Атактуунун уулу эмне дейт?

Искендер Океев: "Атамдын акыркы максаты -
Көп сериялуу фильм тартуу болчу"
Искендер Океев 1961-жылы Фрунзеде туулган. Москвадан Гнесиндер атындагы музыкалык-педагогикалык институтту бүтүргөн. 1987-жылдан - Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1992-жылдан бери Түркияда жашап турат. Анкарадагы Билькент университетинин музыкалык-театралдык факультетинде мугалим. Кыргызстандын атуулу. Төрт баланын атасы.

Төлөмүш Океев… Ал улуттук тарых менен маданиятты бирдей уңгулаган залкарлардан болчу. Буга анын көркөм тасмалары күбө. Анын каармандары экранда жүргөнү билинбейт, кадыресе турмушта биз менен аралашып жашап жаткандай. Алар өз жерин сүйүп, коргоп, каада-салттарын сакташат, ак ниет, акылман, мээримдүү, карапайым. Мунун баары бизге жеткиликтүү. Бүгүнкү биз маекке тарткан адамыбыз Төлөмүш Океевдин уулу.

- 90-жылдардын башында атаңыз Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалган кезде кандай ой-тилектери бар эле?
- Алгач атама Түркиядагы элчиликти сунуш кылганда макулдугун бир топко дейре бербей жүрдү. Акыры чыгармачылык кайсы тармакта болсо да өнүктүрсө болот деген бүтүмгө келди. Ошондуктан анын иши кайсыл гана маселе болбосун оригиналдуу, чыгармачылык мамиле кылгандыгы менен эсте калды. Өз өлкөбүздүн өкүлү болуш, улуттук маданият жана искусстводогу сиңирген эмгеги жана кадыр-баркы көп жагынан жардам берерин турмуш көрсөттү. Ал президент тапшырган милдеттердин ириси - жаш улуттук экономикага чет өлкөлүк инвестицияларды жана акыркы технологияларды тартууга көп күч жумшады. Бирок, болгон сунуштар менен демилгелер чиновниктер тарабынан көмүскө кедерги тийгизүүнүн айынан кумга сиңген суудай болуп жоголуп, түрк инвесторлордон Кыргызстанда ар кандай деңгээлде пара сурап жатышкандыгы зээнин кейитти. Акыры түрктөрдө биздин өлкө жөнүндө коррупциялашкан жана келечеги жок өлкө деген түшүнүк пайда болду. Дагы бир атамды толкунданткан нерсе, 90-жылдары кыргыз искусствосунда көзгө көрүнөөрлүк жаңы маанилүү эч нерсе жаралбаптыр. Өзүн буга күнөөлүүдөй сезчү. Ошол мезгилде маданият менен искусствонун көптөгөн ишмерлери мамлекеттик кызматка же аргасыздан бизнеске, саясатка аралашып кетишти. Коомдогу маданияттын жакырданышы улуттук искусствонун чыгармачылык боштугун жаратты. Учурунда кыргыз экономикасынын гүлдөп-өсүшүнө алып келет деген эл ишенимине арзыган бийликке келгендердин ишеничти актай албай калганы үчүн абдан кайгырган эле. Андан дагы алардын алсыз саясатчы, алысты көрө албаган жетекчилер экендигине, өлкө менен эл тагдыры аларды кызыктырбагандыгы жанын кашайтты. Эгемендик жылдары биз талоонго түшкөн экономика гана эмес, нравалык багыттардын кризисине баттык. Кеп төркүнү ушу жакта.
- Ошол мезгилде Түркия менен Кыргызстандын маданий байланыштары кандай эле?
- Ал кез маданий карым-катыштардын жандуу учуру эле. Түркияда чыгармачылык фестивалдар, көргөзмөлөр, кыргызстандык өкүлдөрдүн катышуусунда концерттер уюштурулду. Өзүм Кыргызстандыг эң мыкты аталган чыгармачылык жамаатына кошулуп атайын рейс менен Түркияга биринчи жолу учуп келдим. Биз менен кошо Бишкектен президенттик симфониялык оркестр келди. Дайыма фильмдер, фольклордук программалар, живопись чыгармаларынын көргөзмөлөрү уюштурулуп, биздин көптөгөн коллективдер менен авторлор түрк демөөрчүлөрү тарабынан сыйлыктарга арзышты.
- Анталияда болуп өткөн Эл аралык театралдык фестивалда кыргыз улуттук "Щелкунчик" спектакли коюлгандыгынан кабарыбыз бар. 90-жылдардагы мындай карым-катыштар атаңыздын эмгегиби же бул тармактагы мамлекеттик саясатпы?
- Көп жагынан менин атамдын жеке эмгеги. Бирок мындай алакалар биздин мамлекеттен өзгөчө финансылык каржылоону талап кылбады. Алар бар болгону белгилүү артисттерди, музыканттарды, бийчилерди, маданият чиновниктерин чогултуп беришкен. Маданият ишмерлеринин кадыр-баркына жараша негизги чыгымды түрктөр өздөрү көтөрдү. Атамдын көзү өттү. Көптөгөн байланыштар үзүлдү. Андан кийин бул багытта тилекке каршы эч ким жарытылуу иш жасай албаптыр. Атам Түркия менен маданий кызматташууга олуттуу маани берип, бул баарыдан мурда Кыргызстанга зарыл экендигин туура түшүнгөн. Атамдын акыркы долбоору Россия менен Түркиянын карым-катышы тууралуу көп сериялуу фильм эле. Анда бул улуу державалардын байыркы мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый, саясый, маданий жана экономикалык байланыштары камтылган. Атам жумушка баш-оту менен киришип, эбегейсиз зор даярдоо иштерин жүргүзүп жатканда күтүүсүздөн болгон өлүм анын чыгармачылык пландарын ишке ашырууга жолтоо болду. Биздин колубузда бул кызык теманы оригиналдуу көрө билген, ойдун учкулдугу, тереңдиги менен айырмаланып, адамды таңкалтыруучу сценарий гана калды.
- Кыргызстандан тышкары он эки жылдан бери жашап жатасыз, кайрылып келбейсизби?
- Бул мен үчүн оңой суроо эмес. Музыкант катары, Түркияга керек экендигимди сезем. Эң негизгиси өзүм сүйгөн иш менен алекмин. Чыгармачылык кубатымды жүзөгө ашырыш үчүн бул жерден көп нерсе таптым. Үйдө музыка менен алектенмек турсун, үй-бүлөмө нан табышка чуркап жүрчүмүн. Ошентип жүрүп жашоо үчүн кесипти же өлкөнү алмаштырыш керек экендигин түшүндүм. Тилекке каршы ошондон бери Кыргызстанда эч деле өзгөрүү болбоптур.
- Ошол сиз кеткен мезгилде Чүй камералык оркестри түзүлгөн. Мамлекеттик улуттук маданияттын колдоосу дурус болуп турган мезгил эмес беле?
- Ал кез жигерденип, күү-дем менен иштөөнүн акыркы учуру болгон. Москва, Ленинграддын чыгармачылык оку жайларын бүтүрүп келген адистер республикада чыгармачылык жагдайды калыбына келтирүү үчүн окутуу ишмердүүлүктөрүн баштоонун ордуна кайсалап, жан багыштын айласын издеп калышкан. Амалдары түгөнүп көптөрң башка иш издеп, айрымдары бизнеске киришти. Болгону өз кесиби менен жерин сүйгөндөр гана калышты. Чеберчиликти дайыма колдоо үчүн маданий чөйрөнүн таңсыктыгы, профессионалдык өсүш жөнүндө айтпай эле коелу, улуу муундагылардын сапаттык деңгээлге көтөрүлүүгө жарамсыз болуп жаткандыгы зээн кейитет. Кадрларды даярдоо жокко эсе. Таланттуу жаштарды тарбиялоо тууралуу айтпай эле коелу.
- Мындай мезгил Кыргызстанда дагы канчага созулушу мүмкүн? Бул эми жаратылыштагы түшүмдүү жер кыртышы сыяктуу эле эмеспи. Колдон келишинче болгон түшүмдү жыйнап алышты. Керектүүлөрүн тамыры менен чогултушту. Калган жерлерди отоо чөптөр каптап кетти. Эми болсо отоо чөптөр "куурай" баштады. Өсүп кеткенге чама-чарктары чектелүү. Кадрларыбыз өсүш үчүн жерибиз дагы канчага чейин "куурап туруш керек?"
- Ар кандай чыгармачылык көркөм чөйрө жашап турган коомдун түздөн-түз чагылдырылышы. Туруктуу экономикалык өсүштүн натыйжасы болуп саналган ыңгайлуу маданий кыртыш түзүлмөйүн жалпы элдик маданият менен искусствонун өнүгүшүн күтүүгө болбойт. Совет мезгилинде улуттук искусство үчүн Динара Асанованы башка жакта чыгармачылык аброй алып жатканы бирден бир үлгү катары саналчу. Бүгүн болсо мындай мисалдар ондоп саналат. Таланттуу жаштар өз жеринде талапка ылайык профессионалдуу билим алалбайт. Алар кичине эле мүмкүнчүлүк болсо өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр. Алардын Кыргызстанга кайтып келиши өлкөнүн шартына көз каранды.
- Кыргызстан бүгүн коомдук-саясый мамилелердин нравалык жагынан ушунчалык жардыланган, жагымсыз (экономиканы айтпай эле коелу) абалда болгондуктан, чет өлкөдө иштеген көптөгөн жогорку деңгээлдеги адистер, өз өлкөсү үчүн пайдалуу иш жасай турган атуулдук-романтикалык тилектери сакталып калгандары да кайтып келген күндө уруулук менталитеттен арла албастыгын жакшы түшүнүшөт.
- Так ошондой. Мындан сырткары мен үчүн да эмес, балдардын келечеги үчүн ишеним болуш керек да.
- Мындай учурда бирөөнүн оозун караган позицияны тутунуп жаткан жокпузбу? Биз биякта бир жакка барып шарт түзүүнүн ордуна качан ылайыктуу абал түзүлөт деп күтүп жатабыз. Сизди ким кармап жатат? Азыр Кыргызстанда эч ким ачка калбайт. Адистиги боюнча жумуш табылышы ыктымал. Албетте, маяна акы деле жарыта бербейт, бирок чоңураак квартираны 300 доллардан ижарага берип жашай бер. Бишкектиктердин көбү ушундай кылышат.
- Тилекке жараша, булардын көпчүлүгү Кыргызстанда атуулдук ар намысы бийиктигинен калып жаткан жери жок. Менин коллегаларымдын көпчүлүгү чет өлкөгө барып иштеп келгиси келет, бирок каякка барып эмне жумуш жасаарын билишпейт. Ырас, алар күндү күн, түндү түн билбей элдер эс алуучу жайларда иштөөгө мажбур. Мындай шартта каяктагы чыгармачылык, адистикти жогорулатуу же элге кызмат кылуу, буга дараметтери да калбайт. Муну өз башыман кечиргем. Азыр биякка келсем, менин тияктагы абалым оорлойт. Мен үчүн биринчи иретте өзүмдүн профессионалдык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүгүмдү ишке ашыруу. Андан сырткары, Билькентте иштеп жаткан оркестрдин деңгээлиндей оркестр Кыргызстанда жок. Болбойт дагы.
- Анда эмнеге Кыргызстанга келип өзүңдүн тажрыйба менен профессионалдуулугуңа жараша биздин оркестрлердин деңгээлин көтөрбөйсүз? Деги Кыргызстанда бүгүн жогорку класстагы оркестр түзгөнгө болобу?
- Албетте, болот, неге болбосун? Камералуу оркестр түзсө болот. Бирок бул үчүн биринчиден, мындай башталыштарга өз акчаларын сарптап тим болбой, мындай салымдар өз бизнесинин статусун көтөрөөрүн түшүнө турган Кыргызстанда меценаттардын бир катмары жаралышы керек. Мисалы, мен иштеп жаткан Билькент университетиндеги симфониялык оркестр жеке адамдын акчасынын эсебинен күн көрөт жана анын ээсине жылына миллион доллар чыгым алып келет. Оркестр курамында ар кайсы өлкөдөн 85 музыкант бар. Концерттен тышкары университеттин музыкалык факультетине сабак беришет. Бул оркестр өзүнүн аткаруу чеберчилиги боюнча Түркияда алдыңкылардын катарына кирет. Ошондуктан чет өлкөлөргө гастролго көп чыгат. Университеттин жетекчилиги үчүн бул жөн гана өз окутуучуларынын деңгээлин эл алдына тартуулоо эмес, баарынан мурда өзүлөрүнүн түрк коомунун маданий элитасына таандык экенинин күбөсү. Искусствого болгон мындай мамиле биздин олигархтардын түшүнө кирбейт.

Маектешкен Сапалкан
Арипов