Окурман ой бөлүшөт

Кыргыз кандай болушу керек?
Окурманыбыз жандүйнөсүн түйшөлдүргөн ой толгоолорун, жүрөгүн өйүгөн көйгөйлөрдү ортого салып, редакциябызга кат жөнөткөн экен…


Кыргыз жигити кандай болушу керек?
Байыркы Грецияда өзүнүн ишин жакшы билген кишини кудай деп айтышкан.М: темир уста кудайы дешкен, ал деле жөнөкөй адам болгон. Азыркы сленг боюнча өзүнүн ишинин чеберин Европада солдат(мастер своего дела) деп айтышат. Бизде өз ишин мыкты аткарган кишини баатыр деп аташкан. Баатыр деген наамга жеткени аз, жеткендери өлөр-өлгөнчө баатырлыгын көргөзүп келген. Азыркы заманда солдат, баатыр жана өз ишинин кудайы болуу жөнөкөй адамдын колунан келет.


Баланы кантип багуу керек?
Ымыркайды бешикке жаткызып терметүү ымыркайдын баш, кабырга, бут жана ички органдарына туура таасир берип, калыбына келтирет. Эмизип жүргөн учурда чучук, сары май сордуруп, сөөк чучугун толтуруу зарыл.
Ат мингенди билиши абзел, анткени ат минип жүргөн кишинин ички организми өз калыбына кадыресе келет. Аны азыркы учурда дүйнөлүк медицина изилдеп, туура таап олтурат.
365 күндүн 5 күнү гана биз, кыргыздар жайлоого чыгып, байыркы ата-баба жашоосуна ыктап келет экенбиз, калган 360 күн ошол 5 күндүн азыгы аркылуу шаарда жашайбыз. Андай мүмкүнчүлүгү жок адамдар, байкоом боюнча он күн ооруканага жатып дарыланышат экен.


Кыргыз кызы кандай эле?
"Кыздын кырк чачы улуу" деген эмнеден калган? Байыркы жоокерчилик заманда жоодо такыр эчтеке калбаганда, жаңы төрөлгөн баласын чачына ороп, кыштыр, жайдыр аман алып калчу.
Элечек, узун этек кийген себеби жоодо баласы, күйөөсү же агасы жарадар болгондо этегин айрып, элечегин жазып, жаратын байлап, кансыраганын токтотуп, ажалга арачы болгон.
"Узун чач, узун этектин, элечектин азыркы заманда кандай зарылдыгы бар?" деген суроо көпчүлүктө туулат. Бул окуя башыман өтпөгөндө мен да муктаждыгын билбейт элем. Талас шаарынын эс алуу паркынын ичинен өтүп баратсам, Талас университетинин студент кыз-дары темир селкинчек тээп жатышыптыр. Кокусунан бир кыз жыгылып, сүйрөлүп барып темирге урунуп, тизесинен томугуна чейин сөөгү көрүнө шылына түштү. Ызы-чуу болгон жерде 30 чакты кыз бар эле. Жүгүрүп барып балтыр этин тартып сөөгүн жаптым, каны шорголоп агып жатты. "Жоолук барбы!" деп улам-улам кыйкырсам, тизесине жетпеген шым, киндигине жетпеген кийим кийген кыздардын бирөөнүн да же жоолугу же моюн орогучу жок экен. Айласыздан үстүмдөгү көйнөктү чечип, экиге бөлүп тыта салып бир жеңи менен балтыр сөөгүн таңдым, бир жеңи менен жарааттан өйдө таңып, кан тамырларын кысып, байлап канын токтоттум. Машинага салганыбызда курсташ кыздары ичине толуп калып, мага орун калган жок. Өзүм жылаңач, колум кан, тегеректе суу жок, көзгө жаш тегеренип, ызам келип үйдү көздөй бара жаттым…


Кыргыз өзүн сактап калыш үчүн кантип жашаш керек?
Кыргызстанда кыргызмын дегендерден үч миллион эле адам болсо, ар бири бир гектар жер талап кылса, үч миллион гектар жер керек болот экен. Башка элдердин идея-планы боюнча кыргыздарды шаарга кууп, жерлерди акырындап басып алуу. Биз шаарда жүрүп эмне таптык, болгону бир машина, бир квартира. Өмүр бою салыгын төлөй албай тузакка түшүп калып жатабыз. Шаардын буюмдарына малай болуп канча нерв короп жатат, өмүр да кыскарат.Кыргыздын эли бар, жери бар. Шаарда эки буюмдун малайы болгончо, айылыңда жериңдин ээси болгонуң туура, өз жериңде күн көрсөң күн менен түндүн баасын билет элек.

Манапбай Кенжегараев





  Баштан өтпөсө

Мен бронхиалдык астмадан кантип айыктым
(Башталышы өткөн сандарда)
"Восток-5"те дагы бир күчтүү табып, жаш кыз бар дешти. Ага да бардым. Маңдайына отургузуп алып көпкө кармайт. Канчалык карасам да аңтарылып, ичине кирип кеткен көздөрүн көрө албайм. Муну көзү ачыктар "транстык абал" деп коюшат экен. Көзү ачык кыз сөөмөйү менен көпкө абаны чукуйт, анан бир кезде көзүн жарым ачат да "Сиздин жаныңызда аталар отурушат" деп жүрөктү түшүрөт. Элеңдеп карайм, эч кимди көралбайм. Кетээрде "түнү жатканда жаныңызга бир табак унду толтуруп жатыңыз, бети тегиз болсун, келчү адамдар келип, белги салып кетишет" деп узатат. Айтканын так орундатам. Терезенин да форточкасын ачып коем түнү. Эртеси тура калып табакка үңүлөм, эч кандай белги деле байкалбайт. Бир туруп билинээр-билинбес майда тактар түшкөндөй көрүнөт. Бир жолу түн оогондон кийин чала уйкулуу көзүм ачылып кетип, кичинекей канатчан аппак бирдеме үнсүз учуп жүргөндөй көрүнүп кетти, тура калсам эчтеме жок. Ошентип барып жүрдүм, бирок бул кыздан да жардам болгон жок.
Денедеги ала тактар да бара-бара айыкты, бирок оорунун айыгаар түрү жок; мурда эуфилиндин таблеткасын ичип жүрсөм, эми уколго деп чыгарылган ампуладагы суюгун ичип көндүм, мунусу таасирдүүдөй көрүнөт.
Ийне жеген иттей шылынып арыктап, бир кезде чытырап турчу кийимдер шалбырап калды. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде дагы бир элдик дарыгердин дайнын угуп, таап бардым. Мобул эле борбордук орус чиркөөсүнүн түбүндө турат экен. Короого батпай котологон элди улам төрт-бештен чоң бөлмөгө кийирип, сеанска отургузушат, мен да элдин катарында кирип отурам; эки келин ары-бери чапкылап жүрөт; көпкө отуруп, селдечен табып бир маалда кыска убакытка баш багып, ал-жай сурагандай болду, дартыбызды угуп кайра чыгып кетти. Мунусу мага жаккан жок, артынан кошо жөнөдүм. Сыртка чыксам дарбаза тышында алиги молдоке апакай "Волганын" жанында кычыраган бир киши менен сүйлөшүп туруптур. Бу кейпи менен дарыгер элди көрүп жыргатпасына көзүм жетти, көрсө бул "блатнойлор" келе калганда бери жактагы карапайым ноокастарды унутуп, ошолорго уруп кетет тура. Тигилер көбүрөөк акча ыргытат чамасы. Кыскасы, мунусунан да көңүл калды.
Бир жолу эски блокнотумду барактап отуруп Зарина дегенге көзүм түштү. Телефону жазылып турат, адреси да дайын. Зарина деген жаш кыз бир кезде экстрасенс катары катуу чыгып, атагы алыска жайылганын, бирок кийинчерээк Москвадагы дүйнөлүк экстрасенстердин форумуна катышып, ал жактан кайра чыкканда, Москванын эле бери четинен бир кырсыктуу жер бар экен, ошо жерден автокырсыкка учурап каза болгонун уккан элем. Бирок "Зарина" деп атап кеткен борборго чалсам иштеп аткан экен, издеп таап бардык. Мобул эле Кызыл-Аскерде Донцова деген көчөдө тура. Ошо жердеги бала бакчанын бир канатынан арендага бөлмө алып, Заринанын ишин таежеси Сайрагүл аттуу келин улантып атыптыр. Заринанын касиети эне жагындагы туугандарынан ушул эжекесине өткөн окшойт. Бала бакчанын кичинекей темир эшигинен аттаарым менен эле көкүрөгүм жеңилдей түшкөнсүдү. Ичимден сүйүнүп кеттим, бул жакшы жышаана, буюрса ушу жерден шыпаа таап кетет окшойм деген үмүт жылт этти. Кирип барсак жарданган эл кабылдамага толуп алыптыр, бир нече аттуу-баштуу адамдар, ырчыларды тааныдым. Демигип араң турган мени кезекке тургузбай эле кийирип жиберишти. Сайрагүл табып илбериңки мүнөз, жылдызы адамга ысык киши экен, адегенде шашпай сурамжылап келип, акырында бир гана өз талабын айтты: "Эгерде менден айыгам десеңиз, мага чын дилден ыкылас коюп, ишенүүңүздү суранам, болгон өтүнүч ушул". Мен чочуркап калган жаным, сөз чү дегенделе "момунча сом бересиң" дегенден башталабы деп жүрөк жок эле, такыр башкача болуп чыкты. Сайрагүл мени негизинен дары чөп, массаж менен дарылады. Мээримдүү жакшы сөзү, кылган мамилеси өзүнчө дары болду десем болот. Кыскасы, он жылдан бери тарткан оорумдун азабынан үч айда арылтып, сакайып кеттим.
Ушу тапта мен отурсам-турсам дайыма ал кишини ичимен алкап, ыраазылык айтып турам, кээде жолугушуп калчу элек, көптөн бери жумуштан чыга да албай калдым, бирок качан болсо да мага жасаган жакшылыгын унутпайм. Кокус ушу гезит колуна тийип калса нааразы да болот чыгаар, анткени реклама дегенди такыр жактырбайт. "Мен үчүн эң жогорку сыйлык да, ыраазылык да менден айыккан адамдар" деген кеби эсте, бирок мен да Сайрагүлгө эл алдында дагы бир жолу ыраазылык айтып, өз парзымдан жеңилдеп коеюн деген үмүтүм бар эле, ошонумду аткардым. Буга мүмкүнчүлүк берген "Аалам" гезитине ракмат!
Бахтияр Шаматов