"Аалам" СПОРТ

Кикбоксингде ким кыйын?!
Ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектеги Кожомкул спорт ордосунда кикбоксинг боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өткөрүлдү. Бул мөрөй талашууга Кыргызстандын 120 спортчусунан сырткары казакстандыктар да катышты. Кикбоксингден Кыргызстан дүйнөгө таанылып, бир нече ирет дүйнө, Азия чемпиондору чыккандыктан бул спортко кызыгуу күч. Күйөрмандар да арбын болуп, бут коерго жер калбады. "Строн", "Ахилл", "Восток", "Красная речка", "Ош-Азия", "Мангуст", "Бүркүт" жана башка спорт клубдарынын жигиттери өнөрлөрүн көрсөтүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Атын атаса куту сүйүнөт дегенлей, быйыл кикбоксингден өлкө чемпиондору болгондорду окурмандарга тааныштыра кетели.
51 кг - Алтынбек Бактыбаев ("Маралбек" клубу)
54 кг - Авас Аманбеков ("Маралбек" клубу)
57 кг - Азат Карабаев ("Ош-Ак-Таш")
60 кг - Алексей Федосеев ("Гермес-Профи")
63,5 кг - Мирлан Ибрагимов ("Гермес-Профи")
67 кг - Айбек Дуйшембиев ("Гермес-Профи")
71 кг - Сталбек Дарканбаев ("Гермес-Профи")
75 кг - Азиз Даутов ("Маралбек" клубу)
81 кг - Майсал Абдрасулов ("Таймаш")
86 кг - Рашид Аманкулов ("Таймаш")
91 кг - Кылыч Саркабаев ("Таймаш")
Оор салмакта да "Таймаш" клубунун өкүлү Турат Төлөгөнов жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Эми ушул жигиттерден тандап, май айында Бангкокто өтчү чыгыш өнөрлөрү боюнча биринчи Азия оюндарына кимдерди алып бараарын "Кикбоксингдин атасы" Александр Воинов өзү чечет көрүнөт.




Азия олимпиадалык ордени президентке тапшырылды
Кечээ кечинде Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти Ахмад аль-Фахад аль-Сабах Кыргызстанга алгач ирет расмий сапар менен келди. Азия континентинен олимпиадалык кыймылынын башчысы эки күн өлкөнүн Олимпиада комитетинин жана спорт жетекчилери, коомчулук менен жолугушуп, келечектеги кызматташуунун кырдаалдарын, мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алат. Кечээ кечинде Акүйдө Азия Олимпиадалык Кеңешинин президенти А.Ф. аль Сабахты өлкө башчысы Курманбек Бакиев кабыл алды. Азиядагы Олимпиадалык Кыймылга кошкон салымы үчүн Аль Сабах К.Бакиевге Азия Олимпиадалык алтын орденин тапшырды.
- Азияда спортко абдан көңүл бурулууда. Бээжин Олимпиадасында Кыргызстан ийгиликтерге жетишкендиктен Азия Олимпиадалык Кеңеши көз кырын салып, биздеги көйгөйлөрдүн чечилишине өз таасирин тийгизүү, олимпиадалык комитетибиздин иш-аракеттери менен таанышуу үчүн келди. Май айында Бангкокто (Тайландда) Чыгыш Азия оюндары болмокчу. Алдыда көп максат-тилектер, ойлор бар, аларды аль-Сабах менен тааныштырып, кеңешебиз, - дейт Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.
Ахмад аль Фахад аль Сабах өзү менен кошо Азия олимпиадалык Кеңешинин башкы катчысы, жооптуу жетекчилерди жана Кувейт өлкөсүнүн ишкерлерин ээрчитип келди. Кувейттен Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө көңүлдөнгөн ишкерлер, долбоорлор менен таанышып көрүүгө дилгирлик билдиришти.
Спорт коомчулугу менен болгон Фахад ал Сабахтын жолугушуусунда олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү маселелери тууралуу кеп болду.
Бүгүн Фахад ал Сабак баштаган Азия Олимпиадалык кыймылынын жетекчилери Бишкектеги "Аккула" ат майданында болуп, кыргыздын улуттук ат оюндарына күбө болот. Себеби, өзү жана иниси ат спортунун абдан күйөрманы болуп, асыл тукум араб жылкыларын багып, сынап, жарыштарга катыштырып, мөрөй алып, бир кумардан чыгып жүрүшөт. Кыргыздын жигиттери Көк бөрү баштаган оюндарын тартуу кылат. Аль Сабахтын көңүлүнө Көк бөрүбүз жагып, колдоого алаар бекен?! Араб жылкыларын жайкысын Ысык-Көлгө алып келип, бактырса да дурус болмок?

  Көңүл бургула, конкурс!

Конкурс: Журналисттик иликтөөлөрдү
жүргүзүүгө талапкерлерди тандайбыз
"МедиаКонсалт" фонду "Сорос-Кыргызстан" фондусунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргызстандагы ММКларда журналисттик иликтөөнү өнүктүрүү аркылуу укук бузуу жана коррупция фактыларын чагылдырууга көмөктөшүү" долбоорунун чегинде Кыргызстандагы ММК, журналисттер жана жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттери үчүн конкурс жарыялайт.
Конкурстун максаты: Ар кандай укук бузуулар жана коррупция фактылары боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү жана иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын ММКларга жарыялап, адам укуктарын бузууга жана коррупцияга каршы күрөшкө колдоо көрсөтүү.
Конкурска өтүнмөлөр кыргыз жана орус тилдеринде 2009-жылдын 14-апрелине чейин кабыл алынат. Конкурстун шарттары жөнүндө кеңири маалымат "www. tazar.kg" сайтында жазылган.
Долбоорго катышууну каалаган талапкерлер өздөрүнүн өтүнүч катын жана башка документтерин эки жол менен жибере алышат:
а) Конкурстун жана өзүнүн аты-жөнү жазылган конвертке салып, "МедиаКонсалт" Фонду үчүн" деп көрсөтүп, "Сорос-Кыргызстан" фондусунун кеңсесине алып келишсе болот.
б) mcf@megaline.kg дарегибизге электрондук түрдө жөнөтсө болот.


"Сорос - Кыргызстан" фондунун дареги: 720040, Бишкек, Логвиненко көчөсү, 55а

"МедиаКонсалт" фонду менен байланыш үчүн:
Тел.: + (312) 462 806, e-mail: mcf@megaline.kg




Кыргызстандык футболчу Латвияга сатылды жана африкалыктар Кыргызстандын атуулу болушууда
Эгемендүү өлкө тарыхында Азамат Байматов Латвиянын футбол клубунда ойноого укук алды. Ошол эле учурда Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн, айрыкча Африкадан футболчулар легионер катары ойноп жүрүшөт.
Футболдон Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы бир ай мурда Түркиядагы эл аралык машыгууларга катышып келген. Ошол машыгуу учурунда кыргызстандык жаш футболчу, "Дордойдун" чабуулчусу Азамат Байматовду Латвиянын "Вентспилс" футбол клубунун адистери сындан өткөрүп, өз командасында ойноону сунуштаган.
"Дордой-Динамо" футбол клубу бул сунушту жөндүү көрүп, аны Латвияга жөнөттү. Ошентип, кыргыз футбол тарыхында ырасмий келишим менен чет өлкөгө сатылган алгачкы футболчу деп Азамат Байматов катталды.
Ал учурда "Вентспилс" футбол клубунун жаштар командасы болгон "Транзитте" 1-июлга чейин ойной баштады.
Жогорку Кеңештин депутаты, "Дордой" футбол клубунун президенти Аскар Салымбековдун пикиринде дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен Азаматтай таланттуу футболчуларды чет өлкөлүк клубдарга сатып, аларга четте ойноого шарт түзүү учур талабы.
- Дүйнөлүк практикада жакшы оюнчулар сатылат. Биздин футбол клубдун ишин дагы ушул жакка ыктатып, тажрыйбаны колдоно баштадык. Базар ыкмасына салуу менен Молдова, Грузия сыяктуу өлкөлөр футболчуларды тарбиялап, эми минтип трансферге коюп, миллиондогон долларга сатып, акча таап жатышат. Бизге дагы Африкадан, Шри-Ланкадан жигиттер келип жатат. Ушундай таланттуу балдарга шарт түзүп беришибиз керек.
Нарындын "Дордой-Динамо" командасынын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагулов Азамат Байматовдун келечеги кеңдигин айтып, кыргыз өңүн тааныткан футболчу болооруна ишеним артып турат.
Латвиянын "Вентспилс" футбол клубунун катарында ойноого аттанаар алдында Азамат Байматов европалык командалардын биринде ойноого куштар экендигин билдирген.
Ал эми Кыргызстандагы таанымал футбол клубдары болсо чет өлкөлөрдөн футболчуларды катарында ойнотууга дилгир. Нарындын "Дордой-Динамо" командасында 4-5 жылдан бери Африканын Гана өлкөсүнөн Дэвид Тетте баштаган бир нече жигит ойноп жүрүшөт. Ошондой эле "Дордойдо" былтыртан бери келишимдин негизинде орусиялык, грузиялык, түркмөнстандык легионерлер да өнөрлөрүн көрсөтүүдө.
Жакында эле "Дордой-Динамо" футбол клубу чет элдик эки оюнчу Майкл Ойесани жана Евгений Харисов менен келишимге кол койду. Африканын Нигерия өлкөсүнүн атуулу, коргоочу Майкл Ойесан командада оң жактагы коргоочу катары ойномок болду. "Дордой-Динамо" командасы аны менен үч жылга келишим түзүп, сындан өткөрдү.
Ошондой эле орусиялык дарбазачы Евгений Харисов менен футболдук клуб узак мөөнөттүү келишимге - үч жылга кол койду. Евгений Харисов Түркмөнстандын чемпионатынын жогорку лигасында 4 сезон өткөрүп, адистердин көңүлүн бурган.
Ушул "Дордой-Динамо" командасынын катарында 22 футболчу болсо, учурда анын жарымына жакыны чет жерден келишкендер. Ал түгүл Африканын Гана жана Камерун өлкөлөрүнөн келишкен футболчулар Дэвид Тетте, Эраджа Арии жана Мака Кун Кыргызстандын атуулдугун ырасмий алышкан.
Мындан сырткары дагы үч африкалык футболчулар Дениэл Того, Вильям Гиан жана Майкл Ойесани да "Дордой-Динамо" командасында легионер катары ойноп жүрүшөт.
Ошондой эле орусиялык Алексей Галкин жана Максим Кретовду да "Дордой-Динамо" футбол клубу келишимдик негизде сатып алышкан. Бул легионерлерди канчага сатып алышканын "Дордой" футбол клубу сыр кылып, ачыкка чыгарышпады.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, Нарындын "Дордой-Динамо", Бишкектин "Шер" жана Канттын "Абдыш-Ата" командалары чет өлкөлүк футболчуларга басым жасап, жергиликтүү жаштарга көңүл бурулбай калууда.
- Ал эми түштүктөгү командалардын дээрлик көпчүлүгүндө Өзбекстандын, Тажикстандын футболчулары ойноп жүрүшөт. Нарындын "Дордой" командасы деп аталганы менен бир дагы нарындык жигит бул команданын катарында ойнобойт. Бишкекте туруп алып, Нарындын атынан ойнобой, ошол жергиликтүү стадиондо оюн өткөрсө, аларды көрүп, жаштар өсөт эле да. Африканын же башка чет өлкөнүн атуулуна төлөгөн каражатты жергиликтүү балдарга берсе, кыргыз футболу утушка ээ болот эле.
Бишкектик футбол күйөрманы Бектуруш Салгамани: - Кыргыз футболчуларынын чеберчилиги төмөн, Кеңеш доорундагы Алмаз Чокморовдун деңгээлине жеткен бир да оюнчусу жок, булардыкы балдардын оюну сыяктуу. Эч бир кызыгып көрүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз футболунун деңгээли нөл, - деген пикирин билдирди.

Кабыл Макешов