Кесипкөй мушкер болуп акча тап
Профессионалдык бокстан Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, жети жолу дүйнө чемпиону аталган, Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров өлкөдө бул спортту өнүктүрүү демилгесин көтөрүүдө.
Кеңеш доорунда профессионалдык бокстан дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон эки мушкер: кыргызстандык Орзубек Назаров менен орусиялык Юрий Арбачаков эле. Ушул эки кесипкөй бокс дүйнөсүнө жол ачып, өз бактысын, атак-даңкын мээнети менен тапкан.
Кеңеш доорунда бул тармакка өтүүгө тыюу салынып келген. Өз тагдырын тобокелге байлаган Орзубек Назаров күч кубаты ашып-ташып турган учурда бокс ышкыбоздору менен беттешүүдөн баш тартып, профессионалдык рингде өзүн сынап көрүүгө аттанган.
Ал учурунда спорт ышкыбоздору арасында Европа, СССР чемпиону болгону менен дүйнө биринчилигин ута алган эмес.
Алгач профессионалдык бокста далай түйшүктөрдү тартып, Жапон өлкөсүндөгү кесипкөй мушкерлер менен беттешип, бул чөйрөдө таанылды. Күн чыгыш өлкөсүнүн беш жолку чемпону аталганда гана азиялык, дүйнөлүк мелдештерге жолу ачылган.
Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун пикиринде каруу-күчкө толуп, жетилген куракка келгенде ышкыбоздор арасындагы боксчулар рингден четте калууда.
- Ошондуктан алар үчүн профессионалдык бокс дүйнөсүнө жол ачып, жол-жобосун үйрөтүп, өздөрүн сынап көрүү үчүн шарт түзөбүз. Андан ары Казакстан, Өзбекстан, Орусиядагы мелдештерге катыштырып, рейтингин көтөрөбүз. Профессионал мушкер деген сертификат алгандан кийин гана Азиялык, дүйнөлүк таймашууларга даярдоо башкы максаттарыбыз.
Профессионалдык бокстун шартын, келишимдерин жакшы билбегендиктен АКШда "Kid Diamond" аталып жүргөн Алмазбек Раимкулов ыңгайлуу учурларын пайдалана албай, 30 жолку беттешүүнүн 27син жеңип алганы менен дүйнө чемпиондугу үчүн атаандашка чыга албай жүрөт.
Себеби учурда өлкөдө профессионалдык бокска өтүп, өзүн сынап көрүүнү каалагандар арбын болгону менен алардын башын кошкон уюм болгон эмес.
Айрым жигиттерди Өзбекстан, Казакстанда өткөн профессионалдык таймашууга салган жеке спорт клубдар өз кызыкчылыктарын гана көздөп келишкен. Алар профессионалдык бокстун талаптарын аткарбай, жигиттердин укугу чектелип же ден-соолугуна залал келтирген жагдайлар да болгонун адистер айтып жүрүшөт.
Өлкөнүн профессионалдык бокс федерациясынын президенти Константин Коробовдун айтымында бул тармакты системага салууга, профессионалдык бокста өзүн сынап көрүүнү каалаган жигиттерди сындан өткөрүп, ден соолугун текшерип, атайын сертификат берүүгө убакыт жетти.
- Профессионалдык бокска баш байлаган жигит эреже боюнча ышкыбоздор мелдештерине катыша албайт. Ошондуктан кесипкөй мушкер болууну самаган спорт чеберлери Айбек Жээнбеков, Шавкат Мирзалиев, Эрлан Исмиалов, Тимур Шайлозов жана Давран Хабиров спорт сүйүүчүлөрдүн же ышкыбоздордун мелдештеринде мындан ары күч сынашпайт.
Жогоруда аты аталган жигиттер Кыргызстандагы кесипкөй мушкерлер мелдештеринде сыналып, кадыр-баркын көтөрүп, профессионалдык чөйрөгө таанылгандан кийин гана Азия, дүйнө чемпионатарынын түрдүү версияларына катышууга укук алышат.
Ошондуктан өлкөнүн профессионалдык бокс федерациясынын демилгеси менен 12-апрелде Бишкектеги "Стронг" спорт борборунда кесипкөйлөрдүн 8 беттешүүсү өткөрүлгөнү камылга көрүлүүдө. Байгеси да бар, мелдешке катышып акча тапсаң да болот.
Бокс боюнча спорт чебери Алмаз Кудайбергенов кеңеш доорунда кесипкөй мушкер болууну самап, ага спорт комитети жол бербей койгонуна али да болсо өкүнүп жүрөт.
- Бокс десе эле мушташууну элестетишет. Бул спорт акылды, бай тажрыйбаны талап кылат. Совет доорунда мыкты боксчулар жаш кезинде эле чоң спорттон четтеп калып, өзүн керексиз сезип, ар кандай тагдырга туш болчу. Ал мезгилде профессионалдык бокска барууга мүмкүн эмес эле. Күч-кубатың ашып-ташып турган учурда "урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай" турган учурда айрым боксчуларды кылмыш чөйрөсүнө тартып кетишчү. Ошондой жаштык кезим болсо, профессионалдык бокска кетип, кыргызды таанытат элем. Азыр жаштарга сонун, абдан ыңгайлуу жагдай түзүлүп, профессионалдык бокска жол ачылып турат. Кыргыз жигиттеринен сөзсүз, эгер жалкоолонбосо, жалакайланбаса мыкты кесипкөй мушкер чыгат. Бул спорттун келечеги кең.
Шериктеш өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстан, Украина, Орусия профессионалдык бокс тармагында таанылып, жылдызы жанган жигиттердин багы ачылды.
Казакстандык олимпиада, дүйнө чемпиону Василий Жиров, Марат Мазимбаевди, өзбекстандык Руслан Чагаевди, орусиялык Костантин Цзю, Николай Валуевди жана украиналык бир туугандар Кличколорду билбеген спорт күйөрманы жокко эсе.
Кыргызстандан дагы Орзубек Назаров, Алмазбек Райымкулов сыяктуу өз бактысын профессионалдык рингде сынап көрүүнү каалагандар арбын. Алардын кимисинин жылдызы жанып, ийгиликтерге жетээрин алдыдагы мелдештер көрсөтөт.
Борбор Азия өлкөлөрүндөгү профессионалдык бокс тармагында кызматташууну жөнгө салып, биргелешип иш алып баруу үчүн өзүнчө ассоциация түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.



Казактан мөрөй алгандар
Дзю-до боюнча өлкөнүн тандалма командасы Казакстандан олжолуу келишти. Павлодар шаарында өткөн Казакстандын эмгек сиңирген устаты Батырбек Сейсенбаевди эл аралык эскерүү мелдешинде 1 алтын, 1 күмүш, 3 коло байгелүү болуп, кубанып келишти. Бул мөрөй талашууга Өзбекстан, Пакистан, Түркмөнстан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандан 400дөн ашуун балбан катышып, курч мүнөздө таймашуулар болду.
66 кг салмакта Ислам Баялинов бардык атаандаштарынын "акесин" таанытып, алтын медаль тагынып, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Оор салмакта бишкектик Юрий Краковецкий финалга жетип, күмүш байгелүү болду. 90 кг салмактагы Алимбек Жусупов коло медалдын ээси болсо, оор салмакта Акрам Маразыков да үчүнчү орунду камсыз кылды.
Кыз-келиндердин дзю-до таймашууларында кыргызстандык Елена Исакова 57 кг салмакта коло медаль утуп, эл аралык деңгээлдеги балбан экенин далилдеди.

Руслан Аскеров - мыкты аталды
Оор атлетиканын дагы бир түрү бар, ал жатып алып, көкүрөккө коюлган штанганы көтөрүү. Бул спорттук таймашууга майып спортчулар да катышып, күч сынаша алышат.
Бишкекте өткөн өлкө Кубогунда 82,5 кг салмакта Руслан Аскеров Кыргызстандын рекордун жаңыртуу менен 180 кг оордукту багындырып, чемпион аталды. Мелдештин уюштуруучулары Русланга өзү каалаган автоунаанын наркынын үчтөн бир бөлүгүн төлөп берүүгө убада кылып, сүйүнттү.
67,5 кг салмакта Али Гаджиев 140 кг оордукту көтөрүп, чемпиондук наамга арзыды. 75 кг салмакта Бородин Акботоев (135 кг) 100 килодо Ильяр Баязитов (220 кг) . 110 кг - Дмитрий Шайкуров (125 кг). 125 кг салмакта Алексей Волков 200 кг оордукту көтөрүп, Кыргызстандын быйылкы чемпиондору болушту.
Кыз-келиндер арасында Ольга Шайкурова - 90 кг салмакты жатып көтөрүү менен жеңүүчү деп табылды.
Кабыл Макешов




  Көңүл бургула!

Президенттикке талапкерлердин эсине!
"Форум" гезити 2009-жылдын 23-июлунда өтө турган КР президенттик шайлоосуна ылайык, Шайлоо Кодексинин беренеси (30-статьясы, 8-пункту) боюнча үгүт иштерине катышууга даяр. Президенттикке ат салышкан талапкерлерге төмөнкү бааны сунуш кылат:
1-бет (түстүү) - 60 000 (алтымыш миң сом)
Түстүү беттер - 40 000 (кырк миң сом)
Ак-кара беттер - 30 000 (отуз миң сом)
Атайын чыгарылышы келишим баада.
Байланыш телефондор: (0312) 53 16 87, (0312) 53 16 83


Президенттикке талапкерлердин эсине!
"Параграф" гезити 2009-жылдын 23-июлунда өтө турган КР президенттик шайлоосуна ылайык, Шайлоо Кодексинин беренеси (30-статьясы, 8-пункту) боюнча үгүт иштерине катышууга даяр.
Үгүт материалдары үчүн гезит беттеринин баалары:
Түстүү беттин 1 кв. см. - 25 сом
Ак-кара беттики 1 кв. см - 20 сом
Түстүү бир бет - 25.000 сом
Ак-кара бир бет - 20.000 сом
Атайын чыгарылышы келишим баада.
Байланыш телефондор:
0555 49-79-00, 0773 33-71-61


Түзөтүү
Гезиттин 26-мартта жарык көргөн №21 санында "Тажик президенти Э.Рахмон Баткенди анклавга айландыргысы келеби?" деген макала жарыяланып, андагы "облфинполициядан алынган айрым маалыматтарга ишенсек…" деген сүйлөмдө мүчүлүштүк кеткенин, андыктан аталган сүйлөмдү урматтуу окурмандарыбыз "облфинполицияга шилтеме жасаган айрым коомдук булактар билдирген маалыматтарга ишенсек…" деп оңдоп окууларын өтүнөбүз. Редакция облфинполициядан түз эч кандай маалымат албаганын жана кеткен так эместик үчүн кечирим сураарын билдирет .