presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Издейм сени

ЖОТОЛОРУН ИЗДЕГЕН БОТОЛОР
" Айдын он беши караңгы, он беши жарык" деген эски накыл сөз тамырында не гана маани уюп, адамзат турмуш тирилигине таандык не бир ойлор түрмөктөлөт. Эски Совет доорунда ташка тамга баскандай ушул сөзгө да "архаизм" деген жарлык тагылып, коммунисттик идеологиянын кызыл камчысы такым талаштыра чабылып, архивге да өтүп кеткен жайы болгонун билебиз.

"Анан не болду? Эмнени дөөдүрөгөнү турасың?" деген суроолор макалага көз жүгүрткөн гезит ышкыбоздорунун мазесин алып жатканын баамымда сер салып, түшүнүп турам. Ошон үчүн сөздү ток этеринен баштаганым ийгидир.
Азыр, жо-ок, азыр эмес, илгерки көөнө замандарда жылдыз сымал теребелдин төрт тарабына чачыраган кыргыздар,суу жүрөк коркок качкындыгынан эмес, жаангер эр көкүрөк жоокерлигинен улам, кылымдарды кылымга улап олтуруп, акыр соң башка элдер өңдүү отурукташып, анан барып "мамлекет", "республика", "автоном" деген аталыштар чыгып, чек аралар бөлүнүп, атагөрү десеѕ, ким кайсы ооданды мекендесе - ошол жер анын түндүгү көтөрүлгөн түнөгү, тукум улантчу тууру болуп калбады беле.
Ооба, аркы түпкүрдөгү Түрк ата тукумдары көктөгөн тамыр баяны али бери изилденелек. Бул бөлүнгөндү бөрү жечүдөй заманда бабалар баяны эки капшытыбыздагы баурдастар менен агаинларга олжолонуп барат. Аны туюу биздин оюбузга да келбейт. Андан көрө кокту-кокту, урук-урук, уруу-уруу, Ак уул, Кызыл уул, Куу уул болуп "сен кыргызбы, мен кыргыз?!" деп жакалашып, эл дүрбөтүп жаңжал салып турган биздин саясатты улут менен оозанып ойногон кыйын чыкмаларыбыз - баамымда не бир керемет тарыхтан олжосуз олтуруп калчудай түрлөнөт.
Анткен менен эзелки кыргыз урпактарынын Кокон кожоюнчулугу, Совет улут кыргынчылыгы доорунан берки эле "кыр-кыр барбы, кыргыз сөөгү жатпаган, кыйыр барбы кыргыз буту баспаган", жакынкы жазмыштуу этник кыргыздар тууралуу сөз козгогондо кимдин каны кандаштары үчүн канчалык күйөрү айтпаса да түшүнүктүү.

Шерназар Шүкүров




Семичке семиртеби?
Жаңылбасам, өткөн жылы шаарбашы - Нариман Түлеев Бишкектин көчөлөрүндө семичке сатканга тыюу салган жарлык чыгарган. Акыбетинде көп жерлерде семичке саткандар сээлдей түшкөндөй болгон, калаа көчөлөрү да тазаланып калган. Ушул тапта жарлык күчүн жоготтубу же шаарбашынын жадынан көтөрүлүп кеттиби, андайлар кайра пайда боло баштады. Маселен, Байтик баатыр (мурунку Совет) көчөсү менен Т.Кулатов атындагы көчөлөр тогошкон аялдамада бир аял тынбай эле куурулганын да, куурулбаган да семичкесин сатып отурат. А айлана-тегерегинде семичкенин кабыгы жайнайт.
Байкуш, ал аял деле ошентип жашоосунун дөңгөлөгүн айлантып жаткан чыгар. Анткен менен калаанын тазалыгычы?!
Дегеле мындай карап көрсөң, бирөөлөр урдуруп эле бир стакан семичкени чөнтөгүнө салып, карсылдатып чагып кирет. Ал ошол семичке тазабы, ойлоп койбойт. А негизи семичкенин күнгө жайылганын, сотосунан ажыраткан, сапырган учурларын, салынган кап, мүшөктөрдү көргөн адам семичке чаккандан качып калмак.

Б.Турдубаев





  Таарынбасаңыз экен!

"Шайыга кыл илешет"
"Иш бар жерде жаңылыштык сөзсүз болот" дешет. "Иштеген киши жаңылат" деген да кеп бар. Бу сиздерге дагы бир эскерте кетерибиз - редакция эл үчүн, элдин сөзүн кайра ошол эле эл-журтка жеткирер трибуна болгондуктан, өзүбүздү периштебиз дебейли, билип-билбей жаңылып-жазган учурларыбыз да болуп калаары турулуу иш. Окурмандар арасында ар кыл пикирлер жаратып, алардын бүйрүн кызытыш үчүн бүгүнкү базар заманда кала берсе гезиттин окумалдуулугун арттыруу үчүн да кээде такталбаган маалыматты да жарыялап жиберген учурларды да моюндой кетели.
Бүгүн Кыргызстанда эмне көп? Эң эле көбү эмне? Ушак! Албетте, ушак. Анан да саясий ушак! "Баланча минтиптир!" "Түкүнчөнү сабап кетиптир!", "Түкүнчөнү саунада ойношу менен тартып алыптыр сүрөткө" дегендей. Арийне, алар эл көзүнө чалынып, башы көрүнүп калган адамдар. Негизи эле саясий ушак белгилүү адамдардын тегерегинде жүрөт, демек, ушул жагынан алганда саясий ушакка туш келген эле пенде илине бербейт экен, ушуга көзгө түшүп калган жандар чычалабаганы оң болмок, "Шайыга кыл илешет" деп ошон үчүн айтылган чыгар. Ошондой көзгө көрүнүп, өлкөнүн айдыңында аздыр-көптүр жанган "жылдыздарыбыздын" бири - Жылдыз Кемеловна Бакашова жөнүндө, тагыраагы ал киши эмес, маданият министрилигинин орду тууралуу алакандын отундай кабар жарыялаганбыз. Кантип, неге ишенип жазган элек? Ошол учурда министирлердин көбү алмаша баштаган. Анан Ж.Бакашова жөнүндө да сөз чыгып кеткен. - Министр болот экен! - деп. Биз ушуну гана "имиш" катары жазып койгонбуз. Албетте, Бакашованын ал орунга жулунбай эле, өзү иштеп жаткан Улуттук китепкананын беделин ар тараптан көтөрүүгө жасап жаткан аракеттерин билебиз, угуп журөбүз. Демек кабар-шоуга таарынбаңыз, ал биздин көчөдөгүлөрдөн алган "выдумкабыз" экенин, бул үчүн ордунда калган Султан мырза Раев деле туура түшүнөрүн, кектеп-жектеп жүрөрлүк пас даражадагы инсан эместигин билебиз.
Айрым макалаларга аттуу-баштуу эле адамдарыбыз таарынып, кыр көрсөтүп калган учурлар болот. Мунун өзү туура эмес го. Андан көрө сиз да макул болбогон жагдайга өз пикир, оюңузду жазып келсеңиз, жарыялоого даярбыз.
Ошентип, таарынбасаңыздар экен!

"Ааламчылар"





"Даватчы" дегенди ар кандай диний агымдарга, экстремисттерге кошуп койгондар кездешет. Ушул себептүү кылымдар бою тутунуп келе жаткан динибизди танып, ата-бабабыз укпаган тилди сындыра турган чет элдик "динге" жашынган агымдар тездик менен агылып келүүдө. Россиядан "Белое братство", "Аумсинрике", "Сатанисттер" "Баптисттер", "Адвентисттер", "Иеговачылар" "Лютеранчылар" "Исаны сүйүүчүлөр", "Иисусхристое" чиркөөсү "Мунистер" же "Ахмадийлер", "Исмаилиддер" "Хизб-ут" Тахрирчилер", "Кытайдан" "Фиоунгун" деген топ, "Сен - Мун" чиркөсүү ж. б. у. с. баш айлантып, салттуу диндерден алыстатып, элдин ынтымагын жок кылып, мамлекетибизди талкалоону көздөйт. Буларга батыштагылар демөөрчүлүк кылышып, тийиштүү уюмдарды акча менен ооздуктап алышкандыктанбы, чечкиндүү мыйзамдар жок болууда.

Билгенден билелегиң көп
Даватчылар - кимдер?
Ал эми "таблиг - дават" Адам алейхис салам жаралгандан баштап пайда болгон. Аллах Таала өзү даватчы, Куран баштан аяк дават. Ыпылас, бузулган, айбандардан да төмөн жашоодо болгон коомдорго пайгамбарлар жөнөтүлүп, жамандыктан жакшылыкка чакырып турушкан. "Дават-таблиг" болбогондо күчтүүлөр күчсүздөрдү жок кылып коймок. Ал ислам динине тиешелүү термин. Таблиг - үйрөнүү, үйрөтүү; дават - үгүт - жамандыктан жакшылыкка, б. а. Аллахтын буйругун аткарууга деген мааниде. Адамдын жашоо турмушун байлык аркылуу оңдоого болоор, бирок жүрөктүн бузулганын оңдош оңой эмес, буга уйкусуз күндөр, кажыбас мээнет, эмгек керек. Жүрөктөрдү тазалоо үчүн, ыйман нурун жеткирүү үчүн даватчылар өз акчаларын, убакыттарын Аллахтын ыраазычылыгы үчүн курмандык кылышып, даватка тартип менен үч күн, кырк күн, төрт айга чыгышат. Диний агымдардан даватчыларга кошула албайт.
Иштеп жаткан, шашып жүргөн адамдарга дават жүргүзүлбөйт. Даватчылар жаман сөз укса, муштум жесе да сабыр кылып "Таш менен урганды аш менен ур" дегендей кечирим сурашып, Аллахтан ыйман, жакшылык каалашат.
Ырас, кийинки убактарда даватчылардын кемчиликтерин аңдып, асылгандар арбый баштады; - индусча, пакистанча кийинет, тамеки тартат, үй-бүлөсүнө карабайт дегендей сындар айтылып, аларды мокочо, илимсиз, караңгы, түркөй кылып көрсөтүгө аракет кылгандар арбын болууда. Ал тургай - кылмышкер катарында көрүшүп, айрым жерлерде милиция кызматкери Азирети Муфтийдин уруксат кагазын тартып алышып, даватчылардан күнөө издегенге түшүшкөн учурлар бар.
Даватчылар асмандан же башка планетадан түшкөн эмес, алар сиздердин атаңыз, балаңыз же жакын туугандарыңыз. Даватчылардын, мусулмандардын катары ар түрдүү кесип ээлери - врачтар, мугалимдер, артисттер, илимпоздор, бизнесмендер, чиновниктер, дыйкандар, курулушчулар. Ырас, кемчиликтер бар, бирок баарында эмес, саналуу даватчыларда, ошондуктан кемчиликтерди жоёбуз, жүрүш-турушубузду, ыйманыбызды оңдойбуз деп дават жолуна чыгышат.
Мечит, ислам дини балдарды бузбайт, адам кылып тарбиялайт. Аларды буза турган нерселер -мектептин, коомдук жайлардын жаныңдагы - кафе-бар, түнкү клубдар, арак сатуучу жайлар, казинолор.
Кылмыштуулк көбөйгөн сайын милициялар көбөйөт, ал эми даватчылар көбөйсө кылмыштуулук, диний агымдар азаят, туугандар. Ошондуктан даватчылардын чочулабай алардын аракеттерине көмөк көтсөтүп, өзүбүздүн да адеп - аклахыбызды оңдойлу.
Айрым мамлекеттерде, айталы Россияда, ал түгүл Украинада өздөрүнүн диндерин мектепке киргизип, балдарга диний түшүнүктөрдү берүүдө. А бизде медреселерди, мечиттерди текшерүү жүргүзүп, материалдык жактан жетишпесе, жабууга кыскартууга шашабыз. Менимче медреселерге да табигий жана гуманитардык илимдерди киргизип, эки дүйнөнүн илимин үйрөтсө жакшы болмок.

Шабдан Орунбаев,
Чолпон-Ата шаары










??.??