Атың чыкпаса жер өрттө…

"Паспортума "кыпчак" деп жазбасаңар, БУУга кайрылам!"
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери экинчи жолу калкты каттоо жүргүзүлүүдө. Каттоо учурунда Камчыбек Саматов өз тилин жана улутун "кыпчак" деп билдирүүнү көздөйт.
Анын эсеби боюнча, Баткендин айланасында отурукташкан 30 миң калк дагы ушундай түрдө каттоодон өтмөкчү.
"Алардан тышкары, Жалал Абад, Ош облустарындагы кыпчактар да мага кайрылып жатышат", дейт ал.
Каттоодон өткөндөн кийин, К.Саматов жактоочулары менен алардын паспортуна "кыпчак" деген чиймени киргизүүгө уруксат алуу үчүн Кыргызстандын президентине жана парламентке кайрылышмакчы.
Паспортто адамдардын атуулдугу гана көрсөтүлүүчү башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргыз Республикасынын атуулдарынын паспортунда совет мезгилиндегидей, "улуту" же "улуттук таандуулук" деген чийме киргизилген.
Мындай аракет оңунан чыкпаса, Саматов Бириккен улуттар уюмуна кайрылууга камданууда. "Дүйнөлүк коомчулук жок болуп кетүү коркунучунун алдында турган этноско кайдыгер калбайт", дейт К.Саматов.
Бул этносту мыйзамдаштырууга К.Саматов Советтер Союзу учурунда эле, 1989-жылы жүргүзүлгөн каттоодо киришкен. Бирок, натыйжа чыкпагандыктан, 1999-жылы кийинки каттоодо 350 миң адам менен бирдикте дагы бир аракет кылышкан.
"Азыр демократиялык өлкө болгондон кийин, бизди эч каршылыксыз этникалык топ катары таанышат деп ойлогом",- дейт ал.
1999-жылкы каттоодо алардын улуттук таандуулуктары катталганы менен, жарыяланган статистикада кыпчактар Кыргызстанды мекендеген кичи улуттардын катарында жазылган эмес.
Улуттук статистикалык комитетинин калкты каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Гулзейнеп Мырзабекованын түшүндүрүүсү боюнча, алардын мындай "өзүн-өзү таанытуучу" маалыматтары каттоонун жалпы жыйынтыктарында жарыяланышы милдеттүү түрдө эмес.
"Кыпчактар улут эмес, алар уруу. Алар кайсы тилде сүйлөгөнүн айтышы керек. Кыргыз тилинде сүйлөшсө, кыргыз улутуна тиешелүү болушат. Казак тилинде сүйлөшсө, казак болушат",- дейт Гүлзейнеп Мырзабекова.
2006-жылы К.Саматов жергиликтүү сотко кыпчактарды улут катары таанытууга кайрылган. Бирок, токтомду региондук сот, кийин Кыргызстандын Жогорку соту жокко чыгарган.
Кыргызстанда уруу-урууларга бөлүнүү өзгөчө мааниге ээ. Көпчүлүк өзүлөрүнүн урук-туугандарын, "жети атасын" жана кайсы уруудан экендигин такалбай айта алышат. Уруктар чоң урууларга биригишет, кыпчактар болсо ичкиликтерге кирет.
Жөнөкөй адамдар үчүн уруулук байланыш, ата тектик катнаш кыргыз улутуна таандуулук сезимдерин басмырлабайт. Андыктан, алардын көпчүлүгүндө кыпчактардын алардан кандай артыкчылыгы бар деген суроо туулат.
Маданий жана лингвистикалык жактан алганда, Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык этникалык топтор, сүйлөгөн тилдериндеги тектештик айырмачылыктарын эске албаганда, жалпысынан окшош келишет.
Кыпчактардын улуттук статуска ээ болуу аракеттерине түрткүнчүк болуп тарыхый негиз эсептелет. "Кыпчак" деген термин азыркы Казакстан менен Украинанын ортосундагы аймакта жашаган байыркы түрк элдеринин басымдуу топторун атоого колдонулган.
"Бизде маданий жана тарыхый далилдер жетиштүү. Мен 30 жыл бою бул суроонун үстүндө иштеп келем", дейт К.Саматов.
Кандайдыр бир деңгээлде, К.Саматовдун талаптары Советтер Союзунун жетекчилиги Борбордук Азияны жердеген ар башка топтордон улуттарды түзгөн деген жарыш сөзгө окшошуп кетет. Бирок, буга үстүртөн карабаш керек. Анткени, мындай кырдаал кыргыз элинин улуттук статусуна шек келтириши мүмкүн.
Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин "Эл аралык жана салыштырма саясат" программасынын жетекчиси Шаирбек Жураев кыргыз урууларынын аталыштары башка тарыхый тектерге тиешелүүлүгүн көрсөтөт.
"Уруулардын мурда же азыркы учурда жашаган башка улуттарга ыктагандыгы кыргыз улутунун тарам-тарамдарга ыдыроо коркунучун туудурат", - дейт ал.
IWPR тарабынан сурамжыланган саясат таануучулар жана эксперттер
К.Саматовдун иш-аракети улуттук топторго бөлүнүп-жарылуу коркунучуна алып келерин бир ооздон баса белгилешет. Алар адамдардын өзүн өзү таануу сезимдерин сыйлашарын, бирок кыпчактардын талабын орундатуу улут ичиндеги жаңжалга түрткү болорун айтышат.
"Бул болбогон иш! Кыргыздар араң эле 3,6 миллион калкпыз. Эми, кыргыздарга, анан кыпчактарга бөлүнүүгө болбойт", дейт коммунисттер фракциясынын депутаты Исхак Масалиев.
Этникалык суроолор боюнча эксперт Эмиль Каниметов, "бул өнөктүк туура эмес багытта жүрүп, улуттук ыдыроого алып келиши ыктымал",-деп чочулайт.
"Биздин шартта улуттарга ыдыроого болбойт. Бүгүн дүйнө ааламдашып, көпчүлүк мамлекеттердин паспортунан атуулдун улутун аныктаган чийме алынып жатат. Мындай жагдайда Кыргызстан артка бир кадам жасагандай болот",- дейт Эмиль Каниметов.
Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун айтымында, өлкөдө улуттук идеяны түзүү керек.
"Азыр Кыргызстанда эч кандай улуттук идеология жок болгондуктан, биз түндүк-түштүккө, урууларга бөлүнүп жатабыз. Кыргыздар ар улуттардан, уруулардан түзүлгөн элбиз. Бирок, бул тарам-тарамдарга ыдыраш керек дегендик эмес", дейт Ибраимов.
Ибраимовдун айтымында, улуттук статус бирдиктүүлүктү камтыган түшүнүк жана "Кыргызстан - кыргыздар үчүн" деген ой-пикирден алыс болуш керек.
"Андай болбосо, кыргыз эместер өлкөбүздө квартиранттарбы?",- дейт ал.
Басымдуу пайызы кыпчактар болгон Баткен шаарынын тургундарынын көпчүлүгү жаңы кыпчак улутун түзүүгө кызыкдар эмес. Алар эл ичинде пайда болуп кете турган чыр-чатактардан көбүрөөк кооптонушат.
"Сенин кытай же кыргыз экендигиңдин айырмасы эмне? Менин тааныштарымдын жашоосу алардын кыпчак деп катталуусунан жакшырып кетпейт деп ойлойм", дейт Баткендин тургуну Максатбек Баймырзаев.
"Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда жайгашкан Баткен облусу үчүн улуттук таандуулук суроолору өзгөчө жаралуу келет", - дейт жергиликтүү мугалим Уларбек Арапов.
"Калкы жыш отурукташкан Фергана өрөөнү ансыз деле, улуттар аралык кагылышуунун чордону болуп кетиши ыктымал. Абалды курчутуунун эмне кереги бар?", дейт ал өз сөзүндө.
К.Саматовдун билдирүүлөрүнө таянсак, анын чакырыктарынын эч кандай көмүскө бөлүнүп-жарылуучулук максаттары жок.
"Кыргызстандан бөлүнөлү деген ниети жок. Биз Кыргызстанда жашап келгенбиз жана дагы жашай бермекчибиз",- дейт Саматов.
Кээ бир баяндамачылар К.Саматовдун көздөгөнүн ишке ашыруу аракетин колдошот.
Кыргызстандын акыйкатчысы кыпчактарга расмий статус берүүгө мурда каршы чыгып келсе, омбудсмендин жергиликтүү өкүлү Хаит Айкынов Саматовдун иш-аракетинде мыйзамга жатпаган эч кандай негиз жок деп белгилейт.
Ал эми, Баткен облусунун статистикалык комитетинин башчысы Мырзакмат Эргешовдун айтымында, каттоочулар элдердин каалаганынын баарын жазышат.
"Биз паспорттогу улуттук таандуулукка байланыштуу чиймени карабайбыз. Бизге үстүртөдөн адамдарды кыпчак деп каттабагыла деген эч кандай көрсөтмө болгон жок", - дейт Мырзакмат Эргешов.
Юристтердин түшүндүрмөсүнө токтолсок, улуттук таандуулук укумдан тукумга гана өтөт. Адамдар аны өз каалоолору боюнча жаздыра алышпайт. Өзүн кыпчакмын деп эсептеген адам атасы же энеси кыпчак экендигин далилдеп бериши керек.

Жеңиш Айдаров, Баткен
Миргүл Акимова, Бишкек





Кыпчактардан кыскача тарых
Байыркы орус жазмаларында - половецтер, европалык булактарда - кумандар деп аталган түрк тилдүү эл. Түпкү ата-бабалары сиралар IV-VII кылымдарда Алтай менен Чыгыш Тянь-Шандын талааларын мекендеген. 630-жылдагы түзүлгөн кыпчак мамлекети кытай жана уйгурлар тарабынан талкаланган. X кылымда азыркы Казакстандын түндүк-батыш тарабын мекендешкен. 1030-жылы Иртыштан Волгага чейинки мейкин талааларды ээлешкен. XI кылымдан тартып Дунайдан батыш Тянь-Шанга чейинки мейкиндик половецтердин жери же Дешти-кыпчак деп аталган. XII кылымдагы чыгыш Волга кыпчактары Борбор Азия, ал эми батыш кыпчактары Русь, Византия, Венгрия жана Болгария менен тыгыз карым-катнашта болушкан.

Кыпчактардын өз кезегине жараша кубаттуу аскер күчтөрү капыстан куюндата душман арасына кирип келип, анын тымтыракайын чыгарып кетүүгө жөндөмдүү мобилдүү атчандар армиясы болгон. Кыпчактар да-йыма ат үстүнөн түшпөгөн согушчан эл болуп, башкы максаты - өзүн коргоо жана каршылашкан душманын тыптыйпыл чааап, байлык мүлкүн олжолоп кетүү болгон деп айтылат тарыхый булактарда. Айрыкча княздары чыгышпай бытыранды болгон ынтымаксыз Руска, Венгрия, Византияга кол салып турушкан. Көп княздар алар менен тил табышып алып, өзүлөрүнүн кастарына каршы күрөштө "жапайы талаа арстандарынын" колу менен көптөгөн каршылаштарын тизелетишкен.
XII кылымдын баш жагында Кара деңиз боюндагы талааларда эки ири кыпчак ынтымагы - Днепр жана Дон бирикмелери пайда болгон. Кыпчактардын эл катары жоголушунун башталышы монгол-татарлардын ааламды ээлөө үчүн баштаган жүрүшүнө туура келет. Монголдор менен 1223-жылдагы салгылашууда жеңилген кыпчак каны Котян 40 миңдик кол менен Венгрияга качып барып, ал жерде өлтүрүлгөндөн кийин, кыпчактардын бир бөлүгү Балканга ооп, басымдуу бөлүгү Алтын Ордого киришкен. Алар монголдор менен жуурулушуп, тилдерин унутушкан жана XIV кылымдан кийин кыргыз татар, казак, башкыр, кумык ж.б. элдерге сиңип кетишкен.

Бакыт Жолдошев