Кайдыгерлик

Масалиев маданий ишмерби же артиспи?
Баткен областынын борборундагы маданият сарайынын мандайында бир эстелик айкел турат. Аны биз билебиз, кимдин эстелиги. Бирок, билбегендер да бар. Андайлар биринчи жолу алыстан көрсө, "болду-болбоду бул бир артисттин эстелиги болсо керек" деген ойдо, "кайсы артист болду экен?" деп эстеликке жакын барып жазуусун окуп көрүп, "Йе, бул Апсамат Масалиев экен го, эмнеге бул кишини бул жерге коюшкан?" - деп таң калып, баштарын чайкашып кетип жатышат. Областтык администрациянын күн батыш тарабында мамлекеттик ишмерлер Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков жана Мурат Саликовдордун эстелик айкелдери катар турушат. Алардын жанында бир айкелдин орду бош турат. Ошол мамлекеттик ишмерлердин катарына төртүнчү кылып Масалиев аксакалдын айкелин коюп койсо болбойт беле? Буга эч кандай акылдын кереги жок болчу. А.Масалиев аксакалыбызды маданият сарайынын маңдайына алып келип койгонубуз баарыбызды ойлондурбай койбойт. Себеби, А.Масалиев маданий ишмер эмес да, маданият сарайынын маңдайына койгудай же муну менен анын элесин маскаралаганыбызбы? Менимче областтык жетекчилерибиздин саясый ой деңгээли ошого жеткен эмес окшойт. Бул кечиримсиз иш. Менин оюмча, мамлекеттик ишмерге мамлекеттик деңгээлде баа берип, анын эстелик айкели мамлекеттик ишмерлердин катарынан өз ордун табышы керек.
Айта кетчү бир сөз, А. Масалиевдин бул эстелик айкели мындан эки үч жыл мурда тургузулган. Ушул үч жарым жыл аралыгында Баткенге ажобуз К.Бакиев бир нече жолу келип кеткен. Келген сайын Масалиевдин ошол эстелик айкелинин алдында болуп, эл менен жолугуп, маек куруп кеткен. Ажодон башка, Досбол Нур уулу, У. Сыдыков ж.б министрлер, депутаттар бир эмес, бир нече жолудан келип-кетишкен. Бирок ушул келип кеткендердин ичинен бир да бирөө эстелик айкел тууралуу "Эй! Туура эмес кылыптырсыңар. Андай кылбай мындай кылгыла"-деп айткан жок. Анын үстүнө А. Масалиев аксакалдын эстелигинин дагы кабагына кар жаап, маанайы пас, көңүлү чөгүңкү турат. "Эй! Жарым эстер! Мени эмне үчүн бул жерге алып келип койдуңар? Мен эмне чыгармачыл адам белем? Же оюн-зоок коюп жүргөн артист белем?"
Каап ... эгер тирүү болгонумда, ушу силердиби! Бакиевиңди баш, Досболуңду төш кылып туруп, камчы менен Сыдыковуңду сыздатып-боздотот болчумун. Мен го мейли дейинчи, бирок силер, бийликке келип алып эмнелерди гана кылган жоксуңар! Эгер кайра тирилип келсем, сазайыңарды колуңарга берип... Акеңерди Анжыяндан көргөзөт болчумун. Ишенчимди актаганыңар жок, наалаттар десе! Аттиң! Кантейин! - деп ичинен кан өтүп сыздап тургансыйт .
Ооба! Бүгүнкү бийликке кадрлар саясатын кандай жүргүзүп келе жатышкан болсо, эстеликтерди да дал ошондой ой келди коюп койсо боло берет дейт окшойт. Апсамат аксакалдын арбагы урар бекен айтканын кылбагандарды.

А.Имаров,
Баткен областы