Кыргызстанда

Карикатурадан диктатурагабы?
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевди Генпрокуратура президенттин кадыр-баркына шек келтиргенсиң деген айып менен "тизелетүүгө" катуу аракет кылышууда. Анын офисин тинткен учурда президентти мазактаган бир карикатура чыккан имиш. Процесс жабык эшиктин артында башталды, журналисттер мындай "чоң сырдуу" иштен эмнеге куржалак калышканын түшүналбай маң. Карикатура үчүн кишини соттойт деген эмне шумдук? Карикатурадан диктатурага баратат окшойбуз…

Генералды сүйрөп атышат
И.Исаковдун соту дагы белгисиз мөөнөткө жылды. Себеби 30-мартта өткөн процессте Бишкек гарнизондук сотунун төрагалык кылуучусу Ж.Бектемиров адвокаттардын сотту алмаштыруу боюнча арызын четке каккан эле. Коомдук коргоочу А.Бекназаров бул чечимдин канчалык калыстыгын тактоо талабы менен өйдөкү инстанцияга арыз жолдоду. Ал жактан жооп келгиче сот токтомой болду. Генерал И.Исаков менен кошо анын мурдагы үч сарбазы жоопко тартылууда.

"Кара жолтой" фестивалга жөнөдү, акжолтой болуп кайтабы?
Азыркы киночеберлерибиз тартаарын тартып, көрөрман бааладыбы жокпу, аны менен эсептешпей картиналарын түз эле абройлуу кино-фестивалдарга түртмөйгө өтүштү. Ушундай тасмалардын бири, И.Абдыкалыковдун "Чтение Петрарка" деген бир көтөрүм аты бар детектив тасмасы да алыска талпынып туру. Мындай тасма бар экенин укпаса да коомчулук болсун деп атыры. "Кара жолтой" деген аты бар тасма да (Мурат Мамедов) кошо жөнөп жатат. Бул эки тасма жок дегенде лауреат болуп кайтаар деген үмүт бар.

Кытайга жөнөдү
ТИМ министри К.Сарбаев Кытайга жөнөдү. Мурда өзү элчи болуп турган бул өлкөгө эми министр сапатында баратат. Максаты баягы эле: эки тараптуу кызматташтык маселелери. Кытайды коюп, Өзбекстанга барса болмокпу...

Эх, Кыргызстан…
Абалы туруксуз өлкөлөрдү санаган EIU дүйнөлүк уюму Кыргызстанды абалы туруксуз өлкөлөрдүн ичинде 34- орунга коюп атады. Африкалык Эфиопия, Ботсвана, Танзания өлкөлөрүнүн абалы бизге караганда бир топ дурус. Кошуна казактар 126, орустар 65 орунда. Өзбектерде да абал алда канча жакшы. Ал эми тынч эмес деген өлкөлөр Зимбабве, Чад, Конго, Ирак, Афганистан, Пакистан табылып, 1-12 орунда турушат.

"Аалам" гезитине - 18 жашта
Ушул жазда, 4- апрелде сиздердин сүйүктүү гезитиңиздер- "Аалам" гезити 18 жашка толду.
Сиздердин сүйүктүү гезитиңиздер- "Аалам" он сегиз жашка толду. Он сегиз жаш адам өмүрүндө "тоодон аккан булактай, болбосо андан учкан бубактай" болгон сонун курак" эмеспи. Гезит өмүрү үчүн деле он сегиз жаш коомдо өз орду, окурманы, кадыр- баркы бар бренд болушу керек деп ойлойбуз. Окурмандарыбыз 4- апрель күнү бизди куттуктап, жылуу каалоо- тилектерин айтып куттукташты жана мындан аркы ишибизге көмөк берчү сын- пикирлерин да билдирип, сындагандары да болду. Биз окурмандарыбыздын пикирлерине терең маани берерибизди жана калыс сынды кабыл алып, мындан ары кайталабаганга жана кызматташып турууга чакырабыз.
"Аалам"- ар дайым сиздер, менен, окурмандар!
"Аалам" гезитинин жамааты.




  Дүйнөдө

АКШда да адамдар кутурду
Башканын этегин кармап кеткен аялына өчөшүп, 34 жаштагы Хариссон деген көкмээ мончоктой 5 баласын атып өлтүрүп, өзү да атынып өлдү.

Италияда жер силкинди
Өткөн түндө 6,7 баллдык жер титирөө болгон Италияда 13 адам курман болуп, көптөгөн адам жаракат алды. Бир топ кишинин дайыны чыкпай жатат.

Өлөөр өлгөнчө түрмөдө чирийт
41 жаштагы Иван Панченко аттуу орус жараны он жылдан бери жаш балдарга жана кыздарга кыргын салып жүргөнү жана жаш кыздарды жертөлөдө кулчулукта кармаганы үчүн айыпталып, түбөлүк абакка кесилди. Шүмшүктү атып салыш керек эле деген да өз туугандары көп.

Тибетке жол ачык
Жалаң туристтердин эсебинен жан багып келген Тибетке Кытай бийлиги кайрадан жол ачты. Учурда Германиядан келген 11 турист Тибетти кыдырышууда.

"Аалам-пресс"