Сотторго сот жокпу…

Экс депутат З.Парманкулов кайсыл жазыгы үчүн СИЗОдо отурат?
ЖКнын экс-депутаты, Кара-Кулжанын төбөсү көрүнүп келаткан жигиттеринин бири Замир Парманкуловдун терегегиндеги окуялар коомчулук арасына бүдөмүк түшүрдү. Чынын айтканда, чоң саясатта буга чейин өтө эле белгилүү эмес бул жаш жигиттин канатын кыркканга кимдер кызыкдар, табышмак ошо. Анын өтеле күркүрөгөн чоң, менчик бизнеси деле жок, азыркы бийликке ызырынган оппозициянын активдүү мүчөсү деп айтканга да болбойт. Андай болгондо Оштун шаар соту кай себептен улам мындан туура беш жыл мурдакы жөнөкөй бир кружка сынган кафедеги жаңжал (мушташ да эмес) боюнча эчак токтогон ишти кайрадан козгоп, болгондо да токтоосуз камакка алынсын деген чечим чыгарган? Токтоосуз камагыдай мурда кийин шектүү иштери же коркунучтуу рецидивист болбосо З.Парманкулов эмне жазыгы үчүн бүгүн 28-февралдан бери Оштун СИЗОсунан башы чыкпай жатат? Эмнеликтен З.Парманкуловдун бүгүнкүгө чейин бир да арызы каралбай же жүйөөлөрү угулбай, жаран катары укугу таман астына тепселүүдө? Таң калыштуусу, Ош ШИИБ тергөөчүлөрүнүн айтымында, З.Парманкулов буга чейин "издөөдө" жүргөн имиш. 1996-жылдан бери туруктуу дарек менен Бишкекте жашап келаткан экс депутаттын "издөөдө" экени азыр, ага каршы жасалма иш ачылганда гана билинип отурат. "Издөөдө" жүргөнү ырас болсо бир нече жолу чет өлкөлөргө чыгып келген З.Парманкуловду кантип эч ким көрүп, текшерип койбогон да, кармаган да эмес? Айтор соболдун артынан чубалган собол көп. Мындан мурдараак З.Парманкулов алдыдагы боло турган президенттик шайлоого катышаары туурасында ачык айткан экен. Бирок биздеги "тиши жок соттордун" иш аракети аша чапкан күндө да бул кысмакка алууга жарай турган орчундуу негизби? Бийлик "чаап салганга" кызыкдар ири калибрдеги, жалпы кыргызга таанымал саясатчы, же бийлик менен келишпес оппозициялык чоң фигура болбогондон кийин муну саясый буюртма деп атоого болобу, ал жагы күмөн. Соттордун ою, максаты кандай, жөн жүргөн жаранды алпарып камап сала берсе биздин укук мамлекет экенибиз кайсыл? Мындай жапайычылыктан эмнени күтсөк болот?
Нурила
Парманкулова,
бир тууган эжеси:
- Менин иниме карата эмнеге мынчалык адилетсиздик орун алып жатат, ушуну түшүналбай ичибиз эңшерилип туру. Чын эле эгерде бир кылмыш кылса өзүбүз деле айтмакпыз, кылдыңбы, мойнуң менен тарт деп. Президентикке койсом кантет деген жөнөкөй аруу ниетин ачык айтып койгонунун жазасы ушунчалык оор болоорун саясаттын ыпылас оюндарына мурда-кийин аралашып жүрбөгөн иним баамдабаган экен. Төрт баласы чыркырап, алты айлык кичинесин таштап коюп келинчеги жүрөт мына. 78 жаштагы карган атабыз инфаркт болуунун алдында. 40 жыл мугалим болуп жакшы уул-кыздарды тарбиялаган адам үчүн мындан оор нерсе барбы? Алты бир тууган болсок ар кимибиздин мындай адилетсиздикке ичибизден кан өтүп турат. Замирбек өзү да абалы начар, кан басымы ашып, жүрөк оорусу күчөп кетиптир. Врачтарды да кийирбей жатышат деп айтышууда. Ушундай да карөзгөй, адамкерчиликсиз мамиле болобу? Биздин үй-бүлөнүн азыркы бийликке, же президент К.Бакиевге карата эч кандай жеке дооматы жок; биздин оюбузча өз кызыкдарлыгын көздөгөн айрым күчтөр же топтор өз маселелерин чечүү үчүн президенттин эл алдындагы баркын түшүрүүгө аракеттенип жатышат, анткени мунун баарын алар бийликтин, президенттин атына жамынып жасап жатышат. Эгерде иним абак ичинде оор абалга дуушар болсо же кудай анын бетин ары кылсын, башка кырсыкка учураса, анда жоопкерчиликти кимден сурайбыз? Ким угат биздин арыз-муңубузду? Иниме президенттин наамына карата жаман сөз айтты деген жапайы, суу кечпеген дооматты атайын кошуп айтып атышат.

Үсөнкул
Темирбаев,
З.Парманкуловду коргоо
комитетинин мүчөсү:
- Биз муну саясый куугунтук деп эсептеп жатабыз? Болбосо бир кружка сынган кафедеги жаңжалды мынчалык деңгээлге көтөрүүгө ким кызыкдар? З.Парманкулов элдин көйгөйүн жон-тери менен сезген, түшүнгөн, элге кызмат өтөйм деген патриот жигит. Өзү да кайсыл жазыгым үчүн деп күйүп отурат.
Ошондуктан биз коргоо комитетин түздүк. Жөнөкөй адамдык укугу көз көрүнөө ачык тебеленип атса өз жигитибизди кантип коргобойбуз, кантип карап турабыз? Президент Конституциянын гаранты катары ак жеринен бөөдө камалып жаткан З.Парманкуловдун ишине калыс көзөмөл жүргүзүп, аны жакынкы арада бошотулушуна көңүл бурат деген ишеничти айткыбыз келет.

Дилбара
Калматова,
комитеттин мүчөсү:
- З.Парманкуловдун жердештери, Каракулжанын калың калкы мындай укуктук өзүм билемдикке, акыйкатсыздыкка кыжырданып турушат. Саясый же бийлик жөнүндө сүйлөгөн эле адамды алпарып камай берсе эмне деген мамлекет болдук? Акыйкаттыкты, адам укугун коргойт деген мамлекеттик органдар эмне себептен эч күнөөсү жок З.Парманкуловдун укугун тескерисинче тебелеп жатышат? Ошондуктан биз Президенттин бул ишке жеке кийлигишүүсүн жалпы каракулжалыктардын атынан суранабыз. Мындан тышкары З.Парманкуловго карата мыйзамсыз, кыянат иш аракеттерге жол беришкен тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин да сурайт деп үмүттөнөбүз. Бийлик менен элди кайраштырып, бирин-бирине жаманатты кылууга күч үрөп жаткан топтордун бети ачылбаса да, З.Парманкуловго карата жасалып жаткан өкүмзордук иш аракеттер тез арада токтотулууга жана ал азат болууга тийиш.
Экс-депутат З.Парманкулов 1-апрелден тарта ачкачылык жарыялады. Акыйкаттыктан күдөрү үзүлгөн жигит Кыргызстандагы АКШ элчилигине жана президент Б.Обамага кайрылуу жолдоду. Кайрылууда өзүн жок кылуу коркунучу турганын, азыркы бийлик буга жөндөмдүү экенин, андыктан өзүнүн жакындарына жана эрезеге жетелек төрт баласына өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам берүү өтүнүчү айтылган. Азыркы учурда З.Парманкулов Оштун СИЗОсунда жатат. Ага расмий түрдө кандай айып коюлганы коомчулукка белгисиз. Өзүнүн айтымында, 2002-жылда депутат болгондон тартып, Акаев режимин аеосуз сындап келген. 2005-жылдагы революцияда Чотонов экөөсү (азыркы ЖК депутаты) Кара-Кулжа элин көтөрүшкөн. Революция убагында КТРди коргогон. Бакиев К.С. бийликке келгенин адегенде ага ишенген. Кийинчерээк "Кыргызстандын жумушчу партиясын" түзүп, (РКП) бирок партия катталган эмес. Акыркы парламенттик шайлоолордо "жашылдар партиясынан" №1 талапкер болуп катталган, бирок партияны шайлоого катышуу укугунан мыйзамсыз четтетишкен.
Менимче зирек окурманга табышмактын сыры акырын ачылып келаткандай. Учурда "Жашылдар партиясына" (Э.Бөлөкбаев) карата кысмак күчөөдө. Анын лидерине өлкө башчысын мазактаган деген айып коюлуп, жабык сот процессии башталганын уктук. Бул өңүттөн алып караганда, З.Парманкуловго карата жүргүзүлүп жаткан бөрк алма иштер кай бир деңгээлде анын "жашылдар партиясы" менен болгон алакасы менен байланыштуу деген күмөн туулбай койбойт. Бул эми өзүнчө жоромол, бирок чындыкка өтө жакын жоромол. Ал эми расмий документтерге көз жүгүртсөк, Ош шаарынын соту 6-март 2009-ж. токтомунда минтип жазат: "…окуя боюнча (Оштогу кафе жаңжалы - ред.) 2004-ж. 24.02.күнү КЖКнын 234-статьясы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө убагында З.Парманкулов тергөөдөн баш тартып качып кеткендигине байланыштуу… ага сырттан айыбы угузулуп, издөө жарыяланып, бош коюу чарасынан жашаган жеринен эч жакка кетпей туруу колдонулган. 2005-жылдын 10-июнь күнү айыпкердин жүргөн жери белгисиз болгондугуна байланыштуу… иш убактылуу токтотулган" Бишкек шаардык Биринчи Май райондук №14 муниципалдык территориялык башкаруу органынан алынган №246 справка боюнча З.Парманкулов 1996-жылдын 2-ноябрынан бери Бишкектин Молодая Гвардия көчөсүндөгү №332 үйдө жашап келатканы тастыкталат. Мындан тышкары ал бир нече жолу виза боюнча чет өлкөлөргө барып келгени жөнүндөгү маалыматтар да бар. Анан кантип кылмышкер катары "издөө жарыяланган", "качып кеткен" адамды эч ким көрбөйт да, байкабайт, кыскасы сот мырзалардын айтканы акыйкатка да, жөнөкөй логикага да коошпой турат. Өкүм сырттан угузулду дейт. 1500 сомдук кафе эмереги талкаланган (инфляция дешип 300 сомдон 1585 сомго чыгарышкан - ред.) жаңжал үчүн сот кандай катаал өкүм чыгармак эле? Мындан ачык көрүнүп тургандай, соттор ишти "ак жип" менен тигип жатканы байкалып эле турбайбы?
Эмне дейбиз, бирдеме деп айтуунун өзү кыйын болуп турат. Орой айтканда, З.Парманкулов мындан беш жыл мурда талкалаган пива кружкасы үчүн ири кылмышкер катары кайрадан кармалып, камалып отурат. Мындай "сот акыйкаттыгы" Кыргызстанда боло келчү көрүнүш эмеспи, бирок анын артында адамдардын тагдыры, үй-бүлөсү, келечеги турганы менен ким эсептешет? Замир Парманкулов ким, саясый курмандыкпы, жөнөкөй хулиганбы? Эч ким айталбай туру. Курмандык болсо бийликтин мотиви кайсы, жөнөкөй хулиган болсо эмне үчүн коркунучтуу кылмышкер катары темир тор артында жатат? Же ал талкалаган кружка алтынданбы? Алтын болсо адам өмүрүнөн кымбатпы?
Айтор собол көп, собол көп.

Бахтияр Шаматов