Турдакун Усубалиевдин
90 жылдыгына карата
Редакциядан:
Кыргыз Эл баатыры, Кыргызстан коммунисттик партиясын чейрек кылым башкарып, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошкон Турдакун Усубалиев аксакалыбыз быйыл кутман курак -90 жашка чыгат. Юбилейди өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.
Турдакун Усубалиев биздин "Аалам" гезити менен да бир канча жылдардан бери тыгыз байланышта. Анын бир катар эмгектери менен окурмандар да гезит беттеринен тааныш болуп келатат. Бул күндөрү юбилейлик ушул датаны утурлап, редакция гезит бетинде атайы рубрика ачып, окурмандар кызыккан суроолор боюнча юбилярдын ар кыл жылдардагы материалдар топтомун берип турууну ылайык көрдү.

Турдакун Усубалиев:
Кара-Кече көмүр кени
(Башы өткөн санда)

Эгерде байыган кыргызстандыктар - чыныгы патриоттор болушса, Кыргызстандын келечегин ойлошсо, анда алар жол үчүн түзүлгөн фондуга өз кошумчаларын кошууга милдеттүү.

Олтура берсек, анда бул өзүбүз үчүн, өзүбүздүн азыркы жаш муундарыбыз үчүн, кыргыз элинин келечегине каршы жасалган тарыхый кылмыш болор эле. Мындай кылмышка жол бербөө - өзүн патриотмун деп эсептеген ар бир кыргыздын, ар бир кыргызстандык гражданиндин, жалпы Кыргызстандын элинин ыйык милдети.
Мына ушул талаптын негизинде алсак, Нарын областынын эли, жалпы Кыргызстан эли мамлекеттик акылмандыкты көрсөтүп, Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун элдик метод менен, ашар жолу менен кура башташса, чет өлкөлүк кредиттерди күтүп отурбай кудай берген Кара-Кече кенинин пайдасын көрүүгө аракет жасайлы деп чыныгы патриоттук демилге көрсөтүп отурат.
Темир жол салынып бүтсө, Кара-Кече кандай натыйжа берет? - деген суроо туулат. Кара-Кеченин запасы 450 млн. тонна. Кыргызстандын түндүк жагы жылына 1,5 млн тонна көмүр жагуу керек. Мунун ичинен 1 млн. тоннаны Бишкек ТЭЦи жагат. ТЭЦ стабилдүү иштейт. Электр жарыгы да, жылуу суу да дайыма болот. Карагандыдан көмүр сатып алынбайт. Азыр жылына Карагандыдан 600-700 миң тонна көмүр сатып алынып жатат. Бир тоннасынын баасы 1900 сомдон ашык. Кара-Кеченин 300 миң тоннасы Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас областтарынын элине арзан баа менен сатылат. 200 миң тонна майда котелныйларга жагылат. Ошентип, жылына 1,5 миң тоннадан тартып келип турганда да Кара-Кеченин көмүрү 300 жылга жетет. Эми баасы жөнүндө айта кетели.
Азыр Кара-Кечеден Балыкчыга чейин Көмүрдү машина менен ташып жатабыз. Бир тоннасынын баасы орто эсеп менен - 620 сом, ал эми Карагандынын көмүрүнүн бир тоннасы Бишкекке чейин эле - 1900 сомдон ашык деп айта кетпедикпи. Темир жол менен ташыганда Кара-Кеченин көмүрүнүн бир тоннасы 250 сомдон ашпайт. Кара-Кече жылына 26 миллион доллардан ашык нак киреше берип турат.
Кочкор районунун элинин өкүлдөрү марафон өткөрүп, 3 сааттын ичинде 1 млн. 120 миң сом жыйнашты. Муну колунда бар адамдар беришти. Пенсионерлерден, мугалимдер менен врачтардан, оокаты начарлардан бир тыйын алынган жок. Нарын районунун өкүлдөрү Бишкекте марафон өткөрүшүп, накта 300 миң сомдон ашык акча жыйнашты. Марафон Нарын областынын бардык райондорунда өттү. Мен марафондорго катыштым. Мени толкундаткан бир фактыны белгилей кетким келет. Марафонго мектептин окуучулары, студенттер да өз ыктыяры менен катышып жатат. Бир студент сахнага чыгып, темир жолду куруу бул менин келечегим жөнүндөгү камкордук, ошондуктан мен үлүшүмдү кошом деп, ящикке стипендиясынан салып кетти. Бул студенттин сөзү залда отургандарды толкундатты.
Нарын областынын райондору темир жолдун полотносунун 10 километрин өз техника жана каражаттарыбыз менен куруп беребиз деп ыктыярдуу милдеттенме алышты. Бардык райондор ишке киришти. 6 километрден ашык жол полотносунун (түптөлүшүнүн) 20 сантиметр катмарын алып таштап, эми жолго гравий жана башка таш топуракты төгө башташты.
Мамлекетибиздин борбору Бишкек шаарынын жетекчилери элдик демилгени кызуу колдошуп, шаарда активдери катышкан чогулуш өткөрүштү, шаар 10 километрин куруп беребиз деп ыктыярдуу милдеттенме алышты. 2-августта шаардын мэри Керимкулов, анын орун басарлары, шаардын райондорунун акимдери, жол курулушчулар өздөрүнүн участокторуна техникаларын алып барышып, курулушту башташты. Курулуш кызуу жүрө баштады. Курулушка 10 млн сом чогултуу жөнүндө чечим кабыл алышты.
Чүй облусу курулушту баштай элек. Губернатору менен акимдери абдан акылдуу жетекчилер көрүнөт, куралыбы же курбайлыбы деп терең ойлонуп жатышат.
Алынган маалымат боюнча, жакында Талас областы өздөрүнүн участогунда курулушту башташат. Ош жана Жалал-Абад областтары да өздөрүнө берилген участоктордо курулушту баштайбыз деп камынып жатышат.
Республиканын өкмөтү Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун ашар ыкмасы менен куруу жөнүндөгү элдик демилгени колдоо боюнча токтом кабыл алды. Штаб түзүлдү. Штабдын төрагасы Муралиев Амангелди Мурсадыкович, эки орун басары бар: вице-премьер Силаев Борис Иванович, экинчиси мен - Усубалиев коомдук башталышта.
Мындан үч күн мурда штабдын заседаниеси болуп, бир катар маселелер каралды. Анын ичинде: ар бир жума сайын штаб темир жол курулушу кандай куруп жатканы, кайсы область, кайсы район, кайсы шаар кандай иштеп жатканын, республикалык министирликтер жана комитеттер кандай жардам берип жатканын талдап, натыйжасын радио-телевидение, басма сөз аркылуу бүткүл республикага билдирип турууну чечтик.
"Көп түкүрсө, көл болот" деген элибиздин макалы эң туура экен. Биз эсептеп чыктык. Эгерде бүткүл республика катышса, анда ушул жылдын аягына чейин темир жолдун полотносун курууну Кызарт белине чейин жеткирүүгө болот экен. Жолдун трассасы абдан жакшы. Бузуп-жара турган, татаал техниканы талап кылган участоктор жок.
Элдик ыкма, ашар жолу менен куруунун тажрыйбасы Кыргызстанда зор. Кээ бир мисалдарды эске түшүрө кетели: Кант-Токмок темир жолу 1939-1940-1942-жылдары ашар жолу менен курулган. Биз, пединституттун студенттери да катышканбыз. БЧК да ушундай жол менен курулган. 1942-жылы Бишкектин жанындагы Аламедин ГЭСтери да ашар жолу менен курулган. Республиканын бүт аймагынан элдер келген. Бир жылда бүтүрүлгөн. Балыкчы-Атбашы автомобиль жолу да элдин күчү - ашар жолу менен курулган.
Курулуш техникасы республикада аз эмес. Көбү иш жок, бош турат. Ал эми каражатты кандай жана кимден табууга болот? - деген суроо туулат.
Кыргызстан базар экономикасы өткөн 8 жылдан бери республикада байып, жакшы, көп оокаттуу болгон адамдар аз эмес. Бишкекте жана башка шаарларда миңден ашык особняктар курулуптур. Ар бирөө 100-200-300 миң доллар турат экен. Кыргызстандын жолдорунда - 180 миң жеке менчик машиналар, алардын ичинде 40 миңден ашык "Мерседес" жана башка иномаркалар жүрүп жатат. Республикада бир нече жүз автозаправочный станциялар курулуп, алар күнүнө миллиондогон сомго мунай сатып жатышат. Бир нече миң бизнесмендер иштеп жатышат. Ондогон банктар пайда болду. Ал эми мамлекеттен кредиттерди алып алып, бербей жүргөндөр канча? - Мындайлардын саны да ченемсиз экен. Приватташтырылган объектилерге төлөнүүчү каражаттардын көбү төлөнө элек экен.
Эгерде байыган кыргызстандыктар - чыныгы патриоттор болушса, Кыргызстандын келечегин ойлошсо, анда алар жол үчүн түзүлгөн фондуга өз кошумчаларын кошууга милдеттүү.
Кыргызстандын банктарынын биринде "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу фондусу" - деген атайын эсеп ачуу жөнүндө сунуш киргиздик. Андан кийин көп граждандар Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга каражаттар жыйноо максатында лотерея чыгарууну сунуш кылып жатышат. Бул дагы негиздүү сунуш. Кыргызстандын эли 4,8 млн. адам экен. Ар бир жанга беш эле сомдон эсептегенде эле 24 млн. сом болот экен. Бул лотереяны эл сөзсүз алат.
Республиканын көп адамдары, бизнесмендер, ошондой эле Кыргызстанда иштеп жатышкан чет өлкөлүк бизнесмендер жана граждандар темир жол үчүн атайын облигация чыгарууну сунуш кылып жатышат. Темир жол курулуп, эксплуатацияга берилгенде жана Кара-Кеченин көмүрү сатыла баштаганда облигация сатып алгандарга кайра алардын акчасын төлөй баштоо керек, 5-6 жылда алардын карыздарынан кутулса болот дешет. Эгерде темир жолдун жана Кара - Кече кенинин баасынын 40-30 проценти акционердик уюмга айланса, анда өкмөт облигация сатып алгандарга, банктагы атайын эсепке акча которгондорго акция сатып алууга гарантия бериш керек дешет. Бул сунуш да менин пикирим боюнча туура сунуш. Бирок айта кетейин, өкмөтүбүздө советтик убакта болгон иштен корккондор да бар экен. Советтер облигация чыгаруучу эле, биз дагы чыгарабызбы деп чочулашат. Советтик доор далай жакшы иштерди жасабадыбы. Жакшыдан эмне качабыз.
Биз темир жолдун трассасы менен жүрүп көрдүк. Алматы институту долбоор түзгөндө долбоордун баасын көбөйтүп, кээ бир жолду өтпөй турган жерге долбоорлоп койгону көрүнүп турат. Институтту чакырып, анын долбоорун биздин жолдорду долбоорлоо институтунун мыкты адистеринин катышуусу менен эксперттөөнү чечтик. Жакында бул маселе каралат. Бизде бул жолдун трассасын өз убагында изилдеп чыккан мыкты адистер бар. Керек болсо долбоорго тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет, жолдун баасын арзандатуу жолдорун издеп табуу зарыл.
Россиялыктар Балыкчы - Кочкор - Кара - Кече темир жолун куруу жөнүндөгү указын, бул жолдун полотносун ашар жолу менен куруу жөнүндөгү элдин демилгесин терең колдоп жатышат. Россиялыктар силерге шпал, рельс беребиз деп убада беришүүдө. Алар, көңүл бура турган дагы БТР сунуш айтышты.
Россиялыктар жыгач шпалды орнотуу оңой жана арзан, техниканы колдонбой эле кол менен орното берсе болот, жети эле жерден бекитилет, ал эми темир-бетон шпалды, техниканы колдонуп, 27 жерден бекитиш керек. Жаңы рельс салынса 300 жыл пайдаланылат, пайдаланылган рельсти койсоңор 120 жылга жетет, баасы эки жарым эсе арзан. Силердин темир жолуңарда жыгач шпалдар жана мурун пайдаланылган рельстер коюлган деп, кат жүзүндө билдиришти. Россиялыктардын сунушу негиздүү экени, темир жолдун баасы азая турганы көрүнүп турат.
(Уландысы бар)