Жаман үйдүн коногу бийлейт...

Тажик президенти Э.Рахмон Баткенди анклавга
Айландыргысы келеби?
Баткен облусуна чектеш тажик кошуналар кыргыз жерлерин "тынчтык жол" менен басып алууларын улантууда. Эгерде бул көрүнүш мындан ары да улана берсе, бираз жылдардан соң Баткендин Лейлек району жана Баткен районунун теңи, тажиктердеги кыргыз анклавына айланышы турган кеп. Эки президенттин өткөн жылдагы жолугушуусу маселени чечмек тургай, жок дегенде жеңилдете да албады. Андан кийин эки өлкөнүн коопсуздук боюнча катчылары А.Мадумаров менен А.Азимов Баткенде жолугушуп, сүйлөшүүлөр баягы эле айтыла келген "тараптардын кызыкдарлыгы, маселени батыраак чечүү зарылдыгы" жөнүндөгү жалпылама эски кептер менен бүттү. Жалгыз жетишкендик - тараптар мурда Чорку жана Сурхту аралап өтчү 24 км Баткен - Исфана жолун эми айланма кылып курууга макулдашышкан. Өкмөт болсо тажиктер менен чегараларды тактоо ишин унутуп эле койгондой. Ушул иш боюнча жооптуу өкмөт өкүлү Саламат Аламанов менен бир эки курдай маек курганыбызда тажиктер менен чегаранын тоо кыркалары аркылуу кеткен жерлери такталып, өрөөндөргө кезек жеткенин айткан эле. Андан бери эки- үч жылдай өтүп кетти, абал ошол эле бойдон.


Негизи чегараны тактоо бизге керек, тажиктер үчүн мунун канчалык создугушу ошончолук пайда, чегара жокпу, демек, кирип, кыргыздын жерлерин ээлей берсе болот.Өз жарандарынын мындай жоругун тажик бийлиги унчукпай колдоп турат, калкы 7 миллиондон ашып бараткан, аймагынын 93 пайызын тоолор ээлеген Тажикстандын калкын багуу кыйындап баратканын президент Э. Рахмон эң сонун түшүнөт. Андыктан башаламандыктан башы чыкпаган кошуна Кыргызстандын жерлерин ээлеп, ошону менен бирге өз аймагын да кеңейтип алуу максатын көздөгөн саясатын жылма, бирок активдүү жүргүзүп жатат. Ушу тапта Дүйшөмбүдөн басылып чыгып жаткан республиканын жаңы карталарын караган адамга Тажикстандын батыш Калачадан ( Лейлектин Кулундусу менен чектешет) тартып Ворух анклавына чейинки кыргызга тиешелүү жерлер тажик аймагынын боектору менен боелгону көрүнүп турат. Тагыраак айтканда тажик бийлиги бул чектердеги 20км.ден ашуун коридорду иш жүзүндө өзүнүкү деп тааныйт. Басып алынган бул территориянын жалпы аянты 10 миң чарчы метрдей келет. Жакында Тажиктин "Вароруд" маалымат агенттигинин башчысы, саясат серепчиси Н.Мирсаидов "Экспансия деп кыйкырып жатышкан кыргыздар чынында бул жерлердин кимге тиешелүү экенин жакшы билишет. Бул жерлердин кыргыздардыкы экенин тастыктаган бир да археологиялык далил жок" деп айтып чыкты. Мындан көрүнүп тургандай, бул мырзанын сөзү иш жүзүндө тажик бийлигинин азыркы позициясын билдирет.
Кыргыз-тажик чегара маселелеринин тарыхы чынында бир топ терең. Эки республиканын административдүү чектериндеги талаштуу жерлердин көйгөйү тээ 30-жылдардан тартып эле башталган. Чырлуу жагдайлар улам чыңала баштаганда эки республика 1949 -жылы биринчи жолу паритеттүү комиссия түзүп, Ленинабад областы менен Ош областынын Баткен районунун ортосундагы талаштуу жерлерди тактап, маселени чечкен. Мунун негизинде эки республиканын чектерин аныктаган 38-40- жылдарда түзүлгөн карта жараксыз деп табылган. Бирок тажиктер өз убагында ойлонбой туруп кол коюптурбуз деген шылтоо менен кайра эски, 24 - 27 - жылдардагы чийилген карта боюнча аныкталган чектерди кайтарып берүү талабын СССР Министрлер Советине жолдошкон. Андан көп өтпөй чегарадагы чырлуу талаштар кайрадан жанданып, 1958 - жылы кайрадан экинчи паритеттик комиссия түзүлгөн. Тажик ССРнин Министрлер Совети комиссия кабыл алган чечимге каршы эмес экенин 1959- жылы атайын расмий кат менен билдирген. 1959 - жылы түзүлгөн үчүнчү паритеттик комиссия Кыргыз ССРинин Лейлек району менен Тажик ССРинин Канибадам, Ноо, Ганчы, Пролетарь, Ленинабад райондорунун ортосундагы административдүү чектер боюнча бирдиктүү чечимге токтогон. Бирок айрым жер участоктору боюнча талаш тартыштар 1963- чү, 1968-69-чу жана 1974- жылдары кайрадан каралып келген. 1980-жылкы эки тараптуу изилдөөлөрдүн натыйжасында тажиктер 1675га. кыргыз жерлерин, ал эми кыргыздар 473 га. тажик жерлерин колдонуп жүрүшкөнү аныкталган. 1986-87- жылдарда түзүлгөн төртүнчү паритеттик комиссия эки тараптын тең бири-бирине болгон жер боюнча дооматтары дагы эле көп экенин тастыктады. Кыргыз тарап 1958- жылкы макулдашылган чектерди жактаса, тажиктер тээ Сталиндин убагындагы (1924 -1927-жж) картаны бетке кармашты. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң эки тарап тең 1987-жылга карата түзүлгөн абал боюнча, б.а. жер участоктору иш жүзүндө кандай пайдаланылып атса, ошо боюнча чегара аныктоого макулдашышкан. Бирок кийин турмуш көрсөткөндөй, чегара тактоо маселеси бул жолу да өзүнүн аягына чыккан эмес. Учурда кыргыз- тажик чегарасынын жалпы узундугу 970 км. болсо, бүгүнкү күндө анын теңинен көбү тактала элек. Талаш-тартыш участоктордун саны 70тен ашуун.
Жаңы Баткен облусунун түзүлүшү да маселени чечкен жок. Өнүгүүсү эң начар, турмушу оор бул чөлкөмдүн эли түп көтөрүлө Чүй бооруна, Бишкеке жана Орусияга көчүүсүн улантууда. Маселен, Лейлектин шарты өтө оор, тажиктерге чектеш айрым айылдары бүгүнкү күндө элсиз, ээн калууда. Айрым маалыматтарга караганда, Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер, Кулунду, Аксуу, Сумбула айыл өкмөттөрүндө 600 га. чамалаш жерди "тынчтык жолу" менен ээлеген 400дөн ашуун тажиктер жашап жатышат. Мурдарааак милиция кызматкерлери келгиндерди депортациялоого аракет кылып келсе,бүгүнкү күндө милициянын деле булар менен иши жоктой. Ал эми Баткендин ичиндеги тажиктердин Ворух анклавында элдин саны тездик менен өсүүдө. Мындан эки-үч жыл мурда эле калкы 25 миңге чамалаш бул анклавда элдин саны бүгүн 40миңге жетип калды, б.а. ар бир чарчы метр жерге 600-700 адам туура келет. Тажиктер муну табигый өсүш катары айтып жатышат, бул эми жаш баланы алдагандай эле кеп. Тар анклавга батпаган калктын көбү баткендиктердин үйлөрүн сатып алып же жарытылуу кайтарылбаган чегарадан оңой эле кирип, ээн жерлерди беймарал ээлеп, байырлоодо.
Ал эми суу талаш, кирип келип кыргыздын жарандарын, милийса, чегарачылары менен кошо сабап кетүү ж.б. фактылар бул жерде азыр көнүмүшкө айланды. Өзүнүн жеринде туруп өзгөгө кор болгон биздей өлкө дүйнөдө башка болбосо керек. Какаганга муштаган болуп Баткен шордуу тың губернаторго да жарыбай койду. Тажиктер менен тең ата сүйлөшкөн, анча- мынча тажик хокимдери тике карап даай албаган экс-губернатор Мамат Айбалаевди кыргыздын интриган бийликтери кызматтан шыпырган соң, бул чөлкөмгө деле дурус губернатор дайындала элек. Кийинки губернаторлор а кишинин тырмагына да тең келбегенин карапайым калк алиге дейре айтып түгөталбайт. Президент К.Бакиев М. Айбалаевди облус башына кайрадан алып келсе элдин мүдөөсү менен эсептешкен эл башы экенин көрсөтмөк. Же болбосо сүйлөсө оозунан от чыккан биердеги кыйындардан тандап Баткенге губернатор кылып жиберсе болоор эле, бирок тилекке каршы кадр саясатынын биздеги өзгөчөлүгүнө акыл жетпейт, тажрыйбалуу, колунан иш келген мыкты жигиттер ушу Баткендин өзүндөле толубатат, кимисин койсоң азыркы губернатор М.Жумабековдон алда канча жакшы иштеп бермек. Баса, бул мырзанын губернаторлугуна элдин ичи чыкпай турат. Облфинполициядан алынган айрым маалыматтарга ишенсек, губернатор мырза жакында мамлекеттин эсебинен 2млн. сомго өзү турган үйдү (каржы кризиси дейбиз) ремонттотуп, анысы билинип калгандан соң, көчүгү кыйшая жаздап барып, аз жерден калды дешет. Учурда эчтеме болбогонсуп иштебатканына караганда, колдогон кожолору күчтүү экени билинди. Биздин республикада кадрлар кызматка кимдер аркылуу дайындалаарын элдин баары жакшы билет. Өкүнүчтүүсү, алардын сапаты эске алынбай жатат.

Тажиктердин кыргыз жерлерин ээлеши Кыргызстанды бара-бара алдыңкы баңгизат ташып өтүүчү транзиттик коридорго айлантышы мүмкүн экенин эксперттер айтышууда. Тажик жарандарынын басымдуу көпчүлүгү негизинен баңгизат менен шугулданып жан багаарын эске алсак, кыргыз жерлерин ээлөө менен алар Тажикстандан келчү баңгизаттарды үчүнчү өлкөлөргө ташып кетүү үчүн ыңгайлуу базаларды түптөөгө аракеттенишет деген кептин чындыгы бардай. БУУнун маалыматтарына ишенсек, учурда Кыргызстанда баңгибаздардын саны расмий статистикада айтылган 55миң адамдан үч эсеге көп. Мына ушу шарттарда Кыргыз өкмөтү мурдун балта кеспей, кайдыгер отурат. Эмнени күтүп отурат бул өкмөт, түшүнүп болбойт.
Баткен маселелерин ушу кезде чырылдап кайра-кайра көтөрүп, күйүпаткан жалгыз адам - ЖК депутаты Мурат Жураев. Баткендин таламын талашат деген А.Шадиев, ж.б. башка депутаттардан мындайды угалекпиз. Мурат Каттабекович жакында эле парламент депуттарынын кабылдаган "Айылчарбалык маанидеги жерлерди башкаруу жөнүндөгү" мыйзамга катуу, бирок жүйөөлүү сын айтып чыкты. Өкмөт болсо бул мыйзам жерге карата ипотека мыйзамын жандандырып, инвестиция тартканга жол ачат деп демейдегидей кудуңдап туру. Жаңы мыйзамга ылайык, каалаган адам Кыргызстандын каалаган жеринен жер сатып алалат экен. Анан ошол жерди банкка күрөөгө коюп, кредит алганга мүмкүн имиш. Бул чынында республиканын башка чөлкөмүндө жашаган эл үчүн, балким мыкты шарттыр, бирок баткендиктер үчүн таптакыр жарабайт. Мыйзам ансыз да араң турган тажиктерге кеңири жол ачат, коррупцияга башы менен малынып бүткөн жергиликтүү аткаминерлер муну көзөмөлдөй алышпайт, колдорунан да келбейт. Парламент да, өкмөт да муну кое туруп, Баткендин чегарага чектеш райондоруна өзгөчө статус берүү жөнүндөгү зарыл маселени чечсе болмок, чегараны тажиктер менен тезарада делимитациялоо, демаркациялоо иштерин аягына чыгарса болбойбу? Депутат М.Жураевдин жогорудагы статус, ошондой эле чегарага чектеш айылдардын калкын жер салыгынан бошотуу, электрэнергиясына бааны төмөндөтүү, ал жердеги мугалим, врач, милиция ж.б. бюджеттик уюмдарда иштегендердин айлык акыларын көтөрүү туурасындагы даярдаган мыйзам долбоорун өкмөт каржы тартыштыгына шылтоолоп, кайра чакыртып алган. Баткен маселелерине кайдыгер караган И. Чудиновдун өкмөтү мунун кесепеттери жакынкы жылдарда кандай болоорун элес албайт шекилди.
Баткенден бүгүн аянган өкмөт эртең андан биротоло кол жууп калбагай эле.
Бахтияр
ШАМАТОВ