуулунун мизин кайтарып коет. Андан кийин немецтер атчан аскерлердин экинчи канатын жиберишет, монголдор аны араң жеңген сыяктуу көрүнүш жасашат. Акыры Генрих үчүнчү атчан жоокерлер корпусун жиберет. Мына ошондо монголдор жеңилген түр менен артты көздөй качып жөнөшөт. Рыцарлардын оор темир кийимдерин кийген жоокерлердин аттары көп узабай эле чарчап, немис атчандар корпусунун арасы суюла баштайт. Ошол кезде монгол армиясынын токойдо буктурмада турган бөлүгү талаага түтөгөн окторду атышып, немистердин эки тарабынан кысып, катуу чабуулга өтүшөт. Алданган немис, поляк жоокерлери монголдордун күтпөгөн курчоосунда калышып, туш тараптан жайнап атылган жааларга тирүү бута болуп беришет.
Ошол кездеги тарыхчы Ян Длугож согуш талаасында болгон окуяны мындай сүрөттөгөн: "Огромные головы с отверстиями, из которых вдруг повалил дым и отвратительный запах, от которого поляки чуть не потеряли сознания и были уже неспособны драться" (Монгол-немис-поляк согуш планынын схемасын караңыз).
Душмандарды алдоо максатында белгисиз аралыкка чейин качып барышып, алардын жоокерлеринин катары бузулуп созулуп калганда монголдор аларды четинен каптап кирип кыра баштаган. Монголдор мындай айлакерлик согуш тактикасын көп майдандарда колдонушкан жана бул ыкма монголдорго дайыма үзүрлүү натыйжа берген.
Согушта поляк-немис жоокерлеринин көбү набыт болуп, тирүү калгандарын монголдор колго түшүрүп, Чыгышка, Жунгария жерине минералдык тоо кендерин иштетүүгө алып жөнөшкөн.
Европалыктар Генрихтин 35 миң аскерден турган армиясынын талкаланганын бири-биринен угуп таң калып, жакасын кармап жатышты. Туткунга түшкөндөрдү, айрыкча тоо инженерлерин чыгышка тоо кендерин иштетүүгө алып кетишкенде, европалыктар аны түшүнгөн да жок. Колго түшкөндөрдүн арасынан каруу-күчкө жарактууларын монголдор Каракорум шаарына, курулуш иштерине алып кетип жатышты.
Бул Венгрияда боло турган согушка карата европалык мамлекеттердин көңүлүн алаксытуу максатында монголдор тымызын жүргүзгөн согуштук тактика болчу. ("Монголдордун Евразия маданиятын басып алышы" Кембридж университетинин прессасы. Великобритания 2001-ж.).
Армиясын монголдор талкалагандан кийин Польша менен Германия шаарларында бир да киши калбай түштүк жакка жапырт чегинип кетишет. Айыгышкан салгылаш болгон жерде Герцог экинчинин башы жок денесин табышканда, ал жерге энеси монах кызматкери Святая Ядвиганы алып келишет. Энеси сол жак бутунун алты манжасын көрүп, ошондон кийин баласынан айрылганын билип, өзүнүн эс-учун жоготуп коет. Кийинчерээк чоң кыргын болгон эки токойдун ортосун Пруссия согуштук машыгуу талаасына айландырып ташташкан.
Ошол эле убакта Супатайдын армиясы Венгриянын бир топ жерлерин багындырып, байлыктарын тоногонго үлгүргөн. Качан анын 50 миң аскери Венгриянын королу Белунун армиясына жакындаганда, Супатай өз армиясына кайра артка чегинүүгө буйрук берет. Чегинүү бир нече күнгө созулат, качан Мохи деген ыңгайлуу талаага келгенде чегинүү токтотулат.

(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов
Эгер бул чыгармага кызыккандар, толук маалымат алгысы келгендер болсо, 0 772 41-13-57 телефонуна чалыңыздар.




  Түркстан асманынын жылдыздарынан

Биз билген, биз билбеген Мадаминбек
Чын эле ошондойбу? Мадаминбек кадимки көөнө хандыкты түзүүгө, өзү, маселен, Кудаяр сыяктуу тактыда отуруп, таажы кийгиси келгенби? Жок. Ал Паркана аймагында тынчтыкты орнотуш, орус баскынчыларын кууп чыгыш үчүн колуна курал алды, элди көтөрдү, көтөрүшкө кудурети, абройу жетти. Анын айланасына Маргаландын дээрлик карапайым букаралары - кыргыздар, кыпчактар, сарттар, парстар топтолушат. Жеке-Тыт, Карбува кыштактарынын жаштары да кошулат. Булар тууралуу 1918-жылдагы кужжаттарда (документтерде) ачык жазылган.
1918-жылдын көктөмүндө Мадаминбектин кол астында 15 миңге жакын лашкар жыйылат. Дыйкандын акыркы уруктук макасына (жүгөрүсүнө) чейин тартып алган Совет өкмөтүнө каршы күрөшүү Мадаминбектин негизги максаты болгон. Улуттук-азаттык аракетине кошулгандардын сабына аттуу-баштуу Мадаминбектин келип кошулушу өтө чоң аброй болгон. "Өз алдына Совет өкмөтүн кулатыш, Паргана Муктариятын (Автономия) тикелеш милдетин койгон Мадаминбек алысты көрө билген, демилгелүү, көкжалдык сапаттарга эгедер саясатчы болгон" - деп моюнга алып жазылган ошо кездеги кужжаттарда. Мадаминбектин жигиттеринин арасында аскердик тартип өтө күчтүү болгон. Ууруларды, бей-бечараларды кордоп, тоногондорду өздөрү кармашып, маселен, 1919-жылы ишкер Исхак деген адам Таштак кыштагындагы карапайым эмгекчилерге акыларын бербегендиги, Тажыбек аттуу күнжарапуруш (зыгыр майын иштеп чыгаруучу) баскынчылык топту түзгөн үчүн Мадаминбек жөнөткөн жигиттер тарабынан атылып ташталган.
Мадаминбек мүнөзү, жүрүш-турушу боюнча мырзалык, мамлекеттик саясый кызматкерлерге тийиштүү болгон сапаттарга эгедер болгон. Ошон үчүн дагы ал дээрлик Паргана аймагынын бардык тургундары ырасмий түрдө так моюндашкан колбашчылыкка жетишкен. Ал өз алдынча саясый башкаруу тартибин тикелеген. Дал ушундай башкаруу ыкмаларын Паргана аймагындагы Мойдунбек, Катта (чоң) Эргеш, Шермухамад (Көр Шермат), Бухара Мухтарияты тарапта Ибрагимбек, Молдо Абдулкахар, Салим пааша, Хорезм Мухтариятында жалгыз Жунаид-хан киргизген. 1918-жылдын кеч күзүндө Айымкыштакта (азыр Анжиян облусунун Жалал-Кудук районуна карайт) болгон Паргана чөлкөмүндөгү корбашчылардын курултайында ага дейре бардык корбашылардын "корозу" делип таанылып турган Катта Эргештин ордуна азаттык үчүн көтөрүлгөндөрдүн Баш командачысы болуп Мадаминбек Акматбек уулу шайланат. Орун басарлыкка Катта Эргеш (1882-1921-ж.ж.), Көр Шермат дайындалат. Мойдунбек Осмонали уулу орун басарлыкты өзүнө мунасып (ылайык) санабай, баш тартат. Ошентип, ошо күндөн тарта Мадаминбек эркиндик үчүн орус баскынчыларына каршы күрөшүп жаткан көтөрүлүшчүлөрдү башкарууга милдеткер болду. Бул ар кимиси өзүн эр санаган, шер деп билген, жеке башчылыкка көнүп, кынык алып калышкан түрк Тайыпты, кыпчактар Көр Шермат, Мойдунбек, Нармухамматбек, Ыракманкул, Калкожону, кыргыздар Жаныбек казы, Калкожо эшен, Аман палванды, бардыгынын башын бириктириш, күчтөрүн бир жерге топтош, ой-мүдөөлөрүн да кошуш сыяктуу чоң көйгөйлүү милдеттерди жаратып, ал үчүн уктабай, бел чечпей иштей турган күч-кайратты талап кылды. Маселен, Калкожо эшендин атакты жакшы көргөндүгү, алысты ойлой албаган чаласабаттыгы, Мойдунбектин эгерим кудайдан башкага баш ийбегени аны өтө кыйнаган. Орун басары болгон Катта Эргеш менен да мунасасы, алакасы тез-тез өңүн өзгөртүп турган. Ошондой болсо да, ал өзү көздөгөн чекте турбаса да, кайсы бир деңгээлде өз айылында, өз районунда башчылык кылып турган колбашчыларды кайсы бир деңгээлде бириктирген.
Мадаминбектин кошунунун сабында калктын бардык катмарынан болгон. "Мадаминбекти байлар, колунда барлар тарабынан гана эмес, жарды-жалчылар да тыкыр колдоого алышууда - деп айткан экен 1918-жылы Маргалан шаарбашчысы тарабынан дайындалган комиссар Сугрубов, - Мадаминбек ким экендигине, динине, улутуна карабастан набаада Кеңеш өкмөтүнүн бийлигине каршы адам болсо, аны өз тобуна кабыл алган.
Мадаминбек өтө тез арада эле тегерегине аша акылдуу кеңешчилерди топтой алды, алардын көмөгү, масилааты менен илим-билимдүү адистерди өз өкүлү катары жиберип турду.
Арийне, көптү окуган, билген, тарыхтын өткөнүнөн кабары бар, келечегине ой калчай билген андай адистер барган жерлеринде элди ойготуп, ойлонтуп, Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү калкка жакпаган талаптары, баскынчылык аракеттери Кызыл Армиянын өзүнө түздөн-түз жан кыюу менен болсо да күрөшүү үчүн аякка тургузган.
- Мадаминбек түрдүү саясый агымдагы кишилерди бириктире алды. Ошон үчүн дагы ал эч бир корбашы көтөрүлө албаган даражага жетти, - деп жазган ошол кездеги атайын Орусиядан келген тарыхчы Кувшинов.
(Уландысы бар)

Даярдаган
Бектуруш Салгамани